Кыргызстандын көз карандысыздыгына 27 жыл: чыккынчылыктын сыноосу

11:25, 3 Сентября 2018

Биздин бир кызык мүнөзүбүз бар – эч нерсе болбогондой түр көрсөткөнгө кыйынбыз. Чыккынчылыкты байкамаксан болобуз, кээде аны актай да баштайбыз.

Ар түрдүү аткаминерлердин чыдамкайлыгына жана бардык шартка ыңгайлашып кете алышына таң калам. Кечээ эле жаш премьер Сапар Исаковдун жаңычылдыгын мактап жатышты эле, бүгүн болсо аны табалап, эч нерседен шектенбей “Ууру жана паракор!” деп күнөөлөп жатышат. Далилиңерди көрсөткүлөчү десем, “Аны жөндөн жөн эле үч ай СИЗОдо камамак беле”, - деп жооп беришет. Бали, укмуш бекем далилдер.

Бүгүн алардын көзү ачылгандай сезишет! Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин башкаруусунан толтура кемчиликтерди таап чыгып жатышат. Мындайда аларга суроо узаткың келет: “Балдар! Силер эмне болдуңар? Жеген наныңар менен жылуу орундугуңар ыймаңынардан жана ар-намысыңардан да кымбатпы? Азыркы бийликте жылуу-жумшак отуруш үчүн гана силер Атамбаев жана анын командасы кылган иштин бардыгын чийип салганга даярсыңарбы?! Анан да анын кемчиликтерин мурда эле байкасаңар, анда эмне үчүн унчукпай отурдуңар эле!”

Азыркы президент ушунча чыккынчылардын арасында өзүн кандай сезээр болду экен? Ал аларга ишенет бекен, аларга ишенсе болот деген ойдобу?

Бирок бул нерсе кечээ гана пайда боло калган жок. Мурдагы президенттер куулганда ушул эле адамдар бийликти айланчыктап жүрүшкөн. Алар өтө ыңгайлуу, мобилдүү, саясий коньюнктурага жараша трансформер сыяктуу өзгөрүп турушат. Алар бийликтин бардык бутактарында, роботтор сымал, өз ишин кайырымсыз, так аткарышат. Текебаевди соттош керек. Аткарылды! Бүгүн Исаковду соттош керек. Аткарылып жатат! Коркуп да кетесиң...

КӨЗ КАРАНДЫСЫЗДЫКка 27 жыл. Адатынча, туулган күндө жыйынтык чыгарып, жетишкендиктерге кубанып, кетирген каталарды талдап, келечекке пландарды түзөсүң. Биздин эң башкы жетишкендигибиз – кыргызстандыктардын саны 6 259 090го жетти. Бизге бул укмуш керемет жерде, бул эркин асмандын алдында төрөлүү бактысы ыроолонгон. Достор, ушундай ырайымсыз бурама-аткаминерлердин саны арабызда аз болгону, кандай сонун. Биз, карапайым кыргызстандыктар, эч качан эч кимди сатпайбыз, эми чыккынчылыкты да кечирбегенди үйрөнсөк жакшы болоор эле!

Лейла Саралаева

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине