Алия Шагиева: «Жүрөгүмдү тыңшаганга аракет кылдым. Жыйынтыгында, чечкиндүүрөк боло түшкөнүмдү байкадым»

19:20, 14 Июля

Болгону 20 жаштагы Алия Шагиева өлкөдөгү белгилүү сүрөтчүлөрдүн бири. Анын “Агым” деген аталыштагы акыркы көргөзмөсү чоң кызыгууну жаратты. Графикалык жана живопистик сүрөттөрүн көрүүгө көп адам келди. Көргөзмөгө келгендердин басымдуу бөлүгүн жаштар түздү.

- Эмне үчүн көргөзмөңүздү “Агым” деп атадыңыз?

- Бул аталыш мага күтүлбөгөн жерден келди. Көрүүчүлөргө бул көргөзмө менен эмнени айткым келет? - деп ойлонуп отургам. Анын максаты эмнеде? Деги, максаты барбы? Ошондо көз алдыма агып жаткан суу тартылды. Шартка жараша анын агымы ар кандай болот. Бирде ташкындап акса, бирде жай гана агат. Бул агымдагы ар бир молекула – бул адам жашоосунан бир көрүнүш. Анткени бир күндүн ичинде адам ар түрдүү сезимдердин кучагында болгону жетишет. Алар такай алмашып турат. Айрымдарын биз байкап калабыз, эсибизде калат. Башкалары болсо байкалбай өтүп кетет, же көпкө чейин экинчи фондо жүрөт. Жана да көп сезимдерибиз тууралуу сөз кылгыбыз келбейт, аларды жаман сезимдер деп баалап, аларды эстебегенге, унутканга аракет кылабыз. Мына ошол сезимдердин бардыгы, жакшысы да, жаманы да менин графикаларымда баяндалат, агым – бул жашообузда ар түрдүү сезимдер болоорун, биз дайыма кыймылда болоорубузду эскертүү. Биздин жашообуз – агым. Ар бир сезим, мейли биз аны жаман деп баалайлы, бул агымдын ажырагыс, маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Ансыз бизде толук картина болбойт.

- Сиз тууралуу сөз кыла турган болсок, бул ташкындаган агымбы, же жай аккан агымбы?

- Ал дайыма ар башка. Кээ бир эмгектерим бар, жанына барсаң дендирөө кылат, адамды өзүнөн түртүп тургансыйт. А кээ бир эмгектерим, тескерисинче, адамдын жан дүйнөсүн магдыратып коёт, аларды чоочулабай, мисалы, адам уктоочу бөлмөгө илип койсоң болчудай. Мен бардык адамдардай эле, ар кайсы убакта ар башкамын. Дайыма жаңы бир нерсени сезүү – бул кадыресе нерсе да.

- Эгер адамдын жашоосун агым менен салыштыра турган болсок, азыр сиздин жашооңуздун агымы кандай – ташкындап турабы, же бир аз тынчып, жайлай баштадыбы, же жай аккан агымбы?

- Көргөзмөдөн жана ага байланыштуу сезимдердин чыңалышынан кийин азыр тынчып калды. Үлп эткен жели жок көлмөнү элестетет. Бул абал канчага чейин созуларын билбейм. Азыр бир аз тыныгуу кылуу керектигин түшүнуп турам. Мен эс алып жатам. Чынында эле, көргөзмөнү уюштурууга көп күчүм кетти. Кандай болот экен деп, жаман сар санаа болдум. Ошондо, эмне болсо ошол болсун деп, бардыгын Ааламдын эркине койдум. Кандай деп чечсе, ошондой болсун дедим. Бардыгы так ушундай болуп чечилгенине мен ага чоң ыраазымын. Эң сонун болду!

- Аалам, сиздин оюңузда, бул Кудайбы, же башкабы?

- Ар бир адам аны ар башкача атайт. Сөз – бул жөн эле сөз. Бир нерсени ар башкача атай берсек болот. Эгер адам кайсы бир сөзгө байланып калса, ал “сөздүн ар жагында” эмне бар экенин жакшы аңдай албай калат. Сен бул сөздү кандайча түшүнөрүң маанилүүрөөк. Мен Ааалам деп айтканымда бирдиктүү акыл-эсти түшүнөм. Кээ бирлери аны Кудай дешет. Мага болсо “Аалам” деген сөз жакыныраак.

- Сиздин чыгармачылыгыңызда Аалам кантип туюнтулган?

- Мен – Ааламдын бөлүгүмүн. Ушуга жараша, мен жасап жаткан нерсенин бардыгы Ааламды туюнтуп турат. Мен сезип, туйган нерселерди. Анткени ар бир адамдын өз тажрыйбасы, өз агымы болот.

- Сиз сезимтал адамсызбы, же оор басырыктуубу?

- Тең салмактуулукка умтулам. Чарт деп жарылып, күтүлбөгөн нерсени кылып коё турган мүнөзүм бар. Бирок анымды көзөмөлдөгөнгө, ага чоң кишидей мамиле кылганга аракет кылам. Ооба, мен азыр болгону 21 демин, бирок ошол эле кезде мен эне болгону жетиштим. Сөзсүз, бул чоң жоопкерчилик. Тең салмактуулукту кармаш керек. Негизи эле тең салмактуулук – бул жашоодогу эң маанилүү нерсе.

- Акыркы бир интервьюңузда чыгармачылык адамга өзүндө жаңы сапаттарды ачканга шарт түзөт деп айткан элеңиз. Сиз чыгарма жаратып жатканыңызда өзүңүздө кандай сапаттарды ача алдыңыз?

- Чечкиндүү болгонду. Анткени аппапакай баракты көргөнүмдө мени дайыма калтырак басат. Эч нерсе кыла албай калгандай, катып калгандай болом. Эмне тартсам деп ойлоно баштайм. Ошондо мени бул нерсе кызыктырды: адам жаңы бир нерсени жаратаардын алдында, акыл-эси ага эмне дейт болду экен? Адатынча, ал сындай баштайт. Бул мындай эмес, туура эмес дейт. Адам корунуп, жакшы болгонго аракет кыла баштайт, мындайда адамдын ак ниет чынчылдыгы, чыгармачыл эркиндиги бир жакка жоголот. Сүрөт тартуу аркылуу мен чечкиндүү болгонго үйрөндүм.

Мен жакында эле өзүм үчүн эркин сүрөт тартууну ачтым. Эркин сүрөт тартуу деп мен бир нерсени көрүп тартууну эмес, элестетип тартууну айтам. Мурда мен эч качан мындай кылып көрбөгөнүмөн, өзгөчө чоң форматтарда, аябай чочуладым. Бирок мен өзүмдү байкоого алдым, сезимдеримди, акыл-эсимдин айткандарын талдап жаттым. Жүрөгүмдү тыңшаганга аракет кылдым. Жыйынтыгында, чечкиндүүрөк боло түшкөнүмдү байкадым. Бул нерсе ал эмес адамдар менен мамиле курганымда байкала баштады. Мен эми бир нерсени көп тартынбай айта алам. Орой сөздөрдү колдонбой эле. Чынчылдык менен адеп-ахлактуулукту тең салмактаганды үйрөндүм. Чечкиндүүлүк – бул өзүнө көп нерсени камтыган сапат.

- Сиз дээриңизде философ окшойсуз?

- Бала кезимде ойго көп батчумун, китептерди окуганды жакшы көрөт элем, бир убакта экзистенциялык адабиятка катуу кызыккам. Бирок кийин теория, татаал аталыштар мага чочун нерселер экенин түшүндүм. Ал эми философия болсо – татаал түшүнүктөр менен иштеген илим да. Бул мага жат нерсе. Мен жөн гана жашаганды, байкоо жүргүзгөндү, ушул байкоолорума таянып, эч кимге таңуулабаган өз философиямды түзгөндү жакшы көрөм.

- Ошол эле интервьюңузда карандаш менен кагаз сизге депрессия менен күрөшкөнгө жардам берээрин айткан элеңиз. Сиз үчүн депрессия чоң маселеби?

- Жашоомдо ошондой бир учур болгон, андан чыгалбай көпкө кыйналгам. Анан да бул жаш өспүрүмдүк чак эле. Мен жөн гана сүрөт тартканга отуруп, бир нерсени жараткым келди. Кагазга ар түрдүү нерселер түшүп жатты...

Бул образдардын бардыгы 2016-жылдагы “Метаморфоза” деген көргөзмөдө көрсөтүлгөн. Алар, чынында эле, эң коркунучтуу сүрөттөр болчу. Сүрөттөрдүн көбү сатылып кеткенине мен өзүм катуу таңгалып турам. Андай болоорун күткөн эмесмин. Коркунучтуу сүрөттөргө караганда кооз пейзаждар, гүлдөр жакшыраак сатылаары түшүнүктүү эмеспи. Бирок бул сүрөттөрдө жан дүйнөм толугу менен ачылып көрсөтүлгөн болчу, балким ушул нерсе адамдарды өзүнө тарткандыр. Өзгөчө европалыктарды. Менин байкоомо караганда, Европада графиканы көбүрөөк баалашат. Графика алар үчүн түшүнүктүүрөөк. Ар бир образым коркунучтуу болчу, ар бир чыгармамдан муздак илеп согуп турат эле. Аны сезбей коюу мүмкүн эмес эле. Алардан адамдын жалгыздыгы, бул дүйнөгө чочундугу, обочолонуп тургандыгы сезилип турчу. Албетте, андан бери мен катуу өзгөрдүм. Андай образдарды эми менден таба албайсың. Аларга кайткым да келбейт.

- Эмне үчүн түстүү сүрөттөрдү тарта баштадыңыз?

- Мен живописти дайыма жактырат элем. Бирок “живопись” деген мухитке чүмкүгөндөн чочулап турат элем. Кандай болгон күндө да түс менен иштегенде мүмкүнчүлүктөр кененирээк болот. Эгер графика – линиялар менен иштөө мүмкүнчүлүгү болсо, живописте кайсы бир сезимди түс менен берип койсо болот. Бул жагынан алганда, живопистин чоң артыкчылыгы бар. Башында колуман келбейт болушу керек деп чочулап жаттым. Ушундай ой мээмде мыктай кадалып турат эле. Кийин колуман келет деп өзүмдү ишендире алдым. Ошол эле учурда мен бир аялды кезиктирдим, аны менен адамдагы ар түрдүү чочулоолор, коркуулар тууралуу сыр бөлүшүп, көп сүйлөшөт элек. Ал мага сүрөт тартканы холсттун алдына отурганда, менде кандай сезимдер пайда болооруна байкоо жүргүзүүнү сунуштады. Ошентип жарата баштадым. Бул эмгектерим – биринчи кадамдарым. Анда сүрөт тартуу техникам начар экендиги байкалып турат, алар жеткиликтүү иштелип чыккан эмес, графикада мен өзгөчө көңүл бурган деталдар бул сүрөттөрдө аз кезигет. Живописим өтө жөнөкөй болуп калды, бирок анда жан дүйнөм көрүнүп турат.

- Түс менен иштөөнүн жыйынтыктарына кандай баа бересиз?

- Учурда мен эмгегимдин жыйынтыктарына ыраазымын. Бул башталышы гана экенин түшүнүп турам. Мындан да жакшыраак кылсам болот эле деп өзүмө бир аз нааразымын. Колуман келе тургандан көбүрөөк нерсени өзүмөн талап кыла турган мүнөзүм бар.

- Башкача айтканда, сиз перфекционист турбайсыңарбы?

- Ооба. Бирок мен аны алыскы келечекке жылдырганы аракет кылам. Ошондуктан жашоомдун ар бир баскычында өзүмө ыраазы болгонго жетишип келем. Бул өтө маанилүү. Адам азыркы учурда жашашы керек. “Мына муну жасасам мен өзүмө ыраазы болом, кайсы бир нерсе ишке ашса мен бактылуу болом”, - деп ойлогон адам – учурда жашабай эле, келечекте жашаган адам.

Бир аалымдын “Өтүп кеткен убакыт менен келечек жок” деп айтканы мага өтө жагат. Өткөн убакыт менен же келечек менен жашаган адамдар иллюзияда жашашат. Ошондуктан мына азыркы учур менен жашаш керек. Мен аракет кылып жатам.

- Менин байкашыма караганда, Сиздин живописте күрөң түс көп колдонулат экен. Эмне үчүн?

- Мага жердин стихиясы жакын. Күрөң түс – бул жер менен байланышы бар нерседей сезилет. Анда жылуулук бар, ошол эле кезде ал көп байкалбайт, адам назарын өзүнө көп бурбайт, жер сыяктуу жумшак.

Көргөзмөдө чоподон жасаган чыгармаларым бар болчу. Татынакай нерселер. Ар бирине ысым бергиң келет. Чопо дагы жер менен байланышта эмеспи. Ал мага чоң ачылыш болду. Аны менен иштөө ушундай жеңил болоорун күткөн эмесмин. Ошол эле кезде ал мен үчүн эң баалуу нерсе болду. Жердин белегиндей. Колго алганда өзгөчө бир толкундануу жаралат. Аны менен иштегенден ырахат алдым.

- Чыгармачылык сиз үчүн рахатбы, же эмгекпи?

- Ал дагы, бу дагы. Сөзсүз, ал көп эмгекти талап кылат. Ошол эле кезде бул чоң рахат, мен ансыз жашай албайт болушум керек. Мен аны эч качан көнүп калган, күнүмдүк нерседей кабылдай албайм. Эмгектен да рахат алса болот. Бардыгы адамга жараша – же сен кыйналып эмгектенесиң, же кыйналбай иштеп, рахат аласың. Сөзсүз, буга бара-бара үйрөнөсүң, анткени аны сага эч ким түшүндүрүп бербейт.

- Ар бир жаратман чыгармачылыкка ар башка мамиле кылат. Бирөө ага бир нече саатын гана бөлсө, башка бирөө аны пландап алып жасайт, а башкасы илхамды күтөт. Сиздин чыгармачылык процессиңиз кандай болду экен?

- Мен дайыма абалыма карайм. Өзүмдү кыйнап, бир нерсе жаратпайм. Бирок эки күндөн ашык эч нерсе тартпасам жаман нааразы болом. Сүрөт тартуусуз, живописсиз эки күн мен үчүн өтө эле көптөй сезилет. Убакытымды пайдасыз коротуп жаткандай болом. Мен көп нерсени жасаганга жетишким келет. Чоң бир нерсеге жетишиш үчүн 70-80 жыл аздык кылат. Өзгөчө искусстводо. Менимче, бир дагы өнөр адамы өмүрүнүн аягында өзүнө толугу менен ыраазы болбойт болушу керек.

- Чыгармачылык менен алектениш үчүн башыңды “өчүрүп”, жүрөгүңдү “иштетиш керек” деп айткан элеңиз. Бул релени которгонго сизге эмне жардам берет?

- Музыка жардам бериши мүмкүн. Бул дагы, кайсы бир маанайды жарата алган искусствонун багыты болуп эсептелет. Анан дагы тынчтыкты тыңшоо жардам берет. Музыкадан да артык жардам берет. Жөн гана терезеге басып келип, тыңшай баштайм. Өзгөчө кайсы бир үндөрдүн ортосундагы тынымды. Мына ушул кайсы бир үндөрдүн ортосундагы үнсүз аралыктар, ушул тынымдар сүкүткө окшош бир абалга киргенге жардам берет. Анан да байкоолор жардам бериши мүмкүн.

- Ал эми илхам сизге жардам береби? Сиз үчүн илхам бул эмне?

- Илхам келгенде мен чыгармачылыкка таптакыр эле сүңгүп кирип кетем. Ал келгенде ойлоруңду “өчүрүү” тууралуу ойлонбой да каласың.

- Мындай сүңгүп кирип кетүүлөр көп болобу?

- Менимче, эки жумада бир жолу. Муну көп десе болот. Мен жылдап чыгармачылыкка сүңгүбөй, коммерциялык тапшырыктарды гана аткарып коюп жашаган айрым сүрөтчүлөрдү билем. Мен антип жашай албайм. Бул мага өлүмгө тете нерсе. Дегеле, мен илхамдын сүймөнчүгү окшойм.

- Илхам келгенде рахат аласызбы?

- Илхам дагы ар кандай болот. Кээде жакпаган сезим катары келет. Бир нерсени жарата алаарыңды териң менен сезип турасың ошондо. Бирок бул өтө жагымсыз, оор болушу мүмкүн. Бардыгы ар кандай болот.

- Илхам эмне экенин билсеңиз, анда чыгармачылыктын азабын да жакшы билесиз да. Андай нерселер сизде болобу?

- Ооба. Мисалы, живопистен чочулоомду жеңип жатканымда болду. Бул мен үчүн чоң азап болду. Бирок андан кийин мага илхам келди.

- Чыгармачылыгыңызга эмне жолтоо кылат, а эмне, тескерисинче, жардам берет?

- Мага сиз айткан маанидеги “жолтоо кылат” деген сөздөрүңүз көп жакпай турат. Мен бул жашоодо көргөн, байкаган бардык окуялар, аракеттер, нерселер чыгармачылыгыма өбөлгө гана болушат. Сен таасирленесиң. Бул азыр сенин жиниңди келтирген убаракерчилик болушу ыктымал. А бирок кийин сен аны сүрөт кылып тартышың мүмкүн. Башкача айтканда мага эч нерсе жолтоо боло албайт, тескерисинче, ал мени байытып гана турат.

Менин жемиштүүлүгүмдү азыр бир аз азайтып турган нерсе – бул колумдагы балам. Жаныңда кичинекей бала турганда чыгармачылыкка баш отуң менен кирүү кыйыныраак. Ал кыл калемге, палитрага кызыгып, кармалап көргүсү келет. Бир жолу ал кыл калемди колуна алып, аны боёкко малды эле... Кийин батирди толугу менен тазалап чыгууга туура келди. Көп күлдүк. Эне болуу көп убакытыңды алат. Бирок ал жолтоо болууда деп айта албайм. Мен баламды өтө жакшы көрөм. Бул дагы жашоомдун маанилүү бөлүгү.

- Эне болгонуңуз чыгармачылыңызга таасир бердиби?

- Чыгармаларым жаркыныраак боло баштады. Мен адам катары өзгөрө баштадым да. Мурдагыга салыштырмалуу өзүмчүлдүгүм, сынчылдыгым азайды. Тең салмактуулукту кармаганды үйрөндүм. Мурда кыжырымды келтирген нерселерге азыр мен сабырдуу мамиле кылам. Мен өсүп жатам. Бул менин инсан катары кызыксыз болуп жатканым эмес. Мен, тескерисинче, байып жатам. Бирок да, азыр мен мурдагыдай көп жарата албай калдым. Мурда түнү менен иштеп, күндүзү уктап, кечинде кайра жарата баштай алат элем. Эртеси кайра ушинтип дегендей. Эми баары өзгөрдү.

- Чыгармачылыктын ордуна устачылык келген учурлар көп болобу?

- Мен тапшырык менен эч качан иштеген эмесмин, ошондуктан менин эмгектерим устачылыкка киреби, кирбейби айта албайм. Портретти тартып бере аласызбы, жалбырактардын арасына бадыраңды тартып бересизби деп көп кайрылышат. Мен андайды жасабайм. Билбейм аны жасаганды. Ал мени кыйнап гана коёт. Акча табам деп убара болууну каалабайм.

- Сиздин графикалык эмгектериңизде деталдар өтө так берилген. Сиз чөптү, чачты, жаныбарлардын жүнүн, дарактардын жалбырактарын кылдаттык менен тартып чыгат экенсиз. Бул өтө оор да! Чыдамыңыз кантип жетүүдө?

- Кызыгы, кыл калемди бир шилтеп бир сүртүмдү жасаганга мүмкүнчүлүк берген живописке караганда бул нерселерди жасоо мага бир топ жеңилирээк болчу. Мына ушундай парадокс.

- Графикалык эмгектериңизде адамдар бир-бирин кучакка алгандары, кандайдыр бир жайлуулук, коопсуздук байкалып турат. Муну менен эмнени айткыңыз келди эле?

- Сиз өзүңүз бардыгын айтып койдуңуз. Балам төрөлгөндөн кийин мындай сезимдер дагы көбөйдү. Адамдын жан дүйнөсү өзгөргөндө, ал өзүнө окшош нерсени тарта баштайт.

- Сиздин чыгармачылыгыңызда урбанисттик пейзаждарды кезиктире албайсың.

- Мен азыр өзүм үчүн бул жанрды ачып жатам. Мурда мен обочолонгонго аракет кылат элем. Адамдардан коркчумун. Азыр мен ал нерселерден бошонуп, шаар менен көбүрөөк алака түзө баштадым.

Бишкекте бул нерсе жок, тигил нерсе жок деген адамдардын нааразычылыгын көп угасың. Бирок да шаар – сенин бөлүгүң болсо, ага кантип нааразы боло аласың. Өзүңдүн жоопкерчилигиңди унутпашың керек. Сага эч кандай тиешеси жоктой мамиле кылып. Башка жакка кетип. Мен Петербургда эки жылдай жашап, бул шаарга ашык болуп калган элем. Азыр болсо менин шаарга мамилем өзгөрүп, улам жаңы адамдарды, жаңы жерлерди өзүм үчүн ачып жаткандыктан мен Бишкекке Петербургдан да күчтүүрөөк ашык болуп баратканымды сезип жатам.

- Чыгармачылыгыңыз менен элди таңгалдырайын деген ой болбойбу?

- Жок, эч качан. Мен аябай өзгөрдүм. Эгер өспүрүм кезимде мага өзгөчөлөнгөн, башкаларга окшобогон бир нерсе керек болсо, азыр мен, тескерисинче, акыл калчап, ойлонуп иш кылганды жактырам. Мен эпатаждан алысмын. Эл ага көңүл бурсун деп өзүн кыйнап, башкаларга окшош болгусу келбеген сүрөтчүлөр бар. Алар үчүн чыгармачылык – “мен сүрөтчүмүн, а бул светтик коомдо болуш үчүн, көңүл ачыш үчүн атайы ойлоп чыгарып, өзүмдү агы сыйдырган кутучам” деген образдын бөлүгү гана болуп саналат. Мен буга эч түшүнбөйм.

- Сүрөтчүнүн ар бир чыгармасы жөнөкөй адамды бир нерсеге үндөп турушу керек деген пикир менен макулсузбу?

- Мен эч нерсеге үндөбөйм. Жөн гана өз сезимдеримди туюнтуп жатам. Эгер бирөө бул эмгектеримен өзүнө жакын бир нерсени таба алса, мунун өзү эле мен үчүн чоң кубаныч. Мен өз эмгектеринде социалдык маселелерди көтөрүп, аларды чечкенге аракет кылган сүрөтчү эмесмин. Же кайсы бир активист эмесмин. Мен андайдан алыстагам. Азыр жөн гана бир нерсе айта алаарыма, сезимдерим менен бөлүшө алаарыма, элдердин мамилелерин көрө алганыма рахаттанып жатам. Мына алар менин эмгектеримди көрүп жатышат, аларды бир нерсе толкунданттып ийди... Мындан башка мага эч нерсенин кереги жок.

- Сиздин көргөзмөгө негизинен жаштар келишти. Сиз эмгектериңиз менен айтайын деген нерсени жаштар түшүнөбү?

- Алар түшүнбөшү мүмкүн, бирок алар сезишет. Адам табияты ушундай да, чоң кишилерге караганда жаштар сезимдерге ачыгыраак болушат. Адам канчалык улуураак болсо, ал ошончолук катуурак өзүн тескеп, карманып турат.

- Жаштар сезимдерин көбүрөөк билдирип турушуна түртмөлөбөйсүзбү?

- Ооба, жаштар сезимдерин жашырбай, кайсы бир сезимдерди жаман деп баалабай, аларды көбүрөөк билдирип, аларды байкап турушу керек...

- Жыйынтыгында, алар эркинирээк болушу керек?

- Ооба. Эркинирээк.

- Өзүңүздү жаштар үчүн кумирмин, же үлгү ала турган адаммын деп эсептейсизби?

- Кээде байкайм. Бирок мындайда жаман уялам. Адамдарга жагаарымды сезем. Көбүнө. Мага ушундай сезилет. Көчөдө баратканымда, сүрөткө түшсөк болобу деп жаныма келишет. Мен өзүмдү жаман ыңгайсыз сезип кетем, анткени жеке мейкиндик деген нерсе бар. Аны эч ким бузбашын каалайм. Мен адамдарды жамандыгым келбейт. Аларды түшүнсө болот.

Менимче, дайыма түшүнгөнгө аракет кылуу – эң маанилүү нерсе. Сен такыр макул болбогон учурда да, башка бирөөнүн көз карашын түшүнгөнгө аракет кылсаң, мындайда араздашууга эч бир себеп болбой калат. Ал адамда өзүнүн “мен” дегени бар экенин билесиң. Ал дагы тирүү адам да. Бул нерсе жакындатат. Айыптай албай каласын.

- Жаштардын көргөзмөңүзгө кызыкканы – моданын илеби эмеспи?

- Билбейм... Менимче, адамдар ар кандай болот. Кээ бирлери чынында эле чыгармачылыгыңды жакшы көрөт. Башкалары башка себептен келишет. Айрымдары менин Инстаграммдагы баракчама “президенттин кызын” көргөнү кирет. Адамдар ар кандай болот.

- Жаштардын сленгин колдоно турган болсок, мемге айланып калам деп коркпойсузбу?

- Менимче, мем болуш үчүн адам күлкүлүү, өтө эле көрүнүктүү, бир аз эпатаждуу болушу керек. Менде андай нерселер байкалбайт.

- Бардык улуу сүрөтчүлөр башында башка чеберлерди туурашат эле. Живописте жана графикада сиз туу туткан адам ким?

- Мен башыман чыгарып тарта баштаганымда, эч кимди туурабайт элем. Балким, менин графикамдын өзгөчөлүгү, эч кимдикине окшош эместиги ушундандыр. Муну искусство талдоочулар да айтууда. Өзгөчө Кыргызстанда мындайды кезиктирүүгө мүмкүн эмес. Мен эч кимди туурабайт элем. Мен жөн гана өзүмдүн жан дүйнөмдү тыңшаганга аракет кылчумун. Чынчыл болгонго умтулчумун.

- Кайсы бир интервьюңузда сизге кызыгуу ата-энеңерге байланыштуу болбогону маанилүү экенин айткан элеңиз. Учурда сизге кызыгуу канчалык деңгээлде атаңызга байланыштуу болду экенин, айта алсызбы?

- Кээ бир адамдардын кызыгуусу сиз айткандай болот. Алар сүрөт тартаарымды да билиши мүмкүн. Ошол эле кезде атам ким экенин билбегендер да болду. Өзгөчө чет өлкөдө. Алар муну билгенде жаман катуу таңгалып жатышты. Мен президентти кызы болом деп чекеме жазып койбойм да. Атам ким экенин билбеген адамдарды кезиктирүү мага жагат. Мен саясаттан алысыраак болгонду жактырам.

- Сүрөтчү катары калыптандым деп ойлойсузбу?

- Мен өмүр бою ага умтулуп, ага эч качан жете албайт окшойм. Бул мүмкүн эмес. “Калыптанып калуу” деген эмне? Сенде бардыгы төп келгендегисиби, же урмат-сыйдын болушубу? Урмат-сый – бул жөн гана бир белги. Ван Гог тирүү кезинде аны бардыгы ортозаар сүрөтчү деп баалашаар эле. Бирок ушундан ал калыптанбаган сүрөтчү болуп калбайт да. Мен жөн гана өз жолум менен кете берем.

- Кандай дейсиз, бир нерсе жаратуу каалоосу сизде дайыма болобу, же бир күнү ал жоголушу мүмкүнбү?

- Менимче, мен турган турпатым менен сүрөтчүмүн. Балким, мен бир убакта сүрөт тартаармын, а башка убакта чоподон бир нерсе жасаармын, же фотографияга кызыгаттырмын. Чыгармачылыгымдын түрү өзгөрүшү мүмкүн, а бирок чыгармачылык дайыма болот. Менден ишкер же медик чыкпастыгын жакшы билем. Менин жалгыз гана бир каалоом бар – ал чыгармачылык.

- Башкача атйканда, сизде “же ишкерлик, же чыгармачылык” деген маселе жок экен да?

- Ооба. Аны кесе айта алам. Мен бир нерсе жаратуу үчүн эмгектенем. Менин эмгектерим жакшы сатылат деп айта албайм. Пейзаждар жакшы өтүп жатат. Бирок мен аларды чанда гана тартам. Башкача айтканда, мен муну менен байып кете албайм.

Алар такыр сатылбаган күнү да, мен чыгармачылыгымды таштай албайм. Жогоруда айтканымдай, эки күн бир нерсе тартып, жаратпай калсам эле бул жашоого канааттанбагандыгымды сезе баштайм. Кыймылдарым жайлап, кан басымым түшүп кетет. Жээкте жаткан балыкка окшоп калам.

- Жаңы көргөзмөлөр болобу?

- Сентябрда мен Австрияга көргөзмөгө катышканы жөнөп жатам. Көрүүчүлөрүм менен баарлашуунун географиясын акырындап кеңейтүүдөмүн. Эмгектеримди Европа кантип кабылдайт болду экен, мени ушу кызыктырып жатат. Ал жакка 5 графикалык эмгегимди алып барам, айрымдары акварель менен айкалыштырлган техникада тартылган.

- Жаш сүрөтчүлөргө кандай кеңеш берет элеңер?

- Чынчыл болгула. Сырткы кооздук үчүн эле бир нерсе жасабагыла. Сүрөт өнөрүнө жаңыдан кирип жаткан сүрөтчүлөрдүн көбү кооз бир нерсени, же жакшы сатыла турган нерсени жараткысы келет. Бирок бул туура эмес, чынчылдыкка жатпайт. Ак ниетиң менен жасаган нерсе, эртеби кечпи өз баасын алат.

Александр Кулинский

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине