2018-жыл. Деңиз бойлой жорткон айбаттуу тайган...

12:58, 13 Января 2018

Вячеслав Оселедконун сүрөтү

Чыгыш жыл төлгөсүнө ылайык эмки жыл Сары же Боз иттин жылы. А демек, тайгандын убактысы келиптир...

Өгүз символ катары

Дээрлик бардык элдин маданиятында чоң орунду ээлеген ыйык жаныбарлар бар. Алар же чыныгы, же мифтик жаныбарлар болуп, эл аларга сыйынып, кайсы бир адамдык сапаттарды алар менен салыштырып, керек болсо алар үчүн кээде ибадатканаларды да курушчу.

Мисалдарбы? Алар менде толтура! Мисалы коңшу кытай элинде байыркы заманда жолборс, таш бака, ажыдаар жана феникс ыйык жаныбарлар болуп эесптелчи. Учурда болсо биринчи орунда панда турат. Болгондо да, оюнкарак бамбук аюулары бул гана өлкөдө жашагандыктан, өтө баалуу болуп, улуттук символ катары кабылданат жана КЭР өткөргөн пропагандалык-салтанаттык иш-чараларда анын образы кеңири колдонулат. Боз ала, кыймылдаганы олдоксон жаныбар 2008-жылдагы Олимпиада оюндарынын символикасы болгон, Пекин аларды Вашингтонго жана башка эл аралык өнөктөрүнө достуктун белгиси катары тартуулап келет.  

“Аталган иштердин баары башка өлкөлөрдүн жана аймактардын тургандарын Сычуанда гана жашаган чоң пандалар менен тааныштырууну гана көздөбөйт, Кытайдын жапайы жаныбарларды сактоодогу ийгиликтерин жана экологиялык чөйрөнү сактоо канчалык маанилүү экендигин көрсөткүбүз келет”, - дейт Чоң пандаларды коргоо боюнча Кытай изилдөө борборунун жетекчисинин орун басары Ли Дэшен.

Египетте болсо азыркыга чейин ыйык крокодилдердин, кочкорлордун жана ибистердин мүрзөлөрү табылууда. Индияда биринчи орунда - кол тийгис уйлар, Таиландда - ак пилдер, Суматрада - байыркы замандан сакталып калган кериктер, Жаңы Зеландияда - киви кушу, Канадада - кемчет, Орусияда - аюу, Белоруста - зубр. АКШнын символу болуп бул өлкөнүн гербинде тартылган ак баштуу суу бүркүт эсептелет, монголдор үчүн жылкыдан ашык ыйык жаныбар жок, бул өлкөдө, элетесетип көрсөңөр, жылкыга байланыштуу макал-лакаптардын саны ата-энеге тийиштүүсүнөн кыйла көп!

Сүрөттө: Өткөн замандын мергенчилери: ат үстүндө, бүркүттөрү жана тайгандары менен.

Кумайдан жаралып арстандан коркпогон...

Кыргыздардын да ыйык жаныбарлары бар. Биздин элге гана тиешелүү “Манас” эпосуна кайрылып көрсөк.

Эскерте кетсем, “кыргыз Илиадасынын” биринчи бөлүгүндө негизинен Айкөл Манас тууралуу баяндалат. Каякта төрөлүп, ким менен достошкону, ким менен согушканы. Эпостун экинчи бөлүгү - “Семетей” - уулунун баатырлыгы тууралуу. Ал эми “Сейтек” - небереси жөнүндө.

Зор көлөмдөгү чыгарманын башкы темасы - Орто Азиянын, Чыгыш Түркестандын чөлкөмүндөгү аскердик жүрүштөр, жана ошондой эле Кытай империясынын борбору Бейджиндин алынышы.

Кылымдап калыптанган эпохалдык оозеки чыгармада этнологдор, фольклорчулар, мифологдор, философтор, тарыхчылар үчүн жана да башка дагы илимдердин өкүлдөрү үчүн, мисалы, криптоозологдор үчүн, казса түгөнбөс кызыктуу маалыматтар камтылган! Мисалы анда кубаттуу ажыдаар, көлөмү тоодой бир көздүү дөөлөр, азыркы илимге белгисиз ача куйруктуу жаныбар “тайбас” тууралуу айтылат...

Кызыгуунун жараткан дагы бир жаныбар - Манастын ити Кумайык, ал кумайдан жаралып, ушунчалык айбаттуу жана күчтүү болгондуктан, ал эмес арыстандар аны көргөндө жашынарга жер таппай калчу делет.

Мына ошол Кумайык байыркы иттердин тукуму - тайган болгон деп эсептелинет, бул ит тууралуу маалыматтар кыргыздарга тиешелүү кытай жазмаларында сакталып калган.

Сүрөттө: Мергенчи мээлеп жатат, ал эми ити буйрукту күтүп турат...

Тоонун ханы

Байыркылыгына карабай, келе жаткан Сары Ит жылдын символу да болуп калышы толук ыктымал бул эмне деген иттин тукуму болду экен?

Тайгандар - Тянь-Шандын катаал шарттарында калыптанып жаралган байыркы орто-азиялык тайгандар тобунун өкүлү. Анын өзгөчөлүктөрү - мергенчиликке дал келген эч чарчабастыгы, бат чуркагандыгы, көзүнүн курчтугу, жит алгычтыгынын өткүрлүгү, алгырлыгы. Кыргыздар илгертиден эле тайгандарды мергенчиликте колдонушкан, алар айбанаттардын изин жакшы алып, бүркүт менен биргеликте тоо текеге, түлкүгө, суурга, карышкырга аңчылык кылышкан.

Жергиликтүү тайган ичинин кабырыңкылыгы, түктүүлүүгү, тиштеринин курчтугу менен гана эмес, денесинин түзүлүшү менен өзгөчөлөнүп турат. Анын чуркаганы кайсы бир деңгээлде гепардды элестетет, бирок саваннадагы спринтерден айрымаланып ал 4000 метр бийиктиктеги тоо-таштарда олжонун аркасынан шамал менен жарышып чуркай алат, болгондо да ылдыйгабы, өргөбү, кардабы, мүз үстүндөбү же шагылдабы ага баары бир, таманынын өзгөчө түзүлүшү, шамдагайлыгы буга мүмкүндүк берет.

Ошол эле учурда, табигатынан аңчылыкка жакын тайган, короо малды жырткычытардан да, уурулардан да сак кайтаралат... Башкача айтканда, “тоонун ханы” генетикалык тандоонун уникалдуу жыйынтыгы болуп эсептелет. Илгери кыргызга тайгандын күчүгүнөн артык белек жок эле - ал дос да, багуучу да, коргоочу да боло турган.

Билген адамдардын айтымында, илгерки тайгандар азыркылардан чоңураак болуптур. Аларды “тай-тайган” (бою тайдай болгондуктан) деп коюшар эле; дөбөттөр төөнүн алдынан өткөндө көкүлү төөнүн курсагына тийип калчу экен, ал эми бөрү баласы менен менен алышканда бир тиштеп жулкканда карышкырлар бөлүнүп кетчү дейт.

Кантип тирүү символубузду жоготуп кое жаздадык...

1966-жылы эле Жаратылыш ресурстары боюнча башкы башкармалыктын алдындагы Бүткүл союздук кинологдор кеңеши тайгандар стандартынын расмий долбоорун иштеп чыгып, аны 1980-жылы бекиткен. Бул стандарт 1995-жылга чейин СССР (СНГ) чөлкөмүндө эч өзгөрүүсүз колдонулуп келинди. Кийинчирээк аны Кыргызстандын Республикалык кинологдор кеңеши жактырып, КР Мергенчилик чарба жана мергенчиликке көзөмөл жүргүзүү башкы башкармалыгынын 1996-жылдын 1-февралындагы №2 буйругу менен бекитилген.

Бирок да толтура маселелер жаралды. Ошол эле 1995-жылы Өзбекстандын Кинологдор федерациясы тез аранын ичинде тайган боюнча өз стандарттарын иштеп чыгышкан. Алар тайгандын тукуму Кыргызстанда чыкканын моюнга алгандары менен, учурда алардын көбү Өзбекстанда деп чыгышкан! Биздин адистерге биринчиликти алдырып ийбеш үчүн көп иштөөгө туура келди...

Башка маселе кыргыз тайгандары менен казактардын таз тайгандары аргындашып, таза кандуу тайгандарыбыздын азайганына байланыштуу болду. Аргындашкан тайгандар азыр басымдуулук кылат. Мергенчилердин көбү иттин ылдамдуулугун арттырыш үчүн аларды атайы аргындаштырат, бирок мындай жол менен алынган тукумдар таза кандуу кыргыз тайганындай тоодо элпек жана жеңил чуркай албай калышат. Жыйынтыгында толтура тайганга окшоштор (тазоиддер) пайда болду, ал эмес адистер сынактарда иттин тазалыгын айырмалай албай калган учурлар болууда.

 

Сүрөттө: 2016-жылы чыгарылган баасы 50, 100 жана 150 сомдук почта маркаларында кара тайгандын аңчылыктагы сүрөттөрү тартылган.

Кулагым, таманым жана куйругум - мына менин документим!

Ушул эле кезде бийликтегилердин аракеттери тайган үчүн күйүп-бышып жатканындай түр калтырат. Мисалы, 2016-жылдагы Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунда эң бир эсте калаарлык мелдештердин бири тайган жарыш болду - тайгандар түлкүнүн же коендун терисинен жасалган муляждын аркасынан 65 км саатка чейин жеткен ылдамдыкта чуркашат. Кыргызстандык тайгандар Грузиядан, Орусиядан, Монголиядан жана Казакстандан келген 19 атаандашын ашып байгелүү үч орундун бардыгын ээлеп алышты.

Тайган кармагандардын белгилүүлөрүнүн бири Таластык Бердикул Төрөкулов 30 жылдан бери тайгандарды багып, үйрөтүп келет. Анын бир канча мелдештерде чемпион болгон Төө куш деген тайганы бар.

Былтыр 13-мартта Нарын жергесиндеги Алыш деген айылда тайган кармагандардын арасында мелдеш болду. Тайган жарышта биринчи орунду Таластык Нурманбет Ибраимовдун тайганы ээледи, экинчи орунда Муратбек Өмүралиев (Нарын), ал эми үчүнчү орун Бактыбек Конокбаевде.  

Ал эми 2016-жылдын июлунда Kyrgyz Express Post жергиликтүү кайраттуу бөрүбасардын образын популярдаштыруу аракетинде “Аңчылык. Иттер” деген аталыштагы маркалардын түркүмүн чыгарды. Бул филателисттик сүрөттөрдө кыргыздардын тайган менен аңчылык кылуусу чагылдырылган.  

Бирок бул иш-аракеттер аздык кылат. Ошондуктан келе жаткан Жаңы жылда - Сары Ит жылында улуттук баалуулуктарыбыздын бири болуп эсептелген тайганды сактап калуу боюнча мындан да алгылыктуу чоң иштер жасалат го деген үмүттөмүн.

 Азиз Карашев

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине