Аида Салянова: «Мага, өлкөм үчүн пайдалуу нерсе жасап жатам деген ишенимим жардам берет»

14:17, 22 Января 2015

Биз, кыргызстандыктар, күнүмдүк түйшүк менен эскичиликтен чыга албай жатып, азыр Башкы прокуратура жүргүзүп жаткан күрөшкө тиешелүү деңгээлде көңүл бурбай келебиз. 12 депутатка, 4 министрге, 10 сотко  карата, о.э. бир катар акимдерге, мэрлерге, губернаторлорго каршы жазык иши козголду.  Кезектеги  депутатка карата кезектеги жазык иши козголгондугу  туурасында  жазылган пресс-релиздердин  кыска жазылган саптарынын артында болуп көрбөгөндөй зор иш катылган, бул жалгыз гана жогорку чиндүү кылмышкердин бетин ачуу боюнча эмес.  Кылынган бул иштердин бардыгы биздин коомдун аң сезимин өзгөртүү үчүн, «жаман деген эмне, жакшы деген эмне?» -  адамдык түшүнүктөрүнүн кайтышы үчүн жасалууда. 

Мындай зор жумуштун башкы кыймылдаткычы жана идеялык  таасирленткичи өлкөнүн Башкы прокурору- Аида Салянова, темир мүнөздүү, бекем эрктүү аял. 22-ноябрда 90 жашка толгон прокуратуранын ишинин акыркы жыйынтыктары туурасында биздин маегибиз. 

Зор иштер тууралуу

- Аида Женишбековна, биз, карапайым адамдар, прокуратура эл тагдырын чечүүчүлөргө, өзгөчө Жогорку Кеңештин депутаттарына  каршы жазык ишин козгоп баштаганда абдан сүйүнүп калабыз.  Бирок, эмне үчүн эч ким алиге чейин соттоло элек, сотко келгенде эле иштин баары бузулуп жатат. Бул алсыз иликтөөбү же саткын сот тутумубу?

- Эгер депутаттар туурасында айтсак, азырынча бир да иш сотко келгенде бузула элек. Мисалы, бийликти зомбулук менен тартып алуу иши боюнча  үч депутатты алсак, жазык иши Жогорку Сотко чейин жетти, алар боюнча чечим кабыл алынып, мыйзамдуу күчүнө кирди, үчөө тең соттолуп, депутаттык мандаттарынан ажыратылды. Түлеев боюнча  да биринчи инстанциянын өкүмү бар, ал 11 жылга соттолду, азыр экинчи инстанциядагы сот болуп жатат.   Келдибеков боюнча, биз зор күч менен тергөө ишин аяктадык, иш сотко өттү. Бирок, сотто тыюу салуучу чараларды өзгөртүшүп, ал өлкөнүн чегинен чыгып кетти. 

- Багкача айтканда резонанстуу иштер боюнча жетишээрлик далилдүү база жок деп айтып жаткандары жаңылыш пикир экен да? 

- Ооба. Анткени, кеп өзгөчө фигуранттарга тиешелүү болгон учурда, биз бул иштерди эч кандай жаңылыштык кетирбөө үчүн өзгөчө кылдаттык менен көзөмөлдөйбүз.

-   Түлеевдин үстүнөн болгон сот эки жылдан бери созулуп келе жатат. Аны биринчи инстанция соттоду, анан эле ал таптакыр күнөөлүү эмес деген пикирлер айтыла баштады. Башкача айтканда анын кылган иштеринде кылмыш курамы жок бекен?

- Ал боюнча басымдуу далил базасы чогулуп, сотко жөнөтүлгөн. Анын күнөөсү туурасында сот айтышы керек, бирок тергөөнүн анын айыптуулугу боюнча эч кандай шеги жок. 

- Иса Өмүркулович,  сот актап чыккан Бишкектин дагы бир экс-мэри, биздин гезитке берген интервьюсунда, ага карата жазык иши  ойдон чыгаруу менен,  сизге атайын зыян кылуу максатын көздөшкөндүгүн айтты. Буга кандай комментарий бересиз?

- Ооба, мен ал интервьюну окугам. Эч ким эч кимге зыян кылган жок,  бүгүнкү күнү ал жоопкерчилик тартышы керек  экендигине ишеничтемин.  Парк аймагынан чыгарылышы керек болгон ошол 16 га жер, анын чечиминен кийин  парктын аймагына кирбей калган. Бүгүн да, буга окшогон иш-чараларды башынан өткөргөн  бардык эле адам, бул жерлерди сатып ала алат.  Анын токтомуна чейин муну эч ким жасай албай турган. Жерлер 5 жылдык ижарага гана берилиши керек болчу. Буга чейин да мыйзам бузуулар болуп келген, айрым жерлер 49 жылга ижарага берилген. Эми аны 5 же 49 жылга эмес, эми ал жерлерди сатып  алууга болот. Ошондуктан, олуттуу жер мыйзамын бузууларга жол берилип жатат. 

- Прокуратура бул иш боюнча аппеляция берген жокпу?

- Биз соттогу маанайды көрдүк. Жогорку сотто бизди колдоп чыгаарына ишенич аз болчу, ошондуктан кайра  даттанган жокпуз.

- Депутат Урмат Аманбаева сиздин бутаңызга илинди. Дароо эле анын бир тууганы- акыйкатчы жанданып, аны коргой баштады да, сиздин андан өч алып жатканыңызды билдирди. Ошол замат депутат айым ММКларга сиздин дарекке болгон ушак-айыңдын баарын тарата баштады. Бул кырдаалга кандай комментарий бересиз?

- Биринчиден, жеке кызыкчылык жок бул жерде. Экинчиден, акыйкатчы  прокуратуранын бир катар мыйзам бузуларын тапкандыгын, ал сот тарабынан тастыкталгандыгын билдирди.  Мындай бир да чечим болгон эмес, болбойт дагы. Өткөн жылы Караколдо 8-октябрда болгон башаламандыктар боюнча бир гана чечим болгон, ал «Барымтага киши кармоо», «Бийлик өкүлдөрүнө карата зомбулук колдонуу», «Хулигандык» беренелери менен кеткен. Эске сала кетейин, митингге чыккандар бир нече саат бою өкмөттүн ыйгарымдуу  өкүлү Эмилбек Каптагаевди барымтада кармап тургандан кийин атайын операция жүргүзүшкөн.  Митингге чыккандар өтө катуу каршылык көргөзгөндүктөн, күч органдары кол күрөшүнүн ыкмаларын колдонушкан. Кийинчерээк  Каракол соту, күч мыйзамдуу колдонулган деген чечим чыгарган.  Акыйкатчы, бул кыйноолор болгон деп далилдөөгө аракет кылып, коомдук тартипти калыбына келтирген кызматкерлерге карата «Кыйноолор» беренеси боюнча жазык ишин козгоого аракет кылган. Албетте, биз баш тарттык. Бул баш тартууга карата  ал сотко даттанды. Акыйкатчы эки инстанциядагы сотон утуп чыкты, бирок Жогорку сот бул чечимдерди жокко чыгарды. Эки процесстин алкагында, ошол эле маселе боюнча сот тарабынан, Прокурордун жазык ишин козгоодон баш тартуу боюнча кылган иши  Мыйзамга  ылайык жүргүзүлгөн деп чечим чыгарылган. 

- Бул жалгыз учурбу?

- Ооба, бул жалгыз учур. Акыйкатчы Башкы прокурордун чечимдери боюнча гана айтып жатса да, мен атайын бардык областтык, райондук жана шаардык прокуратуралар боюнча сурамжылоо жүргүздүм, мен прокуратура органдарынын чечимдери мыйзамсыз деп табылган учурду тактагым келди. Мындай факты жок.

-Анда эмнеден өч алып жатат?

- Мен да логиканы көрө албай атам. Анын бир тууганы  Урмат Аманбаевага карата иш  2013-жылы майда козголгон.  Башкача айтканда ал бул кызматка келээрден  бир топ мурда болгон.  Аталган иш Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дарылык камсыз кылуу Департаментинин  маалымкаты боюнча козголгон, андан кийин Эсеп палатасы текшерип, эки текшерүү тең бузууларды тапты.

- «Республика» фракциясынын  депутаты УрматАманбаеваны эмнеге күнөөлөп жаткандыгын түшүндүрүп берсеңиз. Ал кандай коррупциялык  чиймени түзүптүр?

- Бул кылмыш чиймеси  2009-жылдан баштап иштеп баштаган жана 2013-жылга чейин иштеген. Албетте, бул жерде суроо жаралбай койбойт -  ал 2010-жылы депутат болуп туруп, бул схемада кантип иштей алган? Көрсө, 2009-жылы ал чын эле бул Борбордун директорун, эмчи айымдарын жана дарыкананын башчысын тарткан экен. Текшерүүчүлөр көп, жана акчаларды  тосуп, узатып туруу керек деген шылтоо менен. Муну үчүн эмчи айымдар  өз документтеринде кургак учук менен  ооругандарды дарылоо үчүн демиш болуп, тиешелүү болгон дарылардын жогорулатылган талаптарын көргөзүшү керек болчу. Жана  «БУМ» ЖЧК деген фирма  бул дарыларды алып келди кылышмак. Чындыгында эч кандай дарылар алынып келген эмес, мындай өлчөмдө колдонулган да эмес. Бул фирманы   Урмат Аманбаева өзү түзгөн. Жада калса фирманын аты да кыскартылган «Бирге Урмат, Манзура» деп чечилет.  Манзура Улходжаева– жеке адам, Аманбаева аны ЖЧКнын директору катары ишке тарткан. Анын айткандары боюнча, ал эч кнадай дарыларды алып келген эмес, эч кандай тендерде катышкан эмес.  Бардык каржы кагаздарын  Урмат Аманбаева толтурган, ал жада калса ошол тендердик комиссиянын башчысы да болгон. Документтер боюнча, Борборго өтө көп дары керек болгон, ал дарыларды жеткирип турушкан жана алар оорулуулар тарабынан активдүү колдонулуп жаткандыгы көргөзүлгөн. Жана бул бузуулар бардык учурда жабылып келген.

Ал  2010 –жылы депутат болгондо, бул  «БУМ», дагы эле мифтик дарыларды  «жеткирүүсүн» уланта берген, бюджеттен акча бөлүнүп жаткан. Улходжаеванын көрсөтмөлөрү боюнча, ал бардык сумманын  5%  алган, ал эми 95 пайызын  Аманбаева өзүнө алган.

- Демек, депутат абадан акча жасаптыр да?

- Ооба. Ошондой кылыптыр.

- Кеп өтө көп сумма туурасында болуп жатпайбы. Мүмкүн, аларды депутат болуу үчүн короткондур?

- Бул ишке катышкандардын биринин сөзү боюнча, Оштогу Аманбаеванын мейманкана салган учуру ушул кезге туш келет. 

- Анын бүгүнкү интервьюсунун тонун кандай баалайсыз, кайсы жерден сизди ачык эле ушактап жатат?

- Укук коргоо органдары менен сот анын айткандарына баа бериши керек, анткени депутаттардын өздөрү жалган маалымат берүү туурасында мыйзам кабыл алышкан. Аманбаева мени өтө оор кылмыштарга айыптап жатат. Бир учурда ал, мен Батукаевдин эжелеринен акча  талап кылганымды жазыптыр. Башка учурда, Акмат Бакиевдин качканына жардам бергеним жазылып жүрөт. Ошондуктан, бул окуяларга тиешелүү текшерүү, тиешелүү баа берүү сөзсүз болушу керек.  Анын биринчи макаласы пайда болоору менен, мен аны УКМК га текшерүүгө жибердим жана бул туурасында Президентке билдирдим.

-   «Ар-Намыс» фракциясынан башка депутат, НурланТөрөбеков жогорку  билими  туурасында жасалма диплом алыптыр. Анын бул кадамга барышынын себеби эмне деп ойлойсуз?

- Тергөө, бүгүнкү күнү дипломду ким жасаганын айта албайт. Аны ким болбосун  жасай алмак.  Факт, Жогорку Кеңештин аппараты  ага класстык чин берүү үчүн, Президенттин аппаратына көргөзүү үчүн берген көчүрмөсүн берилген мындай диплом ага берилбегендигинде.  Мындай номер менен, бирок таптакыр башка күнү диплом таптакыр башка адамга, башка факультетте  берилген. Бул фактыны билим берүү министрлиги да, бизге берилген дипломдун көчүрмөсүндө колдору турган адамдар да тастыкташты. Алардын бардыгы, мамлекеттик комиссиянын төрагасы баштап,  бул алардын колу эмес экендигин билдиришти.

 - Мындай алдамчы дипломдор менен мамлекеттин тагдырын чечип жаткандыгы, уятсыздык менен абадан акча жасап жаткан инсандарды кошпогондо, андан кийин бизди кантип, эмне кылуу керек экендигин, кайсы тилде сүйлөө керектигин үйрөтүп жатышкан фактысы  сиздин намысыңызга тийген жокпу? Сиздин Башкы прокурор эмес, жаран катары пикириңиз кызыктырып жатат.

-  Албетте. Алар өлкөнүн эң башкы органынла – парламентте иштеп жатышат. Биз бардыгыбыз, алар кабыл алып жаткан мыйзамдар менен жашап жатабыз, ошондуктан, албетте, мыйзам чыгаруучулардын өздөрү Мыйзамды сыйлашса дейсиң.

- Кызыктуудай  мыйзам ченемдүүлүк, кандай аларга карата жазык иши каралып баштаганда эле, биздин депутаттар ооркучан, ишке жараксыз болуп чыга келишет. Бизде жалаң оорукчан депуттар иштеп жатканына кандай баа бересиз?

- Чын эле,  жазык иши козголгон дээрлик бардык депутаттар дароо  эле тигил же бул оору менен ооруп чыга келишет. Мен аларды, таптакыр эч жери оорубайт деп айткым келбейт. Анткени, ар бир кишиге катары жазык иши козгоонун өзү анын жеке ден соолугуна терс таасирин тийгизбей койбойт. Бирок, бул тенденцияга айлана баштаганда,  кайсы бир суроолор жаралбай койбойт

- Иш козголгон депуттардын  бир туугандары сизге чыгууга аракет кылышкан жокпу?

 - Бул аракеттер дайыма бар.

- Эгер жашырын болбосо, эмнелерди убада кылып жатышат?

- Мен кандайдыр бир конкреттүү баалуулуктар менен жыргалчылыктарды сунуш кылып жатышат деп айтпайм,  анткени, бардыгы тең менни чынчыл адам экенимди билишет жана эч нерсе сунушташпайт. Бирок, дээрлик ар бир иш боюнча  жардам берүүнү, колдоо көргөзүп коюумду сурангандар жок эмес.

- Ошентсе да, качандыр бир кезде козголгон жазык иштердин катышуучуларынын ичинен Аманбаева өзүн татыксыз алып жүрүп атат. Анын кылган иштеринен кандай сезимде болуп жатасыз?

- Албетте, жагымсыз. Ар бир депутат, ар бир мамлекеттик чиновник жана ар бир жаран менни мамлекеттик жумушту кылып жатканымды түшүнүшү керек.   Азыр ар бир депутат мени менен сүйлөшүп, макулдашууга болбой тургандыгын, менден бир нерсе суроо пайдасыз экенин  билип калышты. Чындыгында, Аманбаеванын өзүн алып жүрүүсү бардык чектен чыгып кетти. Мен парламентте да, буга укуктук баа берилээрин айттым. Депутаттар жазык ишинин туура бөлүштүрүлүшүнө көңүл бурууну суранышты. Чындыгында эле, анын кылган иши  303- «Коррупция» беренесине туура келеби? Айрым шек саноолор айтылды.

- Ал, кылмыш жасалган убакта ал бухгалтер болгондуктан, коррупция боюнча кылмыш ишин козгоого укугуңар жок болчу деп билдирди. Ушундайбы?

- Ал кызмат адамы болчу. Ал эми мыйзам актылары кызмат адамы ким экендигин так аныктаган. Анын административдик-чарба  кызматтары бар болчу, анын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча укугу бар болчу, ал материалдык баалуулуктар боюнча отчеттуулук талап кылып турган. Буга ылайык , ал кызмат адамы болуп саналган. Жалгыз гана ал кымат адамы болбогондугун белгилей кетүү керек. Ал жакта бул Борбордун директору да бар болчу, биз аны да ушул эле берене боюнча тартып жатабыз.   2010-жылы Аманбаева бул чиймени депутат, бийлик ыйгарымы бар кызмат адамы катары уланткан.

-  2011 -2014-жылдарда Башкы прокуратура тарабынан 65 мамлекеттик обьект муниципалдык менчикке кайтарылды.   Тагыраагы сиз иштеп турган мезгилде. Айтыңызчы, кайтарылган ири обьекттер туурасында айтып берсеңиз.

- Эгер ушул үч жылдын ичинде биз 53 балдар бакчасын кайтарсак, 1999-жылан 2011-жылга чейин болгону бир бакча кайтарылган. Бардыгы болуп 246 объект кайтарылды, анын ичинде   181 жер тилкеси, 3 социалдык –маданий объект, 6 медициналык объект жана 1 ат-майдан бар. Азыр биз борбордук   «Ак-кула» атмайданы үчүн салгылашып жатабыз, аны да мамлекеттик менчикке кайтаргыбыз келет.

- Бул обьекттер болбогон акчага менчиктештирилип кеткен да, туурабы?

- Бул объекттер  мыйзамсыз менчиктештирилген же өз багыты боюнча колдонулган эмес. Баасы боюнча, албетте, дагы чоң маселелер жатат.

Сын тууралуу

- Сиздин дарегиңизге, сизди КСДП дан башка фракциялардын депутаттарына каршы гана жазык иштерин козгойт деген сын пикири айтылууда. Бул атайын ишпи?

- КСДП да  бизде    Орозбаев боюнча чоң маселелер болгон. Бул жерде да маселе мөөнөтүнүн бүткөнүнө келип такалды. Иш 90-жылдардын башына таандык болчу, ошол кезде керектөө союзунун обьекттери жалпы менчиктештириле баштаган. Ал ушундай уюмдардын бирин башкарып турган. Иш мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу жабылып калган, бул кайра калыбына келтирүүчү жагдай болуп саналбайт. Башка фигуранттар боюнча, эгер кимдир бирөөгө кандайдыр бир фактылар табылса, биз, прокуратуранын кызматкерлери гана эмес, жалпы коомчулук билмек. Бирок, азыр андай фактылар жок.  Бул парламенттердин депутаттарына тиешелүү нерселер.  Ал эми башка бийликтин жогорку  кызмтында тургандарга келсек, КСДП партиясынын өкүлдөрүндө – мындай иштер көп. 

- Сиздин ишке сын боюнча дагы бир суроо – бул  Батукаевди мыйзамсыз бошотуп жиберүү туурасында. Бул факты боюнча жазага тартылышабы?

- Биринчиден,  прокуратура эч кимди бошоткон жок. Аны сот бошотту. Прокурордун бул ишке катыштыгы барбы деген башка маселе. Качан парламентте менин алдыма, бул прокурордун жоопкерчилиги туурсында маселени койгондо, мен анын күнөөсүн юридикалык жактан негиздешим керек болчу. Эгер мага прокурор, Өкмөттүн Токтомуна ылайык, анын оорусуна байланыштуу бошотууга уруксат болчу деп айтып жатса, ага каршы сөз айтуу кыйын. Анын үстүнө,  Батукаевди бошотуу иши боюнча иш козголуп, УКМК га берилди. Батукаевди бошотуу боюнча тиешеси бар кайсы бир кызмат адамына шектенүү же УКМК тарабынан эч кандай айыптоо болгон жок.

- Сиз бул коррупциянын түймөгүн жандырууга аракет кылуу менен, биздин ар бир жогорку кызматта турган чиновнигибиз бир нерсеге тиешеси бар экенин түшүнүп жатсаңыз керек. Адамдардан көңүлүңүз кала элекпи?

- Бул учурда мени коркутууга аракет кылып жатышат. Кызыкдар инсандар элдин пикирин бурмалоого аракет кылып жатышат.  Эгер менде, элге түшүндүрө албай турган бир нерсем болсо, анда мен мындай чуулуу иштерди козгомок эмесмин. Мен пайдалуу иш жасап жатканымды билем. Бур ишеним мага андан ары жылууга күч берет.

Прокуратура тууралуу

- Кыргызстандын прокуратура органынын 90-жылдык мааракеси келатат. Бул күндү сиз жана сиздин кызматкерлер кандай маанайда тоскону жатасыңар?

- Жакшы. Прокурор кызматкерлери өз ордунда колунан келгендин баарын жасап жатышат. Албетте, терс учурлар да бар, анткени ондогон жылдардан бери түптөлүп келе жаткан тутумду кыска мөөнөттө өзгөртө коюуга болбойт. Ошого карабай, төрт жылдын ичинде     27 прокурордук кызматкерлер жоопко тартылды. Бул, тутумдун өзүн тазалагысы келип жатканынан  кабар берет. Эң коркунучтуусу, коррупцияга корурупция менен күрөшүүгө чакырылган адамдар кошо тартылганы.

 Мен бир өзгөчөлүктү белгилеп кетким келет, резонанстуу иштер боюнча биз ири мамлекеттик чиновниктерди «Коррупция» беренеси боюнча жоопко тартканда,  жабыркагандар көп учурда калктын эң алсыз катмарындагылар болуп калат - пенсионерлер, кургак учук менен ооругнадар, аз камсыз болгондор, майыптар. Б.а. алар үчүн болуша турган эч кимиси жок адамдар. Анан, бүгүнкү күнү прокурордук кызматкерлердин негизги кызматы укук коргоо кызматы болуп калгандай. Ушул жылдардын бардыгында,  карапайым кыргызстандыктардын укугун коргоо приоритеттүү милдеттердин арасында жок болчу. Ал эми бүгүн эң маанилүү обьект – бул аз камсыздар, социалдык алсыз адамдар, майыптар,пенсионерлер.

- Эмне үчүн ушундай тыянакка келдиңиз?

- Мурда коомдун бул катмарына, алар керектүү деңгээлде ыраазычылык билдире албагандыгы үчүн гана тешелүү көңүл бурулбай келген, же болбосо кандайдыр бир ыңгайлуулктарды бере  алышкан эмес, ошондуктан коррупциячылар так ушул чөйрөлөрдү, коргоосуздарды  тандап алышкан.  Бирок, бүгүн, прокурорлор же башка укук коргоо органдары гана бул жарандардын укугун коргой алышат.  Муну баары жакшы түшүнүшөт  жана бул сезимден биздин жумуштун керектүүлүгү дагы бекемдейт. Ал эми Аманбаеванын стилиндеги шантаждын азыр мааниси жок. Элдер өзүнүн жеке жана мамлекеттик кызыкчылыктарын ушунчалык аралаштырып алгандыктан, биз, прокурор кызматкерлери мамлекеттик кызыкчылыкты жеке кызыкчылыктан  өйдө коюуга аракет кылып жатканыбызды түшүнбөй жатышат.

- Демек, адамдар эмне жакшы, эмне жаман экенин ,  жалпы коом эмнени жалпы коргошубуз керек экенин түшүнбөй жаткандан кийин, адамдардын аң сезиминде бир нерсе өзгөрүптүр да? Эмнеге мындай болуп жатат?

- Бул бузулуу көп жылдын бери келатат. Эгер биздин тарыхый китептерди окуп көрсөк, кыргыздар дайыма жогорку улуттук аң-сезими бар эл экенин көрөсүң, алар өз мекендештери жана туулган жери  үчүн бардыгын, жада калса өз жанын курмандыкка чалууга даяр болгон. Ошондуктан, кыргыздар тирүү калып, улут катары сакталып калса керек. Элдин ортосундагы мамиле да  таптакыр башка болушчу.  Биз качан ушундай болуп калдык деген суроону өзүмө көп берем. Элдин, өлкөнүн кызыкчылыгын сатуу биз үчүн качан көнүмүш болуп калды эле? Анан, акаевдик убакыттан баштап деген  жыйынтыкка келем.  Ошондон бери, балуулуктарды кайра баалоо жүрдү, убакыт өткөн сайын, коом ошончо бузула берди. Азыр, бардыгын кайра артка буруу үчүн, бир же эки жыл керек эмес.

- Демек, биздеги баалуулуктардын баары материалдашып кеткен экен да – сен уурдабасаң, анда сен начар адамсың.  Эгер уурдасаң – биздин мезгилдин баатырыбы?

- Бул дагы эле актуалдуу, бирок бир катар өзгөрүүлөр боло баштады.  Азыркы убакка чейин, эгер сен мамлекеттик кызматта иштесең, мамлекеттик кызматкердин айлыгын алсаң, анда кычыраган эки кабат үйдө жашап, кымбат машина айдап калчусуң. Эл муну кадимкидей кабыл алып, жада калса аларды сыйлашчу.  Ал эми алардын өздөрү да мындан уялчу эмес, тескерисинче, өз байлыгына мактанышчу. Азыр, прокуратура тарабынан жазык иши козголуп баштаганда, эл бул туурасынада башкача ойлоно баштады. Жок дегенде коомдун талкуусунан коркуп калышты.

- Башкы прокуратуранын адистери өзүңөр жүргүзгөн миссияга ылайык келеби? 

- Прокуратуранын тарыхында биринчи жолу биз 2011-жылы сынак өткөрүп, 81 адамды тандап алдык. Алардын баары ишке орношкон. Андан кийин башка сынак жарыяладым жана ушул 2014-жылы дагы 84 адамды алдык, булар ЖОЖдордун эң келечектүү бүтүрүүчүлөрү, алар бир жыл стажировкадан өтүшүп, андан кийин иштеп башташат.

- Жаш адистердин даярдыгынын деңгээлин кандай баалайсыз?

- Билим алуу даярдыгы жаман эмес. Чындыгында, бизде Башкы прокуратуранын катарына өтүү үчүн сынак өтө катуу жүргүзүлөт. Компьютердик тестирлөөдөн  жана маектешүүдөн башка, эссе жазуу да бар. Ага 800 талапкердин ичинен 500 дөн ашык талапкерлерди чыгарып салышты, анткени сабатсыз жазышат же өз ойлорун ирээттүү айтып бере алышпайт. Мен комиссиянын мүчөлөрүн, бүт процессти видеого тартууга милдеттендиргем, кимдин кандай жооп берип жатканын өзүм көрдүм. Биз 84 адамды тандап алдык. Демек, сынак олуттуу болду, бир орунга 10 адам талапкер болду. Жалпысынан, мен жождун бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээлине ыраазы болдум, алар биздин стажерлер. Жаңы тизменин жарымынан көбүн азыр жумушка алдым.  

- Прокуратуранын кызматкерлери кандай моралдык сапатка ээ болушу керек?

- Чынгыз Айтматовдун, күн сайын адам бойдон калуу кыйын деп айтканы бар. Биздин жумушта бул маселе дагы курчураак турат. Ооба, күчтүү профессионалдар жакшы, бирок мен дайыма адамдык сапатына көп карайм. Анткени, абийирдүү адам ар дайым жакшы иштөөгө аракет кылат деп ойлойм.  Ал эми адам абийирсиз болсо, анда өз профессионалдуулугун каалаган жагына жумшайт, мүмкүн, кыянаттык менен пайдаланышы да мүмкүн. Албетте, эгер ал профессионал да, жакшы адам да болсо кандай жакшы,  бирок, ошого карабай мен адамдык сапатка көбүрөөк  көңүл бурам. Эң башкысы, адам чынчыл болушу керек. Андан сырткары, ар бир   прокурор мамлекетчил болушу керек. Мамлекеттин кызыкчылыгын жеке кызыкчылыгынан жогору кое билиши керек.

- Силердин кызматкерлердин айлыгы кандай?

- Прокуратура тутумунда  841 киши иштейт. Орто айлыгы 15-18 миң сом. Азырынча айлыкты көбөйтүү пландаштырылган жок. Эгер кандайдыр бир убакка чейин чынчыл иштешибиз  керек экенин баарыбыз түшүнсөк, анда бир нече жылдан кийин кырдаал жакшы жагына өзгөрөт. Башкысы – уурдабай жашоого көнүү. Ушул кызматта туруп, кайсы жакта. Эмн кылып уурдап жатышкандыктарын көрүп жатам. Бизде, кыргызстанда уурдалбаган бир да тармак жок.

-Биз аң сезимибизди өзгөртүп, уурдабай калабыз деген үмүт барбы?

-  Эң башкы үмүттү  мен өсүп келе жаткан муундан көрүп жатам. Бүгүн, Билим берүү минстрлиги, Юстиция министрлиги  башында турган коом  укуктук үгүт, идеологиялык иштерди  жүргүзүшү керек, бала кезинен баштап,  бала бакчалардан  эмне жакшы, эмне жаман экенин үйрөтүү керек. Башка баланын укугун бузбаш керек экенин айтып, уурдаганга болбой тургандыгын, алдоого болбой турганын айтып түшүндүрүү керек. Мен азыр студенттер менен жолугуп калганд, биздин жаштарга болгон ишеними артат.  Чындыгында, биздин муун алмашышы керек, булганбаган адамдар келиши керек, ошондо кырдаал өзгөрөт. Бирок, бул - азыр эч нерсе кылуунун кереги жок дегендик эмес.  Жогорку кызматтагы чиновниктерге каршы козголгон иштер, мындан кийин уурдагандар жазасыз калбастыгын айтып турат, мына ушул адамдардын аң сезиминдеги эң күчтүү мотиватор болушу керек.

- Калктын көбү сизди абдан колдошот, өзгөчө  коррупционерлер менен күрөштү баштаганда. Сиз калктан дагы кандай жардам сурайт элеңиз?

- Ар бир коррупциячыл факт кеңири коомдук белгилүлүккө  ээ  болушу керек.  Мына ошондо коррупционерлер жыргап жашай албай калышат, каалашынча мамлекеттен, өз жарандарынан  уурдап, ээн эркин иштей албай калышат. Эң коркунучтуусу бул кош көңүлдүк.  Биз позитивдүү алга жылууларды сезүү үчүн,  ар бир адам өз жумушунда, өз айылында, өз мектебинде, жождо коррупция менен күрөшүүсү керек. Анткени, аны таптакыр сезбей калгыдай, коррупция анчалык жашырынган эмес. Эгер ар бир факт эл алдына чыгып , талкууланып турса – мына, коррупция менен күрөөшүнүн эң эффективдүү жолу.

Мен аялдарды прокуратуранын ишине көбүрөөк тартып жатам. Мурда, райондук жана областтык катардан эки гана аял жетекчи бар болчу.   Бүгүн алар 10 дон көп. Эркектерди таарынткым келбейт, бирок аялдар чынчылыраак. Бир да аял, балдары келечеги көрүнбөгөн ммалекетте жашашын каалабайт.

Өзү  тууралуу

-  Чын айтсаңыз, ушундай чоң жумуштан жана чыңалуудан  чарчадыңызбы?

-  Эгер жумушу өзүнө жакпай турса, бардык  жумуштан чарчашат. Бактыма жараша, мага жакпаган жумушум болгон жок.

- Сиздин уулуңуз студент жана кызыңыз-мектепте окуйт. Сиз катуу апасызбы?

- Көпчүлүгү, мени үйдөн да прокурор экен деп ойлошот. Бирок, менде үйдө өзүмдүн прокурорлорум бар. (Жылмаят). Анан, мен чыгыш аялымын. Жолдошумдун  мүнөзү жумшак экенине карабай,  үй-бүлөдө мен башчы эмесмин.

- Коомдо, сизди кайсы бир мамлекетке элчи кылып иштөөгө жиберет экен деген имиш тараптыр. Бул туурасында уктуңузбу?

- Албетте, уктум. Бирок, күн тартибинде мындай маселе жок, болгон да эмес. Мен иштөөмдү улантам. Алдыда дагы көп кылмыштын бетин ачуулар болот.

 Лейла Саралаева

  Абыл  Саралаевдин сүрөтү

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине