«Жаштар үйүнүн» күнүмдүк жашоосу

13:31, 10 Февраля 2020

Балдар үйүнүн алты бүтүрүүчүсү жашап жаткан «Жаштар үйүндө» ар бир күндүн тартиби бар. Тартиптин аткарылышын социалдык жумушчулар көзөмөлдөйт.

20 жылдык педагогикалык тажрыйбасы бар Бейбитгүл Алиева «Жаштар үйүндө» ал ачылган күндөн тарта иштейт.

Кыздар менен тил табышуу үчүн ал абан аракет кылды, бирок азыркы күнгө чийин кыздардын баардыгы эле толук ачылган эмес.

«Бул убакыттын иши. Көпчүлүгүнүн тагдыры татаал, алар көп нерсени көрүшкөн. Мен аларды жадатпайм. Убакыт өткөндөн кийин алар өздөрү ачылып, аларды сарсанаа кылган нерселери менен бөлүшүп, ички дүйнөсүндө эмне болуп жаткандыгын айтып беришет. Мезгил- мезгили менен кыздарга психолог келип, алар менен иштеп, кеңеш берип турат»,-дейт Бейбитгүл.

Балдар үйлөрүндө чоңойгон балдар мугалимдердин каарынан башка эч нерсесин көргөн эмес. Ошондуктан алар Бейбитгүлдүн жумшактыгын көргөндө, ага ишенип, кучактап, анын көңүлүн бурууга аркет кылышат.

«Жаштар үйүндө» долбоордун катышуучулары аткарууга милдеттендирилген эрежелер бар. Биринчиси, алар сөзсүз түрдө окуу жайында окуусу керек. Сабакты калтырбай, жакшы окуусу зарыл. Экинчиси, тазалыктын жана кезметчиликтин аткарылышы. Үчүнчүсү, үйгө 21.00дөн кеч эмес кайтып келүү керек.

«Эгерде кандайдыр бир себептерден улам кармалып жатсаң, сөзсүз түрдө социалдык кызмакерди маалымда. Мен муну абдан дыкат карйм»,-дейт социалдык кызматкер. Ошондой эле ал кыздарга балдар жана кыздардын ортосундагы мамиле куруу, мыкты билим алуунун жана үй-бүлө куруунун зарылдыгы тууралуу түшүндүрүп берет.

Социалдык кызматкерлер «Жаштар үйүнүн» келип кетүүлөр китебин жүргүзүшөт. Ар бир кардар аты жөнүн, иштеген жерин, убактысын жана келген максатын жазып кетиши керек.

«Жаштар үйүн» социалдык жана укук коргоо органдары такай текшерип турушат. Жергиликтүү милиция кызматкери же балдар инспектору жумасына жок дегенде бир жолу келип, баары жакшы экендигин көрүп кетет.

Жакында эле «Жаштар үйү» туруктуу иштеп жаткандыгын аткаминерлер жана журналисттер көрүшү үчүн ачык эшиктер күнү уюштурулду. Кыздар эч нерсеге муктаж болбогондугу көпчүлүгүн таң калтырды.

«Биздин өнөктөштөр- «Куликовский»,  «Риха», «Лион» жана Тайланддын консулдугунун жардамы менен кыздар менен балдар такай жаңы азык-түлүктөрү менен камсыздалып турушат»,-дейт «Жетим балдардын укуктарын коргоо» Коомдук Фондунун жетекчиси Игорь Беляев.

Окуудан сырткары «Жаштар үйүнүн» катышуучулары күнүмдүк нерселерге дагы үйрөнүшөт. Мисалы, токоч жасаганды же лагмандын кесмесин чойгонду.

«Мен балдар үйүн жаңы аяктаганда дүкөндөн азык-түлүк алганды, бир күн, бир жумага бюджетти эсептегенди билчү эмесмин. Социалдык кызматкерлердин жардамы менен быйыл мен көптөгөн нерсени үйрөнө алдым»,-дейт Жазгүл.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине