Октябрь районунун «Алтын жубайлары»

10:15, 29 Сентября 2018

Октябрь районунун администрациясы райондун карылары үчүн эң сонун, жаркын майрам уюштуруп берди.

28-сентябрда райадминистрациянын акты залына 200дөй райондун активисттери, ардактуу ардагерлер жана былтыр үй-бүлө кургандарына 50 жылдан ашып, “Бриллиант” жана “Алтын” юбилейлерин белгилей турган 30 жубайлар чакырылды.

Октябрь районунун башчысы Ренат Айтымбеков ар бир жубайды өзүнчө куттуктап, аларга жылуу сөздөрүн айтып, бекем ден соолук каалап кетти.

Карылар үчүн атайын концерт даярдалган болчу – балдардын “Шайыр” чыгармачыл борбору жана борбор калаанын “Ветеран”, “Прялица” жана “Красная гвоздика” хорлору өз өнөрлөрүн тартуулашты.

Иш-чара учурунда алтын юбилейлерин белгилеп жатышкан жубайларга “Алтын дипломдор”, материалдык жардам жан гүлдөр тапшырылды; Октябрь районундагы дагы 571 ардагерге почта жана коммерциялык банктар аркылуу материалдык жардамдар берилет.

Бардыгы болуп райондо 22 761 ардагер жашайт. Алардын 40ы Улуу ата мекендик согуштун катышуучулары, 131 киши ооруктун ардагери, 4 адамдын жашы 100дөн ашкан. “Кылымдын курдаштарына” Октябрь районунун башчысы Р.Айтымбеков өзү барып, материалдык жардамды тапшырмакчы.

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине