«Жаштар үйү» долбоорунун катышуучуларынын ден-соолугун ким карайт?

14:27, 10 Февраля 2020

Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгүнүн ден-соолугу менен көйгөйлөрү бар. Алардын айтымында, негизинен, алардын ден-соолугун карап, пландык эмдөө, текшерүүлөрдү жүргүзүп келишкен. Бирок ден-соолукка өз алдынча кантип кам көрүү керек экендигин алар билишпейт. Андан сырткары, балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнүн туруктуу жашоочу жери жок болгондугуна байланыштуу, алар поликлиникаларга учетко тура алышпайт. Алар көпчүлүк учурда оруусу тууралуу билбей жүрө берип, киийн өмүр бою кыйналышат. Ден-соолуктун начарлыгы жакшы жана толук кандуу жашоого болгон дагы бир тоскоолдук.

Жаштар үйүндөгү балдардын ден-соолугун Ново-Покровка айылынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун дарыгерлери көзөмөлдөйт.

Аталган мекеменин жетекчиси Жылдыз Жунушалиева айтат: «Бул балдар бизге 2018-жылдын жайында келишти. Алардын ичинде 6 бала жана 8 кыз бар. Алардын жетекчиси Игорь Беляев келип, бул балдар балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү экендигин түшүндүрдү. Балдарды учетко коюуну суранды. Алар биздин участокто тургандыгына байланыштуу, биз аларды кароодон өткөрдүк. Кээ бир кыздардан кан аздык жана башка оорулар табылды. Бул жылы ооз көңдөйүн текшерип, муктаждардын тиштерин дарыладык. Белгилей кетсем, эгер кыздар -балдардын бири ооруп калса, биздин дарыгерлер  аларды кароодон өткөрүп, дарылоо өткөрүшөт. Баардыгы бекер, уколдоруна чейин».

Тиш доктурга баруу ишемби күнгө белгиленген, ал күнү балдар эс алышат.Аларды социалдык кызматкерлер коштоп барат. Бул негизинен моралдык колдоо иретинде. Балдар менен кыздар чоң болсо да, тиш доктурга барганда ар бир эле адамга колдоо керек.

Тиш доктур Насип Кыдырмаев айтты: «Биз балдардын баардыгын карап чыгып, сегизөөнө дарылоо дайындадык. Алардын ооз көңдөйү менен тиштеринин абалы  канааттандыраарлык. Бирок тиштери идеалдуу абалдагы бир дагы кыз же бала болгон жок. Эгерде тиштери жакшы болсо, оозунун же таңдайынын кандайдыр бир көйгөйлөрү бар. Белгилей кетсем, биздин республикада тиштерин алдын ала текшерткен эч ким жок, алар оору өтүшүп, катуу ооруп жатканда келишет».

Кароо жана дарылоодон сырткары Насип Кыдырмаев балдарга ооз көңдөйүнүн гигенасы, тиш оорулары жөнүндө айтып берип, кеңештерди берди.

«Балдардын тиштеринин абалын көрүп, эгерде балдар үйүндө аларды тиш доктуру караса дагы, абдан начар же аз караган деген жыйынтыкка келүүгө болот. Саламаттык сактоо министрлигине балдар үйлөрүндөгү балдардын тиштерине көбүрөөк көңүл бургула деп айтат элем. Ал эми чоңойуп калган бүтүрүүчүлөргө жылына эки жолу пландык текшерүүгө келгиле деп айтаар элем»,-дейт тиш доктур.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине