Таштанды темасына ой толгоо же Бишкектин мэрине ачык кат

11:06, 18 Ноября 2014

Мен эч качан Куршевелден таң тоскон эмесмин, көгүлтүр жээкте  –күндүн батканын да көргөн эмесмин. Анан базардын жанындагы аялдаманын жанынан үйүлүп жаткан таштандыны көргөндө мурдумду чүйүрүп, жүзүмдү бурган адат каяктан?  Парктардагы отургучтардын жанында  чачылган семичкенин кабыгы  менен тамекинин калдыгын көргөндө, ак сөөктөрдүн «өф-иий» деп, мурун чүйрүгөнүмчү? Анан, эсиме келет – буга менин советтик балалыгым күнөөлүү.

Мен, ар бир азыркы  муундун өкүлү катары, биздин мурдагы советтик жашаган турмушубузду өтө катуу идеологияны сындаган  өз балдарым менен ар дайым талашам, бул өтө көп кездешкен көрүнүш... Ооба, ал да көп жагынан туура. Бирок, менин жаштыгым менен балалыгым өткөн алыскы ошол советтик күндөрдө абдан көп жакшы, жайдары жана жаркын көз ирмемдер болуп өткөн...  Бул таза көчөлөр, тыкан кыркылган бактар жана бадалдар. Менин ажайып, сүйүктүү Фрунзем  ар бир таңда таза көчөлөрү менен жапжашыл аймакта жана фонтандарга чөмүлүп калчу. Баары гүлдөп турчу, арыктарда шылдыр суу агып, бардык жактан салкындык, тынчтык жана  сабырдуулук тун эпкини келип турчу. Эсимде,бардык жерде таштанды салган челектер турчу, атам мага балмуздактын таякчасын да ыргыттырчу эмес. Эсимде, башка жактан меймандар келгенде, биздин шаардык кооздугун жана кайталангыстыгын айтып макташканда,  архитектуралык түзүлүшүн, тазалыгын жана жайлуулугун айтып  макташканда, абдан сыймыктанчумун. Келгендер көчөдөрдүн перпендикулярдуу жайгашкандыгын айтып таң калышчу, шаарда жүрүү абдан ыңгайлуу дешээр эле. Бизге болсо, мектепте, шаар улуу кол башчы жана революциянын баатыры Михаил Всильевич Фрунзенин  атына  коюлгандыгын, ал эми  «фрунзе» деген сөз молдава тилинен которгондо «жашыл жалбырак» дегенди түшүндүрөөрүн, жана бул биздин жашыл шаарыбыз үчүн ылайыктуу белги экендигин окутушчу. 

Мен жакында эле,биздин шаардагы башкы проспектилердин баары тоого алып баргыдай курулгандыгы тууралуу фактыны билдим. Курулуштун  генералдык планы боюнча тоо чокуларынын керемет көрүнүшүн тоскон курулуштарды жана имараттарды курууга тыюу салынган. Тоолор – бул биздин мамлекеттин  сыймыгы. Мекениңден алыста жүргөндө, өзгөчө түздүк жерлерде болгондо, көзүңө кичинекей дөбө да урунбай турган мезгилде, биздин тоолорубуздун сөөлөттүү сулуулугун абдан сагынасың. 

Эсимде, 8-Март күнү эртең менен, ал кезде мектеп окуучусу болчумун,  жакыныраак тоо бооруна чейин чуркап барып, апама байчечекейлердин кичинекей дестесин жасап келгем... Ал эми биздин үйдүн жанындагы токой жана тоолор, биздин 10-кичирайондун жаны, жазгысын жердин баары  килемдин бетине окшоп, көгүш коңгуроо гүлдөргө, кыпкызыл апийим гүлүнө жана ачык-сары тоо жоогазындарына толо турган.

Бирок, атам мени бул жагынан абдан туура тарбиялаганын да унутпайм. Ал бир ирмемдик ырахат үчүн гүлдөрдү үзүүгө болбой тургандыгын айтчу, алардын баары солуп калат, анан аны ыргытып иесиң. Ал табигатка зыян келтирбей, сырттан суктанууга үйрөткөн. Ошондон бери мен Жаңы жылда  тоодон кывйып келип, балаты койбойм. Боорум ооруйт, ушундай керемет бактарды бир күндүк тамаша куруу үчүн кыйып жатканына зээним кейийт, андан кийин айлананын баарында скелеткен окшогон куураган карагайлар ыргытыла баштайт.  Анын ордуна, балаты кыйып келгендин ордуна жасалма кооз балатыны коюп, анын тегерегинде деле көңүл ачса болмок да. 

Өз интервьюсунда Бермет Букашева  абдан маанилүү суроо берет: «Мен сырттан келген адамдын көзү менен карайм. Бишкекте көп нерсе өзгөрүптүр, мисалы, имараттардын ичине кирсең, көп нерсе кооз болуп калыптыр... Ал эми сыртында, көчөдө, мамлекеттин менчиги башталган жерде – бомбалагандан кийинки көрүнүш, жанчылган асфальттар жана  жан көчөлөр...  Ага таасир кылуунун эч бир жолу жокпу?» Мен анын тынчсыздануусуна толугу менен кошулам, жана  өзүм да кошумчалап кетмекмин, дагы бир көйгөйлүү маселе бар  -бул таштандылар. Силер интернетти карап көргүлөчү, жашоочулардын сөздөрүндө канчалык нааразылык жана арылбастык муң бар. Тура күйлөрдүн короолору жана аянтчалары таштанды полигондоруна айланган. “Дыйкан” базарынын жашылча таштандыларын төгүүчү жерде кандай укмуштар болуп жатканын эстегилечи. Анын жанында суу агат, ал суу барган сайын коркунучтуу сазга айланып баратат...

 Ушул жайда мен бир мындай көрүнүштүн күбөсү болдум: ажайып соода борборунун жанындагы борбордук базарлардын биринде, кире бериштин жанында таштандылардын чоң үймөгү жатыптыр, анын арасында түтөгөн койлордун териси жатат. Бул чак түштө, 40 градус мээ кайнаткан ысыктагы көрүнүш.  Ал эми биздин жарандар анын жанында кадимкидей өтүп жатышты, жанына машиналарын токтотуп, эч нерсе болбогондой, бул кебетеси эч кимдин кыжырына да тийген жок.  Кызык, ушул убакта бардык чоңдор менен чиновниктер кайда жүрүшкөн, же бул аларга көнүмүш көрүнүшпү?  Биздин сүйүктүү радио-теле- алып  баруучубуз Салтанат Саматованын сөздөрүн келтирип кетким келип жатат : «Кээде, Бишкектин көчөлөрүндө кетип баратып, ыйлагым келет. Тегеректин баары кир, ыплас, начар. Менин балдарым да мен өскөн шаарда, мээримдүү Фрундеге окшош шаарда чоңоюшун каалайм. Менин балалыгымдын шаарында эл бирин-бири сыйлашчу, кечкисин сейилдөө коркунучтуу эмес болчу».   

Биз, кыргызстандын жарандары башыбызга каптап келе жаткан алааматтын  босогосунда турганыбызды түшүнүү үчүн адис-эколог болуунун кереги жок, биз таштандынын үймөгүнө чөгүп кетишибиз ыктымал. Таштандыларды чогултуп, аларды сорттоп, чыгаруу менен ким алектениши керек? сураныч,жооп берип койсоңуздар. Анткени, адамдар  өзүнүн жашоосунда таштандыларды калтырбай жашай алышпайт – биз  биороботтор эмеспиз да! Демек, шаар жарандары таштандылардын барымтасында калбашы үчүн , ал эми айыл жашоочулары таштандыны көрүнгөн жерге ташыбашы үчүн бир нерсе ойлоп табышыбыз керек! Элге мүмкүндүк бергиле!

Өнүккөн мамлекеттерде атайын кагаз, айнек, желим жана таштанды үчүн өзүнчө үкөктөрдү коюшат. Ал эми таштандыны күн сайын таштанды полигондоруна алып кетишет, ал жактан сорттоп, андан аркы жоготууга алып кетишет. Муну менен  ассенизаторлор алектенишет.  Ассенизация – таштандыларды чогултуп, жаңы продукцияга иштетип чыгуу ( айнек, кагаз, желим, металл ж.б.). Муну менен негизи жеке менчик компаниялар алектенет жана абдан чоң киреше алышат. Көптөгөн өлкөлөрдө эски таштандыларды жер менен көөмп, бак-дарактарды отургузуп, гүлдөрдү өстүрүшөт. 

Колумбия жана Йель университеттери(АКШ) тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү рейтингдин маалыматы боюнча, биринчи,экинчи, үчүнчү орундарда  Швейцария, Люксембург жана Австрияга окшошкон мамлекеттер турат. Бул жөн гана ИВП жогорку деңгээли менен бай өлкөлөр эмес, алар абдан экологиялык жактан таза өлкөлөр (суунун сапаты, дени сак токойлор, пестициддерди колдонууларга чектөөлөр,  ассенизация, тазалоо тутумунун сапаты). Мындай жаратылыш шарттарынын натыйжасында, калктын жашоосунун орточо узактыгы, мисалы, Швейцарияда 81 жашты түзөт. Төртүнчү орунда – Сингапур – анча чоң эмес аралдагы мамлекет, анда таштандылардын иштетилиши  – 70%.

Биз, туристтик мамлекет болууга аракет кылганыбыз үчүн да, бул көйгөйдү мүмкүн болушунча тез чечишибиз керек. Ооба, биз «Кудайдын бейишинде» жашап жатканыбыз абдан жакшы, бирок, кичине уят да болуш керек го –  аз-аздан бул бейиш багын тазалоого убакыт жетти го?

Менин бир таанышым айтып берген окуя эске түштү. Бир жолу улуу тоолору, карагайлары, кайыңдары, шаркыраган суусу жана таза абасы менен жаратылыштын ажайып бурчун көрүп, ал сүйүп калыптыр. Анан, бир жылдан кийин ал бул жерге өзүнүн меймандарын- чет элдиктерди алып келет, алардын көз алдына укмуштуудай кооздуктагы пейзаж тартылат – ак карлуу тоолор, күн, ак булуттуу көк асман,  көпкөк, ташкындаган тоо суусу, жана бул укмуштуу кооздуктун баары -  чооң быкшыган таштандынын үймөгүнүн жанында… Эл-журт! Эсиңерге келгиле! Эмне кылып жатасыңар?

Бирок, баары балалыктан башталат. Биз үй бүлөбүз менен жаратылышта эс алып, пикник уюштурганды жакшы көрчүбүз. Эсимде, ата энебиз баарын тазалап, таштандыларды чогултууга мажбур кылышчу. Артыбыздан бир да таштанды калтырууга болбойт болчу. мына ушул акылдуулук болуптур!  Өнүккөн коомдук жээктердин бириндеги Ысык-Көлдөгү эс алуубуз эсиме  түштү. Эс алуучуларга толгон жээкти элестеткиле, алардын  баары бир нерселерди жеп жатышат, ичишет, анан калган арбуздун кабыктарын жана башкаларды кумга көмүшөт… Бийик тоолуу Ысык Ата курортунда да ушуга окшогон бир окуя болгон. Тоо боорундагы жолдо,  бышылдап араң дем алып, улам эс алып, колдорунда тамак аш салынган, дарбуз жана башкага толгон чоң идиш көтүрүп бир үй бүлө баратты. Табигаттын эң кооз бурчтарында желим бөтөлкөлөр, баштыктар жана тамекинин калдыктары кайдан түшүп калгандыгы таң калычтуу деле эмес. Албетте, анан азыркы  ажайып живописти кантип эстебей коесуң. Шаркыратмага келип, анын сулуулугуна суктанып, эс алып кеткиң келет, ал эми жанындагы аскалар «асылзат эс алуучулардын» кол тамгаларына толгон. Жаман атын жарга жазат деген жакшы сөз бар го элибизде. Эмне үчүн элдер, мындай уникалдуу жерлер кол тийбес экендигин түшүнүшпөйт.

Эмне үчүн азыр балдар менен айлана чөйрөнү сүйүү, аны коргоо жана аяр мамиле кылуу туурасында сүйлөшүүлөрдү, сабактарды жүргүзүшпөйт, телекөрсөтүүлөрдү, мультфилмдерди  көргөзүшпөйт.  Болбосо, мындай учуду кантип түшүндүрүү керек? Айылдагы балдар, мектептин жанында айнек бөтөлкөлөрдү жолдо сындырып, ойноп жатышат. Мен аларды урушсам, алар таң калышып, эмне жаман иш кылып жаткандыгына түшүнүшкөн да жок. Аларга окутуучулары да, ата энеси да, сынган айнек  жолдон өткуөндөр үчүн да, мал үчүн да, машиналар үчүн да, өздөрү үчүн да коркунучтуу экендигин түшүндүрүп отурбаса керек…

Ушундан улам, мындай жыйынтык келип чыгат, жок, 2 жыйынтык.

Биринчиден, ассенизациялоо жана жаратылышты коргоо боюнча жалпы мамлекеттик программа керек. Кыргызстандын ар бир саясий партиясы, шайлоо алдында сүйлөгөн сөзүндө, «калктын жыргал жашоосу үчүн» куру, ооз көптүргөн убадалардын ордуна, жолдорду оңдоп, калыбына келтирүү боюнча конкреттүү кадамдарды келтириши керек  (бул, албетте, биринчи кезекте), жана турмуштук таштандыларды чогултуу жана иштетүү боюнча сунуштарын айтышы керек.

Экинчиден, калктын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, балдарды туура тарбиялоо, коомчулукту тартуу, тез-тезден ишембиликтерди өткөрүп туруу, тазалыкты жана тартипти бузган жактарга жана ишкерлерге таасир этүү жолун табуу керек. ж.б. ..

Ал эми тазалыкты кармоо жана тартипти оңдоо кыйын, бизде каражат жана күч жок деген шылтоолор – болбогон сөз! Болгону ар бирибиз өзүбүздөн, үй бүлөбүздөн башташыбыз керек. Экзюперинин аңгемесиндеги Кичинекей канзаданын сөздөрүн эстегилечи: «Эртең менен туруп, жуунуп, өз планетаңды жыйна!»

Ал эми чоңдорго жана элдик депутаттарга, акыры ушул маселени карап, алга жылдыраар деп тилек айткым келет. Болбосо, алар да  үйүлгөн, жердин баарын ээлеген таштандыдан келген жыттан кутулуу үчүн, өздөрүнүн укмуштуу  кабат-кабат үйлөрүнүн терезесин жабууга туура келет да.

Анткени, сиз да, биз да бир эле жерде басып жүрөбүз  жана бир абадан дем алабыз. 

Бибигуль Юлдашева 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине