Канат Сагымбаев: "Менин Алмазбек Атамбаевге каршы бере турган көрсөтмөм жок!"

15:02, 20 Декабря 2019

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы, УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевдин ачык билдирүүсү

1-бөлук

Мен, Канат Сагымбаев 7-8-августта болгон Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын корутундусунда камтылган карандай калп, бир тараптуу жана бийликке жагалданып чыгарылган чечимдерге макул эмесмин!

Комиссиянын курамы экс-президент Алмазбек Атамбаевге жекече кеги бар адамдардан түзүлгөнүнүн өзү акыйкатсыздык деп эсептейм жана аталган корутундудагы мага тиешеси бар эки суроо боюнча коомчулукка чындыкты айтууну туура көрдүм. Жогорку Кеңештин депутаты М.Ю. Абдылдаевдин: «Сагымбаев өз милдетин аткардыбы? Ага эскертилдиби беле?» деген суроосуна УКМКнын төрагасы баш болуп беттери кызарбай туруп: «Милдетин аткарган жок, ага алдын ала эскертилген болчу», - деп карандай калпты айтып жооп беришти.

Чындыкты айта албай жоопкерчиликтен буйтаган, бийликке жагынуу үчүн мендей кызматкерлерин каратып туруп садага чапкан ушундай жетекчилер мамлекетти, элди жыргатабы?!

Ошол күнү бул жетекчилер «Альфа» атайын бөлүгүнүн кызматкерлерине «экс-президентти кармап алып келгиле» деп буйрук берсе, мага «кайтар» деп буйрук берген. «Алфачылар» коюлган тапшырманы аткара алышкан жок. Мен өз милдетимди так аткарып, кайтарылуучу объектинин бир тал чачын түшүрбөй өткөрүп бердим. Мен короого кирип келген «Алфанын» кызматкерлерине каршылык көрсөткөн жокмун, болгону экс-президенттин коопсуздугун камсыз кылдым. Окуядан бир аз өтпөй, көптөр мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты, мен болсо түрмөдө отурам. Ал адамдар жок дегенде, мамлекеттик комиссия ишин жыйынтыктагандан кийин сыйланышса да мейли дейт элем, ошондуктан бийликтин башынан эле опурталдуу оюнга барганы ачык эле көрүнүп турбайбы.

Экс-президенттин үйүнө чабуул болоорун мага эч ким алдын ала эскерткен эмес! Аны күч менен кармоого ноябрь айында Конституциялык палатанын чечими чыккан соң барышат ко деп ойлочумун.

  Өзүмдүн жоопкерчилигимди сезип, окуя болоордон эки-үч күн мурун 9-кызматтын жетекчиси Шабданбековго барып, эгерде экс-президентти күч менен кармай турган болуп калса, менин милдетим жана жоопкерчилигим кандай болоорун сураганмын. Ал мага: «четке чыгып турасың го» деди. Мен кайра сурадым «эгерде эскертүүсүз, күтүүсүз келсечи, мен алардын ким экенин кайдан билем?» - десем, «байкайсың да» деди. Анда мен: «макул, четке чыгып турайын, кокус ошол убакта экс-президент Атамбаев Алмаз Шаршеновичке бир нерсе болсо, ким жооп берет, ал кишинин коопсуздугу үчүн биринчи кезекте мен жооптуумун да, ар кандай жагдай болуп кетиши мүмкүн эмеспи? Эгерде андай буйрук бере турган болсонуз, анда мени азыр эле токтоосуз чакыртып алыңыз дедим. Болбосо, мага «эгерде күч менен кармайбыз деп келип калышса, каршылык көргөзбөй четке чыгып тур, экс-президенттин коопсуздугун өз мойнума алам деп кагаз түрүндө расмий буйрук чыгарып бериңиз» десем, Шабданбеков көнгөн жок, өзүн жоопкерчиликтен оолактатып:  «Канат сен бара бер, мен баарын жогору жак менен такташып туруп, сага кабарлап коём», - деди да, ошол бойдон жооп берген да, байланышкан да жок.

Негизи, четке чыгып турмак эмес, экс-президент Алмазбек Атамбаевке ким келбесин, каякка алып барбасын, ошол алып бара турган жерге чейин коштоп барып, өткөрүп берүү УКМКнын 9-кызматынын түздөн түз милдети болчу.

Жетекчилердин шалаакылыгынан, жоопкерчиликтен качкандыгынын айынан мага окшогон офицерлер садага чабылып, өзүлөрү апакай бойдон кала берип жатышат. Мени өкүндүргөнү ушул.

Мени камашты, бирок сындыра алышкан жок, тескерисинче, чечкиндүү башка офицерлерди сындырып коюшту. Жетекчиликтин иш-аракеттерине мен офицер катары мына ушундай баа берем. Белгилей кетерим - УКМКда жалаң эле билим деңгээли төмөн, профессионал эмес кызматкерлер иштейт деп ойлоо туура эмес. Ал жерде өз ишин мыкты билген чыныгы кесипкөйлөр арбын.

  Кой-Таштагы кырдаалга келсек, мисалы, атайын бөлүктүн экс-президент Алмазбек Атамбаевди эч кимди жабыркатпай, тынч кармап кеткенге мүмкүнчүлүгү бар болчу. Алмазбек Атамбаевди колдоп келген элдин арасына эле байкатпай 15-20 оперативдик кызматкерин кошуп жиберип, качырбай кармап кетсе болмок. Эмне үчүн атайын бөлүк адегенде эле байланышты, интернетти өчүрүп коюп анан келген жок? Анткени, андай кылса эл топтолбой калмак да, башаламандык уюштурганга мүмкүн болбой калмак. Байланышты качан эл чогулуп келип, жоокерлерди ур-токмокко алгандан кийин гана өчүрүп жатышат. Менин оюмча мындай иш-аракеттерден бийликтин атайын уюштурган чагымчылдыгы ачык көрүнүп калды.

 

  Мен Кой-Ташка келген «Альфа» кызматкерлерин эч бир күнөөлөбөйм. Күнөө аларга кылмыштуу буйрук берген, кесепети жаман планды түзүп берип, бийликтин кызыкчылыгы үчүн катардагы кызматкерлерин кыжыры кайнаган элдин ур-токмогуна салып берген жетекчилерде! Ошондуктан мен мына ошол жетекчилердин жоопкерчиликке тартылышын талап кылам!

2- бөлук

  Менде экспертизанын Кой-таш окуясында каза болгон «Альфа» атайын кызматынын командиринин орун басары СВД үлгүсүндөгү куралдын 7.62  огунан курман болду деп чыгарган жыйынтыгына чоң күмөн саноо бар. Ошондуктан өзүмдүн мыйзамдуу укугумдан пайдаланып, аталган экспертизага мени катыштыргыла деп суранган элем. Тилекке каршы, катыштырышкан жок. Бирок баса белгилеп кетейин: мыйзам боюнча экспертизага катышууга толук укугум бар болчу.

Эми менде экспертиза, дегеле жоокер жаракат алган кырдаал боюнча төмөндөгүдөй суроолор бар:

1.   Эмне үчүн ок жеп, оор жаракат алган Усенбек Ниязбеков хирургияга эмес, травматологияга жеткирилген? 

Себеби, бийликтин ал жердеги ишенимдүү адамынын колу менен жагдайга жараша, керектүү бүтүм чыгартып алууга, документтерди тууралаганга ыңгайлуу болгон. Ошондуктан бул күмөн саноону ойготот.

2.   Экспертизада айтылган курал үйдүн 3-чү кабатында болгон, сыртка же башка жакка чыгарылган эмес. Эмне үчүн 3-кабаттан 2-кабатка чейин бир да тамчы кандын изи жок? 7.62 ЛПС огунан жаракат алган адамдын каны кыйла төгүлмөк.

3.   Буга чейин жогорудагы адамды 5.45 АК – 74 үлгүсүндөгү куралдан жарадар болгон деп өзүңөр билдирүү тараткан элеңер, эми таптакыр башкача айтып жатасыңар, эмне үчүн?

4.   Экспертизада атайын бөлүктүн жоокери кайсы убакытта, саат канчада алганы да көрсөтүлгөн эмес.

5.   Ал эл келгенге чейин жарадар болгонбу же эл келгенден кийин болдубу? Эл келгиче алса, ал ооруканага үйдүн кайсы жагынан алып чыгып кетилген? Менин билишимче, эл келгенче оор жаракат алган адам үйдөн чыгарылган эмес. Муну да тастыктаган далилдер жок.

Чыгарылган экспертизада көп күмөнүм бар. Мен жөн жерден көп нерседен күмөн санап шектенип жаткан жерим жок! Бере турган суроолорум дагы көп болот, бирок аларды берерден мурда жогорудагы сууроолорума жооп алуум керек. Бул иш боюнча тергөө эч кандай купуя сыр кылынбай, ачык айкын жүргүзүлсө акыйкат да болмок, болгон чындык ачыкка да чыкмак. Ар кандай күдүктөнүүлөр болмок эмес.

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге жана мага коюлуп жаткан берене таптакыр негизсиз, атайын бөлүктүн кызматкери СВД куралынан жаракат алышы таптакыр мүмкүн эмес болчу. Бул айыпты эч кандай далили жок тагып жатасыңар.

  Мага коюлуп жаткан айыптын баары негизсиз, мен мунун баарын мыйзамга таянып, далилдеп бере алам. Мени камакка алып, ойдон чыгарылган күнөөлөрдүн коюлуп жатышы, мага карата болуп жаткан кысым мени сындырып, Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө алабыз деген бийликтин гана максаты. 

Менин Алмазбек Атамбаевге каршы бере турган көрсөтмөм жок. Мен эч кандай мыйзамды бузган эмесмин. Эң башкысы, мен өзүмдүн кызматтык милдетимди так жана мыйзамга ылайык, демек, туура аткардым деп эсептейм.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине