ЕРӨБ жана ЕБ Кыргыз Республикасында «жашыл» багбанчылыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүүдө

18:13, 29 Июля

«Казы-Бек» агро-фермасы биогаз системасын өздөштүрүп, туруктуу чарба жүргүзүүгө жетишти

Кыргыз Республикасы соңку айлары коронавирус пандемиясынын жайылуусун токтотууга болгон күч аракетин жумшап жатат. Аталган илдеттин өлкө аймагында күч алышы, биринчи кезекте өлкө калкын тамак-аш менен үзгүлтүксүз камсыздоо маселесине олуттуу коркунуч туудуруп жаткан чакта, жергиликтүү агроишканалар жана фермердик чарбалар маанилүү ролду ойной башташты. Мындай ишкерлердин бири – өзүнүн багбанчылык чарбасында «жашыл» технологияны колдонууну кыялданып,  ийгиликтүү ишке ашырган 51 жаштагы Касымбек Казиев.

ЕРӨБ менен Европа Биримдиги (ЕБ) бөлүп берген атайын кеңешчи Касымбекке ал издеп жүргөн жаратылышка зыяны тийбеген заманбап технологияны өздөштүрүүгө жардам берди.

Касымбек тажрыйбалуу жергиликтүү ишкер. Ал өз жашоосунда бизнестин көп түрүн жасап көргөн: алгач металды сыртка сатуу менен алектенип, андан соң өлкөгө жынсы кийимдерди алып келип сатып, ал тургай муниципиалдык таштандылардан мөмө жемиштер үчүн 200,000 пластикалык контейнерлерди даярдап чыгарууга жетишкен.

Касымбектин акыркы бизнеси мөмө жемиштерди экспорттоочулардын жыгач жащиктерден баш тартып, ордуна пластикалык контейнерлерди колдоно баштоосуна көмөк болду. Бул өз кезегинде жылына 1,000 кубометр токойду сактап калууга жана жергиликтүү продукцияларга негизги рынок болгон Орусия тарабынан кабыл алынган жаңы талаптарды сактоону камсыз кылууга өбөлгө түзгөн. Дал ушул тажрыйба Касымбектин кийинки ишине, интенсивдүү багбанчылык аркылуу мөмө жемиш багын уюштурууга дем берген.

Бир топ изилдеген соң, ал Кыргызстандын Ыссык-Көл облусунда жайгашкан өзүнүн туулуп өскөн Сарыкамыш айылына 19 гектар аянтка мөмө жемиш багын тикти. Жаңы ишкана («Казы-Бек» агро-фермасы) өрүктүн, алманын, кайноолунун, малинанын жана жаңгактын карлик жана жарым карлик сортторун өстүрө баштаган. Ишкана продукциясын жергиликтүү базарларга жана  ири соода тармактарына сатыкка чыгарат.

Башынан эле Касымбек мөмө жемиштерди болушунча табигый жол менен өндүрүүнү чечкен. Ал адегенде тамчылатып суугаруу системасын орнотуп, зыянкечтер жана илдеттерге каршы күрөшүүдө химикаттарды дээрлик колдонбой турган ыкмаларды ишке киргизди. Мындай ыкмаларды колдонууда олуттуу эмгек чыгашалары талап кылынат, андыктан сезон мезгилинде Касымбек 20 айылдашын иш менен камсыз кылат. Бардык аракеттерге карабастан бактагы жер кыртышы начар болгондуктан, чарба кечээ жакынга чейин жер семирткичтерге жыл сайын 5,000 АКШ долларын сарптоого аргасыз болуп келген.

Андыктан Касымбек мал чарбачылыкта чоң тажрыйбасы бар (800 баш кой, 50 баш ири мүйүздуу мал жана жылкысы бар) иниси менен биргеликте, органикалык жер семирткичти өз алдынча өндүрүүү максатында биогаз аппаратын издей башташкан. Бир күнү Алар ЕРӨБдүн Чакан ишканаларга кеңеш берүү программасы «жашыл» технологияларды ишке киргизген ондогон долбоорлорго колдоо көрсөткөндүгү тууралуу угуп калышат.

Май айынын башында, өлкөбүздө пандемия курчуп турган учурда, ЕБ тарабынан жөнөтүлгөн техникалык консультанттын жетекчилиги астында, аталган чарбага биогазды өндүрүу боюнча кубаттуулугу 25 кубометрлик жабдык орнотулду. Бул аппарат жогорудагы эки фемердик чарбанын ишмердүүлүгүн жана Касымбектин күндөлүк турмуштагы керектөөсүнө жетээрлик экологиялык жактан таза, коркунучсуз энергетикалык циклди камсыздай алат. Бардык органикалык калдыктар – тамак-аш калдыктары, малдын кыгы, ошондой эле мөмө жемиштердин калдыктары – ошол жабдыкка төгүлөт. Эми Касымбектин чарбасы жылына  9,000ден 14,000ге чейин кубометр биогазды, ошондой эле 365 кубометр жогорку сапаттагы органикалык жер семирткич өндүрүүгө жөндөмдүү.

Касымбектин айтымында биогазды колдонуунун көптөгөн артыкчылыктары бар: «Мен өз кардарларым үчүн экологиялык таза жер семирткичтердин негизинде табигый продукция өндүрүп жатам. Аппарат бизге жетишээрлик биогазды өндүрүп чыгара алат, ал биздин үйдү ысытууга жана тамак-ашыбызды даярдоого кеңири жетет. Эми үйүбүздө, мал чарбачылыгыбызда жана мөмө жемиш багыбызда калдыктардын жагымсыз жыттары жоголуп, санитардык шарттар да жакшырды».

Бул долбоордун финансылык пайдасы да бар. Касымбек жылына жер семирткичтерге жана газга кетчү 7,500 АКШ долларын үнөмдөп, мөмө жемиштерди 20-30 пайызга көп өндүрүп, өзүнүн өндүргөн органикалык продукциясын премиалдык баада сата алат.

Мындан тышкары, Касымбек өндүрүштү кеңейтип, өндүрүлгөн продукциянын органикалык экенин тастыктай турган тийиштүү сертификат алууну пландап жатат. Учурда, Кыргызстан коронавирус илдети менен курөшүп жаткан шартта, Касымбек жергиликтүү азык-түлүк менен жабдуу тутумун чыңдоонун жана жаңы жумуш орундарын түзүүнүн кошумча зарылчылыгы бар деп эсептейт. Соңку айларда ал башка жергиликтүү ишкерлер менен биргеликте айылдагы тамак-аштан кыйналган тургундарга кайрымдуулук катары азык-түүк таратып жардам берген.

Касымбек өзүнүн билими жана тажрыйбасы менен бөлүшүү андан да маанилүү деп эсептейт. «Мен биогаз жөнүндө көбүрөөк билүү үчүн көп убактымды жана каражатымды короттум. Ошондуктан, өз билгендеримди айылдаштарым жана башка фермелер менен бекер эле бөлүшкүм келет», - дейт Касымбек. Ал учурда айылындагы мөмө бактарын отургузган төрт жаш жигитке насаатчы катарында кеңештерин берип келет, жана анын жаңы биогаз аппаратын иш жүзүндө көрөм деп келгендердин өтүнүчүн эч качан жоопсуз калтырбайт.

***

2006-жылдан баштап ЕРӨБ жана донорлор, анын ичинде Европа Биримдиги жана Чакан бизнести өнүктүрүү фонду (Италия, Япония, Люксембург, Норвегия, Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, Тайбэй (Кытай) жана Америка Кошмо Штаттары),  Кыргызстандагы 40 ашык чакан жана орто ишканаларга экологиялык башкаруу жана энергетика жана башка ресурстарды натыйжалуу колдонуу жаатында бизнес-кеңештерди берүүгө жетишти.

Турар Бекболотов 

 
© Новые лица, 2014–2020
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине