"Кинонун Алиппеси" – СҮЙҮҮ ТУУРАЛУУ: “Жашоо керемет”

14:54, 4 Февраля

Сүрөттө: Хусаиновдордун үй-бүлөсү

Азамат Шаршеновдун “Жашоо керемет” деген чыгармасы 30-январдан 6-февралга чейин француз шаары Везулда өтө турган 24үнчү Азия киносунун Эл аралык кинофестивалынын даректүү тасмалар сынагына катышмакчы. Мен тандоо комиссиясына жиберген кинону көрүп, Везулдагы ЭКФнын арт-директору Бастиан Мейерсон толкунданып мага мындай деп жооп берген эле: «It's an incredibledocumentary. Wonderful. Loving it… What a WONDERFUL documentary!!!» («Бул таңгалычтуу даректүү тасма. Керемет. Ашык болуп калдым ага... Кандай УКМУШ даректүү тасма!!!»)

Былтыр май айынын башында бул тасманы биринчи жолу көргөнүмдө, мен да, Бастианга окшоп, катуу суктанган элем. Тасманын башкы каарманы, көзү азиз болсо да, алты саны аман-эсен башкалардан кем калбай жашап келген адам менде катуу таасир калтырган эле. Ал – эң сонун күйөө жана ата, мыкты педагог, айланада болуп жаткан нерсенин бардыгына өзүнүн көз карашы бар адам. Ал өзүн эч кысталбай, айрымдарга окшоп жумшартып-жымсылдабай эле майып деп атап, башка өзүнө окшоштордун укуктарын коргогонго аракеттенип келет, маселен ал шаардык мэрияга улам-улам кайрылып жатып мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар эртең менен окууга же жумушка батырак жете алсын деп, айрым шаардык транспорттун маршрутунун өзгөртүлүшүнө жетише алган.

Башка жагынан, Азамат Шаршенов өзү мени катуу таңгалтырды, ал чыныгы документалчы катары, тасманы тартаардын алдында башкы каарманы менен эң жакын таанышып чыккан. Чыныгы документалчы кызыктуу материалдын негизинде өзүнүн поэтикалык дүйнөсүн жаратпайт, ал, тескерисинче, каарманынын жашоосун кандай болсо ошондой кылып сактап калгысы, башкаларга көрсөткүсү келет.

Таякчалар менен жүргөн азиздерди же көзү начар көргөндөрдү биз шаардын көчөлөрүндө көп эле кезиктирип калабыз, кээде көчөдөн өткөнго жардамдашабыз. Мына ушуну менен биздин алар менен алакабыз бүтөт. Алар өз коомунун чегинде гана жашашкандай сезилет, алты саны амандар чанда гана алардын жашоосуна аралашат (көп себептерден, алардын бири – кош көңүлдүк, көбүн алардын жашоосу кызыктырбайт).

Азамат Шаршенов көзү азиз адам башкалардан кем болбой, бул жашоого кубанып жашап жатканын башка адамдар дагы көрсүн деп анын жашоосуна киргизүүгө Дмитрий Хусаиновду көндүрө алган.

Азамат Шаршеновдун айткандарынан:

- Менин каарманым - Дмитрий Михайлович Хусаинов – музыка мугалими. Мен мектепте окуп жүргөнүмдө ал мага сабак берчү. Тасмама тартылышына көпкө чейин көндүрө албай жүрдүм. “Эмнеге эле мени тарткың келет? Мен кары кишимин, жаштарды тарт”, - дейт эле. А мен ал тууралуу тасманы тартууну көптөн бери эңсеп келчүмүн, 2010-жылы Эрнест Абдыжапаровдун мастер-классында окуп жүргөн кезимен эле. Бирок анда кийинкиге калтырып койгом. Даяр эмес экенимди сезгем. Туура кылыптырмын.

Дмитрий Михайлович глаукома менен төрөлгөн. Уулу Ахмедге окшоп, жаш өспүрүм жашына чейин элес-булас көрөт эле. Бирок андан кийин Хусаинов такыр эле көрбөй калды. Анын жубайы Максаттын көзү да өтө начар көрөт, адамдын, буюмдардын караанын гана көрө алат. Уулу такыр көрбөй калгыча ата-энеси көр жашоодо эч кимге кор болбой жашаш үчүн Ахмедди бардык керектүү нерселерге үйрөтүп калганга умтулуп келишет. Менин каарманым 65 жашта, жубайы 50 жашта, ал эми уулу 10до. Бир-бири менен урушпай, бир-бирин сыйлап жашаган бул үй-бүлөнү мен жакшы көрөм. Менин тасмам көп адамдарга жакшы өбөк болот деген үмүттөмүн.

Сүрөттө: Тасманы тартуу учурундагы бир көрүнүш

Азамат Шаршенов сүйүү тууралуу керемет тасма жараталган. Ал тасма менен жуурулушкан десек болот. Режиссер үй-бүлөнүн мүчөлөрү бир-бирине жакшы көрүү менен аяр мамиле кыла тургандарын көрсөтөт. Алар төртөө: үй-бүлөнүн кожоюну Дмитрий Михайлович Хусаинов, анын жубайы Максат Жусубакунова, уулу Ахмед жана багып алган кызы Назгүл. Алардын бардыгы – мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар – бардыгы көзүнөн майыптар. Бирок алар ушундай биримдикте, бири-бирин аяп, колдоп жашашкандыктардан, алар каалаган кыйынчылыкты жеңе алаарына ишенесиң.

Башка жагынан алганда, Дмитрий Михайлович – Кудай даарыган мугалим, ал окуучуларды музыкагага жана ырдаганга окутат. Анда сүйүү, эне, достук, табигат, айбанаттар, жакшылык-жамандык тууралуу сонун ырлардын өтө сейрек топтому бар. Моюнга алышым керек, тасмада колдонулган дээрлик бардык ырларды мен биринчи жолу уктум. Хусаинов мугалимдик кесипти 40 жылдан бери аркалап келет – ал өткөн кылымдын 70-жылдардын орто ченинде бул кесипке кирген болчу. Ал негизинен советтик ырларды гана билиши керек эле деп божомолдосо болот (мисалы, “Көк вагон” ж.б.д.у.с.), бирок анын репертуары ушунчалык кенен, бай болгондуктан, калың элге көп белгисиз болгон ырларды ырдап жаткан балдарды Азамат өз тасмасына кошпой коё албаганына түшүнсөк болот. Балдар ырларды кыргызча жана орусча аткарышат.

Дмитрий Хусаинов – интеллектуал, жашоону жакшы көргөн, дайым шайыр-шатман жүргөн мээнеткеч, иштерман. Көзү көрбөй калганынан байланыштуу эмнеге баарынан катуу кайгырат деген суроого “Көчөдө баратып бийкечтердин сулуулугуна тамшана албаганымды арман кылам!” деп жооп берет. Каармандын жогорудагы сапаттарын ачык даана көрсөткөн айрым гана эпизоддорду атап кетейин.

1). Эртең менен Хусаиновдун үй-бүлөсүндө. Үйдүн кожоюну сакал-мурутун алып жатат, кожейке тамак-аш даярдоодо, Назгүл сыланып-сыйпанып, жасанып жатат. Максат күйөөсүн аздектеп жумушка даярдап жатат, таза көйнөгүн берип, эч нерсесин – кара көз айнегин, ачкычты, флешканы – унутпаганын сурайт. Бир караганда, тасманын каармандары башка адамдардан эч нерсеси менен деле айырмаланбайт, бирок көздөрү начар көргөндөрү байкалып турат, ошол эле учурда режиссер квартиранын алкагында буга басым кылгысы келбейт. Дмитрий Михайлович босогону аттап, азиздердин таякчасын даярдаганда гана бул адам такыр эч нерсе көрбөгөнүн түшүнөсүң.

2) №39 гимназия. Хусаинов мектепке кирээри менен – таякчасын дароо жыйнайт. Алгач коридордун ортосу менен басат, андан соң тамга колун тийгизип басат, бирок баягыдай эле ишенимдүү басыгын жайлайтпайт. Экинчи кабатка көтөрүлөт, аны окуучулар салам айтып тосуп алышат.

3) Дмитрий Михайлович – бул мектепте музыкадан сабак берет, балдарды ырдаганга үйрөтөт, бардыгын эсинде сактап кармаганына таянып жасайт: жаңы ырдын сөздөрүн үйрөтүүдө, ырдын алдында ооз көңдөйүнө көнүгүүлөрдү жасоодо, аларды балдар берилип жасашат. Хусаинов пианинодо жана баянда мыкты ойнойт.

4) Бул убакта Максат уулу Ахмед менен сабак жасап жатышкан болот, уулу Брайль боюнча китеп окуганга караганда сүрөт тартканды жакшы көрөт. Максат уулун китепти окуганга эптеп жатып акыры көндүрөт, аны көзү менен эмес, колу менен окушун такай эскертип турат. Максаттын көзү начар көрөөрү байкалып турат, баласынын тарткандарын көрүш үчүн башын катуу эңкейтип карайт. Ахмеддин көзү жакшырак көргөнү менен, сүрөттү тартып жатканда ал дагы, энесиндей катуу болбосо да, эңкейгенге аргасыз.

5) Тасмадагы эсте калаарлык эң керемет эпизод – бул Дмитрий Михайловичтин пловду жасап жаткан жери. Максат ага жардам берейин десе жубайына тырчыя түшөт: “Бүгүн мен даярдайм да! Ошондуктан мага жардамдашпагыла!”

6) Максат – кесипкөй массажчы. Ал кардарларды үйүндө кабыл алат. Күнүнө 2-3 адамды. Көбүрөөк кабыл алганга убактысы жетишпейт. “Үйдө иш көп”, - деп кадырып сактап түшүндүрөт ал.

7) Үчөө: Дмитрий Михайлович, жубайы жана уулу сейилдегенди жакшы көрүшөт. “Жаңы жыл алдындагы шаарды кыдыруу”эпизоду катуу таасир калтырат. Максат менен Ахмед жаңы жылдык жасалгалардын сырткы көрүнүшүн атасына түшүндүрүп бергени аракет кылышат, өзгөчө Бишкектин борборундагы “Чоң эликтерди”. Эликтердин өлчөмдөрү тууралуу уккан Хусаинов катуу таңгалат: “Булар эликтер эмес эле багыштар го!”

Сүрөттө: Дмитрий Михайлович окуучулары менен

Эми кичине Азамат Шаршенов тууралуу. Моюнга алышым керек, андан тасма тууралуу толук материалдарды, тасманын трейлерин жана тасманын өзүн алганымда, алгач бул кайсы режиссер экенин аңдай албадым, анткени ал тууралуу маалыматтар менин базамда жок болчу. Ал жиберген материалдар менен тааныша баштаганымда гана бул режиссер Азамат Арыков экенин түшүндүм, анын Кинону өнүктүрүү фондунун сайтындагы – kyrgyzcinema.com – баракчасы көп жылдардан бери эң окумал барактардын бири болуп эсептелет, экинчи орундагы Эрнест Абдыжапаров андан кыйла артта калган. Азамат көптөн бери фамилиясын өзгөртүүнү ойлонуштуруп келген экен, Шаршен – аны багып өстүргөн чоң атасынын аты.

Азамат 1985-жылы туулган. КР Көркөм-өнөр академиясынын алдындагы Көркөм-өнөр училищесин аяктаган. Эрнест Абдыжапаровдун режиссерлук курсун толук окуп бүтүргөн. Учурда Б.Бейшеналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде режиссердук факультетте билим алып келет. Кинодогу карьерасынын башында бир канча тасмаларда актер катары тартылган. Кыргызстандыктарга “Аят” үчилтигиндеги башка каарман катары белгилүү.

Азаматтын айтымында, “Жашоо керемет” тасмасын тартып-даярдоо процесси бир жыл убакытты ээлеген, ал өзү автор дагы, режиссер дагы, оператор дагы, монтажер дагы, продюсер дагы болгон. Режиссердун жубайы – сценарийдин авторлошу – Бегай Шаршенова Азаматка бардык жагынан колдоо көрсөтүп, дайыма жанында болду. Тасмага музыканы белгилүү композитор Мурзалы Жээнбаев жазган.

Чыгарма Кыргызстандагы жана Түркиядагы бир катар кинофестивадарга катышып, сыйлыктарды алганга жетишкен. Адам укуктары боюнча даректүү тасмалардын “Бир дүйнө” Эл аралык кинофестивалында ал көрүүчүлөрдүн сүймөнчүгү сыйлыгын алган, ал эми “Кыргызстан – кыскаметраждуу тасмалардын өлкөсү” аталышындагы Эл аралык кинофестивалда Жюринин атайы сыйлыгына арзыган.

Бул укмуш, керемет, жаркын тасмага француздардын Везулдеги кинофестивалында ийгиликке жетишин каалайлы!

Гүлбара Төлөмүшова,
10 января 2018 года 

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине