Балеринанын юбилейи

18:56, 30 Января

Атактуу балерина, Советтик социалисттик республикалар союзунун (ССРС) элдик артисти, ССРС мамлекеттик премиясынын лауреаты, Кыргызстандын Лениндик комсомол атындагы премиянын лауреаты, Айтматов атындагы эл аралык премиянын лауреаты Айсулу Токомбаеванын юбилейлик кечеси 2-февралда А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрында өтөт. Дүйнөлүк жана улуттук классикалык чыгрмаларынан турган программага театрдын алдыңкы артисттери катышат. Кирүү акысыз.

Айсулу Токомбаева 1947-жылы 22-сентябрда Фрунзе шаарында туулган. Ваганов атындагы Ленинграддык хореографиялык училищени (Азыркы Орус балетинин академиясы) Н.В.Беликованын классу боюнча аяктаган (1958-1966).

1966-жылы Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрынын балеттик труппасында иштей баштаган, ага дароо эле дүйнөлүк балеттик классикадагы жеке жана жоопкерчиликтүү партияларды бере башташкан. Анын биринчи ролу болуп эсептелген Чайковскийдин “Ак куулар көлүндөгү” Одетта-Одиллиянын ролу менен эле өзүнүн чеберчилиги менен элдин назарын өзүнө бурдура алган. Анда сейрек кездешкен сапат бар эле – ал аткарып жаткан ар-бир классикалык бийдин кыймылында кадыреселик, чынчылдык жана ошол эле кезде бийик адамдык сезимдер байкалып турчу. Классикалык жана заманбап балеттерде Айсулу Токомбаева жараткан образдар бий жана актердук чеберчилик ширелип айкашкан бий аткаруу өнөрүнүн эталону болуп калды. Алар кыргыз балеринасына дүйнөлүк атакты алып келди.

П.Чайковскийдин «Ак куулар көлү» (Одетта-Одиллия), А.Адандын «Жизели» (Жизель), Л. Минкустун «Баядеркасы» (Никия), Б.Асафьевдин «Бахчисарай фонтаны» (Мария), А. Хачатуряндын «Спартагы» (Фригия), Ф.Амировдун «Миң бир түнү» (Шехеразада), П.Чайковскийдин «Уктап жаткан сулуусу» (Аврора), У.Мусаевдин «Томириси» (Томирис), К.Молчановдун «Макбети» (леди Макбет), С.Прокофьевдин «Ромео жана Жульеттасы» (Жульетта) сыяктуу башка дагы көптөгөн классикалык жана заманбап балеттерде Айсулу Токомбаева жыйырмадан ашык алдыңкы партияларды аткарды.

Балерина өзгөчө чындык жана жакшылык үчүн күрөшкөн каармандардын образдарын чоң чеберчилик менен ачып берет эле. Айсулу Токомбаеванын чыгармачыл биографиясында Айтматовдун каармандары өзгөчө орунду ээлейт. Жазуучунун “Кызыл жоолук делбирим” повестинин негизинде композитор Власов жазган “Асель” балетинде Айсулу намыскөй жана күчтүү аялдын образын жаратып, сценада каармандын оор, бирок жаркын тагдырын көрсөтө алган. Чолпондун партиясын аткарууда (“Чолпон” балети) ээ-жаа бербеген темпераменти жана ошол эле кезде эң бир назиктиги даана байкалып турат. Токомбаева жашоого, табигатка ашык болгон Чолпондун образын жаратты. Композитор Молдобасановдун “Саманчынын жолу” балет-ораториясындагы башкы каарманы - кыргыз аялы Толгонайдын образын жаратууга Айсулу бүт эбегейсиз чоң артисттик талантын жана темпераментин жумшады. Улуу Ата мекендик согуш жылдарындагы советтик элдин эрдигин жана кайратын көрсөткөн спектакль элдин алкышына арзып, ал ССРСтин мамлекенттик премиясы менен белгиленген. Айсулу Токомбаева Толгонайдын партиясын көңүл эргип, чоң чеберчилик менен аткарган. 

Атактуу балерина ССРСтин жана дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө кыргыз өнөрүн даңктап көрсөтө алды: Польшада, Болгарияда, Финляндияда, Ливияда, Тунисте, Швецияда, Италияда, Югославияда, Венгрияда, Данияда, Швейцарияда.

1995-жылдан бери Айсулу Токомбаева Түркияда жашап, “Хаджатеппе” университетинин консерваториясында (Анкара) хореографиядан сабак берет. Балет артисттеринин белгилүү эл аралык сынактарына жюри катары такай чакырылып турат. Ал азыр да чыгармачыл жашоонун туу чокусунда, анын өнөрү адамдарга сулуулук менен таанышуунун унутулгус ирмемдерин тартуулап турат.

Елена Мягкова, театрдын адабий-драматургиялык бөлүмүнүн жетекчиси 

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине