«СОРОС-КЫРГЫЗСТАН» Фондунун ЖК депутаттарына кайрылуусу

14:37, 23 Июня 2020

«Сорос-Кыргызстан» фонду бейөкмөт уюмдардын отчеттуулугу боюнча негизсиз жана ашыкча талаптарды таңуулаган мыйзам долбооруна байланыштуу тынчсыздануусун билдирет. Фонд бул мыйзам долбоору бейөкмөт жана жарандык уюмдардын натыйжалуу иштөөсүнө тоскоолдук түзүүгө багытталган деп эсептейт. Анткени отчеттуулук жана таза иш алып баруу ансыз да бул уюмдардын ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгү болуп эсептелет.

Бейөкмөт уюмдар глобалдык жана жергиликтүү кризистерге каршы күрөшүүдө мамлекетттин эң натыйжалуу өнөктөшү болуп келет. Муну COVID-19га байланыштуу азыркы кырдаал ачык айгинеледи. Бейөкмөт уюмдар бир гана колунда бар ресурстарды мобилизациялоодон тышкары калктын жашоосуна керектүү кызматтардын бардыгын көрсөтүп келишет. Алардын ишмердүүлүгү так, таза жана ачык жүргүзүлөт.

Фонд ошондой эле сөз эркиндигин чектеген жана маалыматка ээ болуу укугун басмырлаган  «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө»мыйзам долбоору боюнча тынчсыздануусун билдирет. Бул мыйзам долбоору Кыргызстан жарандарынын конституциялык укуктарын түз жана одоно бузат. Ошондой эле жарандардын фундаменталдуу укугу катары эсептелеген сөз эркиндиги боюнча эл аралык милдеттенмелерди жана макулдашуулары сакталбайт.

Сөз эркиндиги Кыргызстандын эң баалуу жетишкендиги жана мына ушул фактор гана өлкөнү аймактагы эң ачык жана демократиялуу мамлекет катары өзгөчөлөнтүп турат.

Сөз эркиндигин чектөө, коомдук талкуу өткөрүү тажрыйбаларын басуу, цензура киргизүү коомдук жана саясий чыңалууну күчөтөт.

Азыркы оор жана өлкө үчүн кыйчалыш учурда бардык аракетти экономиканы калыбына келтирүүгө, эпидемияны ооздуктоого, начар абалга кептелген саламаттык сактоо системасын колдоого жумшашыбыз керек.

Кризис маалында жарандык коомго болгон көзөмөлдү күчөтүү, сөз эркиндигин чектөө боюнча катаал чараларды киргизүү абалды оорлоштуруп, бийлик менен коомдун ортосунда конструктивдүү диалог жүргүзүү аракетин жокко чыгарат. Мындай диалог демократиялык мамлекеттин өнүгүшүнүн фундаменталдык элементи болуп саналат.

Кризис шартында биздин коом мурдагыдан эки эсе тилектештикке, колдоого, жардамга муктаж. Биздин биргелешкен аракетибиз бул кризистен ынтымактуу чыгууга жумшалышы керек эле. Бирок өлкөдө дискриминацияга жана чектөөгө багытталган мыйзам долбоорлору көтөрүлүп жаткан маалда көп нерсени ишке ашыруу дээрлик мүмкүн эмес.

"Сорос-Кыргызстан" Фонду Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин депутаттарына жарандык коомду колдоп берүү өтүнүчү менен кайрылат. Фонд ошондой эле аталган мыйзам долбоорлору Кыргызстандын демократиялык өнүгүшүнүн, адилеттиктин, туруктуулуктун пайдасына четке кагылат деген үмүттө экенин билдирет.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине