Азия аймагынын энергетикасы.

08:39, 26 Ноября 2014

Президент Алмазбек Атамбаевдин Түркменияга болгон иш сапары аягына чыкты. Бул жаңы тарыхтагы болуп көрбөгөндөй окуя, аталган өлкөлөрдүн  биринчи адамдары  20 жылдан ашык бири-бирине иш сапарлары менен каттай элек болчу.

Түркменияга иш сапар – түрк өлкөлөрү менен араб дүйнөсүнүн мамлекеттерине болгон иш сапарлар сериясынын бир гана бөлүгү. Өлкө жетекчилиги Кыргызстанды  талкалап, жутуп алууга  чамынып жаткан энергетикалык кризистен чыгуунун жолдорун издеп жатат. 

Расмий түрдө баары жакшы. Атамбаев  Кыргызстан менен Түркмөнстандын отун-экономикалык тармагындагы кызматташуу туурасындагы мамлекеттин өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи: «Түркмөнстандын энергетикалык потенциалын эске алуу менен болгон биздин кызматташуубуз аймак үчүн мисал боло алат деп ишенем».

«Биз транспорт, энергетика жана инвестициялар тармагындагы соода-экономикалык кызматташуу, өз ара аракеттешүүнү активдештирүүгө өзгөчө көңүл бурушубуз керек. Ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы бизнес-чөйрөлөрдүн ортосундагы алаканы активдештирүү керек», - деди  Түркмөнстандын  башчысы Гурбангулы Бердымухамедов.

Экинчи түркмөн президентинин  айткандарынан улам, Түркмөнстан электр энергиясын иштеп чыгарууну көбөйтүп жаткандыгын жана жакынкы убактарга Кыргызстанга  аны жеткирүү маселесин изилдөөгө даяр экендиги белгилүү болду. Кызматташуу туурасындагы бир катар базалык документтерге кол коюлду, анын ичинде  Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы достук, өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу туурасында Келишим да бар, буга чейин мындай жок болчу.

Иш сапардын расмий жыйынтыгы ушундай. Мунун баары геосаясий бөлүштүрүүдө кандай болот?  Майкл Денисон, КМШ иштери боюнча Улуу Британиянын мамлекеттик катчысынын мурдагы кеңешчиси,  аймактын энергетикалык картасын кандайдыр бир бурчтан көрөт: «Советтер Союзу кулагандан кийинки Азиянын геосаясатын аныктаган координаттардын бири, энергетикалык тармак үчүн атаандаштык болгон.  Аймактагы суу жана мунайгаз чыккан жерлер – негизги тоскоолдуктар. Тышкы оюнчулар бул секторго болгон жеткини аймакка таасир этүүнүн механизми катары көрүшкөн. Коммерциялык планда – ири корпоративдик оюнчулар үчүн жаңы глобалдуу мүмкүнчүлүк катары. Бирок, энергетикалык тармак күчтүү жана жан ачыткан өзгөрүү абалында  турат».

Союз тарагандан кийин газ менен мунай Түркмөнстанда, Өзбекстанда жана Казакстанда  калды, алар бул мүмкүнчүлүктү колунан келишинче колдонушту, ал эми Кыргызстан, аймактагы электр энергиясынын жеткирүүчүсү болушу керек болчу. Бирок, акаевдик жана бакиевдик командалардын  сабатсыз саясий жана экономикалык иш алып баруусунун айынан  (туурасы, анын таптакыр жок болгонунан), биздин мамлекеттерге ири компаниялар инвестиция салуудан коркуп калган абалга жеттик. Өзүбүз тармакты өнүктүрүүгө каражатыбыз жок, бардыгы уурдалып жок болгон. Эми кошуналардан бизге 2014-жылдын кышынан эптеп чыгуу үчүн, бир аз электр кубатын арзан баа менен беришин сурап, жалдыроого аргасыз болуп калдык. Бул жалпысынан алганда.

Биздин Түркмөнстанга эмне керегибиз бар? Биздин аймак аркылуу, мисалы, Кытайга кошумча газ түтүгүн алып өтсө болот. Транспорттук өткөөлдөрдү куруп, өлкөбүз аркылуу аталган мамлекет менен соода-экономикалык мамилелерди жөнөкөйлөтүп алса болот.

2007-жылы июлда эле Кытай улуттук мунайгаз корпорациясы Түркмөнстан менен 30 миллиард кубометр газды болочоктогу Кытай-Орто Азия газ түтүгү аркылуу импорттоо туурасында макулдашуу түзүшкөн. Бул газ түтүгү Түркмөнстан менен Өзбекстандын чек арасында жайгашкан Гедаймудан башталып, Өзбекстан жана Казакстан аркылуу өтөт да, андан кийин пландаштырылган Кытайдын Хиньян провинциясынын түндүк батышына  кытайлардын Батыш-Чыгыш газ түтүгүнүн  экинчи бутагына өтөт. Бул долбоор менен, Түркмөнстандын капиталындагы керектөөлөр жана амбициялар чектелип калган жок.

«Шаарлардагы өсүп бараткан киреше, урбандаштыруу жана абанын булганышы үчүн кооптонуу Кытайды көмүр менен мунайды колдонууну газга алмаштырууга мажбур кылууда. Акыркы 13 жылда мамлекеттеги газга болгон керектөө 168 млрд куб. м.га чейин дээрлик 3 эсеге өстү, эми бул көрсөткүч боюнча Кытай АКШ менен Орусиядан гана артта калды. О.э. Кытайдагы газга болгон керектөө дагы көбөйө тургандыгы күтүлүүдө», - деп жазат  эл аралык деңгээлдеги медиаэкспертАнджли Равал.

Ошондуктан, биз чындап эле Түркмөнстанга пайдалуу боло алабыз. Ал эми алар жакынкы келечекте бизге жардам бере алабы? Анткени ошол эле электр энергиясын Өзбекстан аркылуу алып өтүү түшүнүктүү себептер менен кыйынчылык жаратпай койбойт да. Бул тармакта кызматташуу боюнча башка да толтура проблемалар бар.

Игорь Томберг,  Орусиялык илимдер академиясынын эксперти, бул кырдаалды практикалык көз караштан алып карайт: Борбордук Азия аймагынын суу-энергетикалык комплекси ири энергетикалык потенциалга ээ, ал ар кандай баалар боюнча жылына  430–460 млрд кВт/с түзөт. Бирок, анын өнүгүүсү бир катар тутумдук проблемаларга кабылат. Аймактын  суу ресурсунун дээрлик 85%  Тажикстан менен Кыргызстанда жайгашкан. Амударыясы менен Сырдарыянын агымына жакын жайгашкан бул мамлекеттер, баарынан мурда тоо сууларынын суу ресурстарын энергетикалык колдонууга кызыкдар. (Вахш, Пяндж, Зеравшан, Нарын). Бул суулар Амударыясы менен Сырдарыянын негизги түзүүчүлөрү болуп саналышат. Алар үчүн сугат маселеси багындырылган мааниге ээ. Бул мамлекеттер үчүн вегетациялык мезгил  (жаз-жай) артыкчылыктуу тартипте суу сактагычтарында кышкысын тоолордо жана мөңгүлөрдө чогулган муздардын эриген мезгилинде суунун топтолушу менен байланышкан (Нурек, Тажикстандагы Кайраккум, Кыргызстандагы Токтогул), мына ушул мөңгүлөр аймактын суулардын башталышы болуп эсептелет. Вегетациянын ортосундагы мезгил  (күз-кыш) электр энергиясынын жогорку керектелүүчү жана активдүү иштетилүүчү мезгили болуп саналат, буга ылайык сууну көп кое берүү талап кылынат. Тескерисинче, Казактан, Түркмөнстан жана Өзбекстан үчүн вегетациялык мезгил артыкчылыктуу болуп саналат, анын аралыгында суу ресурстары сугарылган жерлердин керектөөсү үчүн активдүү колдонулат. Проблема - толтура.

Борбордук Азиянын энергетикалык комплекси ага чектешип жайгашкан бардык мамлекеттердин кылдат көңүлүн буруп турат. БА суу-энергетикалык ресурстарды өнүктүрүү долбоорлоруна АКШ, ЕБ, Кытай, Орусия, Иран, Индия, Пакистан да  кызыгуу жарата башташты. Эреже катары, тышкы өнөктөштөр бул долбоорлорго бир гана коммерциялык эмес, геосаясий да кызкчылык туудурушат. Кеп, баарынан мурда өзүнүн региондону катышуусуна таасирин өстүрүү үчүн атаандаштык туурасында болуп жатат окшойт».

Башкача айтканда, ошол эле Түркмөнстан менен алаканы чыңдоого аракет кылып жатып, биз кезектеги геосаясий эт туурагычка кабылат окшойбуз.

«Орто Азиянын тоолуу республикаларынын гидроэнергетикалык потенциалы өтө зор. Өнүгүүнүн евразиялык банкынын эксперттеринин эсептөөлөрү боюнча, он жылдын ичинде бул жерде 10 ГВт кубаттуулукту ишке киргизсе болот. Ошол эле убакта, ошол эле экспертердин эсептөөлөрү боюнча, буга 15 млрд га жакын доллар талап кылынат. Муну менен катар, чоң өткөрмө жөндөмдүүлүгү менен ЛЭПтерди курууга, ар кандай чыңалуу тутумдарынын байланышы үчүн түйүн объектилерин тургузууга  кеткен  чыгымдарды да эске алуу керек. Азыр бул сумма 30–35 млрд долларды түзөт жана бул- аймактын мамлекеттери үчүн көтөрө алгыс.

Кыргызстан менен Тажикстандагы экономикалык өнүгүнүн төмөнкү  ыргактары, негизинен, өздүк көмүркычкылтек ресурстардын жоктугу менен байланышкан. Көбүн эсе  ушул себептердин айынан эки республика тең СССР кулагандан кийин дүйнөдөгү өнүгүүсү начар мамлекеттердин катарын толукташты», - дейт Игорь Томберг.

Эми бул түймөктү азыркы бийлик чечиши керек. Ал  мына ушул проблемаларды, чачышкан түйүндү мураска алып отурат. Эптеп кылдаарды оңдоо жана кандайдыр бир инвестиция тартуу үчүн толук кандуу жана жаңжалсыз аймактык кызматташуу керек. Башкача айтканда, биз бир гана Түркмөнстан менен эмес, Казакстан, демек, Европа экономикалык биримдиги  менен да абдан жакыныраак байланышыбыз керек. Ушул эле учурда Өзбекстан менен да сүйлөшүү зарыл, башка жол жок. Ал эми Өзбекстан менен ЕАЭБ нин ортосунда каршылыктар даана көрүнүп турат. Биз же түрк дүйнөсүнө, же евразия-оусиячыл бирикмелердин бирин тандай албайбыз. Анткени, өз ара жок кылуучу кызыкчылыктардын кысымына дуушар болобуз. Мындан ары көп кырдуу саясатты да жүргүзө албайбыз. Өзүбүздүн жеке ресурстарыбыз таптакыр жок. Анан бул кырдаалда эмне кылуу керек? Абдан салмакталган жана тынбаган аналитикалык жана дипломатиялык иш керек. Мына азыркы жетекчилик ушунун үстүнөн иштеп жатат.

Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине