Президент Байден Кыргызстанга карата виза чектөөсүн киргизген Президенттин №9983 жарлыгын алып салды

09:47, 21 Января 2021

Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги президент Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана ар түрдүүлүк (Diversity Visa) визаларга чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койгонун кубануу менен билдирет.

Биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саякаттарга байланыштуу коопсуздукту бир кыйла жакшыртканын колдойбуз. Биометрикалык идентификация чиптерин камтыган кыргызстандык электрондук паспорттор иштелип чыгып, даярдыктын акыркы баскычында турат. Бул паспорттор кыргызстандыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу саякаттоонун кепилдиги болмокчу. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү INTERPOL менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана терроризм тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү өркүндөттү.

Жаңы кыргыз электрондук паспорттору жана укук коргоо органдарынын тыгыз кызматташтыгы, Кыргыз Республикасында да жана ошондой эле дүйнө жүзүндө да, бардыгыбыздын жашообузду көбүрөөк коопсуз кылмакчы.

COVID-19 пандемиясынын шартында, дүйнө жүзүндөгү Америка Кошмо Штаттарынын элчиликтеринде виза берүү өтө чектелген. Бул кулактандырууга байланыштуу виза маселелери боюнча акыркы жаңылыктарды алуу үчүн kg.usembassy.gov веб-сайтыбызга кайрылыңыздар.

Америка Кошмо Штаттары кыргыз элинин коопсуздугун, эгемендүүлүгүн жана гүлдөп-өнүгүшүн жогорулатуу үчүн эки тараптуу мамилелерин бекемдөөгө умтулат.

Президент Байдендин расмий жарыясына шилтеме: https://www.whitehouse.gov/briefing-room/presidential-actions/2021/01/20/proclamation-ending-discriminatory-bans-on-entry-to-the-united-states/

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине