Сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү бардыгында бирдей болбогондуктан Борбор Азияда балдар “жакырчылык тузагына” түшүп калып жатышат - иликтөө

21:07, 3 Февраля

Казакстанда интеллектуалдык атайын мектептерде бир окуучуга кеткен чыгым катардагы мектептердеги мындай чыгымдардан 6 эсе көп. Кыргызстандык мектеп окуучулар PISA көрсөткүчү боюнча ага катышкан өлкөлөрдүн ичинен сабаттуулук боюнча эки жолу эң акыркы орун алышкан. Тажикстанда кенже класстарды аяктагандан кийин окуучулардын саны 2-3%га кыскарат. Өзбекстанда ар бир алты мектептин бири гана санариптик билим берүү платформасына кошулган.

Бул Борбор Азия өлкөлөрүндөгү сапаттуу орто билим алуу мүмкүнчүлүгүндөгү теңсиздиктин канчалык терең экенин көрсөткөн айрым гана фактылар. COVID-19 пандемиясы жана ага байланыштуу аралыктан окууга өтүү теңсиздик көйгөйүн ого бетер курчутту – айрыкча жакыр жана айыл жерлериндеги балдар үчүн абал оорлоду.

➔   Өзбекстан уюлдук интернеттин ылдамдыгы боюнча дүйнөдөгү эң акыркы он өлкөнүн ичине кирет. Орнотулган кең тилкелүү байланыштын ылдамдыгы боюнча да бардык коңшу өлкөлөр алдыда турат (Түркмөнстандан башка).

➔   Тажикстан онлайн-окутууга өтө албай, билим берүү процессин дээрлик төрт айга толугу менен токтотту. Мындай чечим байланыштын бардыгына жеткиликтүү эместиги, кымбаттыгы жана сапатынын начардыгына байланыштуу кабыл алынган.

➔   Кыргызстанда өткөн жылдын жазында мугалимдердин үчтөн экиси онлайн-окутууга даяр эмес болуп чыкты. Педагогдор өзүлөрү уюлдук телефон сатып алууга жана байланыш акысын төлөөгө мажбур болгондорун билдиришкен.

➔   Казакстандык окуучулардын дээрлик 10%да жеке компьютерлери жок. Казакстанга берилген биринчи гуманитардык жардамга медициналык коргонуу каражаттары гана эмес, окуучулар үчүн лэптоптор да кошулган.

Муну менен бирге, ар бир республикада – өкмөт тарабынан да, коомчулук тарабынан да пандемия башталгандан тартып билим берүүдөгү теңсиздиктерди жоюу аракеттери көрүлүп келет.

Маселен, Кыргызстандын улуттук байланыш оператору мугалимдерге жана окуучуларга атайын жеңилдетилген тариф сунуштаган. Өзбекстанда краудфандингдин жана Европа өнүктүрүү банкы берген каражаттын жардамы менен билим берүү онлайн-платформасы ишке киргизилди. Казакстанда мектеп окуучулары үчүн 6 миңден ашуун телесабактар тартылып, республикалык каналдардан көрсөтүлдү. Тажикстанда билим берүү министрлиги тарабынан мектептерге катуу дискке жазылган электрондук курстар жана материалдар таркатылууда. 

Дүйнөлүк Банктын иликтөөлөрүнө ылайык, билим берүүдөгү теңсиздиктин көрсөткүчү жогору болгон өлкөлөрдө жакырчылыктын муундан муунга өткөн тенденциясы байкалган («жакырчылык тузагы»). Эл аралык институттун берген баасы боюнча, 2020-жылы соңку 20 жыл ичинде биринчи жолу чекке жеткен жакырчылыктын масштабынын өсүшү күтүлөт.

«Борбор Азия мамлекеттеринин билим берүү жаатындагы теңсиздиктин жаңы кырлары: көйгөйдү өлчөгөндөн баштап, саясатты өзгөртүүгө чейин» долбоору мындай кырдаалдын түзүлгөнүнүн себептерине көңүл бурдуруу жана ылайыктуу чечимдерди сунуштоо максатын көздөйт. Ал төрт өлкөнүн иликтөөчүлөрү тарабынан «PaperLab» КФнун жетекчилиги менен  Сорос-Казахстан Фондунун колдооссу астында ишке ашырылууда.  Иликтөө иштеринин мазмуну авторлордун көз карашын чагылдырат жана ал Фонддун көз карашы менен дал келбеши да мүмкүн. Долбоордун медиаөнөктөшү MediaNet Эл аралык журналистика борбору.

 
© Новые лица, 2014–2021
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине