Тигүүчү цехинин ачылышы

12:52, 10 Февраля 2020

Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү тигүүгө үйрөнүп, андан ары жумуш менен камсыз боло алышат. «Жетим балдардын укуктарын коргоо» Коомдук Фондунун жетекчиси Игорь Беляев бир жылдан бери тигүүчү цехин ачуунун үстүндө иш алып барып келген.

Долбоорду «МАМ» ААКы демөөрчүлөп, 9 тигүүчү машинесин алууга каражат бөлүп берген.

Ошондой эле «Лион», БТА-банк жана «Бакай» банкы ишканалары дагы олуттуу жардам көрсөтүшкөн.

«Жаштар үйү» долбоорунун катышуучулары тигүүчү цехинин биринчи жумушчулары болушту.

«Жетим балдардын укуктарын коргоо» Коомдук Флндунун жетекчиси Игорь Беляев тигүүчү цехти ачып жатып, «Бул биздин алгачкы социалдык долбоор. Анын максаты- балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрү балдар мекемесин аяктагандан соң аларга колдоо көрсөтүү. Алар өз алдынча каражат таба алышына көмөктөшүү. Бул долбоор биздин демөөрчүлөр, өнөктөштөр жана кайдыгер эмес жарандардын жардамы менен мүмкүн болду. Сиздерге рахмат! Бирге биз бир чоң ишти кылуудабыз!»,-деп билдирди.

«МАМ» ААКнын Бишкектеги филиалынын жетекчиси Мирлан Бегалиев «Бизди Игорь Беляев менен узак шериктештик мамилелери байланыштырат. Анын жоопкерчилиги менен кызматташтык жакшы жыйынтыктарды алып келүүдө. Анын долбоорлору бүтүрүүчүлөргө чоң пайда тийгизүүдө. Мындай долбоорлор көбүрөөк болсо абдан жакшы болмок»,-деп белгиледи.

Тигүүчү цехтин аткаруучу жетекчиси Гүлнара Розыбаева дагы «Тигүүчү цех бул жаңы жөндөмдөр, ал бүтүрүүчүлөргө жаңы кесипти өздөштүрүп, тажрыйба топтоп, жашоодо өз ордун табууга жардам берет. Кыздардын эмгекчилдигине үмүттөнөм»,-деп кошумчалады.

Наристе, «Жаштар үйү» долбоорунун катышуучусу: «Бул долбоор бизге каражат табууга жардам берет. Биз баарыбыз студентбиз жана бизге иш табуу кыйын. «Бул «Тигүүчү цехи» бизге  окууда, биздин бюджетти толтурууда көп нерсени бере алат. Бизде дизайнер кыздар бар. Бул долбоор алар үчүн эки эсе пайдалуу болот, анткени алар өздөрүн кесиби боюнча көрсөтө алышат».

Роза, долбоордун бүтүрүүчүсү: «Балдар үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жумуш табуу кыйын, анткени көпчүлүк жерде тажрыйба жана жөндөм болушун талап кылышат. Биз бул жерде ала алган тажрыйба бизге келечекте керек болот».

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине