Миң-Куш – Нарын областынын Жумгал районундагы айыл.
1947-жылы уран рудасын өндүрүүнүн борбору катары пайда болгон. Ошондой эле 1972-жылдан баштап 1994-жылга чейин бул жерде “Оргтехника” прибордук зводу иш алып барган, ал гектографтарды, механикалык карандаштарды жана капиллярдуу жазуучу өзөгү бар калемдерди (фломастерлерди), шариги бар авторучкаларга жазуучу узелдерди (стержендерди) чыгарат эле.
1952-2012-жылдары Миң-Куш шаарча статусуна ээ болчу.
Советтер союзу урагандан кийин Миң-Куштагы өнөр-жай ишканалары жабылып, анын тургундарынын саны кескин азайып кеткен.
Композициянын автору Кадыр Батыркан мындай дейт: "Бул тректи мен менин кичи мекениме Миң-Кушка арнайм, ал мага көчмөндүн укмуш жашоосун берди. Мен ошол тоолордо жаратылышка жакындыкты, жашоонун маңызын жана ааламдын түбөлүктүүлүгүн сезе баштадым”.