Бишкекте Никитиндер дуэтинин жалгыз концерти болот

12:30, 23 Сентября 2018

Урматтуу достор!

Алтынчы октябрда (ишембиде) саат 18:30да Филармониянын Чоң залында М.Барановский жана И.Иванушкинанын катышуусунда атактуу орус дуэти, барддар, автордук ырлардын жылдыздары Сергей жана Татьяна Никитиндердин жалгыз концерти болот.

Татьяна жана Сергей Никитиндердин дуэти Орусияда жана мурдагы Советтер Союзуна кирген өлкөлөрдө автордук ырдын өнүгүүсүнө зор таасир тийгизген. Дуэт элдин сүймөнчүгүнө айланган «Тагдырдын ирониясы, же Жеңил парыңыз менен», «Москва көз жашка ишенбейт», «Флейтанын унутулган мелодиясы», «Тынч иримдер » тасмаларында, «Кичи компаниянын чоң сыры» мультфильминде жана дагы бир катар тасмаларда, спектаклдарда, мультфильмдерде аткарылган ырлардын, музыкалардын авторлору жана аткаруучулары катары белгилүү. Алардын аткаруусундагы “Александра”, “Мен ясенден сурадым”, “Вивальдинин музыкасы”, “Бричмула”, “Кичи компаниянын чоң сыры”, “Резина кирпи”, “Эгер эжеңер болбосо”, “Жаңы жылдык балатынын жанындагы диалог”, “Кетип бараткан поезд тууралуу ыр” жана дагы көптөгөн шедевр-ырларды дээрлик элдин бардыгы жакшы билет.

Бул күндөрү Никитиндер Орусияда гана эмес дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө толтура залдарды чогултуп жатат, өз алдынча ойлонгонду баалаган, автордук ырдын кереметин сезе билген, урматтаган адамдар дагы да толтура.

Сиздерди күтөбүз!

Билеттердин баасы 600дөн 1200 сомго чейин.

Билеттерди филармониянын кассасынан алса болот: 0 (312) 61-40-15.

Кошумча маалыматтар жана билеттерге тапшырык: 0 (555) 03-99-11

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине