Кой-Таш, жана Арашан айылдарынын тургундарынын кайрылуусу

11:17, 21 Августа 2019

Кыргыз Республикасынын президенти

Жээнбеков Сооронбай Шариповичке

Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматка шайланып жатканда элдин башын бириктирем, элди бөлбөйм деп убада берген эле. Биз ага ишенгенбиз. Буга ишенүүгө бизди урматтуу Алмазбек Шаршенович Атамбаев да чакырган эле. Андан бери эч канча деле убакыт өткөн жок, жаңы президент болсо убада кылгандай эмес, таптакыр башкача иштей баштады.

Алмазбек Шаршенович болгону анын саясатын сынга алды, ошонусу үчүн Жээнбековдун буйругу менен ага жана анын жакын жолдошторуна кылмыш иштерин козгошту. Атамбаевдин өзүн болсо Башкы прокуратура жана Жогорку Кеңеш күнөөлөдү, депутаттар жадагалса, коюлган күнөөлөргө жооп берүү үчүн аны чакырып да коюшкан жок. Мындай чечим мыйзамды да, адилеттүүлүктү да одоно бузду.

Биздин айылдаштар Атамбаевди жүрөгүбүздүн каалоосу менен колдоп жатабыз. Биз анын үйүнө келип, өзүбүздүн колдообузду көрсөтүп, мыйзамсыздыкка кыжырданганыбызды билдирип турдук. 7 –август күнү анын короосунда жүргөн биздин балдарыбызга беткапчан атайын бөлүк күтүлбөгөн жерден кол салды. Бейтааныш адамдар Атамбаевдин үйүнө тосмо аркылуу секирип түшүп, короодо жүргөн адамдарды сабап жана резина ок менен (алар да оор жаракат алып келет жана өмүргө коркунучтуу) ата башташты. Кары-картаңдарды да, аялдарды да сабашты. Мыйзамда жарандар өзүн өзү, анын ичинде атайын бөлүктүн мыйзамсыз аракетинен да коргоого укугу бар деп айтылган. Биз мына ушул укугубузду колдондук.

Биз Атамбаевдин үйүнө жасалган чабуулду кайтарып, аны мыйзамсыз камакка алуудан коргоп калдык. Атамбаевди жөн эле күбө катары суракка алып бармакпыз деген ИИМдин жана УКМКнын жетекчилери калп айтышууда. Албетте, алар аны түрмөгө отургузгулары келишкен.

Өкүнүчтүүсү, атайын бөлүктүн бир жоокери каза болуп калды. Бул орду толгус кайгы. Аны ким өлтүргөнү азырынча белгисиз. Бирок бийлик эртеси күнү эле аны Атамбаев өзү атып өлтүрдү деп бүтүн дүйнөгө жарыя кылып жиберди. Бул курмандык экс-президенттин үйүнө чабуул уюштургандардын күнөөсү.

Кийинки күнү Атамбаевдин үйүнө дагы чабуул жасалды. Милициянын саны аны коргогондорго караганда он эсе көп болду, анткени анын тарапташтарын үйгө кийирбей коюшту. 8 –август күнү да жарадарлар, газ менен уулангандар, сабалгандар көп болду. Тарапташтарын тобокелге дуушар кылбайын деген Атамбаев ыктыярдуу түрдө багынып берди.

Бүгүн биздин балдарды куугунтуктап жатышат, аларды коркутуп –үркүтүп, кылмыш иштерин козгошууда. Бирок бул каргашалуу окуяга жок эле дегенде эки тарап тең күнөлүү!  Ал эми таптакыр кереги жок, күч операциясына атайын бөлүк менен милицияны жөнөткөндөрдүн жоопкерчилиги туурасындагы маселе күн тартибине да коюлган жок!

Биз бийликке кайрылабыз: өлкөнү бөлгөнүңордү токтоткула, кыргызстандыктарды бөлгөнүңөрдү токтоткула! Мыйзамсыздыкка кыжырданып, атайын кызматтардын укук коргоого туура келбеген иш-аракеттерин токтотууга аракет кылгандарды куугунтуктоону жана коркутуп –үркүткөндү токтоткула! Күч акциясына кылмыштуу буйрук бергендерди кызматтан бошоткула! Антпесе биздин коомдогу ажырым абдан тереңдеп кетиши мүмкүн.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине