Гүлнура ТӨРАЛИЕВА: «Бүгүнкү күндө журналисттер сөз эркиндигине жана демократизациянын иллюзиясына ишенип, үмүт артпай калган»

14:19, 29 Апреля

Азыркы учурда Кыргызстандын массалык маалымат каражаттары мыкты эмес күндөрдү башынан өткөрүп жатат. Саясий эркиндиктин фонунда редакциялар катуу экономикалык прессингге жана социалдык тармактар тарабынан көрсөтүлгөн басымга туш болууда. Мындай жыйынтыкты «Медиа таасирдүүлүктүн матрицасы» атуу изилдөө көрсөттү. Аталган изилдөөнү Гүлнүра Төралиеванын жетекчилиги алдындагы «Сорос Кыргызстан» фондунун колдоосунун жардамы менен эксперттердин тобу жүргүзгөн.

-«Медиа таасирдүүлүктүн матрицасы» изилдөөсүнүн негизги максаты эмнеде эле?

-Кыргызстандын ММК булактарынын акыркы бир, бир жарым жыл ичиндеги өнүгүүсүнүн тендециясын көрсөтүү. Биздин изилдөө- бул улуттук редакциялар менен журналистикага социалдык-экономикалык, саясий жана технологиялык аспекттердин таасирин тийгизүү аракетин көрсөтүү. Баардыгынан дагы бизди төрт аспект кызыктырды:

· Саясаттагы жана жөнгө салуудагы өзгөрүүлөр;

· Массалык маалымат каражаттарына таасир берген негизги жактар;

· ММК булактарына каржылоо моделдеринде эмне өзгөргөнү;

· Ата-мекендик журналстика жана өлкөнүн маалымат айдынына технологиялык процесстердин тийгизген таасири.

Изилдөөнүн маселелери абдан кеңири.  Ошондуктан биз негизги басымды жаңы оюнчуларга жана ошол оюнчулар келгенде жалпы маалыматтык саясат кантип өзгөрөөрүнө жасадык. Бул үчүчн биз Будапешттеги Борбор европалык университети тарабынан иштелип чыккан методологияны жана атайын матрицаны колдондук.

-Кыргызстандык ММКсы кайсы багытта өнүгүп жатканын түшүнө алдыңызбы?

-Бүгүнкү күндө журналисттер демократизация жана сөз эркиндигинин иллюзиясына ишенбей деле калган. Алар өлкөдөгү саясий кырдаал ММКга таасир берет деп ишенет. Бирок баардык суралгандар азыркы учурда эки жыл мурунку убакытка салыштырмалуу иштөө оңой деп белгилешти. Бул биринчи кезекте ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана ошол учурдагы президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбеков ММК жана укук коргоочуларга карата жазылган материалдык доо-арыздарды артка кайтарып алгандыгына байланыштуу. Өткөн жылдын ичинде журналисттерге байланышкан чоң жана резонанстуу ызы-чуулар болгон жок. Албетте, «Супер-инфо» газетасынын рейдерик басып алуу аракети тууралуу билдирүүдөн сырткары.

-Жакында Кыргызстан ММК сөз эркиндги боюнча рейтингде 15 позицияга жогорулагандыгы тууралуу маалымат пайда болду. Бул убактылуу эле көрүнүшпү же туруктуу тенденциябы?

-Биз ММК булактарындагы сөз эркиндиги жаатында абдан туруктуу эмеспиз. Саясий кырдаалдан такай көз карандылык калып келет. Ага реклама рыногу, тиги же бул технологиялар аркылуу маалымат алуу дагы да көз каранды.  Биз 15 сапка көтөрүлгөнүбүз өлкөдө жетекчиликтин алмашуусуна көбүрөөк байланыштуу. Кыргызстандагы сөз эркиндиги президенттердин алмашуусунда кандай өзгөргөндүгүнө көз чартырсак, жаңы жетекчилик алдындагы алгачкы эки жыл мындай айтканда, сөз эркиндиги үчүн «бал айы» болуп келген. Президенттик командалардын күчөшү менен кырдаал ар дайым начар жакка өзгөрүп келген. Биздин жарандык коом жаңы командаларга ар дайым карызга чоң ишеним берип келет. Ал, карай турган болсок, кезектеги президенттин башкаруусунун үчүнчү жылында түгөнөт. Өтө көп сындар айтыла баштайт. Биздин президенттер менен өкмөттөр бул сындарга эч качан даяр эмес. Демократиялык мамлекеттерде бийлик сындоолорго ар дайым даяр жана ага нормалдуу мамиле кылып, конструктивдүү көз караш менен карайт. Бизде болсо, чечим чыгарган жактар ар бир сынды өтө оорулуктуу кабыл алышат.

-Азыр бизде ММК булактарынын кандайдыр ир конкретүү инсандардан көз карандылыгы барбы?

-Бүгүнкү күндө ММК булактарынын күн тартиби саясатчылардын билдирүүлөрүнө же социалдык тармактар аркылуу айтылып жаткан коомдун оюна абдан байланышкан.  Бул жаатта кадыр-баркы бар адамдар ММКдын маалыматтык саясатына өтө катуу таасир бере алат. Сөз алар журналисттерди бир нерсе кылууга мажбурлап жатат дегенде эмес. Ой лидерлери пайда кылып жаткан агымдарга журналисттер өздөрү кошулуп  кетет. Бирок, ММКга түздөн-түз таасир бергендер да албетте, жок эмес. Бул учурдагы президенттин командасы, албетте, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин командасы жана албетте Өмүрбек Текебаевдин жана анын тарапташтарынын таасири. Сооронбай Жээнбековдун учурунда өлкөдөн чыгып кеткен президенттер тарабынан мамлекеттин маалымат айдынына таасир берүү тенденциясы пайда болду. Андан сырткары, жарандык коомдо өздөрү алектенген темалардан алган күн тартиптерин жылдырган өзүнчө топтор бар. Эл аралык жана чет элдик донорлор дагы таасир берет. Эмне үчүн бүгүнкү күндө санариптештирүү биринчи орунда турат? Анткени донордук каражаттардын басымдуу бөлүгү дал ушул багытта бөлүнүп жатат. Жана акыркы топ- бул жарнама берүүчүлөр.  Алар жалгыз гана жарнамага буйрутма бербестен, PR макалаларга дагы буйрутма тапшырат. Ошол эле тоо-кен иштетүү тармагы инвесторлорго сабырдуулук кылуу темасын жылдырууда. Мобилдик операторлор байланыш рыногундагы либерализация тууралуу айтууда. Ар бир тармак өз тартибин түзүүдө.

-ММК булактарынын көз карандысыздыгы көпчүлүк учурда алардын экономикалык камсыздуулугунан курулган. Кыргызстандагы редакциялардын көпчүлүгү ийгиликтүү бизнес-долбоорлор болуп эсептелеби?

- Изилдөөдө чагылдырылбаган менин эсептөөлөрүм боюнча, телеканалдын иши үчүн айына 3 миллион сом керектелет. Ал эми штаты 20 адамды түзгөн интернет-басылмасы үчүн айына 500 миң сом керектелет. Бул абдан чоң акча. Ал эми туруктуулук болсо жок. Ошондуктан, көз карандысыз деп атай алчу басылмалар абдан аз.  Мен алардын баардыгын изилдөөдө атап өттүм. Булар «Кактус медиа», «КЛООП», «24.kg» жана «Супер-инфо». Алар жарнама жана башка каражаттардын эсебинен өзүн өзүн каржылоого чыккан. Ал эми «Супер-инфо» өзү дагы каражат табат. Донордук коомчулуктан «КЛООПко» болгон чоң ишеними ага көз каранды болууга өбөлгө түзөт. Анткени ээлеринин бири дагы редакциялык саясатка аралашпайт.

-Башка редакциялар кантип өмүр сүрөт?

-Алар ээлеринин эсебинен каржыланат. Ошондуктан аларга болгон ишеним төмөндөөдө. Ал эми жарнама берүүчүлөр үчүн эл аларга ишеним артканы маанилүү. Бул социалдык тармактарда көрүүлөр, бөлүшүүлөр көп болушу керек дегенди түшүндүрөт. Жарнама берүүчү ММКга жөн эле келе бербейт. Ал каражатты каякка салып жаткандыгын билүү үчүн бүткүл аналитиканы талап кылат.

-Жарнамалык рыноктун өзү кандайдыр бир өзгөрүүлөрдү башынан өткөрүп жатабы?

-Мен сүйлөшкөндөрдүн баардыгы эле начарлоону белгилеп жатат. Рынок өтө кичине.  Анда жаңы оюнчулар пайда болгон жери жок.  Бирок өзүндө жарнама жайгаштырууну каалагандар көбөйдү.  Негизинен, ММКлар окшош эле жарнама берүүчүлөр үчүн күрөшүп жатат, ал эми бул көрүнүш алардын ишин оорлотууда. Андан сырткары, интернет-жарнаманын көлөмүнүн көбөйүшү редакциядардан онлайн иш алып барууга көп көңүл бөлүүнү талап кылууда.

-Ата-мекендик ММКлар жаңы санариптик технологиялардан канчалык деңгээлде көз каранды?

-Аудиториянын таабити жана талаптары абдан өзгөрүүдө.  Андан сырткары, жарнама Интернетке интенсивдүү «агууда». Жада калса Facebook жана Instagram тармактарынын алгоритминде болгон кичине өзгөрүүлөр дагы ММК кандай иштеп жаткандыгына таасирин тийгизүүдө. Эгерде мурун Facebook колдонуучусунун лентасында жаңылык лайктардын эсебинен пайда болсо, бүгүн ал бөлүшүүлөрдүн эсебинен жогорулоодо.  Ошондуктан азыр журналисттер жаңылыктар менен өздөрү бөлүшүп, досторун бөлүшүүнү сурануу менен алектенүүдө.  Азыр журналисттер Facebook баракчасында катталуучулары көп адамдардан маек ала баштаганын байкадым. Республиканын кээ бир редакцияларында, мисалы, айлык төлөөнүн системасы өзгөрдү- алар мурдагыдай ар бир сөз үчүн төлөбөстөн, жаңылыктар сайтта же Facebookта канча көрүү алганына жараша гана төлөп калган. Ошондой эле маалыматты тартуулоонун дагы форматтары өзгөрүүдө. Интернеттин мультимедиялык мүмкүнчүлүктөрү көп колдонулууда.

-Жаңы технологиялардын пайда болушу салттуу ММКларынын өлүмүнө алып келет деп айта алабызбы?

-Биз гезиттерге болгон кызыгуунун төмөндөшүнүн тенденциясын белгилеп жатабыз. Жана, айта кетсек, аларга болгон ишнеим да түшүүдө. Печаттык басылмалар кымбат бизнес бойдон калууда.  Бүгүнкү күндө гезиттер басылып, кээ бир учурларда үгүттөө баракчалары катары бекер да таратылып жатат.  Алар бизнес катарында иштебей калды.  Биздин изилдөөбүзгө таянсак, көпчүлүк эл редакциялардын ар кайсы социалдык тармактардагы баракчаларына катталып, маалыматты ошол жерден алып жаткандыгын көрсөк болот.

-Салттуу ММКлардын жаңы технологиялардын таасири алдында маалыматтык курамы өзгөрүүдөбү?

-Мен интернет жаңылыктардын маазмунуна чоң таасир берип жатат деп эсептейм.  Бул маалыматты тартуулоодогу форматтардын өзгөрүүсүнөн көрүнүүдө. Бүгүнкү күндө баардык басылмалар адамга кандай тартуулоо ыңгайлуу экендигине карап калган. Алар адамдарга отуз секунддук видеосу бар жаңылыктар кызыктуураак экендигин байкоодо.  Демек, колдонуучунун көңүлүн 30 секунддан узак убакытка кармап туруу татаал экен.  Негизинен, ММКлар визуалдаштырууга жана дата анализге көп көңүл бура баштады. Бул багыт журналисттерден жаңы билимдерди талап кылат.

Жана азырынча мен кыргыз тилдүү жаңылыктардын көлөмүн көбөйтүүгө аракет кылган бир дагы редакцияны көргөн жокмун. Аудиториянын 65% мамлекеттик тилдеги маалыматты колдонот.  Албетте, редакторлор менен ММК ээлери бул тенденцияны эске алышат.  Айтылуу хайптуу темаларга чоң кызыгуу болууда.  Журналисттер ушул хайптардын артынан кууп жүрүшөт.  Эгерде мурун алар күн тартибин өздөрү кое алышса, бүгүн болсо алар социалдык тармактардын колдонуучуларынын артынан ээрчип калды.

-Бул жакшыбы же жаманбы?

-Бул нормалдуу жалпы дүйнөлүк тенденция деп ойлойм. Бул технологияларга, каржы, колдонуу адаттарынын өзгөрүшүнө байланыштуу деп эсептейм. Бирок ага карабастан журналисттер акырына чейин кесиптик стандарттарга байланышкан болушу керек.  Жана коомду дал ушул учурда толкундатып жаткан темалардан альтернативдүү, ишенимдүү маалыматтарды жарата алышат. Ал эми бул ролду эч ким тыйган эмес.

-Бул тенденция мамлекеттик дагы, жеке ММКларга дагы мүнөздүүбү?

-Мамлекеттик редакциялар каражат топтоого талпынбайт.  Демек, аудиториянын суроо-талабына аз карайт. Бул ММКлар бюджеттен каржылангандыктан, алар эмне болгон күндө жа өз айлыгын алаарын билет.  Ошондуктан аларда жаңы тенденцияларга берилүүгө стимул жана мотивация жок.  Бизде 10 жыл мурун кандай иштесе, азыр деле ошондой иштеп келе жаткан мамлекеттик гезиттер бар.  Алар эч нерсени өзгөртпөйт. Же эски шаблондор менен иштөөгө көнүп калган облусттук телеканалдар.  Алар аудиторияны чоңойтууга анча деле кызыктар эмес.  Мамлекеттик ММКдын кызматкерлеринин демотивациясы алардын редакцияларын өнүктүрүүгө каражат жоктугуна да байланыштуу. Бир четинен, бийлик тарабынан дагы эч кандай стимулдун жоктугу.

-Сиздин изилдөө дагы кандай тенденцияларды таап чыкты?

-Санариптик көрсөтүүнүн пайда болушу менен рынокто абдан көп оюнчулар пайда болду.  Элде маалымат булагын тандоодо көп мүмкүнчүлүктөр пайда болду.  Тилекке каршы, чындыкка дал келбеген маалымат көбөйдү.  Буга чейин мынча көп фейк болуп көргөн эмес. Бул Интернеттин өнүгүшүнө байланыштуу. Калк интернетте мынчалык көп маалымат алуу мүмкүнчүлүгү пайда болооруна даяр эмес болчу. Ал эми медиа сабаттуулуктун деңгээли төмөн бойдон калат.  Бул көйгөйдү мамлекеттик деңгээлде чечүүнү эч ким ойлобойт, мисалы, Скандинавияга салыштырмалуу. Ал жерде балдарды биринчи класстан тарта маалыматка өтө критикалык мамиле кылууга үйрөтүшөт.  Ал эми бизде болсо ой ээлери өздөрү фейк маалымат менен  бөлүшүп, аны текшербей, жада калса аны маалыматтык согуштарда колдонот.  Дагы бир маанилүү тенденция- ММКсы жок болуп туруп эле социалдык тармактар аркылуу элге таасир бере алган диний лидерлердин популярдуулугунун өсүшү. Бул жерде дагы, баардык жерлердегидей эле, мүмкүнчүлүктөр жана тобокелчилиткр бар- каалаган маалымтты же туура жеткирип, же туура эмес жайылтууга мүмкүн.

Александар КУЛИНСКИЙ

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине