Оштон Фрунзеге карай жол кантип курулган

09:00, 20 Ноября 2018

Бул өлкөнүн эң жандуу трассаларынын бири.  Бишкек-Ош жолу өзүнүн 600 чакырымды түзгөн узундугуна карабастан өлкөнүн эң кооз жерлеринин бири болуп саналат. 12 сааттык жол жүрүмдүн аралыгында терезе артында бир нече климаттык зоналар алмашат, Суусамырдын кар баскан ашууларынан баштап, Фергана өрөөнүнүн жашыл күрүч өскөн талаарына чейин. Көпчүлүк аталган автоунаа трассасы 90-жылдары курулган деп ойлошот.  Чындыгында болсо бул жолдун курулушу 1957-жылы  советтик Орто Азияда бир катар бүткүл союздук мааниге ээ курулуштар башталып жатканда башталган. Биз бүткүл Кыргызстан үчүн чоң мааниге ээ жолдун курулушу эмнеден башталганын эстегибиз келет.

1956-жылы СССРдин Министрлер советинин атайын токтому менен батыш Тянь-Шань аркылуу өтүүчү Фрунзе-Суусамыр-Ош унаа жолдорун куруу боюнча чечим кабыл алынган.

Бир айдан соң, ошол эле жылдын сентябрь айында аталган көлөмдүү долбоорду ишке ашыруу максатында №16 Курулуш башкармалыгы негизделген, кийинчерээк , 1991-жылы ал «Аэродромдорстрой» Акционердик коомуна айланган.

Курулуш иштери үч тилкеге бөлүнгөн, алардын ар бирине Сосновка айылындагы, Токтогул шаарындагы (ал кезде шаар тибиндеги айыл) жана Таш-Көмүрдөгү үч курулуш башкармалыктар жооп беришкен.

Жолдун курулушун баштоо иштери 1957-жылы башталган. Сегиз жыл ичинде куруучулар аянты 11 миллион  кубду түзгөн жер иштерин жүргүзгөн, алардын ичинде 7 миллион куб метр тоо таш породасы иштелип, узундугу 2 500 погондук метрди түзгөн көпүрөлөр, 13 мин миң метр узундуктагы 924 суу өткөрүүчү түтүктөр, көчкүлөргө туруктуу алты галерея жана 35 эксплуатациялык комплекстер курулган. Ишенерлик эмес, бирок азыркы Төө-Ашуунун түндүк коктусундагы  туруктуу көчкүлөрдөн сактоочу галереялар 53 жыл мурун курулган! Эске салсак, ошол эле жылы аталган ашууда узундугу 2,5 чакырымды түзгөн, азыр Көлбаевдин ысымын алып жүргөн тоннель курулган. Азыр аталган тоннельде  борбор калаа  менен облустун борборлорунун ортосунда жүргүнчү ташып иштеп жүргөн таксичилердин арасында ошол кездеги тоннельдин курулушуна тартылган адамдар кичине туура эмес  кылган иши үчүн жоопкерчиликке тартылган деген сөз бар. Чынын айтканда, бул нерсеге чын дилиңден ишенесиң, анткени ал кездерде сапат үчүн адамдар өз башы менен жооп беришчи. Ал эми сөз мынчалык маанилүү жердин курулушу тууралуу болуп жаткандыктан буга эки эсе ишенесиң. «Аэродромдорстрой» Ачык Коому аталган ишти ийгиликтүү аткаргандыгы үчүн көптөгөн мамлекеттик сыйлыктарга татыган. Борбор Азиядагы бийик тоолуу шарттарда курулган алгачкы тоннель колдонууга 1964-жылы берилген. Коңшу Тажикстандагы Гиссар тоосунда курулган Дүйшөмбү менен Хужанды байланыштырып турган мындай өтмөктөр 2006-жылдан кийин гана курулган. Жалгыз нерсе, алар Тоо-Ашуудан 2 чакырымга узун. 

Фрунзе-Суусамыр-Ош өтмөгүндөгү тоннельдер менен көчкүгө каршы курулган галереялардын курулушун атактуу москвалык метролорду курган  СУ-128 ишке ашырган. Курулуш аянтчаларындагы жардыруу иштерин СССРдин транспорт жана курулуш министрлигинин №5 Трансвзрывпромдун атайын башкамалыгынын адистери жүргүзгөн. Ал эми 97 көпүрөнүн курулушун СССРдин Главмостройунун №467 Мостпоездинин башкармалыгынын адистери көзөмөлдөгөн. Аталган стратегиялык трассанын курулушуна өлкөнүн мыкты адистери тартылган. Бул курулушту ал кездеги советтик гезиттериндн “Улуу кыргыз тракты” деп аташкан. Ал бүткүл союз боюнча өзүнө теңдиги жок бийик тоо шарттарында жүргөн уникалдык курулуш болгон, анткени курулуш иштеринин дээрлик жарымы деңиз деңгээлинен эки-үч миң метр бийиктикте жүргүзүлгөн. Белгилүү кавказ жана тажик ашуулары өзүнүн кезегин күтүп жатышкан. Мисалга, Кавказдын эң белгилүү ашууларынын бири – Рокс эксплуатацияга 1984-жылы гана берилген. Фрунзе-Суусамыр-Ош унаа жолунун маршрутуна өзүнүн оңдоп түзөөлөрүн Токтогул районундагы ГЭС дагы киргизген. Суу каптоо коркунучу бар аймакка калк жашаган аймактан сырткары 45 чакырым узундуктагы курулуп жаткан жол тилкеси жана Нарын дарыясынан өтө турчу асма көпүрөсү дагы туш келген. Андыктан 1964-жылы узундугу 76 чакырымды түзгөн келечектеги суу сактагычты айланып өтө турган жол курулган, ал эми аталган суу сактагычтын курулушу 10 жылдан кийин гана аяктаган! Жолудн курулушу суу сактагычтын курулушунан түздөн-түз көз каранды болгондуктан, аталган курулуш көптөгөн жылдарга созулган. Ошол эле жылдары Борбордук Азиянын тарыхында алгачкылардан болуп Нарын дарыясында узундугу 43,3 чакырымды түзгөн, темир бетондук тирөөчтөрү бар копуро курулган. Трассанын дээрлик бардык тилкелериндеги курулуш иштери Нарын дарыясында курулуп жаткан Гидроэлектрстанциялардын айынан 1980-жылы аяктаган.

Азыркы күндө, Бишкек-Ош жолунун бийик тоолуу аймагындагы иштеп жаткан трассасынан өтүп бара жатып,Нарын  дарыясынын аркы жээгиндеги 1965-жылы курулган эски Фрунзе-Суусамыр-Ош трассасынын суу каптаган кээ бир тилкелерин көрүүгө болот. Өзгөчө алар Кара-Көл менен Таш-Көмүрдүн тегеректкген тилкеде анык көрүнөт.

Аталган страитегиялык трассанын дагы бир масштабдык бөлүгүнүн курулушу 2000-жылы башталган. Ал үчүн 1998-жылы Бишкек-Ош жолун реконструкциялоо боюнча Генералдык дирекция негизделген, аны Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген (азыр ал коррупцияга айыпталып, камакта). Негизинен, бул жолдо тынымсыз оңдоп-түздөө иштери жүргүзүлөт, бирок жолдун сапаты андан жакшырбайт. Акыркы жылдары Көлбаев атындагы тоннелдин ичиндеги желдетүү боюнча көп нааразычылыктар туулууда.

Бишкек-Ош стратегиялык трассасы- жөн гана түндүктү түштүк менен байланыштыпрып турган жол эмес, бул Төө-Ашуу аркылуу кеткен Тянь-Шандын жүрөгүнө өтө турчу эң кыска жол. Акыркы жылдары аталган трасса Ош-Хорог жана Исфана-Худжант жолдорун бириктирип, эл аралык мааниге дагы ээ болду. Эки жылдан кийин Бишкек-Ош унаа трассасы чоң мааракесин белгилейт. Дал 55 жыл мурун ал эксплуатацияга берилген. Балким, Төө-Ашууда анын биринчи куруучулрынын элесине арналган илмек орнотуу керек? Биз министрлерди гана эмес, бул жолду курган жөнөкөй куруучуларды дагы эске алуубуз керек, анткени алардын эмгегинин арты менен биз түндүк Тянь-Шандын каардуу ашууларын жылуу-жумшак өтүп жатабыз.

Алмаз Исманов

Трранспорт жана жолдор министрлигини архивдик сүрүттөрү 

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине