Жанторо Сатыбалдиев: «Кыргызстан - абдан бай өлкө!»

20:15, 8 Декабря 2014

Кыргызстандын экс-премьер министри Жанторо Сатыбалдиев, премьерлик кызматынан бошогондон бери тарыхий жана философиялык китептерден көп окуп, убактысынын калган бөлүгүн үй-бүлөсү, неберелери менен өткөрүүдө. Аткарган ишин анализдеп, кетирген кемчиликтерин, ийгиликтерин түшүнүүгө ла убакыты болду. Мурдагы премьер кандай натыйжага келгенин биздин гезитке берген эксклюзивдик интервьюда айтып берди.

Бош убакыт тууралуу

- Жанторо Жолдошевич, сиз  премьер-министрлик кызматтан кеткениңизге 8 айдын жүзү болду. Ушул убакыт аралыгында эмне менен алектендиңиз?

- Биздин өкмөт курамы тарап кетээри менен Кытайга эс алганы кеттим. Ал жакта бир айга чукул болуп, өзүм үчүн таптакыр башкача Кытайды ачтым. Башкача айтканда жеке саякат менен барып, расмий сапарлар маалына караганда көбүрөөк нерселерди көрө алдым. Мен Кытай кандай тездик менен өнүгүп жатканына, анын кыйынчылыктарына ортоктош болуп, карапайым кытайлардын менталитети менен тааныштым.  Шао-Линь монастырына барып, ал жерде жубайым экөөбүз эки күн жашадык. Катардагы кытай ишкерлеринин үйүнө баш багып, жылына көлөмү 10 млн АКШ долларын түзгөн эт азыктарын иштетүүчү жеке менчик заводу бар экенине карабастан, абдан жөнөкөй тураарын көрүп таң калдым. Байлыгына чиренбейт экен.

- Жан дүйнөңүздүн жайдары болушуна Кытай таасир этти десек болобу?

- Албетте, жок, 4 жылдык талбай эмгектенүүдөн кийин мен биринчи жолу телефон чалуулардан, күнүмдүк камкордуктан жана машакаттуу жумуштан эс алдым. Ал  эми жакында Түркияда болуп, ал жакта да бир ай бою Жер Ортолук Деңиздин жээгин түрө кыдырдым. Музейлерине, эстеликтерине жана тарыхий мурастарына абдан таасирлендим. Түрктөрдүн Рим жана Византия империяларынын мурастарын көздүн карегиндей сактап  калышы кубандырды. Эки миң жыл мурда эле бул байыркы шаарларда канализация, суу өткөргүчтөр, мончолор, ооруканалар болгон экен. Ал кездеги шаарларда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу абдан өнүккөн экен. Мен ошол мезгилдеги архитектураларды жана алардын цивилизациясынын өнүккөнүн абдан таң калдым жана бул дүйнөдө өзүмдү кумурскадай эле сездим (Жылмайып). Мен ойлойм жалпы адамзаты бул архитектуралык эстеликтерди сактап калышы керек. Бирок, эмнеге эртели кеч улуу империялар урап калат? Бул мага суроо бойдон калды.

- Ал эми, сиз, өзүңүз кызматтан кеткенден берки 8 ай ичиндеги биздин өлкөнүн өнүгүшүн кандай баалайсыз?

- Менин өкмөт курамыман мен жана Токон Мамытов экөөбүз гана кеттик, ошондуктан мага баа бериш кыйын. Калгандары ошол эле курамда калышты. Бирок сандар көп нерсени айтып турат. ИДПсы жана өндүрүш төмөндөдү. Инфляция жогору, сом девальвация болууда. Өкмөт энергетикадагы тариф саясатын өз учурунда чече албай койду. Кышкыга даярдыкты ызы-чуусу жок эле чечип койсо болот болчу. Ооба, кыргыз энергетикасында кыйын учурлар болгон, бирок кырдаалдан чыгышчу бары бир. Балким, менин. Азыр Оторбаевдин өкмөтү уюуштуучулук жагынан аксап калгандыр. Баалардын жогорулашы эле түшүндүрүлүп берилбей калды. Анын үстүнө апрел революциясынан кийин Убактылуу Өкмөт популисттик чечими менен  мурда эки эсе көбөйтүлгөн, Үсөновдун өкмөтү бекиткен тарифтерди алып салды. Алар инфляуияны эске алышкан жок. Ал эми 4 жылда кандай инфляция болгонун өзүңөр карап көргүлө! Баа болсо ошол бойдон 70 тыйын болуп кала берди. Азыр болсо электр кубаттуулугунун баасы эмес, калктын аны үзгүлтүксүз алып турушу маанилүү болуп калды. Мына биз ушул учурду колдон чыгарып жибердик.

Өкмөт иши тууралуу

- Менде Оторбаевдин өкмөтү сиз берген багыт менен эле кетип бараткандай сезим пайда болду.  Эгерде сиз кызматыңызда кала берсеңиз деле электр кубаттуулугуна болгон баалардын көтөрүлүшү азыркыдай эле болмок дегендей.

- Электр кубаттуулугунун баасын көтөрүү жөнүндө мен премьер-министрлик кызматка бара жатканда эле өзүмдүн программам менен тааныштырып жатып айткам. Бааларды мурда эле кайра карап чыгыш керек болчу. Жер салыгы сыяктуу. О необходимости повышения тарифов на электроэнергию я говорил в своей программной речи, когда я шел на пост премьер-министра. Тарифы давно нуждаются в пересмотре. Мен мурда айтып жүргөн жер салыгы сыяктуу. Мына 20 жылдан бери жер салыгынын ставкалары алмашылбайт. Мисалы Кочкордо 1 гектар жер үчүн жылына 100 сом төлөйт. Бул жергиликтүү бюджетти толуктоо эмеспи. Мындай алып караганда 1994-жылы жерлер  агрардык реформалардан кийин автоматтык түрдө өткөрүп алган жер ээлери жердин баркын анча билишпейт. Мен ойлойм ошол реформа сабатыз өткөн, анткени аймактык, айыл өкмөтү же айылдын алкагында гана жүогүзүлгөн. Айылда канча жер бар болсо, ошонун болгон кишилердин санына карата бөлүнүп берилген. Калк өтө жыш жайгашкан жердегилер аз үлүшкө ээ болгон, ал эми аз киши жайгашкан аймактардагы кишилер автоматтык түрдө «феодал» болуп калышкан. Жердин баркын биз бүгүнкү күнү аган билип отурабыз. Мамлекет менен калктын ортосундагы мамилелерди жер салыгын көтөрүү аркылуу жөнгө салууга мезгил жетти. Чоң жер үлүшү барлар көбүрөөк төлөшү керек.

- Өзүңүздүн ишиңизди талдап чыгууга убакытыңыз болду, сиздин премьерлик кызматыңыз маалында кандай алгылыктуу иштер аткарылды деп ойлойсуз?

- Эми, мен алгылыктуу деп айтпайт элем, бирок биз өндүрүштүн төмөндөшүн токтото алдык. Мен экономикада өндүрүш 6 пайызга түшүп кеткенде өкмөттү өзүмө өткөрүп алдым эле. Биз 2012-жылы 4 айда токтоттук. Ал эми 2013-жылы биз келечектеги экономиканын өнүгүү негиздерин түптөдүк. ИДП 10,5 %га өстү. Инфляция 3%ды түздү. Бюджеттегидердин бардыгынын айлыктарын көбөйттүк. Биз тоо-кен тармагында, электр кубаттуулугун бөлүштүрүүдө жана кубаттуулукту түзүүдө тутумдуу иштей баштадык. Биздин өкмөт Ганси авиабазасын чыгаруу боюнча токтомду кабыл алды. Бары сүйлөп, митинг уюштурушуп, а биз болсо, негиздеп берип, чыгаруу жөнүндө чечимди кабыл алдык. Парламент ал токтомду кабыл алды. Көпчүлүк айтып жүрөт, америкалык базанын кетиши менен бизде көйгөйлөр башталат деп. Мен болбойт деген үмүттөмүн. Анын үстүнө Мамдепартамент авиабазанын чыгарылышы АКШ менен Кыргызстандын мамилесин бузбашы керек деген билдирүү таратты.  Бирок, чоң саясий жашыруун жүрүштөр орун алды. Бакиев Ганси базасын чыгарам деп биздин стратегиялык өнөктөштөн акча алганы эсиңерде болсо керек? Орусиядан мындай,  300 млн доллар жеңилдетилген кредит түрүндө жана 150 млн доллар грант түрүндө накталай жардам 1991-жылдан бери боло элек болчу.

- Эсеби абдан чоң экен, бирок биз аны көргөн жокпуз

- кеп ошондо да. Орусия президенти Владимир Путиндин 2012-жылдын сениябрындагы мамлекеттик иш сапарынан кийин Орусия менен алакалар геометрикалык өсүш менен кетүүдө. Өзгөчө энергетикада, тоо-кен табуу тармагында жана каржы-банктык сектордо. Мен ойлойм, биздин өкмөт Бажы Биримдигине кирүү боюнча чечкиндүү кадамдарды таштады. Бир жагынан бир гана мамлекетке ыктап жатасыңар, деп көпчүлүк бизди сындап жатат. Бирок, биз 2 кылым бою Орусия менен бир мамлекеттин курамында бир элдей  болуп жашап келсек эмнеге артыкчылыктарды алмаштырышыбыз керек? Ооба, Бажы Биримдигине кирүүдө кыйынчылыктар болоору турган иш. Бизди баалардын жогорулагы күтүүдө. Биз, атаандаштарга туруштук бере ала тургандай кылып өүбүздүн өндүрүшүбүздү өнүктүрүүбүз керек.Бирок, ошол эле учурда либералдык экономикага эч ким дотация бербей тургандыгын эстен чыгарбашыбыз керек. Эгерде биздин өндүрүм сапатсыз, талап кылынбаган болсо, өндүрүш кирешелүү болбойт. Ошондуктан Бажы Биримдигине кирип жатып, биз жогорку сапаттагы жана атаандаштыкка туруктуулук кыла ала тургандай өндүрүмдү чыгарууга тийишпиз.

- Мен ойлойм, силердин өкмөт гана өлкөдөгү туруктуулукту камсыз кыла алды окшойт.

- Силер билсеңер керек, мен бул кызматка келээрим менен митингдер башталып, Ташиев жана анын пикирлештери Акүйдү басып алуу аракетин кылышкан?  Ысык-Көлдүн түштүгүндө Кумтөргө байланыштуу митингдер, Жалал-Абадда жол тосуулар, административдик имараттарды басып алуулар.  Бирок биз туруп кеттик да. Эч кимге эч нерсе убадалаган жокбуз, эч кимге жетеленген жокбуз, мыйзамдарга гана таянып иш кылдык. Ал эми 2013 жана 2014-жылы тынчыраак болуп калды. Чынында инвесторлорду кен чыгуучу жерлерге киргизбей койгон учурлар болду. Бирок ал бирөөлөрдүн оюну болчу... Мен ойлом, биз чынында абалды турукташтырып, экономиканын андан ары өнүгүшүнө шар түздүк. Биз, айыл-чарбаны колдоого жеңилдетилген  кредиттерди бөлүп берүү маселесин чечтик. Биринчи жылы 3 млрд. сом, 2014-жылы 5 млрд. бөлүндү. Бирок менин эсебим боюнча мамлекеттик колдоонун көлөмүн 15 млрд чейин көтөрүш керек, калган каражаттарды коммерциядык банктар берет. Айыл-чарба өндүрүмүн кайра иштетүүгө жана сактоого жумшаш керек.  Биз минералдык жер семирткичтер менен камсыз кылууну мамлекеттик деңгээлде чечтик. Эң башкысы, Кумтөрдүн саясий маселесин чечтик. Кумтордун акциялары эл арадык соттордо камакка алынбашы үчүн, Бишкекте  эки тараптуу ишкана катталып, Кыргызстандын мыйзамдары менен иштеши керек болчу. Ошондо дыл сайын бюджетке кошумча 100 млн. Долларга жакын алып турмакбыз.

- Сиздин оюңузча эмнени жасоо мүмкүн болду?

- Биз пландар бар болсо да, элдик билим берүүнү реформа кыла албай калдык. Муну көп жолу талкуулаганбыз, керек болсо реформалоо боюнча комиссия да түзгөнбүз. Бүгүн деле бул маселеде жылыш жок.

- Эмнеге?

- Анткени өкмөт чечкинсиз. Барына жагуу аракети көрүнүп турат, биринчи кезекте ректорлорго. Бүгүнкү күндө элдик билим берүүдө ректор чечүүчү фигура. Алар контрактчылардын эсебинен байыган акчалуу адамдар. Бизде 50дөн ашуун ЖОЖ бар, алардын ичинен 20дан ашыгы мамлекеттик. Ири профилдүү ЖОЖду түзүү зарыл, анткени бардык ЖОЖдо кесип кайталанып жатат, бирок, сапаты жагынан аксоодо, анткени илимий-техникалык база жок. Бирок, ректорлорго контракчылардан көбүоөөк акчак алуу үчүн кесиптин түрлөрү канчалык көп болсо, ошочолук пайдалуу. Жыйынтыгында бардык билим берүү тутуму жабыркап жатат. Билимдүү эле гана чыныгы демократияны орнотуп, экономиканы көтөрө алат деген ойго келдим. Мен бекеринен Рим империясы менен салыштырып жаткан жокмун. Европа университеттеринин миңдеген жылдык тарыхы бар. Орус университеттерине 250-300 жыл болду. Ал эми биздин университетке 60 жыл. Кыргызстандын акыркы 20 жылдагы билим берүү тутуму терең түшүнүүнү жана курч реформаларды талап кылууда.

- Премьер кезиңизде кандай каталарды кетирдиңиз эле?

- Катасы ошол, парламенттик өлкөдө партиясыз адамды премьер-министрликке шайлашты. Мага коалициялык көпчүлүк ичинде консенсунс табуу абдан кыйын болду. Анын үстүнө бир да партиянын колдоосу жок ого бетер кыйын. Мен СДПКдан көрсөтүлгөнүм менен ал партиянын мүчөсү эмес элем. Коалиция курмаындагы фракциялар менен тил табышууга өтө көп убакытым кетти.

- Четте туруп, азыркы премьер-министр Жоомарт Оторбаевге кандай кеңештерди берээр элеңиз?

- Барына жагам деп убара болбош керек. Чечкиндүүрөөк болуу зарыл. Өзүңө жоопкерчиликти алуудан коркпош керек. Премьер-министр акыркы чечимди кабыл алууга тийиш. Билесизби мен эмнеге капамын? Биздин саясий чечимден кийин 8 ай бою эч бир аракет көрүлгөн жок. Абал ордунда турат.

- Себеби эмнеде?

- Себебин мен жакындап келе жаткан 2015-жылдагы шайлоодон көрүп турам. Тилекке каршы Кумтор экономикалык маселеден эчак эле саясий маселене айланып кеткен.  

Келечек тууралуу

- 1-декабрь Алмазбек Атамбаевдин президенттигине үч жыл толот. Ушул мезгилде өлкө канчалык өзгөрдү деп ойлойсуз?

- Алмаз Шаршенович Атамбаевдин жетишкендиги өлкөдө жана коомдо абалды турукташтыра алды. Көпчүлүк чет элдик аналитиктер Кыргызстандын жок болушун да айтып жиберишти эле. Бирок, ал абалды турукташтырды. Жалпысынан бул бардыгынын ийгилиги, анын ичинде Президнет Атамбаевден тартып, жөнөкөй жарандарга чейин. Карагылачы, Украинда эмне болуп жатат, бир жылдан ашуун убакыт бою абал күндөн күнгө татаалдашып барат. Андай коркунуч Кыргызстандын алдында да турган. Бирок, мен ойлойм бийлик элге туура мамиле кыла баштагандыктан кырдаал көзөмөлдөн чыккан жок. Экинчи жетишкендиги кошуналар жана эл аралык уюмдар менен тышкы саясатты туура кургандыгында.

- Сиздин оюңузча Кыргызстандын эң чоң маслеси кайсы?

- Туруктуулуктуу сактоо жана демократиянын мындан аркы өнүгүүсү. Бир катар: соттук, укук коргоо жана административдик-аймактык реформаларды жүргүзүү. Биздин эң чоң проблема 2015-жылы парламенттик шайлоону өткөрүү. Биз аны утулгандар жана эң негизгиси эл ишенгидей кылып колдон келишинче таза өткөрүшүбүз керек. Анткени, биз Конституцияны өзгөртүүгө барбайбыз деп чечкенбиз. Бирок ошентсе да 2010-жылкы Конституцияны алмаштыруу зарыл, өзгөчө жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын өнүгүүсү тууралуу бөлүмдөрүн. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын мааниси бүдөмүк. Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү туурасында айта турган болсок, премьер-министр катарында 20 ай иштегенимде, мен өнүгүү үчүн Кыргызстандын чоң дарамети бар экенине ынандым. Өзгөчө экономикада...

- Тагыраак айтканда кайсы тармакта?

- Ошол эле энергетика. Тоо-кен тармагы, айыл-чарба, кайра иштетүү жана сактоо, инфраструктура курулушу абдан келечектүү. Бизде табыла элек кен чыгуучу жерлер көп. Алты миллионго жакын эл үчүн  196 миң кв. км жер-бул чоң байлык. Мисалы Түштүк Кореяны эле алып карагылачы, Кыргыстандан көп эсе аз территорясында биздин элден 10 эсе көп калк жашап жатат. Же Сингапурду шаар-мамлекет. Кичинекей эле жерде 4 миллион эл жашап, жакшы өнүгүп жатышат.

- Биз кыргызстандыктар абдан бай кишилербиз деп айткыңыз келип турабы?

- Бай, абдан бай. Бирок биз ошол байлыкка сарамжалдык менен мамиле кылып, акыл менен пайдаланышыбыз керек. Биз кыргыз жерибиздин баркын түшүнө элекпиз. Билесиңер го Марк Твен: «Жерлерди сатып алыш керек! Кудай башка жер чыгарбайт!», -деп айткан.

- Кыргыздар канткенде улуттун жана өлкөнүн биримдигин сактап кала алат?

- Бул чыгармачыл жол менен чечүүчү чоң маселе. Бизде бийликке сунуш берип туруучу илимий институттар жок. Кээде биз жаран катары парламентти сапатсыз мыйзамдар үчүн сындайбыз. Бирок, жөнөкөй депутат жакшы мыйзам жаза албайт да. Аны Орусия, Кытай, Казакстан жана башка өлкөлөрдөгүдөй кылып мыйзамдарды илимий-стратегиялык институттарда иштеген адистер жазышы керек. Мыйзамдын идеясын депутат бериши мүмкүн, бирок мыйзам чыгаруучулук менен профессионал юристтер жана адистер алектенүүгө тийиш. Эмне үчүн мен 2010-жылкы Конституцияга сын көз караштамын? Ал апрель рвеолюциясынан кийинкий эйфория учурунда саясатчылар тарабынан жазылып, өлкө башынан кечирип жаткан трагедия маалында референдумга чыгарылды. Суперпрезиденттик  башкаруу тутумунан жабыркаган жаныбыз парламентаризмди өнүктүрөлү дедик. Мына, жаңы Конституция менен жашаганыбызга 5 жылга жакындады, тилекке каршы ал саясий туруктуулукка алып келген жок. Менин оюмча, парламент пропорционалдык-мажоритардык тутумдун негизинде түзүлүшү керек. Кээ бир региондорубуз керектүү өкүлдөрү жок калды. Мисалы 70 миң калкы бар бир эле Алайдан парламентте 10 депутат отурат. Ал эми чоң Кара-Суу  5 эсе чоң болуп туруп 5 гана депутаты бар.

- Эми алайлыктар сизге таарынат го?

- Таарынса таарына беришсин, бул чындык. Бүгүнкү интеллигенциянын проблемасы эмнеде? Биз шайлоочуларыбызга жагалы дейбиз. Ал эми киши чындыкты айтып, чечимидерди кабыл алуу менен өзүнө жоопкерчиликти алса ал кишинин коомго кереги жок. Мына, электр кубаттуулугу, жер салыгы үчүн бааларды жогорулатууну, бийликти сунуш кылдым. Ким мени колдоду? Эч ким. Ошол эле учурда бийликти бөлүштүрүүсүз өнүгүү болушу мүмкүн эмес экенин бары эле түшүнүп турушат. Кандай гана премьер отурбасын, кандай гана мыкты өкмөт иштебесин,  алар ар бир райондун, ар бир мектептин проблемасын чечүүгө жетишпейт. Ошондуктан күчтүү жергиликтүү бийлик түзүлүп, ал бардык ыйгарымдуу уккутарга ээ болуш керек. Эгер биз муну аткарбасак, алсыз жергиликтүү бийлик органдары менен кээ бир саясатчылар курулай кыйкырык жана шайлоочуларды сатып алуу жолу менен жеке кызыкчылыгындагы маселелерин чечиш үчүн парламентке депутат боло берет.  Ошондуктан бийлик элге жакын болуп, анын проблемаларын чечиш керек.

- Сиз дагы канча убакыт партиясыз кала бересиз? Ким менен шайлоого бараарыңызды тактап алууга мезгил жеткендей.

- Чынында бардык саясий чыр-чатактардан кийин мен саясаттан таптакыр кетип калгым келген. Мен айыл жергесиндеги карапайым мугалимдин баласы, ушунча бийик дееңгээлге жетиштим! Мен спортчу сыяктуу эле «конькилерди мыкка илип койсо болот» деп ойлочумун. Бирок, акыркы айларда парламентке киргиси келген көптөгөн кишилер менен чоң саясий кеңешүүлөр жүрүп жатат. ДЕПУТАТ БОЛГУСУ келгендерди карап туруп, мен четте карап тура албасымды түшүндүм. Алтынчы чакырыкка Кыргызстандын тарыхий миссияларынын бири жүктөлөт. Ошондуктан мен жоопкерчиликти алууга даярмын. Бирок, мен партиясыз адам катары өткөндү каалар элем. Ошондуктан бизде пропорционалдык-мажоритардык тутум жок экендигине өкүнүп кетем.

- Тагыраак айтканда бир дагы партия сизлин көңүлүзгө?

- Келечекте иш алып барып жаткан бир партияга кирүүнү ойлоп жүрөм.

Үй-бүлө жөнүндө

- Сиздин үйүңүз абдан жагымдуу экен. Жубайыңыз сизге жан дили менен ыңгайлуу шарттарды түзүп берет экен да?

- Менин жубайым Канышай, Сатыбалдиевдердин чоң үй-бүлөсүнүн бакубаттуулугун камсыз кылат. Мен эч качан үй, үй-бүлө, тууган-уруктун маселелери менен алектенген эмесмин. Бизде кыргыздарда баланын төрөлүшү, үйлөнүү той, юбилей сыяктуу той өткөрүүгө шылтоолор көп. Анын бардыгы камкордук, көңүл, айтор өзүнчө бир чоң иш эмеспи. Менин болсо үй-бүлөм чоң. Менин 8 бир тууганым бар, жубайымдыкы 10. Ошондо ар бир тараптан бир айда жок эле дегенде эки иш-чара болуп турат. Ошонун барын жубайым жөндөйт.  Жубайым мен үчүн эң жакшы шарттарды түзөт, жакшы кожойке, чыр-чатаксыз, проблемалардын барын билет, бирок эч качан кылганын милдет кылып, бой көтөрбөйт. Ал ар тараптуу өнүккөн, көп окуйт. Кайдан убакыт табаарын да билбейм. Азыр мен костюмдарды да тандабайм, мунун бардыгы анын мойнунда.

- Сиз бактылуу экенсиз. Ал эми балдарчы?

- Менин кызым, үч уулум жана алты неберем бар. Балдарымдын бары окуусун бүткөн, иштеп жүрүшөт. Мен премьер болгондо, ар кандай түшүнбөстүк, ушак-айың  болбошу үчүн эки улуу уулдарымды мамкызматтан кетүүгө көндүрдүм. Алар мени туура түшүнүп, ишинен кетишти. Азыр бирөө курулуш бизнесинде, экинчиси соода тармагында. Канчалык ийгиликтүү болуп жатканын билбейм. Негизгиси алар үй-бүлөлөрүн багып жатышат..

- Балдарды тарбиялоо иштери менен жубайыңыз алектенчү беле?

- Ооба, мен дайыма көп иштечүмүн. Балдар уктап жатканда кетчүмүн, уктап калганда келчүмүн. Жада калса кантип чоңойгондорун деле байкабай калдым. Ошондуктан жубайыма абдан ыраазымын. Бирок, анткен менен неберелеримди башка чоң аталардай эркелетип жүрөм.

Лейла Саралаева,  Фото Абылай Саралаевдики 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине