“Түшкө окшош сүйүү”нүн коштоосундагы “Театрдагы түн”

20:01, 24 Марта 2018

25-мартта Бишкекте кезектеги салтка айланып калган иш-чара – “Театрдагы түн” өтөт. Быйыл Чыңгыз Айтматов атындагы Мамлекеттик улуттук орус драма театры жылдын башкы театр майрамын “Космонавтика күнү, же түшкө окшош сүйүү” аталышындагы лиикалык комедия менен белигилөөнү туура көрдү.

Баарыбызга маалым болгондой, 27-мартта дүйнө жүзүндө Театр күнү белгиленет. “Театрдагы түн” акциясы так ушул майрамга арналып, дүйнөдөгү ондогон шаарларда өтөт. Бул маданий-кайрымдуулук акция болуп эсептелет.

Татьяна Доронинанын кейипкери Белинскийдин макаласынан үзүндү окуп жатып: “Мен театрды жакшы көргөндөй, силер аны жакшы көрөсүңөрбү?” деген суроо узатат. Ооба десеңер, анда жагымдуу кабар менен бөлүшөбүз: Бишкектеги орус драма театры силерди 25-мартта конокко чакырат. Евгений Унгарддын пьесасынын негизинде Нурланбек Асанов койгон оюн бишкектиктердин жылуу пикирине арзыган. Сезимдерди козгогон оюндун премьерасы 24-февралда болгон эле.

Анын фабуласын мындай: 12-апрелдин алдында айылдык клубга Космонавтика күнүнө арналган оюн-зооктун репетициясына үч дос кыз келишет. Алардын ар-бири өз жашоосу, тагдыры тууралуу айта башташат, күлүшөт, кайгырышат, ушакташат, өткөн күндөрдү эскеришет...

Күнүмдүк оокатар менен алпурушуп жүргөндөрү менен ар-биринин көөдөнүндө ишке ашпай калган тилектери боюнча күйүттөрү бар. Ар-бири идеалдуу эркек тууралуу кыялданат: Космонавт, Министр, Ихтиандр тууралуу. Бирок алардын кыялы орундалып, алар эңсеген эркектер менен кездешкенде, бул кадыресе жашоодо алар анчалык деле керек эмес экен...

Сценада болуп жаткан “жиндилик” театралдык капустник сыяктуу башталат, ал кесипкөй эмес актерлердун спектаклдарын пародиялайт. Андан ары оюн бактысыз сүйүү тууралуу мелодрамадай өнүгүп отурат. Ал эми спекталдын соңунда сценага каармандардын мурда ашык болгондорунун бардыгы чыгып, күлкүлүү фантасмагориялык көрүнүш менен аяктайт...

Пьесадагы алдыңкы ролдордун бирин биздин окумандарга жакшы тааныш актер Ольга Жигулева ойнойт. Ал үч дос кыздын бири – Зинканын – кулк мүнөзүн эң сонун ачып берет. “Театрдагы түн”гө бишкектиктер сөзсүз келиши керек дейт ал: “Адам качан жаш? Эгер анын мээси жаш болсо. Эгер ал маалыматты кабылдап, аны иштете алса, бир нерсеге үйрөнө алса. Эгер жүрөгүндө сүйүү оту жанып турса. Эгер ал өз ишин жакшы көрсө, деги эле бүт дүйнөнү жакшы көрсө! Эгер ал искусствого умтулса!”.

Жаркын маанайды тартуулаган спектаклден сырткары көрүүчүлөр театрдын тарыхын чагылдырган көргөзмө менен таанышып, кулисанын артына кирип, күтүлбөгөн жерлерде коюла калган чакан-оюндарды көрө алышат. Бул күнү театрдын эшиги бардыгына ачык. Башталышы 18:00дө.

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине