ГлавнаяВидеоПрезидент Сооронбай Жээнбеков: “Бишкек жашыл шаар деген келбетин сактап калышы керек”
12:40, 26 Марта 2018
214x140

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков 24-мартта президенттик аппараттын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы Эмен бакзарында өткөн ишембиликке катышты.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимовго кайрылып, шаардыктарга бактар эмне үчүн кыйылып жатканын – жолдорду кеңейтиш үчүнбү, же жаңы курулуштарды куруу үчүнбү? – жакшылап түшүндүрүп берүү керек экендигин белгиледи. “Ар-кандай ушак-айыңдардын таркатылышына бөгөт коюш үчүн шаардыктарга толук маалыматты бериш керек. Борбор калааны жашылдандыруу боюнча белгиленген иштерди улантуу зарыл. Бишкек жашыл шаар деген келбетин сактап калышы керек”, - деди Президент Сооронбай Жээнбеков.

Шаар мэри Албек Ибраимов бактар айласыздан кыйылып жатканын, бирок ар-бир кыйылган бактын ордуна былтыр 7 көчөт отургузулса, быйыл 15 көчөттөн отургузулуп жатканын айтты. “Жалпы жыйынтыгында өткөн жылы 7 миң көчөт өтургузулса, быйыл алардын саны 15 миңге жетти. Бардыгы болуп биздин карообузда 248 миң бак бар, алардын бардыгы каттоодон өтүп, ар-биринин тийиштүү паспорту бар”, - деп маалымдады мэр Албек Ибраимов.

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине