Садыр Жапаровдун эксклюзивдүү маегинде 10 ирет манипуляция колдонулуп, жалган маалымат айтылды

13:19, 29 Апреля 2022

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 25-апрелде “Кабар” маалымат агенттигине эксклюзивдүү маек берди. Factcheck.kg Жапаровдун сөзүн текшерип, анда бир нече жалган маалымат менен манипуляция ыкмалары колдонулганын аныктады.

1. Билдирүү: Негизи мен жыргал жашоого көнгөн эмесминМындан ары деле жыргал жашоону самабайм (на самом деле я не привыкший к роскошной жизни).

Жыйынтык: жалган

Өлкө башчысынын кийим-кечеси социалдык тармактардагы кызуу талкууга бир нече ирет жем таштаган. Алсак, 8-фералда ал соодагерлер менен жолугушканда Stefano Ricci аттуу италиялык брендге тийиштүү баасы 6 миң долларлык куртка кийгендиги тууралуу айтылган. 2021-жылдын жай айларында Орто Азия өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугушканда дагы Stefano Ricci брендине таандык спорт кийимин кийип келген. Factcheck.kg анын баасы 230 миң рубль экенин аныктаган. Ал эми Мамлекеттик туу күнүндө президент ушул эле бренддин эки жактуу, баасы 4150 долларлык күрмөсү менен чыккан. Интернетте президент менен анын жубайынын 105 миң сомдон ашуун каражатты чапчыган лыжа костюмдары да талкууга алынган.  Мындан тышкары, 2020-жылдын октябрь айында социалдык тармактардын колдонуучулары Жапаровдун Kiton фирмасына таандык жилетинин баасы 3 миң долларды түзөрүн аныктаган.

Белгилей кетсек, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда орточо айлык 18.9 миң сомду түзөт. Жапаровдун бир кийимин кийүү үчүн кыргызстандык жаран орто эсеп менен 5тен 20га чейинки айлыгын коротуусу керек.

Бирок өлкө башчынын бардар жашоого болгон кызыгуусу кыргызстандыктар үчүн кымбат деп эсептелген кийим-кече менен гана чектелбейт. Белгилей кетсек, 2021-жылдын ноябрь айында өлкө башчы Шотландиядагы экологиялык саммитке бизнес класстагы Embraer Lineage 1000 учагы менен барганын Factcheck.kg аныктаган.

Учактын ижара бассы болжол менен 12 миң еврону же Улуттук банктын курсу боюнча 1.2 млн сомду түзөрү белгилүү болгон. Бишкектен Прескуикке чейинки рейс 8 саатты түзгөнүн эске алсак, бир тарапка учуунун баасы 96 миң евро же 9.5 млн сомду түзгөн. Ал саммитке барып, кайра кайткандагы баа болжол менен 190-200 миң еврону же 19.8 млн сом каражатты чапчыган.

 2.Билдирүү: Негизи ар бир кабыл алган чечимдерим, жасаган иштерим келечекке мурас болуп калса деп жасап жатам. 

Жыйынтык: манипуляция. Манипуляциянын бул түрү “Лингвопропаганда” деп аталат. Мында манипулятор маалыматты бурмалоо жана/же аудиторияга эмоционалдык таасир этиш үчүн көркөм чагылдыруунун ар кандай каражаттарын колдонот (Булак: Коул). Эске салсак, буга чейин Жапаров жүрөгүнүн 99%ы Баткен облусуна таандык экенин билдирген. Бул дагы көркөмдөлүп айтылган лингвопропаганда аттуу манипуляция ыкмасы болуп саналат.

3. Билдирүү: Бишкектин борбору автотыгындарга толуп кетти. Мурда Москвада тыгындарда эки-үч саат турасың дечү элек. Азыр биздин Бишкек деле кем калбай калды. Ошол үчүн биз бир эле президенттик имаратты эмес, бүтүндөй министрликтерди өйдө жакка көчүрөбүз. Бардык министрлер бир эле имаратта олтурушат.

Жыйынтык: фактыларды бурмалоо

Бишкектеги тыгындар мамлекеттик органдардын жайгашуусунан көз каранды эмес. Журналисттер ачык булактардагы маалыматтарды изилдеп, тыгындардын бир нече себебин аныктаган. Бул жыл сайын өсүп жаткан Бишкек шаарынын жашоочуларынын саны, коомдук транспорттун азайышы, жеке унаалардын көбөйүшү жана маятник миграциясы. Белгилей кетсек, борбор калаага күн сайын Чүй облусунун ар тарабынан окуганга, иштегенге жана башка жумуштар боюнча жарандар келет. Бул көрүнүш маятник миграциясы деп аталат. 2015-жылы Михаил Блинкин аттуу транспорт маселелери боюнча орусиялык адис 2020-жылы Бишкекте транспорт коллапсы болорун айткан.

4. Билдирүү: Былтыркы жылы “Манас” аэропорту 4 миллиард 4 миллион сом таза киреше берди. Мурда эң көп таза киреше бергени 2019-жылы болгон экен. 1 миллиард 800 миллион сом бериптир. Биз ал жактагы коррупцияны жок кылдык эле, быйыл мына 4 миллиард киреше берип атат. 

Жыйынтык: фактыларды бурмалоо

2021-жылы “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы тарыхта рекорддук киреше алганын жарыялаган. Пресс-релизде кирешенин өсүшү жаңы авиакомпанияларды тартуунун эсебинен, ошондой эле ички каттамдардын санынын көбөйүшүнө байланыштуу экени айтылат:

«Кыргызстандын рыногуна «Түндү жел», «Россия» сыяктуу авиакомпаниялар кирип, Орусиянын бир миллион калкы бар шаарларына түз каттамдарды, ошондой эле казакстандык «Флай Арыстан» арзан авиакомпаниясын камсыздады. Мындан тышкары компания республиканын ичиндеги каттамдардын санын көбөйттү. Маселен, Баткен жана Исфана аэропортторуна каттамдардын санын жумасына 3 рейске чейин көбөйтүп, Кыргызстандын борборуна жана өлкөнүн алыскы аймактарына 1 саатта жетүүгө мүмкүнчүлүк түздүк», – деп билдирди басма сөз кызматы. Пресс-релизде кирешенин көбөйүшүнүн себеби катары коррупцияны жоюу айтылган эмес.

5. [Медиа өкүлдөрүнө] эч кандай басым-кысым жок

Жыйынтык: жалган

“Медиа Полиси Институту” коомдук фонду 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын мартына чейинки мезгилде Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына мониторинг жүргүзгөн. Медиа юристтер Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы акыркы 1,5 жылда мамлекеттин басымынын күчөшүнөн улам начарлап баратат деген бүтүмгө келишти. «Изилденген убакта кылмыш мыйзамдары бийликти сындагандарга жана башкача ой жүгүрткөндөргө басым көрсөтүү үчүн активдүү колдонулган. Сөз эркиндигин чектеген жаңы мыйзамдар жана укуктук актылар да кабыл алынды», – деп айтылат изилдөөдө. Жыл башынан бери ММК өкүлдөрүнө бир нече кылмыш иши козголгон.

6. Билдирүү: Айрым ичи бузук медиаөкүлдөрү өз кылмыштарына жооп бербей, кутулуп кетиштин айласын кылып, “кокуй эле кокуй, мени камап атышат” деп кыйкырып чыгып жаткандары бар. Аларды билебиз. Алар – же кылмыштары бар, же иликтегич журналист боло калып, калптардын баарын бир кишиге чаптай салгандар. 

Жыйынтык: манипуляция

2020-жылдын 10-октябрында Жапаров маалымат жыйынынын жүрүшүндө келечекте журналисттерден жардам сурай турганын, айрыкча коррупцияга каршы күрөштө жардам сурай турганын айткан. «Эгерде материалдарды жасасаңар, анда биз журналисттерге кысым көрсөтүүнүн ордуна чара көрөбүз. Эми баардык иликтөөлөр ар тараптуу, фактылар менен бүткөндөн кийин эч кимге каршы чара көрөбүз. Бул 100%, бир дагы материал көңүл сыртында калбайт “, – деген ал.

2021-жылдын 15-мартында ал Кыргызстанда саясатчыларга жана журналисттерге куугунтук болбой турганын билдирген. Кыргызстан мурдагыдай эле демократиялык мамлекет болуп кала берерин, өлкө сөз эркиндигин жана ЖМК кызматкерлеринин коопсуздугун сыйлай турганын убада кылган. 2021-жылдын 5-ноябрында Маалымат жана басма сөз күнүн утурлай Садыр Жапаров журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, журналисттерди эч ким кемсинтип, куугунтуктабайт деп билдирген.

7. Билдирүү: [Митингдерге] эч ким чектөө койгон жок. Горький паркына барып каалаган күнү каалашыңарча митинг кыла бергиле. Биз жөн гана элчиликтердин алдына барбагыла деп жатабыз. Маданият деген болуш керек да. “Өзүмдү өзүм билем, өтүгүмдү төрүнө илем” деп эле элчиликтердин алдына барып алып эшиктерин каккылап турган кантип жакшы болсун.

Жыйынтык: жалган

«Бишкек шаарынын Биринчи Май, Ленин, Свердлов жана Октябрь райондук соттору Бишкек шаарынын мэриясынын райондорунун муниципалдык администрацияларынын тиешелүү райондордун аймагына убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө чечимин мыйзамдуу деп тапты. Чектөө 2022-жылдын 1-апрелинен 2022-жылдын 1-июлуна чейин Ала-Тоо аянтында өткөрүлгөн мамлекеттик жана муниципалдык расмий иш-чараларды кошпогондо, орус-украин куралдуу кагылышуусу боюнча бардык түрдөгү тынч чогулуштарды, митингдерди жана акцияларды өткөрүүгө тиешелүү», – деп айтылат шаардык ички иштер бөлүмүнүн пресс-релизинде.

8. Билдирүү: [Матраимовду] камабадыкпы. Камап, 2 миллард 150 миллион сом акча төктүрдүк. “Элдорадо” деген соода түйүнүн алдык. Элиталуу 10 квартирасын алып, Мамлекеттик ипотека компаниясы аркылуу элге таратып бердик […] Колунда болгон оокатынын баарын, эки миллиарддан ашык акчасын алгандан кийин чыгарып койдук.

Жыйынтык: жалган

2021-жылдын февраль айында Kloop.kg сайтынын журналисттери Матраимов көп жылдык коррупциялык схемалардан Кыргызстанга келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн Бишкектин бардык аймактарынан батирлерди сатып алып, мамлекетке өткөрүп бергенин аныкташкан. Ал эми 2021-жылы Бишкектен дагы бир пентхаус сатып алган.

9.Билдирүү: Азырынча элдин 80 пайызы мени колдоп турганын билем. Бул пайыз менин президенттик мөөнөтүмдө көбөйбөсө, азайбайт. Мен азайганга жол бербейм.

Жыйынтык: жалган

Өлкө башчысы билдирүүсүнүн маалымат булагын атаган эмес. Бирок өлкө боюнча ири изилдөө, сурамжылоолорду 2005-жылдан тарты Эл аралык Республикалык Институт өткөрүп келет. Институттун 2021-жылдын сентябрь айында өткөргөн изилдөөлөрүнө ылайык, калк ишеним арткан саясатчылардын алдында Садыр Жапаровдун ысымы аталып, сурамжылоого катышкандардын 35%ынын добушуна өлкө башчы ээ болгон.

 

Ал эми июль айында бул көрсөткүч 32% гана пайызды түзгөн.

 

Бирок, 2021-жылдын башында Садыр Жапаровго ишеним арткандардын саны көбүрөөк болуп, 38%ды түзгөн.

 

 10. Билдирүү: Митингдерге каршы эмесмин. Чыга беришсин. Бирок мени кулатабыз дегендей, мен ичип-жеп, бир туугандарымды министр, губернатор кылып алган болсом же жакындарым мамлекеттик иштерге аралашып бийлеп алган болсо, анда мени кулатабыз дешсе жарашат эле.

Жыйынтык: манипуляция

Журналисттер Эсеп палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов өлкө башчысы Садыр Жапаровдун кудасы экенин аныктап чыгышкан. Белгилей кетсек, буга чейин мамлекеттик кызматта отурган  Таштанбек Каймазаров, Айдар Адылбеков жана Турусбек Түмөнбаев дагы Жапаровдун кудалары экенин аныкталган. Ошол эле учурда президент кландык башкарууга жол бербешин бир нече ирет белгилеген.

Белгилей кетсек, Жапаров менен маек курган журналисттин суроосу төмөндөгүдөй болгон:

   “Оппозицияга бириккендер жакында митинг кылабыз. Бул бийлик болбой калды. Кулатыш керек деген ниеттерин билдирип жатышат. Буга көз карашыңыз кандай?”

Суроонун берилиши туура эмес экенин эске салабыз. Себеби31-мартта “Кыргызстан Бириккен Демократиялык Кыймылы” оппозициялык кыймылынын бет ачары болуп, жаңы кыймыл төрт максатты – демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилет укуктук системаны түзүү, кризиске каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылык менен күрөшүүнү жарыялаган. Бирок бийликти кулатуу тууралуу сөз болгон эмес.

Жыйынтык: Садыр Жапаровдун Kabar.kg агенттигине берген маегинде жалган маалымат жана манипуляция 10 ирет айтылган.  

  

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине