«Александра» брендиндеги такшалма

14:56, 10 Февраля 2020

«Жаштар үйү» долбоорунун катышуучусу Роза дизайнер-модельердин окуусун окуйт. Кыргызстандагы белгилүү «Александра» айымдар кийими брендинин иши менен таанышуу максатында Роза фирмалык дүкөндөн стажировка өтүүнү чечти.

«Alexandra» айымдар дүкөнү 1995-жылдан бери рынокто. Анын Бишкек боюнча үч филилалы бар: ГУМда, Бета сторес 2 жана Киев көчөсүндө. «Александранын» сатуучулары жумасына алты күн иштеп, бир күн эс алышат. Эс алуу күнү ар кайсы күнгө туш болуп калышы мүмкүн. Такшалма 9 күн уланып, эки этаптан турат, ар бир этапта стажер аткара турчу план бар, ал ийгиликтүү аткарылса, штабга өтүүгө мүмкүнчүлүк ачылат.

«Александра» дүкөндөр тармагынын сатуучулары Розаны  сатуучу-кеңешчи кесибинин сырларына үйрөтүштү. Кийимди өлчөмү жана түсү боюнча туура жайгаштырууну үйрөтүштү.

Розанын негизги такшалмасы «Александранын» ГУМдагы дүкөнүндө өттү. Ага сатуучулар арасында айтылбаган эрежеге үйрөтүштү: кардар менен ким биринчи учурашса, кардар ошонуку. Ал кардарды сатып алууга чейин тейлөөсү керек.

«Александранын» сатуучуларынын күнү жыйналуудан башталат, андан кийин кытай мектеби, ал эми андан соң саркеч образдарды тандоо. Ал комплекттерди сатуучулар өз телефондоруна сүрөткө тартып алышат.

Роза тез үйрөнүп, жада калса студенттер үчүн өз образын жарата алды.

«Сатуучунун жумушунда кардарлар менен баарлашуу маанилүү. Эң негизгиси адам менен байланыш түзүп, ага ал өзүн ыңгайлуу сезип, ага мыкты жараша турган көйнөктү же башка кийимди тандоого жардам берүү керек»,-дейт Роза.

«Alexandra» маркасындагы стажировка пайдалуу болду. Роза өзүнүн модельер-дизайнер болуу кыялын аткарууга дагы бир кадам жакындады.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине