ГлавнаяКоомКарикатуралар

Руслан Валитов, шайыр адам…

Карикатурчу, комикчи, коллажчы Руслан Валитов  1978 -жылдын 14-июнунда, Кыргыз ССРнин Фрунзе шаарында төрөлгөн.

Адистиги боюнча аграрчы, кесиби боюнча коомдун орчундуу маселелерин юмор менен ачып берген адам. Төрт жашында Ленинге байланыштуу өзүнүн биринчи саясий шаржын тарткан. Ал үчүн бурчка да турган.

Биринчи карикатурасын 1994-жылы, 15 жашында «Дело №» гезитине жарыялаган. Ошондон бери чоң ийгилик менен республикалык гезиттердин дээрлик бөлүгүндө жарыялап келет жана Казакстандын айрым басылмалары менен да кызматташат.

2008 жана 2011-жылдары сөз эркиндигине арналган республикалык карикатуралар конкурстарында биринчиликтерди алып келген.

2008-жылы Борбор-Азиялык сөз эркиндигине арналган «Экинчи байыркы» конкурсунда үчүнчү орунду жеңип алган.

Саясий жана социалдык карикатурага өзгөчө басым жасайт. Анын сүймөнчүктүү каармандары «мамчиновник» жана «байкежан». 

   
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине