Ассоль Молдокматовадан инсандык өсүү сырлары

14:56, 8 Февраля 2020

«Жаштар үйү» долбоорунун ар бир катышуучусунун кыялы бар. Бирок ал кыялды кантип ишке ашырууну балдардын баардыгы эле биле бербейт. Аларга жардамга Кыргызстандагы белгилүү алып баруучу, психолог жана филантроп Ассоль Молдокматова келди.

Ассолду жакындан тааныбаган адамдар анын жашоосу жалаң эле ийгиликтен турган, ал жеңил эле баардыгына жеткен адам деп ойлошот. Чындыгында болсо, ар бир ийгиликтин артында абдан чоң эмгек, өздүк көзөмөл жана алдыга талпынуу жатат. Ассоль Молдокматова «Жаштар үйү» долбоорунун катышуучуларына жашоодогу максаттарга кантип жетүү керектиги жөнүндө айтып берди.

Ассолдун апасы 5 жашында жетим калган. Ал башка балдар менени бирге балдар үйүнө жайгаштырылган. Ал Ассолго өзүнүн оор балалыгы тууралуу көп жолу айтып берген. Ошондуктан алып баруучу балдар үйлөрүндөгү балдарга такай жардам берип келет, ал ага «Жаштар үйү» долбоорунун катышуучулары менен жолугушуу уюштуруу тууралуу сунуш келгенде, ал дароо макул болгон.

Белгилүү алып баруучу жолугушууну саркеч Coffee Arte Gallery жайында уюштурган. Балдарды жыттуу кофе жана даамду токочтор күтүп турган. Ушундай жылуу жагдайда Ассоль эң башкысы өзүңө ишенип, максатка карай көк беттик менен кыймылдоо керек экендигин айтып берди. Андан да башкысы, өз максаттарыңды туура белгилеп, күнүгө аларды ишке ашырууга кичине болсо дагы аракеттерди кылуу керек.

«Шек саноого жол берегиле. Алар биздин алдыбызда жүрүшөт. Эгерде айланаңызда 100 киши болсо, алардын 80 сага колуңдан эч нерсе келберин айтат. Башкалар ишенбесе койсун, башкысы силер өзүңөргө ишенүүнү токтотпогула»,-деп насаат айтты Ассоль.

Ассоль ар бир баланын кандай кыялы бар экендигин сурап, аларды ишке ашыруу үчүн кандай белгилөө керек экендиги тууралуу кеңеш берди. Жолугушуунун акырында Ассоль баардык катышуучуларга саркеч баш кийим, кыздарга жасалгаларды, ал эми балдарга спорттук бут кийим белекке берди.Белектерди «Азия Весттин» жетекчиси Гүлзат Кошоева демөөрчүлөгөн. Ассоль балдар үчүн музыкалык сюрприз даярдап, балдарга опера жана балет театрынын солисти Азамат Истамбаев ыр сунду.

Балдарга жолугушуу абдан жакты.

Ассоль Молдокматова балдар үйлөрүнүн санын кантип кыскартуу керек деген суроого өз ою менен бөлүштү.

«Кыргызстанда баланы асырап алуу процесси абдан оор. Балалуу боло албаган көптөгөн айымдар бала багып алууну каалашат, бирок алар өздөрүнүн жеткиликтүүлүгүн далилдөө үчүн узак кезектерде туруп, көптөгөн кагаздарды чогултууга мажбур. Бул көйгөйдү чечип айымдарга бала багып алууга мүмкүнчүлүк берүү керек. Бул көптөгөн көйгөйлөрдү чечет»,-дейт Ассоль Молдокматова.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине