Орус сүрөт чыгармачылыгынын көөнөрбөс кооздугу

11:13, 15 Марта

Сиздер мектепте сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрү боюнча жазган дил баяндарыңыз эсиңиздеби? Орус сүрөтчүсү В. Поленовдун эң белгилүү эмгектеринин бири, «Алтын күз» пейзажы эсиңиздеби? Ал эми башка сүрөтчүлөрдүн эмгектеричи? Эгерде унутсаңыз, «XVIII-XIX- кылымдардагы орус искусствосу» аттуу саякатка барып, көөнөрбөс сулуулукту кайрадан көрсөңүздөр болот. Бул саякат учурунда сиз Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин залдарынын биринде жайгашкан дал ошол Поленовдун жана башка сүрөтчүлөрдүн дагы  сүрөттөрүнүн оригиналын көрүп, Оконун жээгинде сейилдеп, анын керемет жээгин көрө аласыздар.

Бул көргөзмө өтүп жаткан көркөм музейинин магм жакшы тааныш залдарынын биринин босогосун аттаганымда жүрөгүм өзгөчө толкундады. Музей фонддорунан келген бул көргөзмө биздин жергеде көп көргөзүлө бербегендигинен кабар берип, сактоочу жайлардан чыгарылган сүрөттөрдү көрүү искусство сүйүүчүлөрү үчүн өзгөчө саамалык экендигин айтып турат.  Бул көргөзмөнү көрүү эмне үчүн маанилүү экендигине башка себептер да бар. Биз китептерден, альбомдордон, мектеп куралдарынан көрүп таанып жүргөн сүрөттөр бул жерде алгачкы жана нагыз кооздугунда көрсөтүлгөн. Чыныгы искусство дүйнөгө болгон толкундоо, сезүү менен жаралса, ал эч качан жоголбойт, өчпөйт жана өлбөйт. Жансыз жана суук көчүрмөлөрдө адашып калган нерселер гана унутулат. Ал эми орус сүрөтүнүн жандуу түстөрү эки кылымдан бери балбылдап жанып келет.

Гапар Айтиев: Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн улуу жана орто муну- баардыгыбыз орус сүрөт мектебинен билим алып, устаттарыбыздан алардын жолун улантуу милдетин алдык. Мисалы, биз С. Акылбеков экөөбүз Москвадагы сүрөт училищесинде А. Петровичтен билим алганбыз, ал көчмө көргөзмөлөр бирикмесинин курамынын мүчөсү болгон. Биз баардыгыбыз алардан оң таасир алдык. Жол улантуучулардын мурасы азыркыга чейин жашап келет: чыгармачылыкта бактылуу болгуң келсе, коомдун жашоосу, өз элиңдин чыныгы кызыкчылыктары менен жаша.

«Көчмө көргөзмөчүлөргө жүз жыл», «Советская Киргизия» гезити, 1971-жыл.

Сүрөттө: В. Верещагин, "Иссык-Куль", 1869 - 1870 ж.

Көргөзмөгө барууга дагы бир себеп- музейдин коллекциясын өнүктүрүү дал ошол орус сүрөтчүлөрүнүн чыгармаларынан башталган. Жыйнактын негизделишинин башаты 1934-жылы салынган. Кийин, 1935-жылы Фрунзеде мамлекеттик сүрөт галереясы пайда болгон, ал 1944-жылы Кыргыз мамлекеттик сүрөт искусство музейи болуп аталган (ал бүгүнкү Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук сүрөт искусство музейи).

Жыйнактын негизделишине жана музейдин ачылышына Семен Афанасьевич Чуйков зор салымын кошкон. 1934-жылдын жазында Семен Чуйков жетектеген республиканын сүрөтчүлөр бирикмесинин уюштуруу комитети РСФСРдин Наркомпросунун музей бөлүмүнүн жетекчиси Феликс Конго кайрылып, Москва музейлеринин фондунан сүрөттөрдү бөлүп берүүнү суранган.  1934-жылдын август айында Семен Чуйков РСФСРдын Наркомпросунун фонду жана Мамлекеттик Третьеков галереясынан  XVIII жана XIX –кылымдардагы орус классиктери жана совет доорунун сүрөтчүлөрүнүн калемине таандык жетимиш эки оригинал сүрөттөрдү алган. Алар Д. Левицкийдин («Күңүр-жашыл кийинген адамдын портрети») В. Тропининдин («Гитарчы», «Сүрөтчүнүн агасынын портрети»), И. Айвазовскийдин  («Деңиз», «Крымдагы деңиз пейзажы»), А. Архиповдун («Тоо булагы»), В. Борисов-Мусатовдун («Жайкы түндөгү дарыя»), В. Васнецовдун («Баланын башы»), В. Верещагин, В. Поленов, В. Суриков, И. Репиндин этюддары, А. Ивановдун «Олива дарактары» эскизи.

Бир нече жылдан кийин, 1941, 1945, жана 1947-жылдары музейге Мамлекеттик Эрмитраж жана Третьяков галереясынын экспонаттарынын маанилүү бөлүгү өткөрүлүп берилген. Натыйжасында  музейдин карамагына И. Репиндин («Айымдын башы. Этюд»), С. Щедриндин («Италия пейзажы»),  И. Левитандын («Кечки пейзажы»), М. Нестеровдун  («Пейзаж. Балатылар»), В. Суриковдун («Казак. Этюд»), ошондой эле И. Шишкин, В. Тропинин, О. Кипренский, Н. Касаткин, П. Сведомский, В. Маковскийдин чыгармалары келген. 1962-жылы музейге Л. Соломаткиндин «Клиросто» сүрөтү өткөрүлгөн, ал эми 1962-жылы  музейдин карамагына М. Врубелдин «Ак-куу ханбийке» сейрек мозайкасы келген.

Биздин экспозициябызга кайталы. Анда XVIII - кылым кереметтүү бирок белгисиз авторлордун эмгектери менен көрсөтүлгөн: («Барон П. П Шафировдун портрети», «Улуу княгиня, келечектеги Екатерина II Екатерина Алексеевнанын портрети», «Петр III портрети»  кереметтүү жана назик «Павел Iнин өспүрүм чагындагы портрети»,  «парсундар» стилинде аткарылган «Д.Д. Резваянын портрети»). XVIII-XIX-кылымдардын аралыгын биз Д. Левицкий, О. Кипренский, В. Боровиковский, В. Тропинин сыяктуу белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектеринен көрө алабыз. Бул жана башка эмгектер орус көркөм сүрөтү мектебинин эволюциясын көрсөтүп гана бербестен, XVIII-XIX-кылымдардагы орус сүрөтчүлөрүнүн, анын ичинде «Көчмө көргөзмөлөрчүлөрдүн бирикмесинин» өкүлдөрүнүн чыгармачылыгын дагы чагылдырат.

Көчмө-сүрөтчүлөр орус реалистикалык сүрөтүнүн өнүгүшүнө зор салым кошкон. Мекен, табият, сүрөтчү-жарандын чыныгы сүйүүсү менен өрчүгөн эң көнүмүш мотивдин эстетикалык баалуулугу алардын сүрөттөрүндө көзгө көрүнбөсө да сезилген байланыш менен өтүп турат. Мисалы, Вяткинин тургуну, сүрөтчү И. Шишкин үчүн Мекен темасы каардуу токойлор, дөө-дарактар жана эч ким өтө албаган бактардын образдары менен тыгыз байланышып турган. Анын сүрөттөрүндө чындык, реалдуу нерселер көп, анда биз сүрөтчү бак-дарактардын, алардын ар бир бутагы, жалбырагынын түзүлүшүнө кызыгып, көңүл бурулгандыгын көрөбүз. Экспозициянын курамындагы «Токой жолчосу» пейзажы 1892-жылы тартылган. 1898-жылы тартылган «Токойлор» сүрөтүндө сүрөтчү өзүнүн сүйүктүү амалын колдонгон: ал токойдун кучак жеткистигин, дөөдөй бийик дарактардын күчүн жана кооздугун көрсөтүш үчүн ал бүткүл орус токоюнун композициясын түзгөн.

Сүрөттө: И. Айвазовский, «Крымдагы деңиз пейзажы» (1866) 

Дагы бир чыгаан пейзаж чебери, мунусунда деңиз темасын тарткан Иван Айвазовскийдин чыгармачылыгы эки эмгеги менен көрсөтүлгөн, алардын бири уурдалып, кийин ийгиликтүү табылгандан кийин белгилүү болгон. Булар «Деңиз» (1895) жана «Крымдагы деңиз пейзажы» (1866),  «Деңиз» - бул деңиз күчүнүнүн каарын жана кооздугун көрсөтүүгө багытталган кадимки сүрөтчү-маринисттин эмгеги. Ал чебер бышып, өнүгүп калган учурда жазылган, ал учурда эрте, сырткы декороативдик эмгектердин ордуна олуттуу, жетилген ойлор келген учур.

Өнөрү боюнча Исаак Левитан орус табиятынын кооздугун жана өзгөчөлүгүн сезе билген, аны менен адамдын кошулуусун түшүнө алган лирик болгон. Кыска өмүрүнүн аралыгында ал ар дайым табиятты тартып келген. Такай жана көп тарткан. Ал, биз бүгүнкү сөз менен айтканда, табият блогери болгон. Ал табияттын жана өзүнүн абалын, сезим тутумун эстеп калып, анын бирин да калтырбай чагылдырып берүүгө аракет кылган. Мисалы, 1880-жылы тартылган («Гүлдөп жаткан дарактын бутагындагы» жалбырактардын жаңы чыгып баштаганындай. Левитан күндүн чыгышы менен батышын, көңүлдү деле өзүнө бурбаган күзгү кичине токойчолорду,  кайын токойчолорун, саздарды жана жайыттарды, талааларды жана кайындарды тарткандан тажаган эмес. Анын эмгектеринде эңсөөнүн жана кусалыктын маанайы таамай сезилип турат. Анын чыгармачылыгы символизмдин башаты боло алмак. Бирок андай болгон жок. 1899-жылы ал Москвада жашоого паспорт алган. 1900-жылы болсо сүрөтчү дүйнө салган. Тынч жана кусалуу Левитан көргөзмөдө «Кечки пейзаж» (1860) жана «Гүлдөп жаткан дарактын бутагы» (1880) эмгектери менен көрсөтүлгөн.

Сүрөттө:  Н. Неврев, "Опричниктер".

Ондогон жылдардын ичинде биринчи жолу музей орус сүрөтчүсү, баталисти, саякатчы В. Верещагиндин 1869-1870-жылдары ал Орто Азияда, анын ичинде биздин жергебизде жүргөндө жараткан эмгектерин көрсөттү. Бул сүрөтчүнү анын замандаштары Түркестандык деп аташчу, анткени ал Орто Азияны мыкты билгендердин бири болгон.

Биз көркөм сүрөт искусство музейиндеги XVIII-XIX-кылымдарындагы орус искусствосунун жыйнагынын биразына гана тийе алдык. Бирок дал ошол бираз бөлүк жыйындын негизги жүзүн аныктайт. Дал ушул жыйнактан баштап музейдин өмүрү башталган.

Елена Воронина

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине