Ыңгайлуулук medi трикотажы менен

20:19, 3 Мая 2019

Азыркы учурда варикоз - бүтүндөй цивилизациянын дарты болуп эсептелет. Статистика жүрөк түшүрөт: биздин планетанын дээрлик ар бир экинчи жашоочусу бул дартка чалдыккан. Көпчүлүк эл варикоз- бул буттардагы тамырлардын шишип чыгып тургандыгы деп ойлойт. Бирок бул дарттын белгилери жалгыз эле алар эмес.

Биринчи кезекте көңүл бура турчу нерсе- бул күндүн аягында буттардын оорушу жана оор болуп сезилиши. Көпчүлүк бул белгилерди  жөн гана «буттун чарчоосу» деп коюшат. Ошондой эле бейтаптар буттун кан тамырларынын ысып, сайгылашып жаткандыгын, түнкүсүн ооруп, кечкисн шишигендигин билдирет. Эгерде сиз күнүңүз кандай өткөндүгүнө карабастан, кечкисин ушул белгилерди байкап жатсаңыз, анда сиздин кан тамырларыңыз дартка чалдыккан.

Компресстик трикотаж - бул варикоз оорусун алдын алууда колдонулуучу негизги компонент жана хирургиялык жол менен кийлигишүүдө милдеттүү түрдө колдонулуучу каражат.

Трикотаждын даарылык касиети анын кан тамыр дубалдарына тегиз жана өлчөмдүү басым көрсөтүүгө негизделген.  Бул касиеттин жардамы менен, кан тамырлар ичкерип, андагы  кан уюп калбай, жүгүрүп турат. Буттун жумшак тарамыштарын компрессиялоо, башкача айтканда аларга басым кылуу оорунун пайда болушун алдына алып, буттардын шишүүсүнө жол бербейт.

Эгерде сиз кан тамырлар ооруларына чалдыкпасаңыз дагы, мындай жасалгалар сиздин буттарыңызга көп күч келген учурда, кош бойлуулук мезгилинде же көпкө чейин отуруп же туруп турганда  кам көрөт.  Мындай учурларда ден-соолукка кам көрүп, компрессиондук трикотажды эртерээк алып коюу ашык болбойт.  Компрессиондук трикотажды колдонгон адамдардын буттары иш күндүн аягында көп чарчабайт жана шишибейт.

Компрессиондук трикотаж кадимки трикотаждан эмнеси менен айрымаланат?

Medi трикотажынын башкы өзгөчөлүктөрүнүн бири – бул градуацияланган (буттун так аныкталган бөлүктөрүнө коюлган) компрессия.  Комрессиондук трикотаж буттун кан тамырларынын кеңейген бөлүктөрү шишип, анда кан уюп калбашы үчүн бутка жетиштүү деңгээлде басым көрсөтөт. Айта кетчү нерсе- бул басым ден өлчөмү менен эмес, сымап столбунун миллиметрлери менен өлчөнөт!

Заманбап компрессиондук трикотаждын артыкчылыктары:

· Жогорку сапаттагы материалдар

· Териге коопсуз жана гипоаллергендүү

· Заманбап дизайн, саркеч түстөр

· Жасалгаларды индивидуалдык өлчөмдөр менен тандоо

· Буттардын жагымдуу сөлөкөтүн негиздейт

· Көп жолу жуулса дагы касиеттерин жоготпойт

· Гольфалардын белдемчиси терини кыспай, денеге ыңгайлуу жайгашат

· Байпактар гипаллергендүү резинанын жардамы менен ылдыйды карай түшпөйт

Жасалганын туура көлөмүн кантип тандоо керек

Так аныкталган зоналарды өлчөө зарыл. Эң жакшысы, өлчөөнү кесипкөйлөргө ишениңиз!

Medi ортопедиялык салонунда жогорку медициналык билимдүү адистер ар бир кардардын көлөмүнө жараша атайын лента менен өлчөм жүргүзүп, туура тандоо кылууга жардам беришет.

Medi заманбап компрессиондук трикотажы- бул ыңгайлуулук, сапат жана мыкты келбет!

 
© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине