Кыргызтандагы кышкы сезон: дагы деле жогорку тобокелдин зонасында

10:53, 21 Января

Кыргызстандагы расмий кышкы сезонунун дээрлик бир айы артта калды. Ал декабрдын жыйырмаларында Бишкектин жанындагы базалардын биринде ыр-бий менен, жогорку кызматтагы аткаминерлердин катышуусунда башталган. Кийин ушул сыяктуу иш-чаралар, аткаминерлерсиз болсо дагы, абдан креативдүү болуп Кыргызстандын ар бир лыжа базасында өткөрүлгөн.

Аздыр-көптүр сапаттуу жабдуулар менен жабдылгандардан бизде 19 бар (Союз мезгилинде 23 болчу), алардын көпчүлүгү Бишкектен алыс эмес жерлерде жайгашкан. Эң мыктыларынын бири, албетте, Караколдо. Дагы ондогону расмий реестрде катталган эмес, бирок туристтер менен жергиликтүү тургундарга кызмат көрсөтүп келет.

Туристтердин агымы быйыл да былтыркы жылдын деңгээлинде. Февраль айында синоптиктердин айтымында, кар болбойт, бул лыжа сезону үчүчн жакшы эмес. Бирок жыйынтыктарды апрельден эрте чыгарбайбыз, ага чейин, учурдагы кырдаал тууралуу.

Биздин тоолорубузга европалык туристтер масаалык түрдө келе элек. «Биздин рыноктор – бул ички рынок, биринчиден, ал чоң жана жетиштүү деңгээлде жакшы. Экинчиден, бул Казакстан, ал жердеги туристтер өз өлкөсүндө деле Шымбулак сыяктуу мыкты курорттору болсо деле биз жакка ырахаттануу менен келишет. Орусиялыктар дагы келип турушат, бирок анчалык деңгээлде эмес. Батыш өлкөлөрүнөн келген туристтер дагы бар, бирок туристтик агымга алар таасир деле бербейт,» - дейт «Жибек жолу» туризм ассоциациясынын президенти жана туризм тармагындагы эксперт Владимир Комиссаров.

Казакстан менен бизде өз ара алмашуу бар. Туроператорлордун маалыматына караганда, Шымбулакта эс алууну каалаган бишкектиктердин саны быйыл былтыркыга салыштырмалуу 5-6 эсеге көбөйгөн. Бул таң каларлык эмес, анткени казактардын инфраструктурасы алда канча өнүккөн, анын үстүнө жанында Медеу бар –  укмуштуудай бийик тоолуу муз аянты. Биз азырынча мындай комплексибиз бар деп мактана албайбыз. Бирк бизде баалар төмөн, дал ушул нерсе  казак жарандарын тартат.

Редакцияда отуруп, быйылкы кышкы сезон тууралуу кабинеттен эмес, окуя чордонунан жазууну чечтик. Базаларды кыдырып, биздин сервис тууралуу келген лыжачылар менен сноубордчулар кандай ойдо экендигине кулак салдык.

Олег Баранов лыжа тебүү үчүн Кыргызстанга Москвадан келген. Ал тоо лыжа тебүү менен 17 жылдан бери машыгат, бирок спорт сынактарында катышып көргөн эмес. Ага карабастан ал Альпыдан тарта Камчаткага чейинки курортторду көрүп, Кавказ менен Казакстанда да болгон. Союз урагандан кийин, Кыргызстанга алгачкы жолу 10-декабрда эле бир жарым айга келген. Тобокелге салып, 2 жыл күткөн эс алуусун бизде өткөрүүнү чечкен. Ал Бишкекте токтогон, биз менен болсо Кашка-Суудан таанышты.

-«Сен деги кайда баратасың, мындай мөөнөттөгү эс алуу жөн эле убакыт коротуу» деген ой менен келгем. Силерге болсо келгеним, авикомпания дал ушул жерге келчү билеттерди бергендиктен , жумуштан ушундай болуп калды. Бирок мен өкүнгөн жокмун. Мен шаарга жайгашканымдан, негизинен кылчу нерсе көп. Мейманкана «хостел» деп жазылып турганына карабастан, жакшы. Эч кандай нааразычылыктарым жок. Жашы кинотеатрлар, соода борборлору, кафе, ресторандар пайда болуптур. Күн сайын тоого баруу үчүн  иш-чаралар уюштурулуп турат экен. Жада калса декабрда дүйнөлүк деңгээлдеги опера болду, ага да бардым, акчасы өтө төмөн экендигине жакшы мааниде шок болдум. Джаз концерттери дагы жакшы уюштурулуптур, интернетте дагы бул нерселер тууралуу материалдар бар экен. Азаматтар. Негизги алектенүүм боюнча, албетте, айтчу нерселер бар.

Жалпысынан, мен ойлогондон жакшы, эмнегедир инфраструктура такыр жок деп ойлоптурмун. Бирок трансфер, кафе, көтөргүчтөр жана ижара менен эч кандай көйгөйлөр болгон жок. Жакшы тоо эңкейиштери бар экен, бирок такыр жарабагандары да жок эмес. Бирок баардык эле жерде, жада калса Европада деле ошондой. Бул база тууралуу айтсам – ыңгайлуу, көтөргүчтөн ачылган сүрөттөр укмуш, кызматкерлери  сылык, баары жакшы, бирок! Аркан абдан эскидей сезилип жатат, ал кыйчылдап, титирейт. Администрация баардыгы жетиштүү деңгээлде коопсуз деп ишендирип жатат, бирок коркуп жатабыз. Интернеттен бул жерде болгон олутуу кырысыктар тууралуу маалымат тапкан жокмун. Администрацияга ишенгим келет, азырынча ушул базага токтодум.

Ал эми качан тоо этектери менен  окутуучуларды көргөндө оозум ачылды. Жаңы үйрөнүп аткандар үчүн трассалар эч бөлүнүп же торолгон эмес. Окутуучу лыжаны өмүрүндө биринчи жолк кийип көрүп жаткан бир нече «чайнектерди» дал эңкейиште жайгашкан аянтчага чогултуп, 15 мүнөт түшүндүрүп, кесипкөйлөр үчүн чоң трассага коё берет экен. Муну кандай түшүнсө болот? Мындайды эч жерден көргөн эмесмин. Алар эмне, өлбөстөрбү?  Ал эми өзүнө ишенген лыжачылар кантип тебет, аларды каалаган учурда бирөө артынан келип, лыжа таякчасы менен сайып кетип, жөөлөп кетип, же коктудан түртүп кетиши мүмкүн да, анткени лыжага тура албаган индивидииумдар толтура да. Бул эмне деген мамиле? Буга чейин Чункурчакта болдум, ал жерде баары олуттуураак, бирок баалар жогору жана өйдөдөн көрүнгөн пейзаждар мынча кооз эмес. Бирок капчыгайдын өзү укмуш. Кийинки жумада Караколго, андан соң Орловкага барам.

Биз менен Чункурчактан жоолуккан Алматылык Санжар тескеринче Караколдо 3 күн сноуборд тээп, ал жерден жаңы эле  келген:

-Мен түшүнгөн жокмун, эмне үчүн караколдук базанын кожоюндары ага алып барчы жолго кум же реагенттерди сеппейт? Биз күзгү менен баргандай эле болдук. Унаа эки жолу сыйгаланып, жолдон чыкты, мен өмүрүм менен коштошо жаздадым. Бул эч жерге жарабайт. Ооба, пост турат, патруль көтөрүлүшкө туура келбеген автоунааларды өткөрбөйт экен. Бирок кечиргиле, ал жерге вертолет менен көтөрүлүш керек . Жолго кам көрүү ушунча эле оор жана кымбатпы? Бул өтө жаман. Бүгүн болсо, бул жерге, Чункурчакка келе жатып, ылдыйда аскада унаа талкаланып жатканын көрдүк. Силер мынтип өлүмдүн сакалынан тартып ойнойсуңарбы, же туристтердин эсинен кеткис эс алуу болсун дейсиңерби? Базалар начар эмес, баалар да жакшы, бирок мен 2015-жылда Караколдогу эс алуума салыштырмаалуу баалар бир топ өсүптүр. Бирок коопсуздук... Сөз жок.

Биздин жеке таасирибиз дагы дал чет элдик коноктордукундай болду. Кооздук, лыжалар, таза аба, ура! Бирок биздин коопсуздугубузга болгон кам көрүү абдан начар. Жаңы эле лыжага турган жаш кыз окутуучу менен болгон кыска маектен кийин Кашка- Суудагы базанын чоң коопту эңкейишинен түшкөндө, аны карап тургандардын көздөрү чыгып кете жаздады. Ал эми кум себилбеген жолдор – чынында эле «кышкы коркунучтуу жомок.»

Ошондой эле, Супара-Чункурчактын жанындагы базаларадын биринде эл тюбинг менен машыгып (балондор менен төмөндү карай түшүү) , кичине балдар жлпак жерде лыжа тээп ойнойт. Туман каптап баштаганда, трассанын четинде турган бул саптардын авторун «Эжешка, сиз акылыңыздан адаштыңызбы? Бул жерде карышкырлар бар, алар көп, сизди туманда жеп кетишет»-деп куушту. Мен албетте, шуулдаган бойдон кафеге качып кирдим. Мени жөн гана тамашалап коюшту деп ишенем.

«Жибек жолу» туризм ассоциациясынын президенти, туризм тармагынын эксперти Владимир Комиссаров биздин туризм тармагындагы көйгөйлөрүбүз былтыркы жылдан бери бир да эсеге өзгөргөн жок деп эсептейт: «Бизде бул бизнеске тиешелүү эч кандай расмий ченемдер жок, болгону сүйлөшүүлөр менен долбоорлор эле бар.  Тоо лыжасынын көтөргүчтөрүн курууга жана эксплуатациялоого долбоорлоолор жана техрегламенттер болушу керек эле. Бул тууралуу аз дегенде беш жылдан бери сүйлөп эле келатышат, мына, сезон башталды, ал эми жыйынтыктар жок, болгон да эмес. Анын үстүнө, бизде иштеп жаткан механизмдер Европада эбак ыргытылган. Биздикилер ал жерге барып, аларды бекер алып келишкен. Кандай болгон күндө да, алар эски. Андан сырткары коопсуздук, тоо эңкейиштерине күч келиши, кыштын ызгаарында 15-20 метр бийиктикте калып калгандарды куткаруучу уюшмалар дегендер дагы барда. Жана бул маселеде биздин система өтө алсыз. Эс алуу күндөрү тоо эңкейиштерине укмуштай күч келет. Чоң кырсык болбогондугу – чоң бакыт. Бул сүйүнө турчу фактор эмес».

Коопсуз жана алдына ала баары белгилүү Швейцарияга биз куусак да жетпейбиз. Кыргызстандагы кышкы туризм – тобокелди жакшы көргөн адамдар үчүн. Бирок туристтердин агымы өсүүдө жана кышкы сүйүнүчтөр биздин экономикабыздын өсүшүнө тиешеси бар маанилүү кластер бойдон калууда, аны жакшылап, кынаптап, мыктылап өнүктүрүшүбүз керек. Колубуздан келеби? Келет деп ишенгибиз келет.

Базаларды кыдырган Светлана Бегунова

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине