Эмгек миграциясы жана үй-бүлөлүк баалуулуктар

23:15, 23 Марта

Эмгек миграциясы -  ар бир үй-бүлө үчүн сыноо. Кыргызстандыктардын арасында балдарын улгайган ата-энесине таштап, чогуу жумушка барган жубайлар көп. Кимдир бирөө акча таап, үй сатып алганга жетишсе, экинчилери мындай курмандыктарга чалынса дагы, каржылык абалын оңдой албай келишет.

Үч үй-бүлө - үч окуя

Чыныбек байкенин уул- келини жети жылдан бери эмгек миграциясында.

«Улуу балам келини менен Россияда, Уренгой шаарында иштешет. Ал жүк ташуучу компаниянын айдоочусу, келин болсо дүкөндө сатуучу. Алардын  13 жашар кызы жана 3 жашар уулу биз менен жашашат. Уулум менен келининимдин миңдеген мигранттардын катарына кошулуп жумушка кеткендигинин себеби- жумушсуздук. Эмнеге? Себеби биздин бийлик ушул жылдар аралыгында элдин жашоосуна көңүл бурбай келген. Мурда заводдор, фабрикалар болгон, адамдар туруктуу жумушка орношчу, азыр андай эмес. Ошентип, балдарым жумушсуздуктун айынан Россияга кетип калышты », - дейт Чыныбек Супатаев.

Канышай Содкинова жолдошу менен эмгек миграциясына биринчи жолу 12 жыл мурун  тогуз айлык уулун энесине таштап коюп кетишкен. Андан бери, ал күйөөсү менен иш жүзүндө эмгек миграциясында жашап, мекенине дагы бир ымыркайды төрөө үчүн гана кайтып келип турушкан.

«Ошол учурда, 2009-жылы биз жумушка уруксат алышыбыз керек болчу. Буга чоң акча керек эле, полиция текшерет деп коркчубуз. Биринчи жолу биз белгисиздикке карай бардык, эч кандай жумуш же тааныштар жок эле. Бизден тышкары дагы 15 мигрант жашаган батирге кирдик. Бир киши жаткан жерге экөөбүз жатчыбыз. Дайыма ызы-чуу болуп турчу, анткени бирөөсү жумуштан түндө келет, бирөөсү күндүз келет, алар бири-бири менен урушат. Жумуш издөө кыйынга турду. Мен баардык эшиктерди каккыладым. Жыйынтыгында ресторанга тазалоочу болуп жумушка орноштум. Кийинчерээк администратор мени орусча жакшы билеримди клкустан байкап калыптыр. Ал ресторанда негизинен монгол улутундагы кыздар тейлөөчү болуп иштешчү. Мен алар менен салыштырганда, орус тилин жакшыраак билип калдым. Администратор мени официант катары иштөөгө өткөрүп, баарын үйрөттү. Андан кийин мен улуу официант болдум, андан кийин администратор болуп көтөрүлдүм. Ошол жылдар бою бир ресторанда туруктуу эмгектендим. Мен туруктуу болгондуктан, мага ишеним көрсөтүштү. Бир аз акча топтоп, үйгө келип жер тилкесин сатып алдым. Төрөтүүн маалы дагы келип калды. Бирок үй куруп бүтүрүш керек болчу. Ошондуктан жлджошум экөөбүз жаңы төрөлгөн кызыбызды апама таштап коюп, кайра кайтып келдик. Бактыга жараша, жолдошум муниципалдык кызматка кирип калды. Биз үчүн эң чоң плюс, алар жатаканаларда бөлмө беришти. Андан кийин үчүнчү балабыз төрөлөрдө кайтып келдик. Үчүнчү жолу, жолдошум экөөбүз эки жыл катары менен штедик. Балдарыма жардам берген ата-энемге абдан ыраазымын. Кудайга шүгүр, азыр үйүбүз, унаабыз бар. Мунун баарын мен эмгек миграциясында жүргөндө таптым. Бул жерде акча таба алат белем, билбейм анткени Кыргызстанда эч кандай иш жок", - дейт 32 жаштагы Канышай.

COVID-19 пандемиясы Канышайды жана анын күйөөсүн үйүнө кайтууга аргасыз кылган. Бул жерде ал төртүнчү наристесин, кызын төрөгөн.

Мына дагы бир окуя. Майрам Таджибаева дагы үч жылдан бери жолдошу менен эмгек миграциясында. Пандемия баштала электе ал үйүнө кайтып келген, ал эми күйөөсү карантин учурунда жумушсуз, оокатсыз калып калган.

«Жолдошум айрым эмгек мигранттарыбыз менен ижарага алынган батирде жумушсуз калышты. Жолдошумдун температурасы көтөрүлүп, тез жардам чакырышса, дарыгерлер келип укол сайып, кетип калышыптыр. Жолдошум менен чогуу жашаган адамдар оору аларга дагы жугат деп коркуп, дарыгерлерден аны алып кетүүнү суранышыптыр. Бирок дарыгерлер баш тартып, алар өзүлөрү дарылап, парацетамол ичкиле дептир. Күйөөм өзүн-өзү дарылаган. Акыркы жолу телефон менен видео чалуу аркылуу сүйлөшкөндө ал ооруп жаткан. Жолдошумдун дене табы көтөрүлүп, катуу ооруду мен ал үчүн аябай корктум, бирок эч нерсе кыла алган жокмун”, - дейт Майрам.

Майрамдын жолдошу былтыр күзүндө гана Кыргызстанга кайтып келген. Бирок бул жерде ал жумуш таба албай жатыптыр.

Балдарды алардын келечи үчүн таштап кетишет...

Кыйынчылыктарга карабастан, эки аял тең балдарын калтырып, эмгек миграциясына кетүүгө даяр.

«Мен кетким келет. Ал жакта менин жумушум бар, чакырып дагы жатышат, бирок мен балдарды жөн эле алып кетип кала албайм. Улуусу 13 жашта, кыздарым 11 жана 7 жашта, кичүүсү жакында эки жашка чыгат. Бул менин мен бир жыл бою карап жаткан биринчи балам, ошондуктан азыркыга чейин  эмизип келем. Башкаларын мен бир жылга чейин таштап кетчимин... калтырып кетүүгө аргасыз болчумун ... Улуу балдарымды кичүү кызымдын жаш курагындакөргөн жокмун. Эми жолдошум экөөбүздүн эң кенжебиздин сүйлөшүп, баса баштаганын көргөнүбүзгө кубанычтабыз, ал өзү көчөгө сейилдөө үчүн куртка алып келет, - деп жылмаят Канышай.

- Башка балдарыңыз сиз аларды калтырып кеткениңиз үчүн таарыныштыбы?

- Алар: "Бизде бир нерсе жок болсо мейли, бирок сен кетпечи", - дешет. Мен аларга акча берем, алар кетпешибиз үчүн коротушпайт, - деп мойндайт, ал көз жашын сүртүп. - Жакында балдар жогорку окуу жайларына тапшырат. Биз алардын контрактыларын төлөшүбүз керек. Жолдошум экөөбүз мектепти  гана бүткөнүбүзгө карабастан, балдарыбыздын билимдүү болушун, жакшы жумуштарда иштешин каалайбыз. Бизге окшош эмес, бизден жакшы болушса дейбиз. Саякашса дейбиз...

Майрам дагы үч кызын таштап, жумушка кетүүгө даяр.

- Эгерде билеттер арзаныраак болсо жана жумуш бар болсо, анда мен кубануу менен жумушка бармакмын. Себеби балдар кичинекей кезинде, алардын келечеги үчүн азыр бир нерсе жасоо керек.

- Балдарды кимге таштап кетчиңиз эле?

- Чоң энелерине. Алар абдан жакшы карашчы. Менин апам жана кайненем. Алар бизге көп жардам берди. Аларга тамак-аш сатып алышсын, электр энергиясына, сууга жана башка чыгымдарды төлөшсүн деп акча жөнөтүп турчубуз.

- Бир нерсе тапканга жетиштиңизби?

- Жок. Азыр деле ижарага алынган батирде жашайбыз. Өз үйүбүз жок. Эгер мүмкүнчүлүк болсо, жолдошум экөөбүз кетмекпиз. Балдар мектепте жүргөндө. Жакында алар университетке барат. Менин үч кызым бар. Андан кийин аларды турмушка бериш керек. Мунун баарына акча талап кылынат. Биз дагы ал жакка барышыбыз керек. Биз чын эле барып акча тапсак деп билеттердин баасын арзандашын күтүп жатабыз. Ал жерден тазалоочу болуп иштеп, 20 миң алчымын. Бул мен үчүн абдан жакшы эмгек акы. А бул жерде алар мени жумушка алышпайт, мен эч жерде иштебейм.

Кыргызстандагы көптөгөн үй-бүлөлөр эмгек мигранттарынын жардамы менен жашап жаткандыгына карабастан, Чыныбек Супатаевдин айтымында, бул көрүнүштүн артыкчылыктарына караганда кемчиликтери көп.

«Абал терс жакка жүрүп жатат. Эмгек миграциясы бул биринчи кезекте чет мамлекет. Ал жакта алардын өзүнүн мыйзамдары, иштөө шарттары, атүгүл климаты дагы башкача. Мунун бардыгы биздин балдардын ден-соолугуна жана психикасына таасир этет. Эң чоң кемчилиги - 18-30 жаш курактагы аялдар, бала төрөөгө келген убагында анын ордуна аргасыздан иштешет. Алар төрөй алышпайт. Ошондуктан, биздин калк азайып баратат. Бирок плюстар дагы бар - ал жакта биздин жаштар окушат. Башкача айтканда, Россияда жана чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн жаштарыбыз - биздин инвесторлор. Кайтып келишкенден кийин, алар бул жерде ишкана ачышат. Кыскасы, биздин мигранттар мамлекетибизге пайда алып келишет”, - дейт Чыныбек байке.

Эмгек мигранттары жана бийлик органдары үчүн кеңештер

Кыргызстандын ар бир аймагында эмгек мигранттарына укуктук билим берүүнү жайылтуучу уюмдар бар. Чүй облусунда “Коомдук интеграция” коомдук уюму миграцияга чейинки тренингдерди өткөрөт.

Уюмдун кызматкерлеринин байкоолоруна ылайык, эмгек мигранттары көбүнчө өздөрүн "кара тизмеде" текшерип берүү өтүнүчү менен кайрылышат.

“Жамааттардын интеграциясы” бейөкмөттүк уюмунун адиси Айымжан Иманалиева: "Россияга иштегени барууну каалагандар көп. Бардыгы жумуштун жоктугунан барышат. Көпчүлүгү даярдыгы жок кетишет. Биздин уюм аларды окууга чакырат, бирок алар бардыгын билем деп жазышат.Россия үчүн биз чет элдик жарандар экенибизди, 30 жылдан бери биз көз карандысыз, суверендүү мамлекет болгонубузду, ал жерде мыйзамдар бар экендигин жана Россия Федерациясы өз мыйзамдары менен жашап жаткандыгын баары эле түшүнө бербейт.

Ал жерде бир нече мыйзамдар бар, эгерде чет элдик жаран эки же андан ашык административдик укук бузган болсо, анда анын өлкөгө киришине тыюу салынат. Алар кандай мыйзам бузуулар болушу мүмкүн? Алкоголдук ичимдиктерди ичүүдөн же коомдук жайда тамеки тартуудан баштап, жол эрежесин бузганга чейин. Андыктан, кымбат билет сатып алаардан мурун сөзсүз түрдө өзүңүздү тизмеден текшерип, кирүүгө тыюу салынгандардын катарында жок экениңизди билип алыңыз."

Канышайдын дагы эмгек мигранттарына берген кеңеши бар.

«Эмгек миграциясында жүргөндө, туруктуу болуш керек. Көптөгөн балдар жана кыздар мектепти аяктап, ал жакка барышат жана бир аз акча иштеп табышаары менен, ата-энесинин көзөмөлүсүз, алар акчасын ары-бери кооз жашоого, кафеде же кооз кийимдерди сатып алууга коротушат. Акчаңызды үнөмдөгөн жакшы. Экинчи кеңеш – жамаатыңыз менен менен достук мамиледе болуңуз. Сиз чет өлкөдө экениңизди унутпаңыз. Бардыгы менен достук мамиледе болуңуз. Жана жетекчилик менен тил табышыңыз ”, - деп Канышай өз тажрыйбасы менен бөлүшөт.

Жакында эле депутат Акылбек Жапаров биздин жарандарды эмгек миграциясына поезд менен жөнөтүү жөнүндө сөх кылган.

Бул жагдайга Чыныбек байке катуу нааразы: “Эмне үчүн депутаттар биздин жарандарды жөнөтүү жөнүндө ойлонушат, эмне үчүн биздин эмгек мигранттарын тескеринче алып калып, аларды жумуш менен камсыз кылуу, биздин өлкөдө жаштарыбыз иштей турган заводдорду жана ишканаларды ачуу жөнүндө ойлонушпайт? Биздин депутаттар жана мамлекеттик кызматкерлер өзүлөрүнүн жеке иштери менен гана алектенишет. Мен аларга өзүлөрү жөнүндө гана эмес, ар бир жаран жөнүндө ойлонууга кеңеш бергим келет"дейт.

Ал эми Майрам президентке түз кайрылып: “Урматтуу Президент! Элибиздин жакшы жашоосу үчүн бир нерсе жасаңыз, жок дегенде ал жакка барып акча табууга билеттердин баасы арзандаса жакшы болмок. Москвалыктар бизге жаман мамиле жасашса дагы мейли, бизге акча табууга мүмкүнчүлүк беришсе эле болду. Биздин балдар жакшы тамактанып, жакшы кийиниши үчүн, алар билим алышсын "деди.

Даярдаган Лейла Саралаева

 
© Новые лица, 2014–2021
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине