COVID-19: «Дордой» үчүн жаңы сыноо

10:57, 16 Июня

Кыргызстанда пандемияга байланыштуу чек аранын жабылышынан кичи жана орто бизнес эң көп жабыркады.

ЖИА жана ЭАИК бизнес-ассоциациялары өткөргөн көптөгөн изилдөөлөргө ылайык, ишкерлердин 90 пайыздан ашууну бул кризистен улам жапа чеккендигин билдирген.  Бул кичи жана орто гана эмес, чоң бизнеске дагы тиешелүү.

«Дордойлуктар» кандай жабыркаган?

Төккөн салыктарынын көлөмү боюнча бюджет негиздөөчү ишкана катары саналган эң чоң «Дордой» базары катуу жабыркаган. Өзгөчө кырдаал режими жана карантин киргизилгендигинен улам 60 миң кыргызстандык иши жок калган.

«Дордой» базарынын профсоюзунун төрайымы Дамира Долоталиева айтат: «Базар 23-мартта жабылган. Андан бери баардыгы жумушсуз калган. Жазгы товардын баардыгы сатылбай калган. Анын актуалдуулугу өтүп кетти. Жайкы товар менен дагы чоң көйгөй болуп жатат, сатуучулар аны алууга көп каражат жумшаган. Бирок Кытай менен болгон чек ара жабык болгондугуна байланыштуу ишкерлер аны дагы ала албай, андан улам ал товардын дагы актуалдуулугу өтүп бара жатат.  Көпчүлүк эмне кылышты билбей жатат, анткени азыр Казахстан дагы жабык жана биз товар сата турган физикалык жактардын, тагыраак айтканда ишкерлердин өтүүсү мүмкүн болбой жатат. Жүк бизге дагы, бизден дагы өткөн жери жок».

Ишкерлер менен сатуучулар гана эмес, кафелердин ээлери, тейлөөчүлөр, ашкана жумушчулары, коопсуздук кызматкерлери, тазалоочу адамдар дагы, бир сөз менен айтканда, жашоосу «Дордой» менен байланышкан жарандардын баардыгы жабыркаган.

Айдина Абдуллаева, «Дордойдогу» белгилүү «Арзы» кафесинин ээси айтат: «Карантин бизнеске өтө терс таасир этти. Эки ай бою жумусшуз отурдук, эч ким колдоо көрсөткөн жок.  Бул жерде менин жумушчуларым калып калды. Алар базардын жанында турушат, ал жерден батир ижарага алып жашашат, алар өтө катуу жабыркады.  Он кызматкерим өз үйлөрүнө, Ысык-Көлгө, Нарынга, же Ошко кете албай калышты. Баардыгы эки айга бул жерде калышты, эч кандай азык-түлүгү, акчасы жок, эч жакка чыга албай калышты».

Иш алып барып келе жаткан 29 жыл ичинде «Дордой» жана андагы ишкерлер көп нерсени башынан өткөргөн, алар салыктык катуулатуулардан тарта акыркы эки революцияга чейинки окуяларга күбө болгон.

«Пандемияга байланыштуу болуп жаткан бул кризисти мен эч нерсе менен салыштыра албайм. Анкени жада калса революциялардан кийин чек аралар ачык бойдон калган. Базар ушунча көп убакытка иштебей калгандыгын мен эстей албайм.  Жана эң башкысы- эл бул нерсеге даяр болгон эмес. Бул кризис бүткүл дүйнөгө таасирин тийгизди, баардыгы байланыштуу»,-дейт Дамира Долоталиева.

Мамлекет кичи жана орто бизнеске кантип жардам көрсөтүүдө?

Дүйнө жүзүнүн өкмөттөрү өз жарандарына жардам көрсөтүп, кичи жана орто бизнеске салыктык жеңилдетүүлөрдү көрсөтүп жаткан учурда биздин өкмөт мындай көмөк болбой тургандыгын билдирди.

Брифингдердин биринде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирген: «Биздин бизнес үчүн жеңилдетүүлөр негизинен салыктардын, социалдык төлөмдөрдүн, мамлекеттик мүлктүн ижарасынын төлөө мөөнөтүн жана коммуналдык кызматтардын төлөмдөрүн жылдырууга тийиштүү.  Ошондой эле Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу жана салыктык отчеттуулуктун мөөнөтү ушул жылдын октябрь айына жылдырылган».

Эл аралык ишмердүүлүк кеңешиин аткаруучу жетекчиси Аскар Сыдыковдун айтымында, бул колдоо жетишсиз, бирок бизнес-коомчулук буга түшүнүү менен мамиле кылууда, анткени мындай кырдаал баардыгы үчүн биринчи жолу болууда.

«Мамлекеттик органдардын же бизнестин эч кимиси чектөөчү чараларга даяр болгон эмес жана иш-аракеттердин так алгоритмдери иштелип чыккан эмес. Азык-түлүктөрдү кантип жеткирүү керектиги, өткөрмө кагаздарды берүүдө, региондор жана шаарлар аралык кыймылды камсыздоодо, эл аралык жүктөрдүн анын ичинде азык-түлүктү жолтоосуз өткөрүүдө, анткени биз импорттон көз карандыбыз, жана экспортко кантип жардам берүү керек? Ушунун баардыгы жакшы иштелеген эмес. Мында кыйынчылыктар болгон.  Ал эми кичи жана орто бизнес төлөмдөр жагынан кыйынчылыктарга учурады, муну баардыгынан ресторан-мейманкана тармагы катуу сезди».

«Дордойдун» ишкерлери мамлекеттик органдардын, министрликтердин ана башка жооптуу жактардын иш алып баруудагы ыкчамдыгына «нөл» деген баа берүүдө.

«Биз дагы деле ишкерлерге колдоо көрсөтүлгөндүгүн көргөн жерибиз жок. Президент жогору жактан кичи жана орто бизнеске көмөк көрсөтүү, антикризистик программасынын иштелип чыгышы тууралуу айтып жатса дагы. Ал кана? Колдоо кана? Биз аны күтө алган жокпуз. 23-марттан 25-майга чейин чек аралар жабык турду. Элдин негизги кирешеси соода-сатыктан түшөт.  Алар насыяларын төгүшү керек, бирок аларга жеңилдиктер берилген жок, жөн гана пролонгация болду. Андан ары эмне кылабыз? Элдин кирешеси соодадан жүрүп жатса, алар насыясынын пайыздык үстөктөрү үчүн акча кайдан алат? Экинчи маселе: 25-майда биз иштеп баштадык, ал эми 5 күн өткөндөн кийин салык кызматкерлери бизден патент үчүн төлөм талап кыла башташты. Кечирип коюңуз, эл иши жок отурду, жей турчу наны калбай калды, иш толугу менен токтоду, чек ара жабык болду, ал эми салыкчылар патент сатып алуубузду талап кылууда. Мен адамдардын таш боордугуна таң калам: эл жазгы товарын сата албай жатат, биз өкмөттөн биздин ТИМ Кытайдын ТИМи менен биздин товарды өткөрүүгө жардам берүүсүн суранып жатабыз.  Ал деңгээлде колдон эч нерсе келбей жатса, анда президент балким бир несре кылышы керек, анын саясий эрки барда.  Кыргыз президенти Кытай президенти менен сатуучулар ушундай абалда калды деп сүйлөшүү жүргүзсө болот да.  Мен соода-сатык тармагына жооптуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев менен жоолуктум.  Ал адамдан эч кандай жардам күтө алган жокмун. Мамлекеттик салык кызматына, Экономика министрлигине, Бажы кызматына каттарды такай негизде жазып келем, бирок ушул убакытка чейин бир да жооп жок. Биздин өкмөт кайда?! Элге болгон жардам кайда?! Эч нерсе жок»,-дейт Дамира Долоталиева.

«Дордойлуктар» эмне жөнүдө сурап жатышат

Бир нече апта мурда Дамира Долоталиева бир нече башка ата-мекендик ишкерлер менен биргеликте парламенттеги кичи жана орто бизнеске жардам көрсөтүү боюнча  12 мыйзам долбоорун жылдыруу боюнча коомдук угууларга катышкан.

«Менде парламентте сүйлөө мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул мыйзам долбоорлор кийин, пандемия бүткөн учурда бизнести коргоо, инвестициялык аянтча куруу үчүн жакшы экендигин билдирдим. Ал эми бизге, «Дордой» сыяктуу кийим-кече сатуучу базарга жардам азыркы учурда керек болуп жатат.  Мен өкмөттөн бизге бажылык тарифтерди төмөндөтүп, салыктык каникул берип, Кытайдын аймагынан товарды чыгарып алууга жардам берүүнү сурандым. Мына ушул биз үчүн чыныгы жардам болот эле. Бирок, менимче, депутаттар мени угушкан жок»,-деп эсептейт Долоталиева.

Эл аралык ишкердик кеңешинин башчысы Аскар Сыдыков айтат: «Биздин өкмөт башка өлкөлөрдөй болуп бизнеске колдоо көрсөтө алган жок. Казахстанда микробизнес жана жада калса кичи бизнес боюнча салыктан толук бошотулуп, Өзбекстанда социалдык төлөмдөр боюнча жеңилдиктер берилип, ага чейин микробизнес салыктан толук бошотулгандыгы тууралуу уктук, ал эми алыскы чет жак тууралуу айтпай эле коеюн. Биздин өлкөдө андай колдоого жетише алган жокпуз. Биз бюджеттин жана биздин резервтерибиздин чектелгендигине түшүнүү менен мамиле кылдык. Тагыраак айтканда, бизде, башкалардыкындай Бакубаттуулук фонду же Антикризистик фонду сыяктуу коопсуздук жаздыгыбыз жок болчу.  Биз антикризистик чаралар катары кээ бир жерлерде төлөмдөр боюнча мөөнөттөрдү жылдырууну сунуштап жаттык. Албетте, кээ бир жерлерде алар болуп жатты, мисалы салык, ижара төлөмдөрү боюнча.  Биз жок дегенде административдик барьерди алууну сунуштадык, башкача айтканда, эгерде акча ресурстары жетишпей жатса, жок дегенде бизнести жөнгө салууда анын жашоосун жеңилдетүүнү сурандык».

«Дордой» базарынын профсоюзу анын ишкерлеринин жашоосун жеңилдетип берүүгө даяр экендигин билдирүүдө. Ал өз соодагерлеринин бир катар ички төлөмдөрүн жойгон.

«Бизде 90 пайыздан ашууну субарендаторлор. Алар кожоюндардан контейнерлерди, иштөө орундарн ижарага алган адамдар. Соодагерлер ижараны кайсы акчасынан алып төлөйт? Жана биз бул маселени оң жакка чечүүгө аракет кылып жатабыз. Жана биздин ассоциациянын президенти Аскар Салымбеков дагы аларга кол сунду. Соода такыр жүрбөй жаткан катарлардагы соодагерлер жер үчүн төлөмдөрдөн толук бошотулду. Биз бири-бирибизди колдоп келебиз, бирок өкмөт тарабынан эч кандай жардам болгон жок.  Биз бир нерсени гана суранып жатабыз- бизге салыктык каникулдар берилсе деп. Маселенин баасы- 200-300 миллион сом! Эгерде мамлекет бир жолу жардам берип, биздин ишкерлерди салыктан бошотсо, биз үчүн бул чоң жардам болот эле. Же бизден бажылык тарифтерди алышсын. Биз Бажы биримдигинин мүчөсү болгондуктан, буга жол бере турган 6-пункту бар.  Мамлекеттен мүмкүнчүлүк табууну өтүнөбүз, анткени соодагерлер көп жылдан бери казынаны толтуруп келет»,-дейт Дамира Долоталиева.

Айдина Абдуллаева, базардагы кафенин кожойкеси: «Эгерде мамлекет ушул айлар үчүн салыктардан, патенттерден бошотсо, бизге абдан чоң жардам берген болот эле. Анткени биздин мамлекет жарандарга такыр жардам берген жери жок. Мисалы, менин туугандарым Россияда турушат. Ал жерде мамлекет ар бир балага ай сайын 5 миң рубльдан бөлүп берип жатыптыр, ал эми бизде эч кандай жардам жок. Менин беш балам бар. Албетте, мен анча муктаж болгон жокмун, бирок карантин учурунда бул жерде калып калгандарга жардам абдан эле керек болуп жатты. Бирок жардам болгон жок. Эгерде карантин мындан ары дагы улана турган болсо, анда карапайым эл өтө эле кыйналып калат».

Кыргызтандагы бизнес-тармакты эмне күтөт?

Карантиндин кесепеттери Кыргызстандын экономикасына кандай таасир тийгизе тургандыгы тууралуу божомолдор көңүл жылытаарлык эмес.

Брифингдердин биринде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев «Экономика министрлигинин эсептери боюнча, базалык сценарий менен 2020-жылдын аягына ИДПнын көлөмү былтыркы көрсөткүчкө салыштырмалуу 5,3 пайызга төмөндөшү күтүлүүдө. Киреше бөлүгүнүн төмөндөшү 30 млрд сомдон ашуун болоору божомолдолууда.  Мен айткандай эле, бул негизинен товар айлануунун ылдыйлашы, Кытай менен чек аранын жабылышына байланыштуу болот, анткени биздин импорттун 70 пайызы Кытай менен богон. Бул бажылык төлөмдөргө гана эмес, бички өндүрүшкө дагы таасирин тийгизет, анткени чийки заттын, материалдардын жана компонент бөлүктөрүнүн басымдуу бөлүгү Кытайдан келип турчу»,-деп билдирген.

Дамира Долоталиева бизнестеги кырдаал аз дегенде жарым жылдан кийин өзүнө келе баштайт деп эсептейт.

«Мен баардыгы жакшы болт деп ишенем, анткени эл соода кылууга аракет кылып жатат, ал Кытай жана Казахстан менен болгон кырдаал өзүнө келет деп чыдамдуулук менен күтүп жатат. Албетте, коронавирус-бул убакытты, карантинди талап кылган оору, биз муну жакшы түшүнүп жатабыз. Менимче, мурунку абалга кайтып келүү үчүн 5-6 ай керектелет.  Товары калган канча адам бар, алар акчаларын салып койгон да, андыктан, турукташууга убакыт керек. Бир жыл даана керек деп айта алам».

Аскар Сыдыков: «Эгерде, эксперттер айткандй эле, эпедимеиологиялык кырдаал ушундай туруктуу сакталса, ага бир же эки жыл керектелет, жана ага дагы жарым жылдан бир жылга чейин убакыт кошуу керек. Белди бекем бууп, экономиканын узак турукташуусуна даяр болуу керек»,-деп айтат.

Демек, Кыргызстандагы кичи жана орто бизнестин өмүр сүрүүсү- ишкерлердин өздөрүнүн колунда. Кыргыз өкмөтү өз жарандарын кароосуз калтырган учурда ишкерлер бир калпта кала алабы – бул чоң суроо.

Лейла Саралаева 

Бул басылма Европа Биримдигинин каржылай колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну "Жаны жуздор" жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт. 

 

© Новые лица, 2014–2020
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине