ГлавнаяВидеоПрезидент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарындагы Балдар үйүнө барды
19:14, 1 Июня 2018
214x140

Сооронбай Жээнбеков Балдарды коргоонун эл аралык күнүндө Бишкектеги Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоочу адистештирилген Борборго (Балдар үйү) барды.

Мамлекет башчысы Балдар үйүнүн имаратын карап чыгып, балдарды тарбиялоонун шарттары менен таанышып, кызматкерлер менен баарлашты. Балдар үйүнүн тарбиялануучулары Мамлекет башчысы үчүн чакан концерт көрсөтүштү.

Балдарга белектер, таттуулар жана жемиштер тапшырылды. Ошондой эле Балдар үйүнүн имаратын оңдоп-түзөөгө 500 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Баарлашуу учурунда Президент Сооронбай Жээнбеков ушунча баланы тарбиялап, багып, аларга мээримин төгүп, бүт өмүрүн арнап, эли-жерине жана Мекенге кызмат кыла турган балдар-кыздарды өстүрүп жаткан тарбиячыларга ыраазычылык билдирди.

“Тилекке каршы балдар үйлөрүндө жана интернаттарда балдардын саны жылдан-жылга көбөйүп, жетим балдарга караганда, ата-энеси бар тирүүлөй жетимдер көбөйүп жатат, - деди ал. - Балдарды багып алгысы келгендер көп, бирок, аларга ашыкча бюрократия көптөгөн тоскоолдуктарды жаратууда. Бала асырап алуудагы бюрократияны жок кыла турган реформаны жүргүзүш керек. Ошондо балдар үйлөрүндө эмес, үй-бүлөлөрдө тарбияланган балдар көбөймөк, ал эми балдар үйлөрү азаймак”.

Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоочу адистештирилген Борбор 110 балага эсептелген, анда жаңы туулгандан тартып, 4 жашка чейинки жетим балдар, багуусуз калган балдар жана акыл-эси кем, физикалык жактан мүчүлүштүгү бар балдар тарбияланат.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине