Жашоо жана кино сүрөтчүнүн көзү менен

14:23, 17 Марта 2015

                              

Чыгармачыл адамдар менен чексиз сүйлөшсөң болот. Аларды жөн гана угуу да өзүнчө ырахат. Бул ирет алдыңарда, урматтуу окурмандар, сүрөт дүйнөсү ачылат,биздин гид бүгүн белгилүү сүрөтчү Александр Федоров болмокчу. Устат менен жолугуучу себеп да олуттуу- «Кино жөнүндө жомоктор» китебинин чыгышы.  Бул эмгек кинематографист жана жазуучу  Владимир Михайлов-Лидский менен чогуу авторлукта жаралган.

Сүйлөшүп жаткан учурда маектешиң тууралуу дагы көбүрөөк билгиң келет, ошондуктан мен өзүмдү кармана албай, биологдордун үй-бүлөсүндө фотограф уулдун кандайча төрөлүп калганын сурабай кое албадым.

- Александр Павлович, сиз биринчи жолу колуңузга фотоаппаратта качан алдыңыз эле?

- Үйдө атамдын  фотоаппараты бар болчу. Мен аны колума эбак эле алгам,  3-класстан эле биринчи акча таап баштагам. Окутуучу биздин классты сүрөткө тартууну суранды. Калтыраган колдорум менен ошол күндү сүрөткө түшүрдүм. Аны үчүн мага бир аз акча төлөп беришти (жылмаят). Андан кийин мен тоого барган жүрүштөрдү, ишембиликтерди тарта баштадым. Өспүрүмдүк максималисттик аркасынан көп сүрөттү жок кылган убагым да болгон. Кийин өкүнүп калдым. 

  - Сизди искусствого ким үйрөттү?

  - Өзүм үйрөнгөм. Мектепти бүткөндөн кийин мен ВГИКке тапшырам деп, даярданып баштадым. Бардык китепканаларга жазылдым, сүрөт жана кино, көркөм искусство боюнча көп китептерди окудум. Менин атамда сүрөт боюнча журналга жазылуу мүмкүндүгү бар болчу. Ал кезде кинооператордук факультетке тапшырууну каалагандар тарткан сүрөттөрүн тапшырышы керек болчу, маектешүүдөн өткөндөн кийин гана сени сынактарга кое беришчү.

- Сиз кайсы жанрда иштейсиз?

- Бардыгында. Бардык жанрларда иштейм: пейзаж, портрет, репортаж. Негизи эле мага даярдап, коюлбаган сүрөттөр жагат. Мен киностудияга жумушка киргенде, ал жакта тескерисинче, сүрөттөрдүн бардыгы режиссурадан өткөн, бардыгы коюлуп, майда-чүйдөсүнө чейин даярдалган экен. Бул баа жеткис тажрыйба болду. Мен  Манас Мусаев, Кадыржан Кадыралиев, Валерий Виленский сыяктуу устаттар менен катар иштедим. Ал жакта мен жарнамалык сүрөттөрдү даярдачумун. Кадрды кармоо керек эле. Азыр фильмди  тартуу учурунда дароо үн жазышат, ошондуктан сүрөткө тартууга болбойт. Мурда үндү өзүнчө жазышчу, ошондуктан тартуу процессин тартууга уруксат берилчү.

- Сиз кантип киностудиядагы фотограф-сүрөтчү боло алдыңыз?

- Ал кезде кинематографисттердин төрагасы Аксаков болчу. Мен бардык тепкичтерден өттүм. Супер-техниктин жардамчысынан баштадым. Бир жолу, Генадий Базаров, мен аны гуру деп атап коем, дирекция менен макулдашып туруп, сүрөтчүлүк кесипти сунуш кылып калды. Мен баарынан жашы болчумун, ошондуктан, мени дайыма конференцияларга жана  ар кандай делегаттар менен жолугууга жиберип турушчу.  Аксаковдон кийин жетекчи  Айтматов болду. Биз чогуу 14 жыл иштедик жана мен анын сүрөттөрүнөн турган  «Чынгыз Айтматов жана анын Жери» деген альбом даярдадым. Бул идеяны эл сүрөтчүсү Жамбул Жумабаев берди. Ал кездеги режиссерлор: Болот Шамшиев, Төлөмүш Океев ж.б. туурасындагы бардык китептерде  иллюстрация катары менин тарткан сүрөттөрүм бар. Кыргыз киносу менен байланыштуу нерсенин баарына мен да катышкам. Мен о.э. «Экран» журналында да иштегем, ал кинону пропагандалоо бюросунун алдында жарык көрчү.  

- «Кино жөнүндө жомоктор»  китебин чыгаруу идеясы кайдан пайда болду?

- Мен кино тартуудагы көп кызыктуу жана күлкүлүү учурлардын күбөсү болгом. Мен бул  окуялардын баарын  Владимир Михайловго айтып бергем, ал журналист болгондуктан, анын баарын жазып алдып, кылдаттык менен текшерип чыкчу. Өтө чоң иш жасалды. Володя жада калса Израилге барып келди, ал жактан кыргыз киностудиясынын түзүүчүсү Герштейн менен жолугуп келди.  - бул сүрөт-китеп. Жөн гана кино туурасында тарых эмес. Китеп окурмандардын кеңири алкагына эсептелген. Текст менен сүрөттөрдү 50 х 50 шайкештигинде колдонууну чечтик, ошондо окуганга кызыктуу болобу дедик. 

- Сиз үчүн сүрөт тартуу – бул импровизациябы же акылыңызда бир план болобу?

- Менин сүрөт менен алектенип келе жатканыма 50 жыл болду. Сүрөт тартуунун дайыма бир ойлонулган планы болот, о.э. кайдан тартабыз, кантип тартабыз, бардыгы ойлонулат, бирок баары эле биз ойлогондой боло бербейт, ошондуктан кээде ойдон чыгарууга да туура келет.  Адамды дайыма таң калтырып туруу үчүн талбаган эмгек керек. Кайсы бир жерден стандарт ыкмалар менен жолдорду иштей койсо болот, бирок анда тажатма болуп калат. Дайыма жаңы идеяны ойлоп табуунун үстүндө болушуң керек. Бир  жерде тура берүүгө болбойт, дайыма жандуу жана күтүүсүз нерселерди издеп туруу керек. Азыр сүрөтчүлөр өтө көп. Атаандаштык зор. Сенден ашып кетеби деген коркунуч бар ошондуктан жаңылык издейсиң, чыгармачылыкта өсүү керек.

- Кимдин пикирин угасыз?

- Азыр мен өз ишиме сын көз караш менен карай ала турган курактамын. Бул канча жылдык тажрыйбадан иштелип чыккан. Менде пайдаланылбай жаткан сезимдер пайда болду. Шакирттер менен иштегенде, кимде көрүү бар экенни,ким иштеп кете алаарын дароо билем. О.э. киностудияда мен көркөм кеңештин алдында  өз ишимди коргогом, ошондон кийин гана «1-категориядагы сүрөтчү-фотограф» классификациясын беришкен.

- Өз тажрыйбаңыз менен бөлүшүү мезгили качан келди?

- Киностудиянын жабылаарынын алдында мен көркөм эмес, документалдык киного кызыга баштадым. Мен «Айланпа» фильмин тартууга катыштым, ал эми андан кийин  «Улуу жибек жолу» фильми тартылды. Бул мамлекеттин акчасына тартылган акыркы фильм болуп калды. Ушундан кийин расмий кино бүттү. Каридин Акматалиев мындан кийин искусство институтунда  киномектепти түзүп, мени операторлук факультетте сүрөт тартуудан берүүгө чакырды. 6 жылга жакын АУЦАдагы журналистика факультетинде сабак берип жүрдүм. Өз устаканамда курстарды алып барам. Өз убактарында  Вячеслав Оселедко, Темир Сыдыкбеков, Нина Горшкова менин шакирттерим болушкан.

- Сиздин көз карашыңызда, фотограф кандай болушу керек?

- Байкагыч. Сүрөт – сен качан турмуштун өзүнөн бир үзүмдү бере алганыңда гана кызыктуу болот. Анри Картье-Брессонанын айтканы менин эсимде түбөлүк калды: «Сүрөт тартуу (фотография) – 1/125 секунда,ал эч качан кайра кайтып келбейт».  Сен ушул учурда болуп жаткан нерсени кармап калуга үлгүрүшүң керек. Фотограф секундага жетпеген убакытта кантип тартуу керек,жана кайсы ракурстан алуу керектигин чечиши керек.  

- Жаңы баштаган фотографтарга эмне кеңеш бересиз?

- Өзүңдүн ишенбестигиңди аттап өтүп, тарта башта. Окуучулар тартуудан коркуп турган, аларга ыңгайсыз болгон да учурлар болгон. Сен бул туурасында ойлонгуча, учурду өткөрүп жибересиң. Анын башка жагы да бар, жүздөгөн сүрөттөн  бир жакшысы табылып калаар деген ниетте тынбай тарта берген учурлар да кездешет. Мындай болбойт. Сүрөт тартуунун бардык эрежелери жана мыйзамдары менен тартып, техникалык жактан кынтыксыз тартылган сүрөттөр да бар, кээде бул эрежелерди бузуп таркан учурлар да кездешет. Башкысы – көрө билүү. Жаңыны байкап көрүүдөн коркпогула. Мүмкүн болбогон эч нерсе жок! 

Өзүнүн убактысынын жоктугуна карабай, Александр Федоров мени кызыктырган суроолорго жооп берүүгө макул болду. Сыр кылып айтып коеюн, бул беделдүү сүрөтчү, өзүнүн көз карашында жакшы болду деген сүрөттөрүн тандап жатып,  «белек» деген сөздү айтты. Кийин билингендей,  бул, фотографияны кызыктуу кылып турган күүтүүсүз нерсе ошол экен.  

Жамиля Дандыбаева 

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине