Жашыңыз өтүп баратса да ...

17:37, 24 Февраля 2015

30 жаш курактан жашы эбак өтүп калгандар кантип таанышып, канткенде үй-бүлө күтө алышат? Башынан көп нерсе өткөн – никелери бузулган, карьерасы эми пайда болгон, көп учурда балдарын өздөрү багып калышкан... Ошентип, иштиктүү эмес, жеке таанышууга таптакыр жөндөмү калбай калат. Бардыгы эле бар. Бир гана жетишпегени – жакшы шериги жок.

Келечектүү тааныштыруучу «Сыйкырдуу жолугушуу» клубунун кызыктуу тажрыйбасы өзүнчө сөзгө татыктуу.

Жөн гана көнүмүш суроолорго жооп бергенден башка,эки аял, Чолпон Жуманазарова жана Дилбара Ажиева, бул жерде, Бишкекте «тез тааныштырууну» уюштурууга аракет кылышат.  Бул туурасында кинолордон көп эле көрсөңөр керек – айымдар отуруп турушат,  мырзалар улам алмашып, сүйлөшүүгө  7 минута берилет. Жуптар баарлашып, кафеге барышат, муз аянттарына барып, волейбол ойношот.  Ушунда бирин-бирин жакшылап таанууга,жакындан билүүгө мүмкүндүк көп болот.  Дильбар жана Чолпон менен жолугушуп, айымдар менен мырзалар эмнени каалашаарын, ушундай татынакай, жеткиликтүү жалгыз бой  адамдар эмнеге мынча көп  экенин билүүгө аракет кылдык.

- Мындай өзгөчө  ой кайдан пайда болду?

- Дилбара: Күтүүсүз эле. Менде да, Чолпондо да ажырашкан курбуларыбыз көп, алар үй-бүлө кургулары келишет, жалгыз бой, турмушка көздөрү каныгып калган. Таанышуу – кандай чоң көйгөй экенин билген болсоңуз....

- Баары жөнөкөйдөй эле сезилет

- Дилбара: А сиз аракет кылып көрүңүз... Мына, мисалга, аял жаңы үй-бүлө курууга даяр. Анан, күйөө издеп кайда бармак эле? Тааныштар аркылуу – ыңгайсыз. Барданбы? Же боулингденби? Ал жакта олуттуу мамиле кылууга даяр канча бойдок эркектер бар дейсиз?

- А ал даяр эркектер кайда?

- Дилбара: Алар өз үйүнүн, жумушунун дана жакын досторунун ортосунда. Эгер аялы каза болгон болсо, балдарын да карашат. Өзүңүз билесиз да, 40 жашында бийге барышпайт.

- Кимисине көбүрөөк бооруңуз ооруйт – аялдаргабы же эркектергеби?

- Дилбара: Башында аялдарга боорум ооручу. Бирок,андан кийин канчалаган татыктуу, жакшынакай бой эркектер бар экенин көрдүм...

- Чолпон: Эркектерге. Алар чынчыл болушат. Аялдар келишет, катталышат, талаптары туурасында айтышпайт, жолугушууларга «боорукер, жакшы адам болсо болду» деп барышат. Андан кийин ага, жакшы адам  37 жаштан өйдө эмес,келбеттүү, кирешеси 3 миң доллардан жогору, көздөрү  көгүш кишилер керек болуп чыгат. Ал эми эркектер өздөрүнүн издегенин айтышат. Өздөрү туурасында да калп айтпастан,  чындыкты айтып беришет. Аялдар, оо, өтө амалкөй келишет.

- Силер алдын ала кеңири сүйлөшүп аласыңар да?

- Дилбара: Албетте!

- Чолпон: Биз өз клубубуздун катышуучулары үчүн абдан тынчсызданып турабыз. Көп айдан бери тааныш болуп калган айымдын телефонун таптакыр билбеген адамыңа кантип бересиң?

- Фейс-көзөмөл да барбы?

- Чолпон: - Биз үй-бүлө кургусу келген адамдар менен иш алып барабыз. Биздин клуб үй-бүлө курууга жардам берет, биз көңүл ачууну сунуш кылбайбыз.

- Текшерүүчү, УКК сыяктуубу?

- Дилбара: Биз документтер менен көптөгөн маалымкаттарды талап кылбайбыз.  Бирок, көпкө сүйлөшөбүз. Бизге психологдор, волонтерлор жардам беришет, алар күйөө жана колукту болчулардын аң сезимин, психикалык жактан дени сактыгын тастыктап беришет.  Сүйлөшүүлөр өтө көп жүрөт. Кокусунан келип калган адамдар  өзүнөн өзү эле кетип, сээлдеп  жок болушат. Анын үстүнө аялы бар же күйөөсү бар, бирок, көңүл ачууну каалагандар – тааныштарын жолуктуруп калуудан коркушат, анткени клубдун иш чараларында 100 дөн ашык адам чогулат. 

- Клубуңардын  ачылганына канча болду?

- Чолпон: 4 ай.

- Аз эле болгон турбайбы.  Натыйжалар  болуп жатабы?

- Дилбара: 3 үй-бүлө курулду. Дагы беш жуп олуттуу мамиледе. Бул иш жүзүндө болгон натыйжа, бирок, бардыгы сан менен чектелбейт,бааланбайт.  Бизге келген айымдар менен мырзалар ачылышып, мамиле түзүүнү үйрөнүшөт, жашоого кубаныч менен карашып, өздөрүнө ишенип башташат, келечекке болгон ишеним пайда болот. Мына ушуну үчүн убактыңды жана күчүңдү коротсоң өкүнбөйсүң.

-Азыр кандай, клуб киреше алып келген жокпу?

- Чолпон: Оой, азыр кайдагы киреше? Азыркы учурда бул долбоор энтузиазм менен гана. Бирок, келечекте биз коммерциялык жактан ийгиликтүү болот деп ишенип турабыз. Азырынча анкетага жооп берүү – акы төлөнүүчү ( акысы – көп эмес, катталуу бир гана жолу, ал өзүнө жуп табылганга чейин жарактуу), анткени кандай болгон күнү да биз клштомо чыгымдарга туш болобуз, андан сырткары катышуучулар кафеге, муз аянтына ж.б. өздөрү төлөшөт. Андан кийин кандай болот, аны бара көрөбүз.

- Дилбара: Мезгили менен демөөрчүлөр пайда болуп, жардамдарын беришет, психологдор бекер иштешет. Бул, жалпысынан алганда, энтузиасттар үчүн гана жумуш.

- Кимиси көбүрөөк кайрылышат, аялдарбы же эркектерби?

- Чолпон: Башында аялдар көп болчу. Азыр болсо эркектер биринин артынан бири келип атат, алардын саны  көбөйдү.

- Өзүңөр туурасында маалыматты кантип таратасыңар?

- Дилбара: Соцтармактарга жазабыз, бирок негизинен  «жандуу радио» иштейт. Катышуучулар  өз тааныштарын алып келишет,бул тааныштар башка тааныштарын жана досторун дегендей. Каалоочулар жетиштүү.

- Анан, эркектер аялдардан эмнени күтүшөт? Азыркы турмушту көргөн, үй-бүлөсү бир жолу бузулган эркектер кандай аялга үйлөнгүсү келет экен?

- Дилбара: Алар жумшактыкты, аялзатына таандык назиктикти каалашат. Акыркы 20 жылда аялдар өтө эле ачык, өкүмчүл, өтө эрктүү  болуп кеткенине капа болушат. Аялзатына таандык жумшактык – жакшы сапат. Курагы жана келбети – аныктоочу сапаттар эмес.

- Чолпон: Анан да «көзүндө оту болсо» дешет. Ошол эле учурда ар бири: «Өзүн  карай билген» аялды издешет. Алар сулууларды издешпейт, анан турмуштун көр тирлигине баш оту менен батып калбаган Аялдарды издешет. Сулууларга бир аз кыйыныраак, аларга баары көңүл бурганы менен, көпчүлүгү алардан коркуп турат. Анан, өзүнө жетиштүү аялдарды издешет. Каражат жагынан эмес, акыл жана кызыкчылыгы жагынан. Элдин аң сезимине сиңип калган уламыштарга карабай, акылы жокторду эч ким издебейт. Анан тикенектей, өтө текебер аялдардан качышат. Басымдуулук кылгысы келгендерден. Айтор, ар кандай учурлар кездешет. Жумшак,  багууга муктаж эркектер да өтө сейрек кездешпейт.

- Назик, өзүн карай билген, көзүндө оту бар,кызыкчылыгы кенен, баарын түшүнгөн, уга билген, акылдуу... Алар башында нимби бар болсун деп талап кылышпайбы?

- Дилбара: Бекер ушинтесиз. Чынында, эркектер мамиле куруу, нике куруу үчүн көп нерсени берүүгө макул. Көпчүлүгү аялдарды материалдык  жактан багуууга даяр, болгону өзү үчүн гана кааласа 2-3 саат иштешсин дейт. Жада калса үй кызматкерине чейин жалдап берүүгө да даяр. Алар аялга болгон оор жүктү жүктөп коелу деген жок.  Көпчүлүк эркектер аялдары өз турмушун куруп кетсин деп, балдарын өздөрү багып жатышат. Айтор, эркектерге карата болгон менин пикирим түп тамырынан бери өзгөрдү, жакшы адамдар көп экен... Азыркы учурда абдан бай жана абдан жоомарт  жалгыз бой эркектер өтө көп.

- Эмне үчүн?

- Чолпон: Алар иш менен алек, таанышууга убактысы жок, ал эми көңүл ачуучу жайларга баруунун майнаптуулугу аз. Анын үстүнө, өздөрүнө караганда, алардын акчасына кызыккандар көп экенин алар да көрүп турушат.  Ошондуктан... Ак боз ат минген же кара мерседес айдаган канзада азыр 40 тан ашкан аялдарга деле келип калышы мүмкүн....

- Мындай эркектер жаш кыздарга кызыкса керек

- Чолпон: Жок! Албетте, баарынын пикири ар кандай, бирок, жаш келиндерге кызыгуу жогору деп баса айтпайт болчумун. Бизде бир окуя болгон, 37 жаштагы киши клубга келди. Боорукер, токтоо, жагымдуу адам,ал 35 жашка чейинки келин менен таанышкысы келгенин айтты. Бизде өзүнчө бир мүнөздүү, кызыктуу 42 жаштагы катышуучубуз бар болчу. Ал аны сүйүп калды, чындап сүйүп калды. Алар үйлөнүштү, бул биздин ийгиликтүү долбоорлорубуздун бири.

- Катышуучулар клубдан кеткенден кийин катышуучулар менен баарлашып турасыңарбы?

- Дилбара: Ооба. Сүйлөшүп турабыз. Алар жаңылыктар менен бөлүшүп турууну жактырышат. Азырынча алардын жашоосу абдан жакшы.

- Өз кезегинде биздин аялдар эмнени каалашат?

- Дилбара: Өх… Чындыкты айтайынбы? Көп учурда эмне каалаганын өздөрү да билишпейт, өз каалагандарын тез-тез өзгөртүп турушат. Эмне кылуу керек? Аялдар! Айтор, эгер эркектер өз максатына ишенип турса, анда бул чачыранды ойлор тез эле жок болот. Албетте, дайыма эле эмес. Бизде бир катышуучубуз бар болчу, ал күйөө болуучу киши туугандарына тааныштырам дегенде кадимкидей качып кеткен. Турмушка чыккысы келип жаткан, чын дилинен эле айтып жаткандай болгон, ал адамды да абдан жактырган... Анан эле качып кетти, 15 жаштагы кызга окшоп... Аялдар өтө эле сезимтал, бирок, кээде алардын кылык жоругу түшүнүксүз. Айрымдары үмүттөрү үзүлүп келет да, анан тандай турган адамдар бар экенин көргөндө, кайрадан элдин башын оорутуп баштайт. Өзгөчө, мурда турмушка чыкпагандар.

- Мүмкүн, ошондуктан чыкпаса керек. Көнгөн адат калбайт да

- Чолпон: Мүмкүн. Кандай болгон күнү да биз аларга ачылууга жардам беребиз. Жаңы мамилелер үчүн эшик ачуу, аларга бактылуу болууга мүмкүндүк берүү. Ишенип коюңуз, бул да аз эмес.

Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине