Данияр АБДЫКЕРИМОВ: Кыргыз «кино керемети» үчүн заманбап жазуучулар жана жакшы сценарийлер керек

11:16, 5 Апреля

Бул маектин каарманы- кыргыз киносунун башатында тургандардын бири.  Ал мамлекеттин колдоосу жок ишенерлик эмес ишти кылган- кыргыз киносун жандандыра алган айтылуу «чоң сегиздикке» кирет.  Азыр Данияр андан маанилүүлүгү менен ашса ашкан, бирок кем калбаган иш менен алек- ал ата-мекендик анимацияны чыгарат.  Ал эми анын «Кантип балакай өз шаарын сактап калган» аталышындагы мульфильми престиждүү фестивалдарда көрсөтүлгөн.

-Кинодон баштайлы. Айтууңузга караганда, сиз экономисттин окуусун аяктап, Түркияда жүргөндө кинематографияга кызыккансыз...

-Ал кезде мен жатаканада жашап, кино факультетинде окуган досторума жардам берчүмүн. Ал эми үй тапшырмалардын бирин толугу менен өзүм аткаргам, ага сценарий жазып, ал боюнча тасма тартып, өзүм дагы тартылып, монтажын жасагам. Досторум ал тасманы мугалимине алып барышканда, ал «муну силер жасаган жксуңар» деп дароо айтыптыр. Досторум ал тасманын автору мен экенимди моюндашыптыр.  Окутуучу мени режиссура факультетине тапшырсын деп айттырып жибериптир.  Бирок ал кезде мен ал тууралуу ойлонгон эмесмин. Анткени ушунча жыл окуп алып, банк тармагына баргым келген.

-Бирок сиз баары бир кино тармагына кеттиңиз...

-Ооба.

-Эмне үчүн?

- Түркияда жүргөн кезде эле сүрөт тартууга кызыгып калдым. Мугалимдерим менин сүрөттөрүмдү көргөндө, мен экономиканы таштап, искусство факультетине кетүүм керек деп айтышты. Мына ошондо мен ал тууралуу ойлонуп калдым. Бирок баары бир экономисттин окуусун окууну чечтим. Кыргызстанга кайтып келгенде, досум мени Эрнест Абдыжапаровдун курстарына жаздырып коюптур. Аларды ийгиликтүү аяктадым. Таксыр мени киностудияга аткаруучу жетекчи болуп иштөөгө чакырды.  Андан соң орусиялык «Гаишниктер» сериалынын редактору Галина Синькина менен тааныштым. Бул Ысык-Көлдө болгон. Ал кеткенден бир апта өткөн соң, биз телефон чалышып, «Гаишниктердин» бир сериясын чогуу тартуу тууралуу сүйлөштүк. Ошол учурдан баштап менин кинодогу ишим олуттуу болуп калды.

-Маектериңиздин биринде сиз киного тобокелди сүйгөндөн айынан баргам деп айткансыз. Тобокелге салганыңыз бекер болбоптур деп эсептейсизби?

-Албетте, бекеринен эмес. Бул индустрияда иштеген мага абдан жагат. Аны мен жумуш деп деле эсептебейм, анткени ага ырахаттануу менен келем. Жана баардык убакытымды жаңы нерселерге үйрөнүүгө коротом.

-Кимдерди өзүңүздүн устаттарыңыз деп эсептейсиз? Буга чейин Э. Абдыжапаров тууралуу айттыңыз. Дагы кимди?

-Ооба, Эрнест-менин алгачкы устатым. Ошондой эле мен азыр «чоң скгизидкке» кирем. Ага биздин кинонун Садык Шер-Нияз, Актан Арым Кубат, Темир Бирназаров сыяктуу алптары кирет. Биз алар менен тартуу учурунда болгон кызыктуу окуялар менен такай бөлүшүп турабыз.  Бул, албетте, өнүгүүгө жардам берет. Биздин сценарийлерди талкуулайбыз. Коллегаларыбыз биздин ишибизге жаңы көз караш менен кароого жардам беришет.

-2018-жыдын май айында сиздин Ket Out тасмаңыз Казакстандагы «48 саатта тартуу» сынагында баш байгени багындырды. Бул кыска метраждуу тасма эмне тууралуу?

-Бул сынакка катышуунун башкы шарты тасманы эки күндүн ичинде тартып бүтүүдө болчу. Уюштуруучулар катышуучуларга тасмада сөзсүз карала турган тапшырмаларды таратышкан. Убакыты боюнча тасма төрт мүнөттөн ашпашы керек болчу. Бул идея мени абдан кызыктырды. Сюжетти жолдо унаада кетип баратып ойлоп таптым.  Ал эми сценарист болсо өз вариантын ойлоп тапты. Биз аларды айкалыштырып, иштедик.  Ал эми кечинде болсо тартуу иштерине кириштик.  Мен утам деп ойлогон эмесмин. Бирок үмүтүм бар болчу. Негизинен, мен басымды көрүүчүнүн таң калышына жасагам.

-Калыстар тобунун мүчөсү Жанна Исабаева Фейсбуктагы өздүк баракчасында сиз аларга тандоо калтырган жоксуз деп жазган. Деги бул тасма эмне жөнүндө?

-Бул тасма бир айылдын жашоочусунун үйүнө анын уулунан жинди чыгарууга келген эки жаш молдо жөнүндө.

-Ошондуктан лента хоррор жанрында тартылган экен да...

-Ооба. Ал комедиялык ачкычта тартылган.

-Ар бир искусство чыгармасы, анын ичинде тасма дагы адамды бир нерсе кылууга үгүттөшү керек. Бул тасмада сиз көрүүчүнү эмнеге үгүттөдүңүз?

-Фильмдин негизги идеясы англис тилин үйрөнүүгө түрткү берүү. Бул эки моло жинди кетире албай коюшат, анткени ал англис тилинде сүйлөйт.

-Жанна Исабаевага кайталы. Фейсбуктагы өздүк баракчасында ал «Ал жерде (Кыргызстанда) кинематография башкармалыгында чыныгы патриоттор иштейт жана алар менен мен жеке таанышмын. Алар жаштарды сүйрөп, жардам берип, колунан келишинче алдыга түртүп жатат»,-деп жазган. Биздин өлкөдө жаштарды өстүрүү эмнени камтыйт?

-Союздун кулашы менен биз өз кинобузду жоготтук. Бир нече жылдар бою бизде тасмалар такыр тартылбай калды. Жаш муунга үйрөтөөр эч ким жок эле. Бактыга жараша, Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров жана башкалар өз курстарын ача баштады. Алар өз ишин таштабай, билген акыл-насаатын жана тажрыйбасын жаштарга беришти. Ошондуктан биздин өлкөдө кинематограф өлгөн жок жана бүгүнкү күндө өнүгүп жатат.

-Өлкөдө кинобум башталган кез болгон эле.  Жакшы жана анча эмес тасмалар тартылган. Азыр тартылып жаткан материалдын саны азайа түштү. Эмне үчүн?

-Ата-мекендик киного муктаждык болгондуктан, кинобум болгон. Жөн гана сунуш суроо-талаптан ашып кеткен. Азыр көрүүчүлөр мурункудай эмес. Алар көбүн эсе тандап калышты.

-Кинонун өнүгүшүнө эмне тоскоол болуп жатат?

-Жакшы сценарийлердин жоктугу. Режиссер көрүүчү эмне көргүсү келгенин сезип, билүү керек. Көпчүлүк учурда эптеп акча табыштын амалы кылып эле эптеген сценарийлерди жазып коюшат. Азыр көрөрманды алдай албайсың.

-Ал эми технологияларчы?

-Технологиялык көз караштан бизде баары жакшы. Дээрлик баардк техника бар- камералар, жарык... Биз артта калып жаткан жалгыз нерсе- бул сапаттуу үн.

-Кинодогу «кыргыз кереметинин» жаралышы жакын калдыбы?

-Албетте, мен буга ишенем. Бирок бул үчүн, мен кайталап кетейин, бизге заманбап жазуучулар жана кызыктуу сценарийлер керек.

-Сиз алгачкы тасмаңызды 10 жыл мурун тарткансыз. Бул он жылда ата-мекндик кино кандай өзгөрдү?

-Бул убакыт ичинде ата-мекендик кино абдан өзгөрдү деп айта албайм. Албетте, жакшы ленталар пайда болду.  Бирок жалпысынан алганда, деңгээли анча жакшы эмес.

-Ата-мекендик киноиндустрияда негизги тренддер кандай?

-Комедиялар өкүм сүрүүдө. Менде, мисалы, драма тартуу тажрыйбасы бар. Бирок ал өтө ийгиликтүү болгон жок. Жакшы пикирлер деле айтылган. Биздин көрүүчү комедия көргүсү келет.

-Мультипликацияга өтөлү. Былтыркы жылдын 24-апрелинде сиздин «Кантип балакай өз шаарын сактап калган» мультфильмиңиздин бет ачары болгон. Сизди мультипликация тартууга эмне түрткү берди?

-Мага куурчак анимациясы баарынан кызык болгондуктан, аны менен алектендим. Жана ал киного жакын. Мага Тим Бёртон тарткан анимациялык ленталар абдан жаккан, мисалы, «Келиндин өлүгү». Аларды көргөндөн кийин мага абдан кызык болду.

-Бирок баары бир... Сиз үчүн бул ишкердүүлүктүн жаңы тармагы. Ал керектүү даярдыкты талап кылат. Аны менен алектенүүгө кантип бардыңыз? Же кайрадан тобокелби?

-Мультфильм тартуу идеясы менен көп жүрдүм. Мени «Кыргызфильм» киностудиясынын жетекчиси чакырып, бул долбоордун үстүндө иштөөнү сунуштаганда, дароо макул болдум. Мен үчүн бул жаңы мейкиндикти өздөштүрүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк боду.

-Сиз буга чейин сүрөт жакшы тартам деп айткансыз. Бирок көптөгөн мультипликаторлор, бул кесипке келээрден мурда, чоң өмүр жана сүрөт мектебин басып өткөн. Ошол эле Федор Хитрук, 20 жыл отуруп, бирөөлөрдн идеяларын тарткан. Сизде болсо, түшүнгөнүмө караганда, мындай мектеп жок.

-Албетте, андай мектеп жок. Бирок, мага башкалардын эрки жетпеген нерселерди кылган жагат. Агдан ырахат алам.

-Маектердин биринде сиз «мындай жанрда психопаттар гана иштейт деп айтышат» дегенсиз. Психопаттуулугу эмнеде?

-Бир тартуу сменасында (8 саатта) биз 3 секунддук пайладуу материалды гана тартабыз. Ал эми кинодо болсо ал убакыт ичинде биз 3 мүнөттү тартчубуз. Элестеткиле, буга кандай гана чыдамкайлык керек. Кээ бир «чалдар» мен бул убакыт ичинде ичип кетпегениме таң калышкан. Анткени мурун мультипликаторлор абдан көп ичишчү. Анткени алар тартуу аяктаганга чейин айлар бою бир бөлмөдөн чыкпай отурушчу.

-Тартуу иштеринде канча адам катышты?

-Баардыгы чыгарылышта 17 адам катышкан.

-Сиз «Кантип балакай өз шаарын сактап калган» мультфильмин тарткан бөлмө абдан кичине экен.  Сиз анын ичинен чыгармачыл оюңузду кантип ишке ашыра алдыңыз?

-Максималдык түрдө баардыгын жасоо колдон келди. Технологиялардын жардамы менен.

-Сиз жаңы мультфильм тартууну көздөп жатасыз. Аны ошол эле кичине бөлмөдө тартасызбы?

-Жок. Студиядан чоңураак бөлмө сурайм.  Анткени, кийинки долбоор, эгерде мен аны тарта турсам, масштабдуу болот, анда чоң декорациялар, кран катышат.

-Мультфильмдин чыгарылышы 500 000 сомду түздү. Сиз муну бир маегиңизде айткансыз. Каражаттарды ким бөлүп берди?

-«Кыргызфильм».

-Мультфильмге демөөрчү болууга каалоочулар болдубу?

-Жок. Биз издеген деле эмеспиз.  Бизге чыгарылышка өтө тар мөөнөт берилген. Биз аны жарым жылда тартып бүтүшүбүз керек болчу.

-Ошол эле Федор Хитрук «Тасмада көрүүчүнү режиссерду таолкунданткандай нерсе толкундандырышы керек» деп айткан. Бул тасмада сизди эмне толкундантты жана анда бизди эмне толкундандырышы керек?

-Биз жеткирели деген башкы нерсе- чечимдерди туура кабыл алуу керек. Ачууга алдырбоо керек. Жана жаштарга мүмкүнчүлүк берүү.  Менимче, биздин өлкөдө эбак эле жаштарга мүмкүнчүлүк бериш керек болчу.

-Сценарийди сиз өзүңүз жаздыңызбы?

-Сценарийдин негизинде кыргыз эл жомогу жатат. Мен кээ бир диалогдорду оңдоп койдум.

-Белгилүү совет режиссер-мультипликатору Юрий Норштейн режиссерго атайын билим алуу жетишсиз, ал инсан болушу керек деп эсептейт. Сиз буга кошуласызбы?

-Негизинен, адам бай тажрыйба топтоп, көп нерсени башынан өткөргөндө инсанга айланат... Анын айтаарга сөзү болгондо...

-Сиз ошондой инсансызбы?

-Менин көрүүчүгө айтайын деген нерсем бар.

-Көпчүлүк учурда, алгачкы тасмасын тартып жаткан режиссерлор ал тасма «бомба» болушун каалайт. Сиз ошондой бомба жарата алдыңызбы?

-«Кантип балакай өз шаарын сактап калган»- бул бомба эмес. Бирок бул тасма менин визиттик картам болуп калат.  Жана анда менин тобокелге салып, ал нерсе колумдан келгени так жазылып калат.

-Жыйынтыкка канааттандыңызбы?

-Толугу менен канааттанган жокмун, бирок келечектеги долбоорлордо жакшы жыйынтыктарга жетем деп ишенем.

-Сиздин мультфилбмди сынчылар кандай баалашты?

-Аны улуу мультипликаторлор көрүштү. Алар өз байкоолорун айтышты. Кээ бир катачылыктардан кутулууга болмок. Бирок бул биринчи кадам болгон. Кийинки тасмада баардыгын эске алабыз деп ойлойм.

-Келечекте кандай анимациялык долбоорлорду тартууну пландап жатасыз?

-«Манас» эпосу боюнча куурчак анимациялык тасмасын тарткым келет.

-Сиздин мультфильмиңиз ата-мекндик мультипликациянын импульсу болдубу?

-«Кантип балакай өз шаарын сактап калган» тасмасынан кийин баардыгы мультфильм тартууга киришти деп айта албайм. Кинодо ошондой болгон.  Бирок ал жерде бираз оңой. Бирок,  ал мен анимация боюнча сабак берген университеттердин биринин студенттерине анимация тартууга түрткү берди. Мага 15 адам жазылганда таң калгам. Жана курсту аяктаган соң алар өздүк кыска метраждуу мультфильмдерин чыгарышты.

-Сиздин мультфильм чыккан күнү аны менен бирге дагы бир анимациялык лентанын бет ачары болду. Демек, өлкөдө мультипликация бар экен да?

-Мени менен тең эле дагы бир команда иштеген. Балдар «Күч бирдикте» мультфильмин тартышкан. Анын бет ачары меники менен тең боду. Азыр алар «Адам жана карышкыр» тасмасынын үстүндө иштеп жатышат. Ошондуктан, анимациянын өнүгүшү жүрүп жатат деп ойлойм. Бул тармакка көңүл буруу керек. Биз жаш балдарды таап, аларды даярдап, анимацияга окутушубуз керек.

-Сиз өлкөдөгү анимациянын келечегине оптимизм менен карайсызбы?

-Албетте. Азыркы учурда мен бул тармакта 3D тезнологияларын колонууну көздөп жатам. Жана кинодо дагы. Фэнтези, фантастика жана башка ушуга окшош жанрдагы тасмаларды тартып баштоо керек.

Александр КУЛИНСКИЙ

Д. Абдыкеримовдун жеке архивинен алынган сүрөттөр

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине