Бишкекте Борбордук Азия мамлекеттеринин чек арага чектеш аймактарынын заманбап динамикасы талкууланды

14:47, 6 Февраля

Ынак коңшулук Борбордук Азия элдеринин салттуу маданиятындагы эң маанилүү баалуулуктардын бири. Бирок акыркы он жылдыктарда жаңы жагдай калыптанды жана мурдагы союздук республикалардын чек арага чектеш райондорунда улам жигердүү түрдө пайда болуп, регионалдык жана эл аралык аренада саясий түс берип жаткан жаңы тобокелдиктер жана коркунучтар байкалууда.

2020-жылдын 5-февралында Бишкекте «Ынак коңшулук чеберчилиги: чек аралык динамика, табигый ресурстар жана Борбордук Азиядагы мобилдүүлүк» темасындагы регионалдык конференция болуп өттү, иш-чара Борбордук Азия Университетинин Жогорку өнүгүү мектебинин Тоолуу аймактарды изилдөө институту (БАУ/ТАИИ) тарабынан уюштурулган.

Иш-чарага Борбордук Азия мамлекеттеринин, Улуу Британия, Германия, Кавказ жана Кытай өлкөлөрүнүн мамлекеттик жана эл аралык уюмдардын, изилдөө борборлорунун жана тажрыйба алмашуу боюнча академиялык институттардын 100 ашык алдыңкы эксперттери катышты.

Анда регионалдык кызматташуунун тажрыйбаларын, ыктымал кризистик тобокелдиктерге карата табигый ресурстарды башкарууну транс чек аралык адаптациялоонун мүмкүнчүлүктөрүн камтыган жана бүгүнкү күнү регионалдык күн тартибинде экономикалык жана суу пайдалануу боюнча кызматташуусу жаатында өнүгүү динамикасы катары артыкчылыктуу боло ала турган башка дагы бир катар маселелер талкууланды.

БАУ/ТАИИ улук илимий кызматкери Асель Мурзакулованын сөзү боюнча, чек арага чектеш аймактардын темасы Борбордук Азия регионунун бардык мамлекеттеринде курч талкууларды жаратат жана дайыма улуттук кызыкчылыктар көз карашы боюнча гана жакталат. Акыркы төрт жыл ичинде институт Фергана өрөөнүндө табигый ресурстарды башкаруу динамикасын изилдеп үйрөнүү жана чек арага чектеш жерлердин табигый ресурстары, адам коопсуздугу жана социалдык биримдиги позициясы жаатынан изилдөө жүргүздү. Ошол масштабдуу иштердин жыйынтыгын конференцияда көрсөтүү пландалган.

«Элестүү айтканда, калк жыш жайгашкан аймакка суу берген Исфара дарыясына өзү агып өткөн мамлекеттер кандайча аталаары маанилүү эмес. Ал үчүн ошол өлкөлөрдө жашаган адамдардын дарыя суусунун молдугун камсыздаган эң маанилүү ресурстардын азайышына жол бербөө үчүн өз муктаждыктарын чеберчилик менен макулдашууга үйрөнүүсү маанилүү. Ушул жагынан биздин эксперттик корутундулар жана сунуштамалар чечимдерди кабыл алууга жана тиешелүү саясат иштеп чыгууга пайдалуу болушу мүмкүн»,- деди Мурзакулова изилдөөнүн жыйынтыгын айтып жатып.

Конференцияда глобалдык негизде ресурстарды башкаруу, улутчулдук жана регионализм темаларын талкуулаган башка өлкөлөрдүн эксперттик-аналитикалык коомчулугунун өкүлдөрү дагы сөз сүйлөштү, грузин-азербайжан чек арасындагы ингилой этникалык тобунун тажрыйбасы менен бөлүшүштү; Тажикстандагы жана Казакстан менен Кытайдын чек арасындагы агрардык өзгөрүүлөрдүн анализин көрсөтүштү; Борбордук Азиядагы соода-экономикалык кыззматташуунун акыркы тренддери жөнүндө айтып беришти, региондогу соода жана туризмдин келечеги жана көйгөйлөрү, ошондой эле, суу ресурстарынын маселелери тууралуу сөз козгошту.

Конференцияда Борбордук Азия боюнча чакырылган эксперттер жана Оксфорд университетинин, германиялык Рухр жана туруктуу өнүгүү боюнча Эберсвальде университеттеринин, Өзбекстандын Bilim Carvoni изилдөө борборунун, Кытайдагы Борбордук Азиялык регионалдык экономикалык кызматташтык институтунун, БАУ Мамлекеттик башкаруу жана саясат институтунун изилдөөчүлөрү негизги спикерлер катары катышты.

Конференция Борбордук Азия Университетинин Жогорку өнүгүү мектебинин Тоолуу аймактарды изилдөө институту тарабынан Британия Окмотунун (UKAid) колдоосунда жүзөгө ашырылып жаткан «Табигый ресурстарды натыйжалуу башкарууну жакшыртуу жолу аркылуу Кыргызстанда жана Тажикстандагы туруктуулукту бекемдөө» долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.

 
© Новые лица, 2014–2020
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине