Өлкөгө көмүрдү ким берет?

14:17, 21 Октября 2014

Өкмөт быйыл кышында электр энергиясында тартыштык болорун айтып, үйлөрдү, ишканаларды жылытууну көмүргө өткөрүү керек деген сунушун айтты. Бул аракеттер башталгандан тартып көмүрдүн баасы асмандай баштады. Кара алтындын бир тоннасынын баасы 3,5 миң  сомдон башталып 11 миң  сомго чыгууда. Кыш келгенде бул баа андан бетер көтөрүлбөйт деп ким кепилдик берет?

Улан Акматов, көмүр сатуучу: «Былтыркыга караганда баалар кымбат»

Улан Акматов эки жылдан бери Бишкек шаарында көмүр алып сатат. Былтыркыга салыштырмалуу быйыл баалар жогору экенин айтат ал.

-- Мага көмүрдү кен чыккан жерден алып келип сатышат. Каракеченин, Шабыркүлдүн көмүрлөрүн алып келишет. Мен аларды мүшөккө салып, кеткен чыгымдарын кошо эсептеп, үстүнө коюп сатам. 48-50 килограммдык бир мүшөгүн 250-270 сомдон сатам.

- Тоннасы канчадан келет сизге?

-- 3500 сомдон.

- Эки көмүрдүн кайсынысы жакшы?

-- Ар ким ар кайсыны жакшы көрөт. Мисалы, Шабыркүлдүн көмүрү жакшы күйөт, бирок тез күйүп бүтөт. Ал эми Каракеченин көмүрү өтө күчтүү күйбөгөнү менен жылуулукту көпкө кармап турат.

-Былтыркыга салыштырмалуу баалар кандай?

- Былтыркыдан 1 тоннасы 400-500 сомго кымбат болуп жатат.

- Быйыл ызы-чуу болуп көмүрдү эрте алып жатышабы?

- Алгандар алып жатат. Бирок, биз, кыргыздар, кар түшүп калганда араң көмүр алганга чуркайбыз да.

Айтакун Жусупбеков, көмүр алуучу: «Эмитен кам көрбөсөк кышында үшүп калабыз го»

- Телевизордон «быйылкы кыш катуу болот, көмүрүң өрдү камдагыла» деп коркутуп эле жатышат. Эмитен кам көрбөсөк кышында үшүп калабыз го. Өзүм дарыгермин, бюджеттик мекемеде иштейм. Ошондуктан, азыр арзаныраак кезде алып койбосок, кийин алыбыз келбей калат да. Мен түшүнбөйм, эмне үчүн Токтогул суу сактагычында суу аз болуп калыш керек? Бакиевдин убагында сууну сатты деп жүрүштү эле, азыр эмне болуп жатат?

Асмандаган баалар

Бишкек шаарында негизинен көмүрдүн эки түрү сатылат. Кыргызстандын Каракече кенинин көмүрү жана Казакстандын Шабыркүл көмүрү. Кара алтындын эки түрү түшкөн атайын базалар бар. Ал жерде ушул тапта Каракеченин көмүрүнүн тоннасы 4000 сом, Шабыркүлдүкү 3600 сомдон турат. Бул базалардан сатып алып, мүшөктөп саткан алып сатарлар көп. Аларда баа мындан дагы кымбатыраак. Бир тоннасы  5 миң -5,5 миң  сомдун башын чапчыйт. Республика боюнча көмүргө болгон эң  жогору баа Баткен облусунда болуп, тоннасы 11 миң  сомго чейин чыгып кетти. Жергиликтүү тургундардын айтымында, баанын мындай көтөрүлүшүнө Баткенден чыккан көмүрдүн коңшулаш Тажикстанга контрабандалык жол менен сатылып жатканы себеп болууда. Ал эми калган облустарда кара алтындын тоннасынын баасы 5-6 миң  сомдун тегерегинде.

Болсунбек КАЗАКОВ, Антимонополдук көзөмөл агенттигинин жетекчиси: «Бааларды көзөмөлдөгөнгө ыкмалар жетиштүү»

«Асмандаган бааларды көзөмөлдөгөнгө өкмөттүн акыбалы жетеби? Бул боюнча кандай аракеттер көрүлүп жатат» деген суроолорубуз менен Антимонополдук көзөмөл агенттигинин жетекчиси Болсунбек Казаковду кепке тарттык.

- Кымбаттап аткан көмүрдүн баасын токтотконго күчүңүздөр жетеби?

- Бүгүнкү күндө биздин агенттик Республика боюнча 10 ишкананы монополист деп таап, ошолорго атайын бааны койгонбуз. Каракечеден 4 компания, Алайдан бир компания, Сүлүктүдөн 4 компания. Каракечеде кендин чыккан жеринде көмүрдүн сортуна жараша 1300дөн 1800 сомго чейин, Алайда эң  жогорку баа 3100 сом, Сүлүктүдө болсо 1500 сомдон 5300 сомго чейин баа белгиленип коюлган. Бул салыктарды эске албагандагы чыккан жериндеги баалар. Быйыл газ жок, электр тармагында дагы тартыштык болуп атканына байланыштуу Өкмөт атайын токтом кабыл алганы жатат. Бардык министрликтер менен бул маселе макулдашылды. «Атаандаштык жөнүндөгү» мыйзамдын 9-беренесинде «Эгерде социалдык мааниге ээ товарлар бир айдын ичинде 20%га өсүп кетсе, Өкмөт бааларга көзөмөл киргизе алат» деп жазылган. Көмүр дагы ошол товарларга кирет, эми өкмөт ушул токтомдун негизинде көмүрдү казууга дагы, сатууга дагы көзөмөл кыла алат. Бүгүнкү күндө Республика боюнча 100дөн ашык компания көмүр казат экен. Аларга дагы, ташыган, саткан компаниялардын баарына атайын баа коюп беребиз, «ушундан ашырбай сатасың ар» деп. Ошентип бааны кармап калабыз, таасир этчү ыкмаларыбыз жетиштүү.

- Эмне үчүн башка облустарга караганда Баткенде көмүр кымбат?

- Ушинтип баары эле ызы-чуу болуп жатат. Бул жерде түшүндүрүп кете турган жагдай бар. Каракечеде көмүрдү ачык түрүндө казышат. Ошон үчүн арзаныраак. Ал эми Сүлүктүдө болсо 3 миң  метр шахтанын астына кирип, казып чыгышат. Сапаты дагы жакшы. Ошон үчүн баасы дагы кымбат. Биз жакында Өкмөт башчы менен Баткен облусуна барып келдик, ал жерде көмүр казган компаниялар биринчи кезекте өзүбүздүн жарандарыбызды камсыз кылабыз деп сөз беришти. Андан артканын гана кошуна өлкөлөргө экспорттошот. Статистика боюнча, өндүрүлгөн көмүрдүн 60%ын Тажикстанга сатышат экен да. Мектеп, ооруканалар менен келишимдер түзүлгөн, алар 100% камсыз болушат. Ал эми квартал башчы жергиликтүү эл менен сүйлөшүп «кимге канча көмүр керек?» деп тизме түзүп жатат. Анан ошол көмүрдүн акчасын чогултуп, ишканалар кезексиз алып келип берет. Транспорттук чыгымдарын кошкондо, салыктарын кошкондо Сүлүктүнүн көмүрүнүн эң  жогорку сапаттагы баасы 8000 сом болот, андан төмөнүрөөк сорттору дагы арзаныраак болот. Калган аймактарда биз койгон баадан ашырбай эле сатып атышат.

Өкмөт эмне дейт?

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев мамлекет элди арзан баадагы көмүр менен камсыз кылат деп билдирген эле. Учурда даярдыктар кандай жүрүп жатканын билүү максатында Энергетика министрлигине кайрылганбыз. Министрликтин маалымат кызматынын билдиргенине караганда,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык 2014-2015-жылдын күз-кыш мезгилине карата республика боюнча 2260,9 миң тонна көмүр даярдоо керек. Анын ичинен Бишкек ЖЭБине - 1057 миң тонна, бюджеттик уюмдарга - 237,3 миң тонна жана калкка - 966,6 миң тонна берилиши керек. «Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн маалыматына ылайык, 2014-жылдын 1-октябрына карата калк үчүн 472,267 миң тонна көмүр даярдалды, же ушул күнгө бекитилген пландан 103,9% аткарылды. Ал эми министрликтер, ведомстволор жана бюджеттик жылуулук берүү ишканалардын маалыматы боюнча, 58,8 миң тонна көмүр  даярдалды, же ушул күнгө бекитилген пландан 47,3%, ал эми Бишкек ЖЭБине 95,5 миң тонна көмүр даярдалды. Бардык министрликтер жана ведомстволордо, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан көмүр сатып алууга тендер жүргүзүлүп, азыркы учурда көмүр даярдоо иштери уланууда” деп билдирет маалымат кызматтан. Демек, учурда алынып келинген көмүр  жалпысынан 626,567 миң  тоннаны түздү. Муктаждыгыбызды толук жабыш үчүн дагы 1634,3 миң  тонна көмүр алынып келиши керек.

Аны менен катар республика боюнча 581 отун базалары ачылып, атайын базар менен салыштырганда арзан баадагы көмүрлөр сатылууда.

- Чүй облусу боюнча 30 база ачылды (баасы 4000-4200 сом);

-  Нарын облусу боюнча 70 база ачылды (баасы 3000-3400 сом);

- Талас облусу боюнча 63 база ачылды (баасы 3500-4500 сом);

- Ысык-Көл  облусу боюнча 70 база аылды (баасы 3600-5000 сом);

- Жалал-Абад облусу боюнча 137 база ачылды (баасы 2200-4200 сом);

- Ош облусу боюнча 84 ачылды (баасы 3600-5160 сом);

- Бишкек шаары боюнча 10 база ачылды (баасы 2900-3050 сом);

- Ош шаары боюнча 15 база ачылды (баасы 5000-5500 сом);

- Баткен облусу боюнча 102 база ачылды (1800-7500 сом).

Расул УМБЕТАЛИЕВ, серепчи: «Алтын өндүрүп жаткандарды, көмүр да өндүр дешибиз керек»

- Өкмөт деле көмүргө өтүү зарыл экенин белгилеп атат. Бирок бардык аймактарды арзан көмүр менен камсыз кыла алышабы?

- Мен кечээ эле Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып келдим. Көмүр али бара элек. Бул маселени чечүү үчүн атайын мамлекеттик программа болуш керек. Быйыл суунун көлөмү аз деп эле көмүргө өткүлө деген туура эмес. Мамлекет көмүр менен камсыздоо үчүн атайын программа иштеп чыгышы керек болчу. Анын негизинде көмүр өнөр-жайын өндүрүүгө мамлекеттик насыялар, гранттар берилиши зарыл эле. Чындыгында Кыргызстанда 1 млн. 200 миң  тонна эле көмүр өндүрүлөт. Жалпы жонунан кышында биз 3 млн. тонна керектейбиз. Ошондуктан, жергиликтүү көмүр өнөр жайлары азырынча өзүбүздү камсыз кыла албайт. Азыр көмүрдүн баасы күндөн күнгө көтөрүлүп атат. Мисалы, айрым жерлерде бир тоннасынын баасы 6 миң  сомго чыгып кетип жатат. Бир үй-бүлө кыштан чыкканга чейин 4 тонна көмүр жакса, көмүргө эле канча акча керек? Ошондуктан, бул баадан качып элдин баары электр энергиясын жагышат.

- Көмүр өндүрүшүн калыбына келтирүүнүн жолу барбы?

-  Көмүр өндүрүшүн кайра калыбына келтирип, өндүрүштү 3,5 млн. тоннага жеткире тургандай программа түзгөнбүз. Түштүктөн көмүрдү алып келүү кыйын болгондуктан, Каракече менен Жыргалаңды иштетүү пландалган. Тилекке каршы. Бул программа өкмөт тарабынан колдоо тапкан эмес. Ага ылайык, Каракечеден 1,5 млн. тонна өндүрсө болот. Бул жакта көмүрдүн калыңдыгы 90 метр. Аталган тармакка инвестиция тартуу зарыл. Эгер өлкөдө саясый стабилдүүлүк болсо инвесторлорду тартуу оңоюраак болот. Такыр болбой бара жатса, мисалы, бизден алтын иштетүүнү каалагандар көп да. Азыр көп лицензиялар алтын өндүрүүгө берилген. Себеби, алтын сатылуу жагынан курал менен наркотикалык заттан кийинки үчүнчү орунда турат. Ошондуктан, өкмөт алтын өндүрүүгө лицензия берип жатканда инвестициялык келишимге «Бир алтын кен алсаң , дагы бир көмүр кенин кошуп алып, өндүрөсүң» деп милдеттендирип коюшу керек.

Дилбар АЛИМОВА Фото: В.Оселедко

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине