“Мекендештер” форуму: эмгек мигранттары өз өлкөсүнө инвестор боло алышабы?

15:03, 31 Августа 2018

Кыргызстандын жаңы тарыхында эмгек мигранттарынын бир нече толкуну болгон. Гастарбайтерлердин азыркы муунун мекенинен алыс кууган нерсе эми мурдагыдай ачкачылык менен айласыздык эмес, квалификациясы жана атаандаштыгы жогору эмгек рыногунда өзүн көрсөтүп, өзүнө жаккан жумушту табуу болуп саналат. Биз, журналисттер, Евразиялык экономикалык биримдикке кошулганыбыздан бери мекендештерибиз алган артыкчылыктар тууралуу такай жазганыбыз менен, алардын көбү кагаз бетинде калып, эмгек мигранттарыбыз дагы эле көп кыйынчылыктарды баштарынан кечирип келишет. Ошондой эле “акча издеп” чоочун өлкөгө кеткен кыргыздардын мүнөзү тууралуу ар түрдүү “коркунучтуу окуялар” республикабыздагы ЖМКлардын алдыңкы беттеринен көп жылдан бери түшпөй келет. Бирок жашоо бир орунда турбайт. Кыргыз эмгек мигранттары жыл сайын жакшыраак жумушка орношуп, жакшы маяна алышып, үй-бүлө куруп, балдарына жакшы билим берип келишет.

Ошондуктан бүгүнкү күндөгү эң орчундуу суроолор булар: жаш жигиттерибиз менен кыздарыбыз мекенине кайтып келишеби; кайтып келишсе, алар кайра кетип калбасы үчүн мекени аларга эмнелерди сунуштай алат; жылдап чет жерде жашап, иштеп келгендер тарыхый мекенине эмне бергилери келет жана бере алышат.

Мына сегиз жылдан бери “Роза Отунбаеванын демилгеси” коомдук фондусу уюштуруп келген масштабдуу “Мекендештер” форумунда жогоруда аталган суроолорго жооп тапканга аракет кылынууда.

Билдирме. Расмий статистикага ишенсек, чет жерде 750 миң кыргызстандык эмгектенип келет. Алар жылына мекенине 2,5 млрд доллар которушат, бул ИДПнын 37%ына барабар.

Форумдун жаңы өңү

8-августта Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” комплексинде дүйнөнүн 27 өлкөсүндө жашап, эмгектенген 150 мекендешибиз чогулду. Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева айткандай, быйылкы, төртүнчү “Мекендештер” форуму жаңы өңгө, жаңы мааниге ээ болду, анткени анын ишине КР президенти Сооронбай Жээнбеков катышты. Ушул жагдайга байланыштуу форумга Кыргызстандын өкмөтү да толугу менен келди.

Форумдун катышуучуларына кайрылуусунда президент Жээнбеков мындай деди: “Ошол максатты көздөгөн иш-аракеттерибиз бир ыргакта, бир багытта болушу үчүн, мезгил-мезгили менен баарлашып, акылдашып турушубуз зарыл... Форум реалдуу ишкер долбоорлорду, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүн жана инвестициялык келечегин талкуулоо үчүн түзүлгөн”.

Президент өз сөзүндө: “Биз башкалардын тажрыйбасын ылайыгына жараша колдонуп, бирок, өнүгүү жолубузду өзүбүз чабышыбыз зарыл”, - деп белгиледи. Жээнбеков жемкорлукка аёосуз күрөш жарыялаганын чогулгандарга эскерте кетти. Мунун баары кыргызстандыктар мекенинде иш ачып, аны эч жолтоосуз өнүктүрө алышы үчүн, аймактардагы үйлөрүн жана чарбаларын таштап кетпей, тескерисинче экологиялык таза айыл чарба продукцияларын өндүрө башташы үчүн жасалып жатат.

Президенттен кийин сөздү Роза Отунбаева өзү алды. Ал миграция – бул масштабдуу социалдык көрүнүш экенин, ар кайсы жылдары мындай нерсени учурда өнүгүү деңгээли боюнча дүйнөдө 12-орунда турган Түштүк Корея, жана да Түркия баштарынан кечиргенин белгиледи.

“Эмгек миграциясы – бул трагедия эмес. Бул жөн гана мамлекеттин өнүгүүсүндөгү бир баскыч. Ушул жолду Түркия да басып өттү, анын жарандары Германияда иштеп, тажрыйба топтоп жатышты, кийин алар өз өлкөсүн гүлдөгөн мамлекетке айландырышты. Биздин мекендештер да ушундай кыла алышат. Ачык рынокто иш алып баруу тажрыйбасын жакшы өздөштүрүшүп, алар бизге инновацияларды, кесипкөйлүктү, ал эмес демократияны алып келишүүдө”, - деди Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева.

Ал ар кайсы өлкөдө эмгектенип жүрүшкөн кыргыз диаспоролорунун өкүлдөрүнө форума КР президенти Жээнбековдун жана да бардык министрлердин катышып жатканын колдонуп, өз маселелерин ортого салып, аларды чечүү жолдорун аныктап алууга чакырды.

Мигранттардын маселелери

Роза Исакова өзү коомдун назарын айрым маселелерге буруп кетти. Бул, биринчи кезекте, мигранттардын балдары кыргызча сүйлөгөндү, кыргызча маалыматты кабыл алганды унутуп баратканы боюнча ата-энелеринин тынчсыздануусу. Ушуга байланыштуу мекендешибиз Улан Чотонбаевдин Тоң районунда мигрант-балдар үчүн лагерди ачканы бардык жактан колдоого арзыйт, анткени андагы балдар курдаштары менен кыргызча баарлашып, кыргыз элинин салт-санаалары менен таанышканга жакшы шарт түзүлөт. Баса, “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондусу эмгек мигранттары өз айылдары үчүн жасаган 30 колго алаарлык жакшылыктары тууралуу баяндаган китепти басып чыгарган.

“Миграция кызматынын ишине ичим такыр жылыбай турат, ал жакта жектечилери бат-баттан алмашып, иштин көзүн билбеген адамдар келип жатат, алар үчүн бул жөн гана убактылуу иш орду экени байкалып турат, - деди экс-президент Отунбаева. – Алар мигранттарыбыз ал эмес орто билим берген мектептерди аяктабай, бара турган өлкөнүн тилин жакшы билбей туруп сыртка чыгып кеткиче эле алардын айрым маселелерин чече алат болчу. Миграция кызматы биздин мигранттар баралы деп жаткан өлкө тууралуу бардык зарыл маалыматтар менен камсыздап турса жакшы болмок. Бирок да биздин эле мекендештер башка мигранттарыбызды сатып жаткан учурлар да кезигет. Бул жана да башка маселелер, мисалы мигранттар үчүн шарттарды түзүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү биздин мигранттар эмгектенген өлкөлөрдөгү Кыргызстан элчиликтеринин милдети. Бирок бул иштер жүргүзүлбөйт!”.

Роза Отунбаева дагы бир олуттуу маселеге токтолду: “Москвадагы мигранттарыбыздын пикиринде, алардын Кыргызстанга сала турган инвестициялары майнапсыз болот экен. Силердин атуулдук сезимиңер кайда? Качанкыга чейин силер Орусиянын өнүгүүсүнө гана салым кыласыңар!”

Роза Отунбаева өзүнүн эмоционалдуу сөзүн аяктап жатып кыргызстандыктар каякта, кандай гана жарандыкта болбосун, алар баары бир биздин мекендештер болуп эсептелээрин, бизге эң жакын адам, элибиздин бир бөлүгү болоорун, а демек алар өлкөбүздү өнүктүрүүгө, анын саясий жашоосуна активдүү катышуусу зарыл экенин белгиледи. Мындай нерселер шайлоо жүргөн учурда гана болбошу керек.

Эки президенттин сөзүнөн кийин форум ишин улантты. “Эркин микрофон” режиминде мекендештерибиз сахнага чыгып, же түз эле залдан мамлекеттик колдоо керек болгон маселелер тууралуу өз ойлорун айтып жатышты.

“Мигранттар өз өлкөсүнө гана эмес, алар эмгектенип жаткан мамлекетке да көп пайда алып келишет. Мисалы, изилдөөчүлөрдүн эсептөөлөрү боюнча, Орусияда иштеген кыргызстандык иштеп тапкан ар бир долларына орусиялык экономикага 7-16 долларлык киреше алып келет экен. Учурда кыргызстандыктар миграциянын биринчи баскычынан өтүштү. Биринчи баскычта ар бирибиз өз алдынча миграцияга кетип, ал жакта үй-бүлө куруп, үй салдык, балалуу болдук. Азыр ал жакта төрөлгөн биздин улуу уул-кыздарыбыз 25-30 жашка чыгып калды. Бул экинчи баскычтын башталышы. Биз балдарга жакшы билим бергенге умтулдук, балдарыбызга инвестиция кылдык. Мисалы, азыр АКШнын ири компанияларында иштеген балдарыбыздын саны өсүүдө, алар такай жакшы жерлерде иштегенге умтулуп келишет. Кыргыздын көп жаштары IT технологиялар, илим тармактарында эмгектенишгет. Миграция – токтобогон агым, улам жаңы баскычтар болуп турат, жыйынтыгында чоң мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Балким, мигранттардын балдары алар жашаган өлкөлөрдө чоң кызматтарда иштеп калышаттыр. Мындай баскычтардан көптөгөн өлкөлөр өтүшкөн”, - деди Кыргыз-Америка альянсынын жетекчиси Арстанбек Саргалдаев.

Биздин дагы бир мекендешибиз, Москвадагы курулуш компаниянын жетекчиси Кубанычбек Осмонбеков Орусиянын ири шаарларында Экономика министрлигинин же Инвестицияларды тартуу жана коргоо боюнча агенттиктин өкүлчүлүктөрүн ачууну сунуштады: “Мындай алганда ар бир мигрант инвестор болуп эсептелет. Жыл сайын мигранттар 2,5 млрд доллар акчаны өз өлкөсүнө жөнөтүшөт, алардын 95 пайызы Орусиядан которулат. Эгер Экономика министрлигинин долбоорлору бар болсо, биз аларды өзүбүз караштырып көрөт элек, же орусиялык өнөктөрүбүзгө сунуштамакпыз. Андан сырткары кайсы бир шарттар түзүлүп, колдоо көрсөтүлсө болмок, мисалы, салык жагынан жеңилдиктер, көп мекендештерибиз Кыргызстандын экономикасына салым кылганга даяр. Биз учурда деле Кыргызстанга келип, иш баштап жатабыз, бирок көп кыйынчылыктар болууда. Алардын баарын чечсе болот. Биз Орусиядан инвестиция алып келсек да, бул жактагы кадыресе курулуш компаниялары сяктуу иш алып барабыз. Чет жерде иштеген мекендештерибиз үчүн жеңилдиктер каралбаган. Биз моралдык жактан колдоого муктажбыз”.

“Кыргызстан - Түркия” достук жана маданият коомунун жетекчиси Айбек Сарыгулов дагы бир маселеге токтолду: “Мындан үч жыл мурун премьер-министрдин алдында Мекендештер кеңеши түзүлгөн болчу. Өкмөттөр бат-бат алмашып тургандыктан бул Кеңеш үч жылдын ичинде бир гана жолу өз жыйынын өткөрдү. Бул да биздин ишибизге таасир этти. Ошондуктан биз аталган Кеңеш президенттин алдында иш алып барса экен деген сунушубузду айтып жаттык. Кандай болгон күндө да мамлекет башчысы – туруктуурак фигура, сырткы саясатты президент аныктагандыктан кийин, сыртта иштеп жүргөн мекендештерибизге байланыштуу маселени ал өзү караган оң”.

Мекендештер дагы ондогон ар түрдүү көйгөйлөрдү, курч маселелерди көтөрүштү. Муну менен алар форумдун ишине гана кызыгууну көрсөтпөстөн, Кыргызстанга да инвестиция кылууга кызыкдар экендерин билдиришти.

Президент Сооронбай Жээнбеков айтылгандардын бардыгын кунт коюп угуп, мекендештердин бардык сунуштарын жазып алып, форумдун биринчи бөлүгүнүн соңунда айтылган ар бир маселе боюнча өз пикирин айтты.

“Биздин көп ийгиликтерге жеткен мекендештерибиз бар, алар Кыргызстандагы ири инвестициялык долбоорлорго өз каражаттарын салганга, дагы башка инвесторлорду тартканга даяр. Алар башка өлкөлөрдө иш алып баруу тажрыйбасы менен бөлүшүп жатышат, бизде да ал нерселер колдонулуп, Кыргызстандын өнүгүүсүн каалашат. Ушундай мекенчил-замандаштарыбызга жалпы максатка жетиш үчүн алардын аракеттерин бириктирген, алардын жалпын маселелерин чечкенге көмөктөшкөн бирдиктүү платформа керек. Такай негизде мекендеш-инвесторлор менен иш алып барган кеңешти түзүү керек деп ойлойм. Мындай кеңеш өлкөнүн президентинин алдында түзүлөт”, - деди президент Сооронбай Жээнбеков. Ал мамлекет мекендештерге дайыма колдоо көрсөтөөрүн белгиледи.

Кыргыз өкмөтүнүн максаттары

Форумдун экинчи бөлүгүндө өкмөт мүчөлөрү сөз сүйлөп, миграцияга байланыштуу иликтөөнүн жыйынтыгы менен чогулгандар тааныштырылды. Кыргызстандын Экономика министри Олег Панкратов сөзүнүн башында бөтөн жерде ийгиликтерге жете алган элдин эң кыйын өкүлдөрү бул жерде чогулуп отурат деп, “мекендештерди” мактоого алды. “Өкмөттүн экономикалык саясатынын максаты – экономика жаңы жумуш орундары менен камсыздаган тармакка айланышы үчүн керектүү шарттарды түзүү болуп саналат, бул болсо биздин мекендештер мекенине кайтып келип, биздин экономиканын өнүгүүсүнө салым кылышына башкы өбөлгө болушу керек”, - деп түшүндүрдү министр.

Өлкөнүн башкы экономисти буларды эскертти: “Эмгек мигранттарынын акчалары биздин ИДПнын үчтөн бир бөлүгүн түзөт. Башкача айтканда сиздер өз үй-бүлөңөргө, жакын туугандарыңарга гана жардам бербестен, дээрлик өлкөнүн экономикасын көтөрүп турасыңар. Бирок бул нерсеге кубануу жарабайт, бул убактылуу гана көрүнүш. Көп өлкөлөр ушундай кырдаалды баштарынан өткөрүшкөн. Бирок бул нормалдуу көрүнүш эмес. Мекендештерибиз чет жерде тажрыйба жана билим топтоп, акча чогултуп, өлкөсүнө кайтып келип, бул жерде иштей тургандай абалга умтулушубуз зарыл. Жакындарыңарга акча которуу менен мекениңерге чоң жардам берип жатасынар, бирок эмгектенип жаткан өлкөнүн экономикасына салган салымыңар андан да чоң. Анткени бардык экономиканын эң маанилүү ресурсу – бул адамдык капитал. Силердин билимиңер, жөндөмүңөр мекениңерде колдонулушу керек. Ошондуктан биз учурда, мамлекеттин жөндөгүч саясатын өзгөртүүгө, өнөр-жайдын өнүгүүсүнө шарт түзүүгө аракеттенип жатабыз”.

“Ооба, технологияларсыз, инновацияларсыз келечек жок, алар экономиканын, жашоонун, мамлекеттик башкаруунун ажырагыс бөлүгү болушу зарыл, бирок да бул күндөрү эң көп жумуш орундары өнөр-жай тармагында, биринчи кезекте, кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармактарында ачылууда”, - деди министр.

Панкратов учурда текшерүү жана лицензия берүү жаатындагы жүрүп жаткан реформалар өнөр-жай өндүрүшүндө иш алып баруу шарттарын жеңилдетүүгө багытталганын белгиледи.

Салык реформасы өнөр-жай тармагында, биринчи кезекте, экспортко багытталган тармакта салыкты төлөө түшүнүктүү, жеңил жана салыктын өлчөмдөрү азыраак болушу үчүн сунушталып жатат. Бул тармактар жетиштүү өлчөмдөгү каржылык-кердиттик ресурстарды алалгандай болсун деп жатабыз. Тилекке каршы, чет элдик жана жергиликтүү инвесторлор экономикабызга салым кылгандан чочулашат, анткени бизде жемкорлуктун деңгээли өтө жогору, талаш-тартыш маселелерди калыс караштырып, инвесторлордун кызыкчылыгын коргой турган институттар жок болуп жатат. Биз мамлекет менен бизнестин ортосундагы талаш-тартыш маселелерди сотко жеткирбей эле Бейтарап соттун катышуусунда караштыруунун орток механизмин сунуштап жатабыз”, - деди ал.

Мигранттар кайсы учурда кайтып келишет?

Миграция боюнча эл аралык уюмдун офисинин жетекчиси Бермет Молдобаева бул тема боюнча изилдөөнүн жыйынтыктары менен тааныштырды. Изилдөө учурунда 600дөн ашык эмгек мигранттары сурамжыланган. Аларга акчаларын топтоп, өз өлкөсүнө инвестиция кылганга макулбу, кайсы тармактарга инвестиция кылышат эле, аларды буга кызыктырыш үчүн эмне болушу керек деген суроолор берилген.

Жыйынтыктары төмөнкүдөй болду: эмгек мигранттарынын 65% дагы эле биздин жаран болуп саналышат. 20%дан ашыгы жарандыгын алмаштырышкан.

Жарымынан көбү Кыргызстанга айтып келүүгө даяр. 20% кайтып келбейбиз дешти. 28% арсар, кайтып келишеби, же келишпейби азарынча чече элек. “Мына так ушулар: каякка кайтып барам, кайтып келгенде эмне иш кылам, өзүмө инвестиция кыла аламбы, өзүмдү таба аламбы деген суроолорду өзүлөрүнө берип жаткандар”, - деп түшүндүрдү Молдобаева.

“Бүгүн инвестиция кылганга шарттарды түзүүдөн да башка муктаждыктар бар. Кайтып келген мигранттар үчүн атайын интеграциялык жараяндар жана программалар иштелип чыгышы керек, анткени алардын көбү мекенинен алыста 10 жылдап жүрүштү, - деп белгиледи Бермет Молдобаева. – Көп өлкөлөрдө мындай жарандарды реинтеграция кылууну мамлекет өз колуна алган. Анткени мекенинде калуу чечими мигранттар үчүн башкы маселе болуп эсептелет. Сурамжылоого катышкандардын айтымдары боюнча, бул өтө оор чечим, анткени алар аралашып жашаган коомчулук тараптан жана аларды түрткөн үй-бүлөлөр тараптан катуу кысымга дуушар болушат. Кеп мигрант “Элдин баары кетип жатат, мен да кетишим керек” деген кайсы бир жашоо стратегиясы болуп калганында. Жаштар өз өлкөсүндө калып каууну көздөйт. Дээрлик ар бир сурамжыланган мигрант өз айылында калып, айыл-чарбасы мене алектенип, үйлөнүп балалуу болгусу келет. Бирок мындай чечимди жалгыз адамга чыгаруу оор, анткени учурдагы коомдун кысымы чоң болуп, жаштарга ага туруштук берүү кыйын. Жыйынтыгында, аларга кайтып келгенге, реинтеграция болгонго, мекенинде өзүлөрүн тапканга жардам бере алган ар түрдүү институттардын колдоосу керек”.

Бул изилдөөдөгү дагы бир айрым кызыктуу жагдайларга токтоло кетели. Мигранттардын мекенине кайтып келиши үчүн башкы шарт – бул саясий туруктуулук. Экинчи жагдай, сурамжылангандардын 10% Кыргызстандын өнүгүүсүнө өз каражаттарын салганга даяр экенин билдиришти, бирок инвестиция кылганга керектүү шарттарды көрө албай жатышат. Азырынча алардын инвестицияларын бат, ачык, жеңил өздөштүрө алган бир гана багыт бар – Мусулмандардын диний башкармалыгы, алар мечиттерди бат кура малышат. Тилекке каршы, мигранттар инвестиция кыла алышкан башка бизнес-долбоорлор же жок, же түшүнүксүз.

Миграция – бул глобалдуу жараян

Дүйнөлүк ири дөөлөттөрдүн бири болуп эсептелген Кытай миграция жараянынан максимум пайда көрө алды. Бул тууралуу “Кытай жана глобалдашуу” борборунун (CCG) негиздөөчүсү жана жетекчиси Dr.Wang, Huiyao (Henry) билдирди. Ал өз сөзүндө чоң кызыгууну жараткан маалыматтарды келтирди. Мисалы, дүйнө жүзүндө учурда бир миллиарддан ашык эмгек мигранттары бар. Алардын 60 миллионы – кытайлыктар. Кытай инвестицияларынын 70% эмгек миграциясынан. Бул зор өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнүн башкы булагы болуп эсептелет. Ошондой эле Кытайда 300 миллиондон ашык ички мигранттар бар. Анан да жыл сайын Кытайдан чет мамлекетке окууга 600 миң студент кетип турат. Алардын 500 миңи жаңы билимдери жана тажрыйбалары менен мекенине кайтып келишет. Алар алган билимдерин иш жүзүндө колдоно алышы үчүн Кытайда жогорку өнөр-жай технологияларынын атайын паркы ачылган, мигранттар ал жерде өзүнүн иштерин ача алышат.

“Өзүңөр көргөндөй, эмгек миграциясы – бул өтө чоң мүмкүнчүлүктөр, аларды туура колдонгонду билиш керек”, - деп жыйынтыктады өз сөзүн Dr.Wang, Huiyao (Henry).

Баса, 2015-жылы кыргыз өкмөтү ЕАЭБке кирүү тууралуу келишимге кол койгондон кийин, Кыргызстандан барган мигранттар жумушка орношууда бирдиктүү эмгек рыногунда тең укуктуулукка жетишишти. Кол коюлган документтерге ылайык, “социалдык камсыздандыруу мүмкүн болуп, жалпы билим берүүчү документтер таанылып, балдар мектепке чейинки жана билим берүүчү мекемелерге бара алышат, жергиликтүү калкка каралган салыктарды төлөшөт. Башкача айтканда, эмгек миграциясы чөйрөсүндө жалпы рынокко жетүүгө бөгөт болгон көп тоскоолдуктар алынды”. Буларды форумда Евразиялык экономикалык комиссиянын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директорунун орун басары Олег Артамонов белгиледи.

Жыйынтыгында Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын саны 25%га өстү.

Аягында, дагы бир кубанычтуу жаңылык. Артамоновдун ишендирүүсү боюнча, жакынкы убакта пенсиялык камсыздоо боюнча келишимге кол коюлат. “Келишим эмгек мигранттарынын пенсиялык укуктарын алар эмгектенген өлкөлөрдүн башка жарандарындай эле калыптандырууга, сактаганга жана иш жүзүндө ашырганга мүмкүнчүлүк түзөт. Пенсиянын экспорту камсыздалат, ушуга байланыштуу жаран кайсы гана өлкөдө болбосун анын бардык эмгек стажы сакталып, эсепке алынып, төлөнөт”, - деп жыйынтыктады Артамонов.

Башкача айтканда, эмгек миграциясынын жараяны бара-бара мыйзамдашып, тартипке келтириле баштады. Эки жылдан кийин “Мекендештердин” бешинчи форумунда бул келишимдердин жана кеңештердин ишинин жыйынтыгына баа берип калабыз деген үмүт бар. Ал эми эмгек мигранттары өз капиталдарын Кыргызстандын экономикасына ийгиликтүү салым кыла алышат.

Лейла Саралаева

Даяна Оселедконун сүрөттөрү

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине