Medi сымбаттын бузулушун даарылоодо жана алдын алууда эмнени сунуштайт?

08:47, 11 Февраля 2019

Сымбат - бул адамдын денесинин тынч абалындагы жана кыймыл-аракет кылып жаткан учурундагы туура абалы. Сымбаты туура адам тулку бою менен башын түз кармайт. Анын басканы жеңил, омурткасы түз, далылары бираз кое берилип, арка ташталган, ал эми курсагы болсо тартылып турат. Туура абалда болгон омуртканын төрт ийилген жери бар: моюн жана бел бөлүгүндөгү алдыга карай ийилген жер (моюн жана бел лордозу), төш жана кйчалыш-куймулчак бөлүгүндөгү алдыга карай ийилүү жери (төш жана кыйчалыш-куймулчак кифозу). Бул ийилиштер  омурткага келген күчтү кармоого жардам берип, омуртка аралык дисктер менен байлампаларды жаракаттардан коргоп турат.

Акыркы жылдарда сымбаты бузулган адамдардын саны көбөйүүдө, бул жашоонун талаптарына ылайык окууда же жумушта отурган абалда иш кылып, физикалык активдүүлүктүн төмөндөшүнө байланыштуу.

Байкай кетсек, сымбат кандайдыр бир деңгээлде тукум куучулук факторлоруна дагы байланыштуу, ал ар бир адамдын дене түзүлүшүнүн өзгөчөлүктөрүнө көз каранды жана ал кичине кезден тарта эле түзүлөт, бирок ал булчуңдарды бекемдөө жана жаңы кыймыл стереотиптерин пайда кылуу жолдору менен өзгөрүшү мүмкүн. Сымбаттын коррекциясын бала чакта оңдогон  оң, бирок аны уулгайган кезде да жүргүзүүгө болот.

Сымбаттын бузулушунун себептери көп жана ар кандай. Анын бузулушу бир нече факторлордун таасири алдында болгон учурлар да көп кездешет.

Көпчүлүк учурда сымбаттын бузулушу адам туура эмес абалда көп убакыт өткөргөндүгүнөн келип чыгат, мисалы, начар жарыкта же бойго дал келбеген ыңгайсыз эмеректе отуруудан, оор нерселерди бир колдоп такай көтөрүп жүргөндүктөн.  Сымбаттын бузулушунда олуттуу ролду ошондой эле кыймыл-аркеттин жоктугу ойнойт- курсак менен далынын алсыз булчундары денени физиологиялык абалда көп убакытка чейин кармап тура албайт. Ошондой эле май тамандуулук дагы сымбаттын бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Туура эмес сымбаттын белгилери

Сымбаты туура эмес адамдар бүкүрөйүп, башын ылдый салып, курсагын чыгарып алып басып жүрүшөт. Сымбаты туура эмес адамдын омурткасы симметриялуу эмес көрүнөт, анын далылары ар башка деңгээлде турат. Белинин аймагында да ассиметрия пайда болуп, адам эки жакка эңкейгенде кыйынчылыктарды сезиши мүмкүн. Сымбаттын кыйшайышы төштүн, далынын оорушуна алып келип, адам тез чарчап, анын ички органдары ооруйт. Адам басканда таманы ооруганын сезип, тез суукка урунуп, ички органдары ооруганын сезет, ошондой эле анын омурткасы кыйшайганы даана көрүнүп, жаткан учурда буттарынын узундугу айрымаланып тургандыгы билинет.

Сымбаттын бузулуш эмнеси менен кооптуу?

Сымбаттын бузулушу остеохондроз жана башка омуртка ооруларына алып келип, жүрөктүн, боордун, өпкөнүн, ашказандын жана иче-карындын  иштешин начарлатат. Омуртканын ийилиштеринин өзгөрүшү ага келген күчтү тең бөлүштүрүшүн оорлотот.  Адамдын төш клеткасы деформацияланып, анын дем алуусунда жана кан айлануусунда көйгөйлөр пайда болот. Жалпак далы сколиоз менен компрессиондук сынууларга алып келиши мүмкүн. Сымбаттын бузулушу, өзгөчө сколиоз тез эле өөрчүп, оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн: кабырга-омурткалык бүкүрдүк, майыптуулук пайда болушу мүмкүн. Эгерде сымбаттын коррекциясын өз убактысында баштабаса, физикалык көнүгүүлөр жардам бербей калат да, омуртканы түздөө боюнча операция керектелет.

Сымбаттын бузулушун дарылоо

Дарылоо дарыгер тарабынан гана жүргүзүлөт, анын ичине  атайын көнүгүүлөрдү аткаруу жана medi немис компаниясынын өндүрүшүнөн чыккан атайын ортопедиялык жасалгаларды колдонуу кирет.

Эгерде сымбаттын бузулушунун себеби май тамандуулук болсо,  аны оңдоого арналган medi ортопедиялык салынгычтарды колдонуу керек. Medi footsupport ортопедиялык салынгычтары- бул ар кандай функцияларды аткара турчу инновациялык жасалгалары.

-амморттолгон касиеттеринин жардамы менен салынгычтар таманга болгон басымды төмөндөтүп, аларды коргойт

-салынгычтардын өзгөчө түзүлүшү менен  функционалдык материалдардын айкалышы оору сезимдерин басаңдатууга жардам берет

-колдоочу касиеттеринин жардамы менен салынгычтар таманга болгон жүктү төмөндөтүп, адамдын басуусун жакшыртып, муундарды турукташтырат

Сымбаттын пассивдүү коррекциясы үчүн атайын реклинаторлор менен корректорлор жардам берет. Реклинаторлор ийин муундары алсыз болуп, сымбат анча маанилүү эмес деңгээлде бузулганда  колдонулат. Алар бүкүрөйүүдөн арылтып, ийиндерди жайылтууга жардам берет.

Сымбаттын пассивдүү түздөлүшү үчүч атайын реклинаторлор менен сымбаттын корректорлору колдонулат. Реклинаторлор йийн муундары алсыз болуп, сымбаттын бузулушу анчалык маанилүү эмес кезинде колдонулат. Алар бүкүрөйүүдөн арылтып, ийиндерди жайылтууга жардам берет. Эске алчу нерсе- корректорлор кыймылдоо адаттарын өзгөртүп аларды оңдоого багытталган. Алар таасирди физикалык көнүгүүлөр менен чогуу колдонгондо гана берет, болбосо кийин корректорлор чечилгенден кийин дене мурунку туура эмес абаоына келип калат. Корректорду күнүнө 4-6 сааттан ашпаган убакыт гана колдонуу сунушталат.

Ал эми булчуңдардын күчүн жогорулатуу үчүн омуртка үчүн машыктыуучу Spinomed корректорун колдонуңуз. Өткөрүлгөн изилдөөлөргө таянсак, аталган ортез  тулку бойду кармап турууга керектелүүчү далы менен пресс булчуңдарын иштетүүдөн сырткары, ооруу сезимин дагы басаңдатканы аныкталган. Сымбаттын башка түздөгүчтөрүнө салыштырмалуу, Spinomed кийим алдында байкалбайт жана 30 секунддан аз убакытта кийилет. Ал колдонууда абдан ыңгайлуу.

Medi ортопедиялык салонунда медициналык билимдүү кеңешчилер сымбаттын бузулушун даарылап жана алдын алууга керектүү варианттарды тандап берет.

Сиздерге medi ортопедиялык жасалгалары менен биргеликте түз тулку бойду каалайбыз!

Medi ортопедиялык салону

Биздин дарек: Раззаков көчөсү 15

Телефон: 0559 98-60-90

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине