Кыргызстандыктар балдарын эмне үчүн урат?

13:34, 23 Января

Кыргызстандын криминалдык хроникасы коркунучтуу тасмага окшогондон окшоп эле баратат. Мыкаачылык менен өлтүрүлгөн балдар... Акыркы бир, бир жарым айда болгон окуялардан эле тике чачың тик турат.

Жан дүйнөнү үрөйгө учураткан хроникалар

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда мас абалындагы киши отун менен жубайын уруп кирген. Соккулардын бири аял колунда кармап турган төрт айлык ымыркайга тийген. Ал чарчап калган.

Эки жаштагы наристе ооруканага каза болгондо жеткирилген. Анын ата-энеси ажырашып кеткен. Бала туугандарынын колунда болгон, алар аны «тарбиялоо максатында» уруп турушкан. Баланын башы менен денесинен дарыгерлер көптөгөн шишиктерди таап, сол колу сынганын аныктаган.

Жети-Өгүз районунда 1,5 жаштагы бала шымына заара коё берип койгондугу үчүн тууганы аны өлгөнчө сабаган. Каза болгон ымыркайдын 21 жаштагы апасы Москвага акча табуу үчүн иштегени кетип, баланы туугандарына таштап кеткен.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун соту жашы жетет элек кызга карата сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди кылган дарыгерди 20 жылга эркинен ажыратты.

Аял эки жашар баласын курбусунукуна таштап, акча табууга иштегени кеткен. Наристе (кайрадан эле!) заара кылып койгондугу үчүн ур-токмокко алынган. Ал бала жанан энени коргоо улуттук борборунун реанимация бөлүмүндө көз жумган. Баланын апасы «курбусуна» эч дооматы жок деп милицияга арыз жазган.

Булар өлкөдө ушунча кыска убакыттын ичинде болгон окуялардын аз бөлүгү гана. Бул – айсбергдин чокусу гана, анткени ур-токмокко кабылган жүздөгөн, миңдеген балдар тууралуу биз эч качан билбейбиз, анткени алар ооруканага түшүп же каза болгон жок. Эң тобокелдүү топ- акча табууга кеткен мигранттардын балдары. Өкмөттө, парламентте жана тегерек столдордо бул кырдаалды оңдоп, ата-энелер балдарын таштабашы үчүн кандай мыйзам-ченем табуу жөнүндө кызуу талкуулар жүрүүдө. Ал эми коомчулук болсо: биз кантип ушундай деңгээлге түшүп калдык деп өзүн-өзү суроодо. Эмне үчүн балдарга болгон зомбулук биздин коомдо көнүмүш көрүнүшкө айланып калды? Эмне үчүн чоңдор биринин артынан бири балдарды жөн гана урбастан өлтүрүп жатат?

Ким күнөлүү?

Күнөлүүлөр көп. Чоң ролду эски үрп-адаттар менен тарбиялоо методдору ойнойт. Психолог Людмила Казимирова ишендирет: «Эң кеңири тараган себеп – зомбулук зомбулукту жаратат. Мындай адамдар ата-энесине болгон таарынычын балдарынан чыгарат. Алар башкача кылса боло тургандыгы жөнүндө билишпейт. Аларга баланы урганга болбойт деп айтсаң «Бизди деле урушкан, эч нерсе болбойт, башкалардан эч нерсебиз кем болбой эле, жада калса башкалардан мыкты болуп чоңойдук. Биздин эч кимибиз ууру же наркоман болуп өскөн жокпуз,» деп айтышат. Бул бүтүндөй жамааттардын пайда болушуна алып келчү коркунучтуу салт.»

Улуттун дагы бир душманы – алкоголь менен жакырчылык. Ансыз деле жабыркаган психика бир калпта кармалбайт. Багып жаткан адам баланы эмнеге уруп жатканын өзү деле билбейт, бирок анын башында бир эле ой бар: өзүбүздө ичерге тамак жок, үстүбүзгө дагы бирөө кошулду деген. Чоочун баланы сүйүп, кабыл алуу өтө оор. Эң башкы себеп ушунда. Бирок биз аны менен эч нерсе кыла албайбыз.

Маданий жана билим деңгээлинин төмөндүгү дагы чоң кырсык. «Чоңдордун көпчүлүгү курга сактоочу тегерекке жармашкандай эле жармашат. Алардын сөз байлыгы ушунча аз, ойлору ушунчалык кыска-кыска, алар бири-бирине араң уйкашат, ал эми ой жүгүртүүсү аксап артта калган. Балдарга бул же тиги нерсени кылууга болбойт деп түшүндүрмөй кайда. Аларды урган оңой да»,-деп түшүндүрөт Людмила Казимирова.

Майда адамдын комплекси - жакыр мамлекеттердин коркунучтуу дарты. «Кээде, кичинекей бала орой айтканда, тумшука бере турган жалгыз адам болуп калат. Мисалы, кырк жашка чыгып калган эркек киши – табиятында ал коркок, майдачыл жана жалкоо. Ага  асмандагы жылдыздар түшпөйт, карьера кура алган эмес, бирок эмнегедир жашоо ага адилетсиз деген ойду карманат. Жумуштагы бригадирин же жетекчисин жек көрөт, бирок бетине айта албайт, андыктан унчукпай моюн ийип берет. Төшөктө аялын канааттандырбайт, ар кайсы ийгиликсизден кийин ага нааразы болуп, эки күндөп тултуйуп жүрөт. Кесиптештери менен дагы мамиле кура албайт, достору жок. Эч кимден коркпойт, эч кимди сыйлабайт. Ал киши күүлөнгөндө баланын көздөрүнөн коркунучту көрөт да, аны ырыхаттануу менен урат. Андан кийин ушул эле ырахаттануу менен «мен экинчи антпейм» деген бөжүрөйгөн үндү угат. Ушундай эле сүрөт аял кишиге карата да тиешелүү, бирок ал жерге күйөөсүнүн агрессиясы дагы кошулат. Негизсиз амбициялар талкалайт, жашоого болгон нааразычылык сындырат,»-дейт психолог.

Көйгөйдү тыюуулар жана мыйзамдар менен жоюу мүмкүн эмес. Балдардын айынан чет жакка акча табууга кете албай калган ата-энелер же кошумча кам көрүүгө нааразы болгон туугандар балдарды мындан да көп ачуулануу менен урушат...

Ур-токмокко алынган балдар кандай болуп чоңоюшат?

Биз билбеген сабалган, бирок өлбөгөн балдар эмне болушат? Балдар психолгу Мария Пигучина ишенет: «Ур-токмокко алынган балдар сүйүүгө болгон ишенимин жоготушат. Бул кызык угулушу мүмкүн, бирок тээ алыска кеткен кесепеттер дал ушундай, жана ал көйгөй көк-алалардан бир топ чоң глобалдык масштабга ээ. Такай токмок жеген адамдар бирөөгө ишенүү деген сезимди жоготот. Анткени сүйгөн адам сүйгөнүнүн алдында алсыз. Ал эми эгерде сен сүйгөн адам сага такай залакасын тийгизип, сага залал келтирсе, демек андан кутулуу үчүн эч кимди сүйүп эч кимге ишенбөө керек.

Анан дагы көп таяк жеген балдар көп калп айтат. Бул түшүнүктүү – токмок жебеш үчүн. Анткени стресске кабылган учурда паника жаралат, ал эми стресстен коргонуу үчүн жөнөкөй ыкмалар барда, бирок бул жердеги мораль ашыктык кылат. Көпчүлүк учурда жакыр үй-бүлөлөрдө өскөн балдардын уяттулук деген сапаты бир катар себептерден улам токтоп калат, анын ичинде – ур-соккулардан. Токмок көптөгөн терс сапаттардын өнүгүшүнө алып келет: калп айтуу, адеп ченемдерин аша чабуу, ачуулануу, мыкаачылыкка. Жана социалдык адаптациянын деңгээлинин төмөндөшүнө. Такай коркунучта, көпчүлүк учурда зомбулуктун арасында чоңойгон балдардын өнүгүүсү артта калат.»

Ар бир бешинчи кыргызстандык – акча табуу максатында кеткен. Өлкөдөгү ар бир онунчу бала – туугандарынын карамагында. Бизди алыскы «жаркын келечекте» эмне күтөт – агрессивдүү, ачуулуу, эч кимге ишенбеген, эч кимди сүйбөгөн балдарбы? Чечим эмнеде? Коомдогу балдарды уруп тарбиялоого болгон көз карашты өзгөртүүдө.

Бул практика жалгыз эле Кылмыш-жаза кодексиненде эмес мыйзамдан тышкары болушу керек. Бул жерде массалык маалымат каражаттарынын ролу дагы чоң- эл канча көп билсе, билинбей жашырылып калган кылмыштар ошончо аз болот. Ушинткенде гана кандайдыр бир токтонуу башталат. Көйгөй таптакыр жогоуп кетпейт, бирок биз жок дегенде жума сайын өлтүрүлгөн ымыркайлар жөнүндө окубай калабыз...

Даярдаган Айгүл Токобаева

 
© Новые лица, 2014–2019
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине