Ашкабад: чөлдөгү коммунизмдин элеси

08:57, 26 Ноября 2014

Мурдагы Союздук мамлекеттердин ичинен эң жабыгы – Түркмөнстан бул укмуштуудай миф чыгармачылыгынын обьектиси. Тоталитардыкпы – ооба. Өнүккөнбү – ооба. СССРдеги өз бир туугандарын аябай артка калтыруу менен өзүнүн оңой эмес жана бир кырдуу жолун тандап алга умтулган өлкө. 

Иштин маңызы боюнча, бул кагыраган оазисте  болбой туруп, бул кандай өлкө жана анда кандай адамдар жашайт деп түшүнүк алуу мүмкүн эмес. Түркмөнстан туурасында эмнелерди гана окубайсың, кандай гана пикирлер жок эмес. Мына, биз да өз пикирибизди айтабыз, өз таасирлерибиз менен бөлүшөбүз, акыркы инстанциянын чындыгына теңелүүнүн кереги жок... Жалпы мүнөзүн сүрөттөп берүүгө аракет кылалы.

Шаар туурасында

Ашкабад  укмуштуудай таасир калтырат. Амбиция-шаар, жомок-шаар, музей-шаар, жаңы үйлөрдүн жана куйкалаган күндүн шаары. Бул жакта жайкысын болуп көрбөгөндөй ысык (ошондуктан бардык жерде кондиционерлер бар, жада калса коомдук транспорттун аялдамаларында да кондиционери бар имараттар курулган). Ноябрда – салкын жай, бирок түнкүсүн чөлдүн  алмашкан температурасы өтө сезимтал. Февралда – муздак ыркыраган шамал. Бул жактарда кар жатпайт,кардын ордуна- укмуштуудай аппак имараттар.  Бул чөл кереметин эч нерсе менен салыштыра албайсың, ал эч нерсеге окшош эмес. Акыркы жети жылда анын элеси ушундай болуп калды, буга чейин анын бул улуулугу мынчалык эмес эле.

Ачык күндүн алдында, тоо ойдуңдарына кенен жайылып, бири-биринин мейкиндигине тийишпестен ак сарайлар асманга умтулушат. Дээрлик бардык шаар ушул сарайлардан турат.  Бири-бирине окшоштукту тартуулаган ак түсүнө карабай, архитектурасы абдан ар кырдуу. Кемелер, шпилдер, от жалындары, мечиттер, мунаралар, ампирге болгон ишаралар, готико менен барокколор, чыгыш жомоктору, футурист-сүрөтчүлөрдүн сүрөттөрү, орто кылымдагы сепилдер, заманбап бийик үйлөр жана падиша жашоочулары – ар бир имараттын ушул үн катпаган аппактыгында өзүнүн кайталангыс келбети бар. 

Мына ушунун баары селдейүүнү жаратып, пейзаждын чындыгына шек туудурат. Өзгөчө Ашкабаддагы сарай аянттарында бир да жандын жоктугун эске алганда. Кандайдыр бир балалыктын тээ алыскы кыялында жоголуп кеткен, ак чакмактардан курулган кимдир бирөөнүн кыялындай, мармардан жана бүткүл планетанын башка материалдарынын курулгандай. Бул жомокто жашай турган кимдир бирөө бул ак шаарга эч качан келбечүдөй. Ал эми шаар аны күтүп жатканадыгын жана түбөлүк күтөөрүн айтып тургандай... Азыр ушул сүрөт мунарыктап барып, закым сымал жоголуп кетчүдөй... Бирок, Ашкабад жоголбойт. Чөлдүн ортосундагы бул жомок акырын жымжырттыкта сүзүп жүрөт, суктандыра, салыштырмалуу анализдин баарын өчүрүп, суу оргумаларына чөмүлүп, жапжашыл бактар менен чооң кызыл розалардан улам дагы көрүнүктүү боло маңкайып турат. 

Биздин кыдырып жүргөн журналисттик топко, админстративдик кварталда эмес, «уктоочу» райондо жүргөнүбүздү түшүнүү үчүн 15 минут керек болду. Ал эми жаркыраган прожекторлор менен жарыктандырылган бийик кабат тандамал имараттар –  турак үчүн курулган экен.  Аны өздөрү «жогорку ыңгайлуулуктагы» деп коюшат экен. Бул жактан батир алыш үчүн Түркмөнстандын жаранынын борбордук каттоо жанан мамлекеттик ишканада иштөө талап кылынат экен  (мындайлар бул жакта басымдуу көпчүлүгү).  Анан, 10дон 30 пайызга чейин биринчи төлөм төлөп туруп (өзүнүн сиңирген эмгеги менен макамына жараша), ашкабаддык 30 жылдык узартылган мөөнөткө укмуштуудай заңгыраган үй ала алат. Ал эми бюджетте иштегендердин айрым категориясындагыларга 50% арзандатуу да бар экен. Бул тандамал турак-жайдын баасы аз эмес, болжол менен 100 миң долларга барат. Ал жакка азырынча жыш жайгаша элек,  кечкисин болжол менен үчтөн бири гана жарык болот. Бул  ажайып турак-жайдан, чөнөтөгүнө туура кетбегендиги үчүн эмес, өздөрүнүн көнүп калган үйлөрүнөн кеткиси келбей жаткандыгы үчүн баш тарткан жарандар да бар экен.  Шаардын  ал эски райондору да болушунча таралып, жуулуп, аппак каптамалар менен кооздолгон. Шаардын жалпы кебетесин бирдей деп атаса болот.

Мегаполистин иштиктүүлүгүнөн шыбырт да жок, азия стилиндеги ызы чуу менен ыпластыкты Ашкабаддын европалык ашкере байлыктан текебердиги өзүнө жакын жолотпойт. Кечки иллюминация,  абдан мол жана ашыкча, миңдеген ар түрдүү прожекторлору жана жүз миңдеген шамдары менен, чөлдөгү шаардын чындыкка коошпогондугун дагы күчөтүп тургансыйт. Биздин журналисттик топту чындыкка кайтарып келген жалгыз  нерсе- кесилиштердин бириндеги эртең мененки тыгын болду. Бардыгы жеңилдеп үшкүрүп жиберишти. Өхх.., акыры өзүбүзгө жакын жана түшүнүктүү нерсе...

Лидери туурасында

Гурбангулы Бердымухамедовдун фигурасы – мурдагы советтик Чыгыштын дагы бир табышмагы. Окуучунун уулу, окуучунун небереси, тукумдун жалгыз улантуучусу  (үй- бүлөдө болочок түркмөн президентинен башка 5 кыз бар).  Түркмөнстанда көп жыл боюн,  Бердымухамедов – Сапармурат Ниязовдун, Түркмениянын биринчи президентинин никесиз төрөлгөн баласы деген ушак жүргөн. Алардын сырткы кебетелери чын эле окшош жана Түркмөнбашынын күмбөзү да укмуштуудай салынган. Бирок,  Гурбангулы Бердымухамедовдун теги туурасындагы мындай жоромолду бирөөнө угузчу болсоң, жумушуңдан айдалышың мүмкүн.

Президент бир караганда жөнөкөй көрүнгөнү менен, билимдүү. Медицина илимдеринин доктору, «социалдык медицина жана саламаттыкты сактоону уюштуруу» адистиги боюнча профессор.  «Өтүксүз өтүкчү» деген сөз бул жерге таптакыр жарашпайт. 60 жаштагы президент болуп көрбөгөндөй сергек жана өз курагынан 15 жашка жаш көрүнөт. Тамеки чекпейт, спорт менен машыгат, мыкты чабандес. Бир окуяны айтып жүрүшөт – эл аралык меймандардын катышуусу менен бир майрамда президенттин алдындагы ат так түйүлө секирип, жыгылып калган экен. Ошондогу бара жаткан ылдамдыктан улам мунун аркасы абдан кайгылуу бүтмөк: тажрыйбасыз чабандес мойнун сындырмак, тажрыйбалуусу – аттын белин сындырмак дегендей. Ал эми  Бердымухамедов акробатиканын трюктарын көргөзгөн – өзүнүн жана аттын жашоосун сактап калуу менен, каскадерлорчо кулаган. Бул жакта аттарды абдан баалашат, түшүнүү менен сүйүп мамиле кылышат. Түркмөнстандагы ат мелдештери жетекчиликтин жана өлкөнүн калкынын сүйгүнчүлүгү болгону үчүн биринчи орунда.

Расмий салтанаттарда эки кадам алыстыкта турган күндөр да болгон, мындай учурларда бейтааныш адамдарды  Бердымухамедов  5 метр аралыктан да сезип тураары байкалды. Бирок, анын бир нерседен корккондугу байкалбайт, өзүнө ишенимдүү,  бирок  «кан сарайдагы ушактарга» караганда эч кимге ишенбейт. Эл алдында жөнөкөй болуп көрүнүп коет, бир  «коңшу эле айылдагы жигиттей».  Күзөт кызматкерлеринин жанында туруп, журналисттер менен жөнөкөй, анча-мынча  куулана менен кадимкисиндей сүйлөшө берет. «Кан сарайда» тамашалап жүрүшкөндөй, Түркмөнстандын жарымын өңүнөн тааныйт. Орусчаны акцент менен сүйлөйт, бизге аны да атайылап жасап жаткандай көрүнүп кетти. Имиджмейкерлердин кызматын пайдаланбайт, өзү аткарат.  Мусулман болгону менен исламдын чектен чыккан формаларын жактырбайт.

Чындап келгенде катуу, тырышчаак, прагматик.  Таш боор деп да айтышат. Чынында эле, мезгил-мезгили менен көз карашы коркунучтуу болуп кетет, эч нерсе айта албайсың. Жергиликтүү журналисттер аны чындап сыйлашат, анда дилетанттык  репутация эч качан болгон эмес. Гурбангулы Бердымухамедов  Араб  Эмираттарын көздөгүсү келет, ал жакка президент катары биринчи иш сапары менен барып келди. Ошол жактан бизнес идеяларды жана мамлекеттик долбоорлордун тажрыйбаларын  алат. Бардыгынан чоң долбоору –Каспий курорттору. Укмуштуудай сонун отелдер, болуп көрбөгөндөй кенендик, бай туристтерди күтүү – бул азыркы Түркмөнстандын  бизнес-артыкчылыгы (албетте, буларды багып жаткан газ тармагын эсепке албаганда). Өзүнүн жабыктыгын бул жерде элеганттуулук менен жашырышат – кымбат баалуу жолдомону алгандыгын тастыктаары менен виза автоматтык түрдө берилет (азыр Түркмөнстанга виза алуу абдан татаал, өз алдыңча  өтө зарыл себеби жок дээрлик мүмкүн эмес). Мейли, Түркмөнстанга акча короткулары келсе келе берсин дегендей

Бул адамда, анын жүрүш турушунда, анын мимикасында, өзүн кармоо манерасында  бир таң калычтуу өзгөчөлүгү бар. Азыр эле тура калып,  «Баарыңар жоголгулачы» деп айта тургандай... Анан  жок болуп кеткидей... Анын ички эркиндигинин өтө терең деңгээли сезилип турат. ошол эле убакта колу байлангандай... Жол башчыга бул сонундук жолтоо болуп жаткандай... Бердымухамедов өзүн көп учурда орто кылымдагы кандардай алып жүрсө да,  бул чинди урматтоо аны кыжырдантып тургандай. Эгер ал жыйын болуп жатканда, бир чиновникке отура бер деп айтмайынча, уруксат болгонго чейин ошол орунда тура берет деп айтып калышат.

Кайсы бир интервьюсунда  (анда президенттиктин карааны да жок болчу) азыркы  түркмөн лидери,  Антуан де Сент-Экзюперини жакшы көрөөрүн айткан. «Кичинекей канзада» өз чөлүндө  «башка планетасын» жасап алган – бүгүнкү Ашкабаддын чындыкка коошпогон укмуштуудай кебетеси азыркы этапта бир гана авторго ээ экенин айтышат, ал  Гурбангулы Бердымухамедов ал ар бир долбоордун майда чүйдөсүнө чейин сүңгүп кирип, өзү карап чыгат.

Элдери туурасында

«Жөнөкөй түркмөндөр» кандай жашашат? Жалпысынан, жаман эмес. Өлкөдө жумушсуздук бар, бирок өтө көп эмес.  Пенсионерлер камсыздалган, балдарга толук жардам бере алышат. Жашылчалар, нан, эт, жергиликтүү азыктар абдан арзан, алынып келингендер болуп көрбөгөндөй кымбат – өзгөчө тамеки. Айтмакчы, тамеки чегүүгө дээрлик бардык жерде тыюу салынган, өтө катуу айып салышат, айып эквивалентте 20 долларды түзөт. Бир аз кедейлик бар, бирок жакырчылык жоюлган. Кайырчылар жок. Коммуналдык төлөмдөр арзан, көпчүлүгү өлкө жарандар үчүн – акысыз. Социалдык коргоонун деңгээли абдан жакшы. Албетте, жогору айтылган сонундук өлкө жарандарынын жашоосунда эмес, шаардык пейзаждарда жаан сарай бөлмөлөрүндө калган. Бирок, жакырданган, кулчулук турмуштан өлгөнү калган түрүкмөндөр деген – таптаза эле миф, анан калса бир да чындыгы жок жана сандырак, ошон үчүн өлбөс.

ММК чынында эле катуу жүгөндөлүү, сөз эркиндиги деген таптакыр жок, бирок тургундардын сөздөрүнөн  бул боюнча өкүнүчтү деле байкабайсың. Алар көзөмөлдөн коркушпайт,  алар башаламандыктан жана нраванын кулашынан коркушат, сырттан экстремисттер же «эркиндик үчүн күрөшкөндөр» алып келеби деп чочулашат. Ошону үчүн өлкөгө кирип чыккандарды көзөмөлдөө саясатын катуу кармашат.  Революциялык маанайлардан дайын да жок. Кийими көбүн эсе улуттук, көпчүлүк иштегендердин категориясы үчүн жана окуучулар үчүн улуттук стилдеги униформа каралган. Бирок, заманбап саркеч кийимдер да жетиштүү. Жынсы шымдар менен кыска юбкаларга аксакалдар, шымын башына кийип алган бир жашар баланы карагансып карашат.  Жинденген элжирөө менен... Башкача аайтканда кыска юбка үчүн түркмөндөр сабашпайт, бирок шылдыңдашы мүмкүн. Биз, эмне үчүн ашкабаддыктар парктар менен аянттардан сейилдебей тургандыгын түшүнүүгө көпкө аракет кылдык. Дипломаттар жооп беришти: «Менталитет. Эч ким тыюу салбайт». Табышмактуу бул  «менталитет» деген сөз көптөгөн суроолорду жаратты. Бирок, кыска мөөнөттөгү сапардан аларга жооп ала албайсың. Түркмөндөр жаңы, кооз, өзгөчө салынган жерлерде баары чогуу барып, эс алышат деп айтышат. Ал эми парктар менен аянттардын көптүгүнөн эс алуучу көп жерлер колдонулбай да калган. Тажаткан сыяктуу. Ашкабадда кооздуктар өтө көп, шаардыктар аларга тоюп калган сыяктуу, ошону үчүн үйүндө телевизор көрүп отурушат. Бирок,  кечкисин шаарда сейлдөө,  топ болуп чогулуу сунушталбайт деп айтып жүрүшөт. Айтылган сөздөрдүн ар бири канчалык чындык экенин билбейм, бирок спутник антенналары менен турак-жай кварталдары толтура дегенди – таза чындык. Ошондуктан, маалыматтан бөлүп салган деген – Түркмөнстан туурасындагы дагы бир миф. Спутник телевидениеси жада калса кыштактарда да бар. Интернет да бар, өзгөчө Ашкабадда, бирок көптөгөн соцтармактарга тыюу салынган.  Одноклассники, Вконтакте иштейт, ал эми  Фэйсбук менен Твиттер – жабык. Бул чындык.

Түркмөнстандагы айылдар жашоо деңгээли боюнча –Бишкектин шаарга жакын айылдарындай. Бирок,аларда таптаза. Жылы бою күн тийип тургандыктан жергиликтүү калктын шашпагандыгы, жайбаракаттыгы  сөөлөттүүлүгү  ушунданбы?

Орус тилин  Ашхабадда жакшы билишет, бардык дүкөндө же кафеден эркин кайрыла берсең болот. Чиновниктер дээрлик бардыгы сүйлөшөт, анан калса сабаттуу, туура жана эркин.

Меймандардын жана Ашкабаддагы мейманканалар менен кафелердеги тейлеп жүргөндөрдүн ичинен өтө корккон, өзүн жашырган же колу байланган эркиндиги жок түркмөндөрдү таба алганыбыз жок. Тез тамактануучу бир жайда биздин 15 адамдан турган салатанаттуу топту акысыз, бул тамактандыруучу жайдын башкармалыгынын эсебинен тамактандырышты (бул Ашкабадда сейрек кездешет, алар 3 төн көп чогулушпайт), Биздин Кыргызстандан келгенибизди билип, меймандостук кылышты. Ал эми кафенин башка меймандары бизге кара:  «Кандай анан, башаламандыктар токтодубу?»,- деп сурап жатышты. Биз, Түркмөнстанга вирус сыяктуу саясий жана социалдык туруксуздукту  жугузабы деп корккон сымал. Жок, кымбаттуу түркмөн бир туугандарыбыз. Планетадагы социалдык жарылууларды биз жугузган жокпуз. Ошондуктан,  меймандостугуңар үчүн рахмат, биз силерге таза жүрөгүбүз менен келдик…

Светлана Бегунова Фотобаян Вячеслав Оселедко

© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине