Үйдү жыйноо – чеберчиликти талап кылат

21:19, 23 Июня 2018

Сиз үчүн кандай экенин билбейм, бирок мен үйдү жыйнаш керектигин ойлогонумда жаман болуп кетем. Мага тиш догдурга же салык инспекциясына барган жеңилирээк сезилет. Мен үйдү жыйнагандан көрө, төрт чака борщту жасаганга же 100 кишилик тойдон кийинки идиш-аякты жууганга макул болот элем.

Чаң соргуч жана швабра тууралуу ойлосом эле тишим сыздап, тизем калчылдап, башым чыңалып ооруй баштайт. Мен ушундаймын деп мактанганды жакшы көргөн аялдарга окшоп менде “Золушканын синдрому” эч байкалбайт. Болбой калды дегенде – шкафтагы буюмдарды иреттегенге араң жарайм. Үйдөгү полду, аны моюнга алам, дайыма күйөөм жууйт болчу.

А бул жолу ал ооруп калды. Тез арада үйдөгү тазалык маселесин чечүүнүн башка жолун издөөгө туура келди. Бактыма, азыр өткөн кылымдын жетимишинчи жылдары эмес, шаарда толтура клинингдик компаниялар бар. Досторумдун кеңешине кулак төшөдүм, алар мени алдашпайт да.

ElClean компаниясынан төрт киши келди. Бирөөсү – менеджер, көз сала турганы. Үчөө – жыйнап, тазалагандар. Башында жаман катуу уялдым, анткени үйүмдөгү буюмдардын көбү эскилиги жеткендер эле, ал эми ваннамдын абалын айтпай эле коёюн (үйдү жыйнап бүтүшкөндө да аны сүрөткө тарткандан уялдым). Бирок 15 мүнөттөн кийин үйүмө келгендер ишин мыкты билген адистер экенин, менин “хан сарайымды” жана эскилигинен саргайып калган туш кагаздарды талкуулганга эч кызыкпай тургандарын байкадым. Өз ишин мыкты жасап бүтүрүштү (менин үй жыйнаганым менен салыштыра турган болсок тим эле мизилдетишти), акт боюнча иштерин мага тапшырып, эмгек акыларын алып кетип калышты. Мен болсо таза үйдө, кубанып отуруп калдым.

Үйүмдү толугу менен жыйыштырып тазалап кетишти, жөнөкөйүрөөгү да бар – ал арзаныраак да болот. Анда дагы терезелерди жууп, чаңды сүртүп тазалашат, бирок бир аз үстүртөн. Мен бул ишти чоң ишти жасап жаткандай берилип жасаса болоорун көрүп жаман таңгалдым. Мен аны түшүнбөйт болушум керек. Ошондуктан ElClean мага өзгөчө таасир калтырды. Компаниянын менеджери жана да анын аткаруучу директору Дмитрий Ас ишинин ийгилигинин сыры менен бөлүштү.

- Дмитрий, эмне үчүн ушул бизнести тандадыңар?

- Мен Бишкек таза шаар болсо деп кыялданам. Кайсы бир күнү биздин компания кеңейип, дагы өсөт, ошондо борборубуздун ар-бир бурчуна таштанды челектерин орнотуп, шаарыбызды тазалап чыгабыз. Анан дагы бактарды отургузабыз. Карап тургула. Ушуга жетебиз. Мен көп саякаттадым, башка чоң шаарларда биздикиндей кызматтардын иш алып баруусун көрдүм. Кызыгып кеттим. Ушул бизнести баштоого кызыгуум ушинтип жаралды.

Бизде клинингдик компанияны – бул бир саатка келип, үйдү тазалап, иштеп кеткен үй кызматчы катары кабылдашат. Келип, үй ээлеринин ордуна үйдү жыйнап коюшат деп. Бул биз иш алып барган бизнестин бөлүгү тууралуу эски түшүнүк болуп эсептелет.

Бишкекте бул компания килемдерди жана үй эмеректерин жууп тазалайт, а бул – үйдү жыйнайт, ал эми өнөр жай альпинисттери терезелерди тазалашат, бул жерде кир жууп, үтүктөшөт деп азыркыга чейин тармак-тармакка бөлүп келишет. Бирок биздин пландарыбыз таптакыр башка, биз калкка ушул кызматтардын бардыгын көрсөтөлү деген ойдобуз. Биз азыр чоң көчөлөрдү гана тазалап, бак-сак, гүлдөрдү гана отургузбайбыз, бирок алардын бардыгы планыбызда каралган, керектүү техниканы сатып алып, керектүү адистерди ишке алганга биз бир аз бутубузга турушубуз керек болуп жатат. Бирок азыртадан эле биз имараттардын бардык түрлөрүн (ал эмес өрттөн кийинки имараттарды) жыйнап, терезелерди, витраждарды, фасаддарды жууп, килемдер менен жумшак эмеректерди тазалап, кирлерди жууп, үтүктөй алабыз.

- Силердин кыздар колдонуп, кафелимди таптаза кылып койгон эмне деген супараппарат, мен кафелим болду, ушул кир бойдон калат го деп ойлогом?

- А, аны биздин сыймыгыбыз деп койсок болот. Буугенератор. Чоң кысымдын алдындагы 300 градустагы буу бардык кирди тазалай алат, ал, ошол эле кезде, микробдорду да өлтүрөт. Аны колдонуп полду да тазалап жуусак болот. Биз, сөзсүз, гипоаллергендик жууп тазалоочу химиялык заттарды колдонобуз. Бирок айрым кардарлар полдо эч бир химиялык заттын жыты да болбоосун каалашат. Силердеги иммунитети бекем мышыктар, теги жок мышыктар, ал эми айрым асыл тукумдуу жаныбарлар өтө борпоң келишет, аларга биз колдонгон химиялык заттар да зыян болушу мүмкүн. Анан да кичинекей балдар бар, алар ойноп жатып полду жалап алышы ыктымал. Мына ушундайлар үчүн бизде кошумча кызмат – “экологиялык үй жыйноо” каралган. Аппаратты швабрага окшоштуруп өзгөртсө болот, ал өткөн жер таптаза болуп калат. Кыйыр мааниде эмес, түптүз эле маанисинде. Бишкекте ушундай аппаратты биз биринчилерден болуп колдоно баштадык. Кафелди, кафелдердин ортосун кантип тазалай турганын силер өзүңөр көрдүңөр. Эч бир химия алалбаган май баскан кафель, пластик терезелердеги жабышып чыкпай кылган сырткы пленкалар – алардын бардыгын буугенератор менен жепжеңил тазалап койсо болот. Ошондой эле кандай гана жылчык болбосун, ал бардыгын тазалай алат. Мен аны Европада көрүп, катуу кызыккам, эми мына ал бизде да бар.

Жагымсыз жыты кетпеген бөлмөлөрдү тазалаш үчүн биз озонаторду колдонобуз. Адам, жаныбарлар жок, эшик, терезелери жабык бөлмөдө биз аны бир күнгө калтырп коёбуз, андан кийин биздин кызматкер противогазды кийип алып, бул бөлмөгө кирип, терезелерин ачып коёт, жарым сааттан кийин чагылгандуу жаандан кийинкидей жыттанган, баш айланткан таптаза абасы бар бөлмөгө кире берсеңер болот. Жыты тим эле укмуш. Тоо багындагы чагылгандан кийинки абадай. Таптаза аба, көңүл көтөрүңкү – мен күн сайын ушул нерселерден рахат алам. Бир аял бир уктооч бөлмөсү гана бар батир-студияда абаны озондоштуруп берүү өтүнүчү менен кайрылды. Уктооч бөлмөсүн жаап койду, ашкананын жытынан арылгысы келди. Уктооч бөлмөдө ашкананын жыты сезилбейт эле, аякта бардыгы сонун болчу. Бирок иш бүткөндөн кийин уктооч бөлмөнү ачканда эки бөлмөдөгү абанын айырмасы дароо сезилди! Эми биз уктооч бөлмөнүн да абасын озондоштура турган болдук.

- Бул эффект көпкө чейин сакталабы?

- Жетиштүү убакыт сакталат.

- Персоналды кантип тандайсыңар? Бул бир чети опурталдуу да – чоочун адамды үйгө киргизип, анын булуң-бурчуна чейин карап чыкканга мүмкүнчүлүк бересиң, ага толугу менен ишенишиң керек болот... Мыкты клиринерлерди кантип табасыңар?

- Табыш кыйын. Айрымдары келип ойлошот, бул кадыресе, алар көнүп калган үй жыйноо болушу керек деп, бирок иштин көлөмүн, анын сапатына талапты көрүшкөндө – качып кетишет. Бизде ар-бир бригада менен кошо менеджер дагы объектке барат, ал иштин ар-бир сантиметрин текшерет, мындайда эптеп-септеп иштей албайсың. Ал эми ишеним тууралуу... Чындыгында, ак ниеттүүлүктү камсыздоонун жөнөкөй жолдору бар. Башында биз жумушка орношуп жаткан ар бир адамды тыкыр текшерип чыгабыз, алардын кыңыр иштерге аралашпаганына өзгөчө көңүл бурабыз. Андан кийин алар атайын келишимге кол коюшат, анда коопсуздук техникасы жана чоочун адамдын буюму, эмеректери менен иштөө тууралуу бардыгы кенен-кесири жазылган. Персоналдын объектте иш алып баруусуна менеджер көз салып турат. Анан да өзүңөр байкагандай, силердеги бардык баалуу буюмдарды биз тизмек жана акт боюнча сизге тапшырабыз. Бир нерсени, ал эмес полда жаткан конфетти биздеги клинирлер кымтып алган бир дагы учур боло элек.

- Бирок адам факторы тескери да иштеши мүмкүн. Маселен, клинирлер эч нерсе албаган болсо да, үй ээси баалуу буюмун бир жакка катып коюп, аны каякка койгонун унутуп калышы ыктымал. Сизге даттанышы мүмкүн... Мындай учурлар болду беле?

- Ооба, болгон. Бир жолу кардарыбыз чалып, анын эки шакеги жоголгонун айтты. Биз ага анда иштеген бригада менен келдик. Биринчиден, ага үй жыйналып бүткөндөн кийин бизден кайра артка алган баалуу бумдар тууралуу актыны көрсөттүк. Экинчиден, шакектер кайда экенин бат эле таап алдык, - аны менен кичинекей баласы ойноп жатыптыр. Биз тажрыйбалуу адамдарбыз да. Божомолубуз туура чыкты.

- Силер өтө таптаза кылып жыйнайт экенсиңер, а бирок бааңар башка фирмаларга салыштырмалуу анчалык деле чоң эмес. Эмненин эсебинен мындай арзан бааны кармап турасынар?

- Биз азыр аброй топтоп жатабыз, кардарларыбыздын санын өстүрүү аракетиндебиз. Мүмкүн болушунча бааны төмөндөтүп жатабыз. Бир гана мүмкүн болучу кардарларыбызды эскертип коёюн дейм: биз телефон аркылуу бааны төмөндөтүүнү талкуулабайбыз, ал тууралуу батирди көргөндөн кийин гана сөз кыла алабыз.

- Интернетте сайтыңар барбы? Балким окурмандарыбыз силерди аяктан издеп калаттыр?

- Ананчы, бар. Сайтыбыздын дареги: elclean.biz. Андан толтура маалыматтарды тапса болот, ал жактан кеп кеңештерди да алалышат, бардык керектүү маалыматтар, байланышуу жолдору келтирилген. Сурооңор болсо, аларга жооп бергенге даярбыз.

Кызматты сынап көргөн Светлана Бегунова

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине