Бүтүрүүчүлөр кубануу менен кайткан мектеп

19:27, 29 Мая

Мектептин жана анда иштеген мугалимдердин мыктылыгын балдардын мамилесинен билсе болот. Бир кездеги бүтүрүүчүлөрү эми өзүлөрү сабак бериш үчүн, же анын ашканасын оңдоого, же мыкты окуган балдарга өз премияларын бергенге мектебине чоң кубануу менен кайтып келген мектептерди силер көп кезиктирдиңер беле? Мен ушундай мектепти биринчи жолу Балыкчыда көрдүм.

Лев Толстой атындагы №1 мектеп-гимназиянын көп жылдык тарыхы бар, аны менен мектептин музейинен жана бай архивинен таанышса болот. Өзү гана эмес, анын ата-энеси да ушул мектепти аяктаган учурдагы мектептин директору Инна Александровна Насыбулина музей боюнча бизге чакан экскурсия уюштуруп берди. Анын мектеп-гимназиянын директору болгонуна үч жыл болуп калды, ага чейин 21 жыл биология жана химия мугалими болуп иштеген.

“Биздин мектеп тууралуу биринчи маалымат 1923-жылы катталган. Анда ал туземдик мектеп деп аталат эле. 1933-жылы ага жалпы билим берүүчү мектеп статусу берилген, ошондон бери ал улуу орус жазуучусу Лев Толстойдун атын алып келет, - деди сөзүнүн башында директор Насыбулина. – Биздин музейде бир нече бөлүм бар: мектептин тарыхы, кыргыз жана орус элинин тарыхы боюнча бурчтар, элибиздин Улуу Атам мекендик согуш учурундагы эрдигине арналган “Өлбөстүк” эскерүү бурчу жана биздин мектеп ысымын алып жүргөн жазуучу Лев Толстойдун чыгармачылыгы жана өмүрү тууралуу бурч. Мектеп тарыхына арналган бөлүмдө ар-кайсы жылдары мектепте окуган бүтүрүүчүлөрүбүздүн сүрөттөрү бар. Андан ары мектептин бардык директорлору тууралуу маалыматтар топтолгон, алардын бир нечеси өз кезинде биздин мектепти аякташкан. Мугалимдер тууралуу айта турган болсом, учурда бизде эмгектенген 65 мугалимдин 23ү – биздин мектептин бүтүрүүчүлөрү. Бул жерде Кыргызстандын эки эмгек сиңирген мугалими иштеген. Дагы бир бөлүм атактуу бүтүрүүчүлөрүбүзгө арналган. Бир канча белгилүү журналисттер биздин мектепти аяктаган, алар радио алып баруучу Ирина Тэн, теле алып баруучу Светлана Акматалиева жана журналист Канат Каниметов. “Газпром Кыргызстан” ЖЧКнын генералдык директорунун кеңешчиси Арзымат Алдояров дагы биздин мектепти бүтүргөндөрдөн. Орусиянын баатыры болгон бүтүрүүчүбүз бар – Юрий Джамгаев. Башка бүтүрүүчүбүз миллиардер болду – ал Юрий Шефлер. Ал жана дагы бир канча бүтүрүүчүлөрүбүз бизге такай демөөрчүлүк жардамдарын көрсөтүп турушат. Маселен, Шефлердин жардамы менен мектебибиздин ашканасы 5 млн 700 миң сомго кайрадан оңдолуп чыккан. Учурда ал областыбыздагы эң заманбап жана жакшы жабдылган ашкана болуп эсептелет. Ал ошондой эле спорт залыбызды жана кийим тигүү цехибизди оңдогонго жардам берген.

Мектептин башкы эшигине чейинки таманташтан турган тротуар дагы – бүтүрүүчүбүз Чыңгыз Клычевдин жардамы, ал жарым миллион сомго демөөрчүлүк кылган. Дагы бир демөөрчү-бүтүрүүчүбүз Улан Шабынов ЖРТнын жыйынтыктары боюнча эң чоң балл алган окуучуларга премия берип турат. Менимче, бүтүрүүчүлөрүбүз мектепте жөндөн жөн эле кайтып келбей эле. Мектеп аларга жашоодогу туура багыт, бекем билим, терең фундамент жана өз күчтөрүнө ишеним берген. Ошондуктан ыраазы болгон окуучулар мектебин эч качан унутушпайт”.

Мектеп музейинде дагы үч бөлүм бар. Андан ары экскурсияны “Гид-экскурсия алып баруучу” ийримине катышкан жогорку класстын окуучулары жүргүзүштү. Алмаз Эшмамбетов мектеп ысымын алып жүргөн Лев Толстойдун өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу айтып берди. Экспозицияда Толстойдун үй-бүлөсүнүн, ал жашаган үйдүн сүрөттөрү, чыгармачылыгы тууралуу маалыматтар, ал эмес “Согуш жана тынчтык” романындагы Наташа Ростова менен князь Балконскийдин балдык кийимдери бар. Адиля Муратбекова көчүп келген орустар, алар жашаган үйлөр тууралуу айтып берип, накта байыркы жип ийриген чарыкты көрсөтүп берди. Бермет Илисбекова музейге келгендерге кыргыз салттары тууралуу айты берди. Башка гид Дмитрий Гребнев мектеп окуучуларынын акыркы жылдардагы жетишкендиктери менен тааныштырды.

Музейдеги экспозицияга балдар үйлөрүнөн көп экспонаттарды, чоң ата жана чоң энелеринин сүрөттөрүн алып келишет, өзүнчө бир мекен таануу иштерин такай жүргүзүп, өз шаарынын жана өлкөнүн тарыхын изилдеп турушат. Ушуну менен муундардын ортосундагы байланыш сакталып турат.

Мектептин негизги имараты 1964-жылы курулган болчу, кийинчирээк ага дагы бир имарат кошулган. Мектептин эки бөлүгү тең идеалдуу абалда кармалып турат – бардык жерде таптаза, кооз, катуу тартип. Балдардын бардыгы мектеп формасы менен жүрүшөт, жолукканда урмат көрсөтүп саламдашып турушат. Мектеп окуучулары шаардык, областтык жана республикалык олимпиадаларда, спорттук мелдештерде чоң ийгиликтерге жетип турушат. Директор Насыбулинанын айтымында, бул жетишкендиктердин негизги сыры – ата-энелер менен тыгыз иштешүү жана алардын мектеп администрациянын бардык аракеттерине колдоо көрсөтүүсү.

- Инна Александровна, ата-энелер менен кантип иштөө керек?

- Башкысы – алардан эч нерсе жашырбаш керек, ачык болуш керек. Ата-энелер алардын акчасы мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жумшалып, анын баары балдары үчүн жасалып жатканын көргөндө, алар жардамдарын аяшпайт. Биз өз кезегинде мектеп үчүн сатып алынган майда-барат нерсеге чейин отчет берип турабыз, алардын бардыгын өз сайтыбызга жайгаштырабыз. Жылына бир жолу ревизиялык комиссия ишин жүргүзүп, каалаган ата-эне каякка канча акча жумшалганын, ал боюнча кандай документтер бар экенин текшере алат. Мектепке өз ыктыяры менен берилчү салымдын өлчөмү жылына 300 сомду түзөт. Бул салымдан жарым-жартылай же толугу менен бошотулган категориялар бар (тоголок жетимдер, жарым-жартылай жетимдер, кем-карч үй-бүлөлөрдүн балдары, же бир үй-бүлөдөн мектепте үч жана андан көп бала окуп жатса). Бардыгы болуп мектепте 1529 бала окуйт. Топтолгон акчага мектептин материалдык-техникалык базасы бекемделип турат: 2015-жылы 256 миң сомго 24 камера сатып алынып, видекөзөмөл орнотулган. 2016-жылы 100 миң сомго акты залы жана 80 миң сомго кичи балдардын спорт залы оңдолгон. Быйыл биз 81 миң сомго 6 кийим тигүүчү машинаны жана кездемени сатып алдык, эми балдар кийим тигүүнү үйрөнгөнгө мүмкүнчүлүк алышты, ошондой эле англис тилинин кабинети оңдолуп, 60 миң сомго эмерек алынган. А былтыр болсо 246 миң сомго: математика, география, физика, англис тили, орус адабияты ж.б. сыяктуу сегиз сабак боюнча 1800 окуу китебин сатып алдык. Башкача айтканда, булардын бардыгы көп жылга эсептелген салымдар.

- Сиз билим берүү тармагында көп жылдан бери иштеп келесиз. Азыркы балдар тууралуу эмне айта аласыз?

- Азыркы балдар жакшы окуш керек экенин түшүнө баштады. Тилекке каршы, бардыгы эмес, бирок ошол кичине бөлүгүнө да биз кубанып жатабыз. Балдар олимпиадаларга активдүү катышып, республикалык мелдештерде күчтөрүн сынап жатышат. Көбү мындан да жакшы окуш керек экен деген ойго келди. Эгер беш жыл мурун айрым балдар бардыгын акчага сатып алса болот деген ойдо болушса, бүгүн: “Биз окугубуз келет! Биз конкреттүү кесипке үйрөнүшүбүз керек”, - деп жатышат. Балдар бүтүрүүчүлөрүбүздүн жашоодогу, карьерадагы ийгиликтерин көрүп жаткандыктан мына ушундай өзгөрүүлөр болууда. Бирок да окууга мамилеси өзгөрбөгөн балдар дагы бар. Менин пикиримде, жалгыз гана бир мектеп баланын калыптануусуна таасир берип, анын билимин арттырып, аны тарбиялай албайт. Ошондуктан биз ата-энелер менен тыгыз иштешибиз керек. Ата-энелери балдарына колдоо көрсөтө баштаганда, мына ошондо жыйынтыктар пайда болот.

- Ата-энелерге кеңешиңиз, баланы кантип окууга кызыктырса болот?

- Балага жатаардын алдында жомок окуп бергенден баштап, баланын окууга кызыгуусун калыптандыруу зарыл. Бала бакчага баратканда бала менен сүйлөшүүдөн башталат. Окууга кызыгуусун жаратыш керек, суроо берип, жоопторун кунт коюп угуп. Бир нерсени билүүгө умтулуу, кызыгуу мына ушинтип жаратылат. А эгерде ата-энеси өз маселелери менен гана алек болсо, байлык топтойм деп жүрүп баласын жоготуп алышы мүмкүн. Бала ата-энесине кереги жок экенин дароо сезет, өзгөрө баштайт. Ал же өзүнө чөгүп, түнт болуп кетиши мүмкүн, же тескерисинче, жаман жолго түшөт. Ошондуктан балдар менен такай баарлашып туруш керек, мектепте кандай жаңылыктар болуп жатканы менен, же болбой калды дегенде интернетте эмне окуганы менен кызыгып, сурап туруу абзел. Аягында муну айткым келет, мектептер ар-кандай болот: чоңдору бар, кичинекейлери бар, жакшылары бар, анчалык эместери бар. Окуучулардын, ата-энелердин жана биздин гимназиядагы мугалимдер жамаатынын пикири боюнча, эгер мектеп балдарга сырткы дүйнөнүн жамандыктарынан куткарып, сактап кала турган аралча болуп бера албаса, анда ал эч качан жакшы мектеп боло албайт. Жана да эң негизги нерсе, ар-бир бала аны бул жерде жакшы көрөөрүн сезип турушу керек. “Мугалим – окуучу – ата-эне” деген тыгыз биримдик болгондо гана, өнөктөрдүн жардамы менен буга жетсе болот! Биздин мектеп буга жете алды деген ойдобуз!

Лейла Саралаева

Вячеслав Оселедконун сүрөтү 

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине