Мектептерде смартфондорго тыюу салышабы?

12:08, 10 Мая

Депутат Махабат Мавлянова мектептерде окуучуларга смартфондорду колдонгонго тыюу салуу керектигин сунуштады. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Мавялнова сунуштаган “КР жалпы билим берүү уюмдарында инсандын адеп-ахлагын жана интеллектуалдык өнүгүүсүн сактоо, окуудагы жетишүүсүнүн сапатын жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндөгү” КР Жогорку Кеңешинин токтом долбоорун жактырды. Депутаттын сунуштарын жакшы түшүнбөй туруп анын демилгесин катуу сындай башташты. Оппоненттерине ишене турган болсок, смартфон – балдар үчүн билимдин дээрлик жалгыз булагы, ал эми депутат болсо, ушуга каршы чыгууда.

Депутат Мавлянова эмнелерди сунуштап жатты болду экен? Парламент токтомунун долбоорунун негиздемесинде мындай деп жазылган: “өкмөт “чалуу/жооп берүү/sms” функциялары гана каралып, интернет-модулдары менен фото- жана видеокамералары жок жөнөкөй телефондордон сырткары башка мобилдик телефондорду жана түзүмдөрдү (автор планшет тууралуу айтып жаткандыр) окуучулар траптан колдонулушуна менчик түрүнө карабай бардык мектептерде тыюу салуусу керек”.

Депутат Мавлянованын айтымында, мобилдик телефондор окуучуларды сабак учурунда алаксытканы аз келгенсип, жагымсыз маалыматтардын булагы да болуп эсептелет, анткени “алар көзөмөлсүз кирген интернетте балдардын адеп-ахлактык өнүгүүсүнө терс таасир тийгизиши мүмкүн толтура маалыматтар бар”. Депутаттын пикиринде, смартфондорду жана башка түзүмдөрдү кенен-кесири колдонуу балдардын окуудагы жетишүүсүнө, сабакка көңүл бөлүүсүнө терс таасирин тийгизип келет.

“Ата-энелери баланын биринчи эле талабы боюнча, виртуалдуу дүйнөгө баланы баш оту менен алып кетүүчү эң акыркы интернет-тиркемелер жана фотовидеотартуучу функциялар менен жабдылган мобилдик телефондорду сатып беришүүдө. Ал эми интернет-айдыңда балдарды зордук-зомбулукту пропагандалаган нерселер, порнография жана коркунучтуу адамдар менен таанышып, сүйлөшүүлөр күтүп жатат”, - деп жазылат токтом долбоорунун негиздемесинде.

Биздин мектептерде смартфондордун кенен колдонулушу тууралуу депутаттын айтканы менен макул болбоско кыйын. Азыркы күндө смартфондор, өзгөчө шаардык мектептерде, иштен бошобогон ата-энелер үчүн балдары аларга жолтоо болбогондой кылып алаксытуучу оюнчуктун бир түрүнө айланды.

Биздин балдардын дээрлик бардыгы коомдук тармактарда аккаунтарын ачышууда. Айрым учурда ата-энелери өзүлөрү бул платформаларда адамдын жашы боюнча чектөөлөр бар экенин билбей, балдарына жардам беришет. Мисалы кыргызстандыктар эң кеңири колдонгон Instagram коомдук тармагы аккаунт ачкандын жашы 13 жаштан жогору болушун талап кылат.

Биздин балдар болсо биринчи класста эле ал жакта каттала башташат. “Кызымдын айтканы боюнча, балдар тыныгуу учурунда коридорго туруп алышып, кимге канча адам жазылганы менен мактанышат экен. Алар ал эмес сабак учурунда Instagramда онлайн-эфир уюштурушат экен. Кызымдын телефону жок, биз ага атайы эле сатып бербей жатабыз. Анын кандай зарылчылыгы бар? Биз аны өзүбүз мектептке алып барып, алып келип турабыз. Үйдө биздин ноутбугубуз бар, ал жактан мультфильмдерди көрө алат, окуганга керектүү тексттерди издейбиз. Мен депутаттын сунушун колдойт элем. Бирок бул күндөрү мындай чектөөнү киргизүүгө мүмкүнбү”, - дейт экинчи класста окуган кыздын энеси Зайтуна Кадырова.

Instagram сыяктуу эле Facebook дагы аккаунт ачып жаткандын жашы 13 жаштан кем болбошун талап кылат. Айрым өлкөлөрдө талап кылынган жаш жогорураак. Коомдук тармактын эрежелеринде жалган маалыматтарды колдонуп аккаунтту ачуу алдардын эрежелерин одоно бузуу болуп саналаары ачык айкын жазылып турат. Эгер уруксат берилген жашка жете элек бала аккаунт ачып алса, ата-энелерине аны кантип өчүрүш керектигин үйрөтүп коюусу коомдук тармактын эрежелеринде сунушталат. Ал эми жашы жете элек чоочун бала тууралуу сөз болуп жатса, анда модераторлор өзүлөрү бул аккаунтту өчүрүп коюшат. Бир гана атайын форманы толтуруп, бул тууралуу билдирип коюш керек.

Орусиялык “Одноклассник” тармагы тууралуу өзүнчө сөз кылуу зарыл, анткени анда жаш боюнча эч кандай чектөө жок жана андан баштапкы мектепте окуп жаткандардын толтура аккаунттарын тапса болот. Балдар сүрөттөрү менен бөлүшүп, жашоодо тааныбаган, чоочун адамдар менен баарлашышат. Депутат Мавляновага каршы болуп жаткандардан сурагым келет, 8-13 жаштагылардын, ал эмес 15 жаштагылардын канчасы виртуалдык дүйнөдөгү өз коопсуздугун так баалап, бул коомдук тармакты колдонуу боюнча колдонуучулардын келишимине кол коё алышат болду экен?

Быйыл “Репортер-Акипресс” сайтына бир колдонуучу 10-11 жаштагы кыз автобуста кетип баратып порнографиялык видеону көрүп жатканы тууралуу кыска видеону жайгаштырган эле. Бир ай мурда эле ата-энелердин WhatsApp топторуна 10-13жаштагы кыздар камерага чечинип жатканы тууралуу видеолор таркатылган болчу. Видеону көргөн ата-энелер дендароо болушту эле, кийинчирээк бул видео Казакстанда тартылган экен дегендей маалымат таркаган. Аны уккан ата-энелер бир аз тынчый түшкөнсүдү эле, а бирок интернеттин чеги жок да. Журналисттер аныкташкандай, эси жок кыздар камераларды колдонуп, бир жаман оюн ойноп жатышкан экен. Бул оюнда белгисиз бир администратор тапшырмаларды берип, аны кыздар “камеранын алдында” аткарышы керек экен. Эгер тапшырма толугу менен аткарылбаса, видеону Интернет аркылуу таратабыз деп бөбөктү опузалап коркутушат. Кыздар менен алардын ата-энелери ар кайсы нерсени ойлонуп жатып чачтары агарды болушу керек. Видео тармакка чыгаары менен аны эми алып салуу мүмкүн эмес да. Кыздар ушундай болот деп ойлонушту бекен? Менимче, жок, алар бардыгын оюн катары кабылдашкан болушу керек.

М-Вектор уюмунун изилдөөсү боюнча, Кыргызстан калкынын 59% Интернетти колдонушат. Бишкекте глобалдык тармакка чыккандардын үлүшү 80%дан ашат. Жашы боюнча карай турган болсок, интернетти негизинен так ушул жаш курактагылар колдонушат. Интернетке киргенге эң кеңири колдонулган девайс – бул мобилдик телефон. Колдонуучулардын 20%ы гана ноутбук менен стационардык компьютерлерди колдонушат. Айылдарда болсо колдонуучулардын 94%ы интернетке смартфон аркылуу киришет.

М-Вектор уюмунун изилдөөсү көрсөткөндөй, жашы улуурактар Интернетке кирүү үчүн үй компьютерлерин (кабель, телефондук линия) көбүрөөк тандашат. Жаш муундагылар боюнча абал карама-каршы: жаштар мобилдик телефондорго/смартфондорго көбүрөөк ыкташат.

Колдонуучулардын 81%дан көбү Интернетке күн сайын кирет. 59%ы мессенджерлерди колдонот, ал эми жаңылык булактарына колдонуучулардын 29%ы гана кирет. Мессенджерлердин арасынан WhatsApp колдонуучулардын саны боюнча алдыңкы сапта турат, аны колдонуучулардын 96%ы колдонот. Колдонуучулардын 22%ы гана Интернетке илимий маалыматтарды издөө үчүн кирет экен. Кыргызстандыктардын көбү, алардын арасында биздин да балдар, Интернетти көңүл ачыш үчүн колдонот. Балким, балдар катталып жатканда чыныгы жаштарын жашыраттыр, же улуу агалары менен эжелери керектүү барактарды ачып беришет. Айрым учурларда ата-энелери өзүлөрү да балдарынын мындай кылышына көмөктөшөт.

Калктын 46% коомдук тармактарды колдонот. Бишкекте бул сан 80%га чейин жетет. Алардын 60% – 14 жаштан 35 жашка чейинкилер. Кыргызстандыктар коомдук тармактарда орточо алганда эки сааттан кем эмес отурушат. Эң көп колдонулган коомдук тармактардын катарына “Одноклассниктер” (35%), Instagram (23%) жана Facebook (13%) кирет.

Депутат Мавлянованын айтымында, Орус Федерациясы, Казак Республикасы, Тажикстан, Улуубритания сыяктуу өлкөлөрдө мектептерде мобилдик телефондорду колдонууга тыюу салынган. Британ аралдарындагы мектептерде мобилдик телефондорго тыюу салынгандан кийин экзамендердин жыйынтыктары бир топ жакшыра түшкөн.

Бишкекте көптөгөн жеке менчик мектептерде смартфондорду колдонууга тыюу салынган, аларды алып атайы кутуларга салып коюашт. Балдар девайстарын үйүнө кетип баратканда гана кайра артка алышат. Зарыл учурларда ата-энелери мугалимдерге чалышат. Бирок бардык эле жерде мындай тыюу салынган эмес.

Мавлянованын сунушунда, сөзсүз, минустар да бар. Мисалы, балдар телефондорун мектепке кирип бара жатканда, балким вахтада, калтырары сунушталат. Бирок телефондун жоголуп кетпешине жоопкерчилик негедир балдардын өзүнө артылган. Ошондой эле бул токтомдо каралган эрежелердин аткарылбагандыгы үчүн педагогдорду, жалпы билим берүүчү мекемелердин жетекчилерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу, керек болсо алардын иштен чыгарып салууга чейин чаралар каралган.

Ооба, тыюуу салуу чаралары менен гана балдардын глобалдык тармакта өзүн алып жүрүүсүн көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Бирок азыртадан эле айрым чараларды көрө баштасак болот. Мисалы, балдарыбызга коомдук тармактарда катталганга жардам берип, ушуну менен аларды көзөмөлдөгөнүбүздү токтотушубуз зарыл. Балдарыбызга жардам берүүнүн жана алар тууралуу көбүрөөк маалымат алып туруунун башка жолун тандашыбыз керек. Анан да балдарды гана эмес, ата-энелердин өзүлөрүн интернетти туура колдонууга үйрөтүшүбүз абзел. Калп материалдарды аныктаганды, маалыматты талдап, аны текшергенди билишибиз керек. Болбосо эбегейсиз сандагы дезинформацияны чындык көрүп, ар-түрдүү маалыматтык технологдордун оюнчугу бойдон кала беребиз. Болбосо ата-энелердин чаттарына жана топторуна жоголуп кеткен же өлүм алдындагы балдар тууралуу кабар менен “бул билдирүүнү 20 кишиге жиберсең бактылуу болосуң” деген шылдыңдаган жазуулары бар калп билдирүүлөрдү дагы деле ала беребиз.

Алмаз Исманов

© Новые лица, 2014–2018
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине