Айбек Калиев: «Биз биринчи кезекте эркек жана мусулман бойдон калышыбыз керек»

17:48, 18 Апреля 2019

2018-жылдын январь айындагы Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги аварияга карата козголгон кылмыш ишин кароо аягына чыгып калды. Тараптар жарыш сөздөр менен чыгшты.

Жакында сот «Шалаакылык» айыбын таккан Улуттук энергохолдингдин мурунку жетекчиси Айбек Калиевге сөз берди. Өз сөзүндө Калиев, ага тагылган айыптар ЖЭБдеги авария үчүн кызматтан алынып, таарынып калган бир адамдын жалган көрсөтмөлөрүндө негизделгендигин билдирди. Өз сөзүндө ал бул иш боюнча да өтүп жаткан, бирок боштондукта жүргөн Бишкекттин ЖЭБинин мурунку жетекчиси Өмүркул уулу Нурлан тууралуу айтты.

Сүйлөп жатып, Айбек Калиев ал Улуттук энергохолдингдин башкармалыгынын төрагасынын кызматын 2016-жылдын 29-январынан 2018-жылдын 10-апрелине чейин ээлегендигин билдирип, өзүнүн функционалдык милдеттерин атап өттү.

«УЭХК» ААКнын Уставы жана жоболоруна ылайык, Улуттук Энергохолдингдин башкаруусунун төрагасынын ишкананы жетектөөдө бир катар чектөөлөрү бар. Төрага, биринчиден, Башкаруунун иш-алып баруусун жана Коомдун ишмердүүлүгүнө оперативдүү башкарууну жүргүзөт. Экинчиден, анын милдеттерине кирген жана башкаруунун мүчөлөрү менен биргеликте баардык кызматкерлер тарабынан аткарыла турган буйруктарды, токтомдорду жана башка актыларды чыгарат. Үчүнчүдөн, Коомдун атынан анын кызыкчылыктарын башка мекемелерде көрсөтүп, Коомдун чарбачылык ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерди чечет. Төртүнчүдөн, Коомдун Башкаруусун жетектеп, анын отурумдарында төрөагалык кылат. Бешинчиден, Коомдун Жалгыз акционери, Коомдун Башкаруусунун анын милдеттеринин алкагында чыгарылган чечимдердин Коомдун Уставы жана ички документтерине ылайык аткарылышын көзөмөлдөйт.

Ага карата туунду компаниялардын кызыкчылыктарына каршы келген иш аракеттерди жасаган деген, биринчи айып тууралуу айтып жатып, Калиев анын Башкаруунун Төрагасы ирээтиндеги милдеттери андан туунду ишканалардын, анын ичинде «Электр тармактары» ААКнын  күнүмдүк иштерине кийлигишүүнү  эмес, стратегиялык максаттарды чечүүнү талап кылгандыгын белгиледи.

«Бул кызматта иштеп турган убакыттын ичинде мен туунду коомдорго стратегия киргизе алдым, мунун жардамы менен өлкөнүн бүтүндөй энергетикалык системасы жакшырып, суу-энергетикалык режимди оптимизациялоодо жана каржылык дефицитти турукташтырууда жылыштар болду. Мисалы, 2016-жылы каржылык каражаттардын дефицити 7,8 миллиард сомду түзгөн.  Оптимизпциялоого багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө бул көрсөткүч 2,6 миллард сомду түзгөн. 2015-жылдан берки төмөндөө 6,6 миллиард сомду түздү. Бул иш-чаралардын баардыгы Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги майдын үнөмдөлүшүнүн эсебинен жасалды, натыйжасында:

1) Суу-энергетикалык режимди оптимизациялоо- 824,5 млн сом;

2) Башкаруунун санын оптимизациялоо- 200 млн сом;

3) Жоготуулардын деңгээлин төмөндөтүү 302 млн сом;

4) Реализацияланган электр энергиясы үчүн коюлган тарифтин орточо баасынын өсүшү- 633 млн сом;

5) Элекр энергиясынын экспорттолушу- 1 887,9 млн сом;

6) Алынуучу майдын көлөмүнүн төмөндөшү- 1 440,9 млн сом;

7) Электр энергиясын экспорттоодон баш тартуу- 1 071,3 млн сомду үнөмдөлдү.

Муну менен, «УЭКХ» ААКнын менин жетектөөм алдында жасаган иш-аракеттери туунду ишканаларга, алардын ичинде «Электр тармактарына» дагы 2016-2017-жылдары өз ара каржылык-чарбачылык ишмердүүлүгүн жүргүзүп, ал тургай күз-кыш жылуулук сезонуна ыңгайлуу шарттарда даярдык жүргүзүүгө мүмкүндүк берди»,-деди сотто Айбек Калиев.

Өз сөзүнүн ал «Мага карата туунду ишканалардын кызыкчылыктарына каршы келген иш-аракеттерди жасоо жана өз милдеттери менен аша чабуу боюнча тагылган айыптар  чындыкка дал келбейт, алар мени айыпка салуу үчүн эле жалган-жалаа менен айтылып келет жана мыйзам ченемдерине дал келбейт»,-деп тыянак чыгарды.

Өкмөттүн күз-кыш жылытуу сезонуна даярдык көрүү боюнча буйругуна баш ийбегендиги үчүн тагылган айыпка Калиев төмөнкүдөй жооп берди: «Өкмөттүн «Күзгү-кышкы жылуулук сезонуна даярдык көрүү» тууралуу токтомуна ылайык, 2017-жылдын 10-майынан тарта «УЭКХ» ААК алдында жылуулук сезонун ийгиликтүү өткөрүү боюнча стратегиялык маселелер коюлган. ЖЭКтин ишканаларында күзгү-кышкы жылуулук сезонуна даярдык көрүү боюнча штабдар пайда болгон, «УЭКХ» ААК ай сайын селектордук жана башка форматтагы чогулуштарды өткөрүү аркылуу жылуулук сезонуна карата жүргүзүлүп жаткан даярдыктарга мониторинг жүргүзүп турган. 2017-жылдын декабрь айынан тарта селектордук чогулуштар тасмага жазылып турган.

Улуттук энергохолдингдин мурунку жетекчиси «УЭКХ» ААК суу-энергетикалык режим программасын ишке киргизип, анын жардамы менен колдонула турган энергиянын прогноздоруна негизделген 2017-жылдын жана 2018-жылдын биринчи кварталына карата Токтогул суу сактагычынан алынуучу суунун  суу-энергетикалык режимдерин колдонууга карата апта сайын эсеп жүргүзүп тургандыгын билдирди. Жылуулук сезону маалында электр энергиясынын региондорго жана уюмдарга бөлүштүрүүчү электр ишканаларынын бөлүү боюнча планына оңдооллр киргизилип турган.

Республиканын энерго системасынын Борбор Азия республикаларынын бирдикүү энергетикалык системасынын курамында туруктуу иш алып баруусун камсыздадык. Бул жагдай электр энергиясын коңшу мамлекеттерге экспорттоп, Бишкек жана Ош шаарларынын  ЖЭБдери үчүн күйүүчү майды даярдоого шарт түздү.

«Жана мен буга чейин белгилеп өткөндөй, энергетикалык системанын туруктуу каржылык абалы «УЭКХ» ААКнун жетекчилиги алдында көмүрдүн, мазуттун жана газдын жетиштүү көлөмүн алып, уюмдар үчүн берилчү электр энергиясын лимитинен көп көлөмдө берүүгө шарт түздү.

Анын үстүнө, ЖЭБ, ГЭС жана электр жылуулук тармактарын 2017-2018-жылкы жылуулук сезонуна даярдоо милдети энергетикалык ишканаларга гана жүктөлгөн»,-деп белгиледи Айбек Калиев.

Өз сөзүндө Калиев тергөө жалгыз гана УЭКХге тиешелүү эмес, жеке ага да тиешелүү чындыкка дал келбеген, ойдон чыккан милдеттерди чыгаргандыгын белгледи. Ал эми кээ бир фактылар боюнча Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария жана 2017-2018-жылдагы жылуулук сезонуна даярдык жүргүзүүдөгү башкы күнөөлүү кылуу үчүн  анын ролу жана орду, функциялары  тууралуу маалыматты атайлап бурмалап жиберишкен деди.

«Бул жерде тергөөнүн тыянактары туура эмес,-деди Калиев сотто, - мен Республикалык штаб алдында жылуулук сезонуна карата даярдыктар тууралуу отчет берип жатып, өзүмдүн кызматымды шалаакылык менен аткаргандыгымды, ЖЭБдин жакшы иштеп жаткандыгы тууралуу көрүнүш гана пайда кылганымдыгы тууралуу айтылган фактылар калп. Бул тыянактар «Электр тармактары» ААК ички документтери болуп саналган «Энерго ишкананын жылуулук созонуна карата даярдыгына баа берүү» тууралуу жобосунда негизделген. Бул факт тергөө өзү ойлоп тапкан айыптарына тастыктоо берүү үчүн мени мен билбеген милдеттеримди аткарбагандыгым үчүн айыптап жаткандыгынан кабар берет. Тергөө сотту жана коомчулукту атайлап адаштырып,  авариянын чыныгы себептери жана күнөөкөрлөрү тууралуу маалыматты жашырып, ишти саясатташтырып жатат».

Калиевдин билдирүүсүндө, жылуулук сезонуна карата жүргүзүлгөн даярдыктарга мониторинг жүргүзүү үчүн, ал № 59 буйрукту чыгарып, ага ылайык жумушчу топтор түзүлгөн. Туунду ишканалардын катышуусунда 15 селектордук чогулуш өткөрүлгөн.

«ЖЭБдеги авария учурунда жылуулук сезонуна карата даярдыкка карата өткөрүлнөн чогулуштарда  туунду ишканалар, анын ичинде «Электр тармактары» ишканасы жана анын филиалы Бишкектин ЖЭБи жылуулук сезонуна карата даярдыктар ийгиликтүү өтүп, мүчүлүштүктөр жана кемчиликтер болгондугу, чатыр салынбай же айнек тагылбай калгандыгы тууралуу маалыматтар берген эмес. Селектордук чогулуштардын тасмалары бар. Жана соттук териштирүүнүн алкагында каралган селектордук чогулуштун тасмасын көрүү учурунда, 2018-жылдын 23-январы, күн муздай тураар убакыттын алдында, андагы Бишкектин ЖЭБинин филиалынын жетекчиси Өмүркул уулу Нурлан баардык туунду ишканалардын катышуусунда, Улуттук энергохолдингди Бишкек ЖЭБи суукка даяр экендиги тууралуу ишендиргендигин көрүүгө болот. Бул тасма менде шектенүүгө себеп болбогондугунан кабар берет, анткени мен ЖЭБ жетекчисин кесипкөй адам деп эсептегем. Бул тасма тергөөгө 2018-жылдын март айында берилген. Бирок алар аны кылмыш ишинин материалдарына атайлап эле киргизбей коюшкан»,-деп билдирген сотко Айбек Калиев.

Айбек Калиевге карата тагылган дагы бир айып жокко чыгууда, анткени Улуттук энергохолдингдин дарегине алар ЖЭБдин чатырын жабууда жана айнектөөдө жумуштар үзгүлтүккө учурагандыгы тууралуу эч кандай маалымат бербегендиги тууралуу маалыматты улуттук энергохолдинг расмий түрдө тастыктаган.

Айбек Калиев башка айыпталуучулар менен атайлап сүйлөшүп алгандыгына карата тагылган айыпка калиев төмөнкүдөй жооп берди: «Мени «Электр тармактары» жана Бишкектин ЖЭБинин жетекчилиги менен атайылап сүйлөшүп алган деп айыптап жатышат. Бирок бул факт далилденген эмес. Соттук процесс учурунда ЖЭБдин жетекчиси Өмүркул уулу Нурлан казан цехинин сменасынын жетекчиси жана станциянын сменасынын жетекчиси, Джаманкуловдор анын жакын туугандары экендигин билдирди. Бул үй-бүлөөлүк кландуулук деп аталат. Ошондуктан, мурунку жетекчи өз туугандарын сактап калып, өзүнүн көтөрө турчу жоопкерчилигинен кутулуу үчүн күнөөнү жаңы энергоблокторго оодарып, коомчулукту адаштырып жатат. Кылмыш ишинде эч кандай беттештирүү жок. Бул тергөөнүн бейкалыс мамилесин дагы бир ирет тастыктап жатат».

Ага карата берилген жалган көрсөтмөлөр тууралуу Айбек Калиев: «Балким ал адам ага жүктөлгөн жоопкерчиликти түшүнбөй жатат, бирок биз биринчи кезекте адам жана мусулман бойдон калышыбыз керек»,-деп жооп айтты.

Айбек Калиевдин айтымында, бул фактыларды эске алуу менен тергөө анын ЖЭБдеги аварияга тиешеси бар экендигин далилдей албайт. Буга байланыштуу ал соттон ага карата козголгон кылмыш ишин токтонууну суранды.

 Өздүк маалымат 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине