Кантип пенсияга чыгып... байыды

14:17, 5 Июня 2018

63 жаштагы Үсөнбек Исмаилов “Пенсияда жашоо эми гана башталат!” деген кеп жөн жерден чыкпаганына жакшы мисал болуп бере алат. Бүгүн ал дем алыш күндөрү ондогон нарындыктар шашылган “Үсөн бак” деп аталган эс алуу багынын ээси болуп эсептелет.

Акыркы жылдардагы психологдордун изилдөөлөрү пенсия курагы – адам үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдүн мезгили экенин далилдеди. Пенсионер туура эмес кылып алам деп чоочулабай, көңүлүнө жаккан иш менен алектене алат.

Пенсияга чейин Үсөн байке мамлекеттик кызматтарда иштеген, ал эми анын жубайы Турду Чолпонбаева баштапкы класстын мугалими болгон. Күнүмдүк жашоодо жыл мезгилдеринин алмашканын, балдарыңдын чоңоюп өскөнүн байкабай да каласың. Ошондуктан, ардактуу эс алууга чыккан аксакал менен жубайы көптөн бери кыялданып келген нерсесин – Нарын шаарынын жанында шаардыктар жаратылышка чыгып эс алганга мүмкүнчүлүк алгандай ыңгайлуу эс алуу жайын кура башташат.

Бирөө айтышы мүмкүн: бул үчүн дачалар бар эмеспи деп. Бирок да, биринчиден, бардыгынын эле дачасы боло бербейт. Экинчиден, дачага көз салып туруш керек, эртеден кечке чейин анда “иштеш” керек болот. Шаардыктар болсо дем алыш күндөрү жаратылышка чыгып, таза абада, куштардын сайраганынын, суунун шарынын коштоосунда достору менен шишкебек же палоо даярдап, эс алгысы келет. Жумасына бир гана күн эс алгандар казанды, идиш-аяктарды, мангалдарды, төшөктөрдү өзүлөрү менен ташып, убара болбосун деп Үсөн байке өз багын ачты.

Бул иштин башаты 1999-жылга туура келет, бул жылы Үсөн байке төрт уулу менен Нарындан 12 км алыстыктагы беш гектар жерди сатып алган. Бул аймактагы жердин бардыгы жеке менчикте, бирөө картошка отургузса, башкасы мал кармайт. Үсөн байке беш миң дарак отургузган. Сегиз жылдан кийин гана жаш дарактар көлөкө бере баштап, бул жер бакзарга окшошкон. 2007-жылы Үсөн байке адамдар ыңгайлуу шартта эс алсын же үй-бүлөлүк майрамды өткөрсүн деп биринчи боз үйүн тиккен. Эс алууга ыңгайлуу, жагымдуу жер тууралуу кабар эл арасында бат эле тарап кетти. Бүгүн бул жерде 10 боз үй тигилип турат, алардын ар-бирин бир ай мурун эле ээлеп коюшкан. Балдар үчүн жана волейбол ойнош үчүн атайын аянтчалар бар. Кардарлардын каалоосу боюнча Үсөн байке койду да союп берет. Бирок эс алганы келгендер адатынча казандарды, идиш-аяктарды ижарага алып, тамактарды өзүлөрү даярдашат.

Өз үй-бүлөсүнөн сырткары дагы 10 адамды Үсөн байке иш менен камсыз кылат. Бирок Үсөн байке болгон нерсеге гана канаагаттанып, тим болгон адамдардан эмес. Бир нече жыл мурда ал “Ишкерликти өнүктүрүү боюнча USAIDдин демилгеси” долбоорунун алкагындагы семинарларга катыша баштаган. Эки жыл мурун ишин өнүктүрүш үчүн 70 миң сомдук грантты утуп алды. Бул акчага ал ар-түрдүү салтанаттарды жана да семинарлар менен конференцияларды уюштурса боло турган 250 адамга эсептелген жаңы тойканага эмеректерди сатып алган.

Көп өтпөй “Үсөн-бактын” өз сайты иштей баштады, эми бул эс алуу жайы тууралуу маалыматты дүйнөнүн бардык булуң бурчунда жашагандар жеңил таба алышат. Үсөн байкенин сайтты ачуу жана ландшафттык дизайнерди чакыруу боюнча долбоору Европа өнүктүрүү банкынын грантын утуп алган. Бакта дагы да көптөгөн өзгөрүүлөр күтүлүүдө.

“Аз-аздан биз жергиликтүү эс алуучулар менен чектелбестен, эл аралык туристтерди да тартууну ойлонуштура баштадык. Аны үчүн биз душту жана жылуулатылган ажаткананы курдук. Ошондой эле биз улуттук салттарды – жаа атуу, бүркүт менен мергенчилик кылуу – жайылта баштадык, - дейт Үсөн байке. – Биздин тоолор тоо лыжасына өтө ыңгайлуу болгондуктан келечекте кышында да иштөөнү ойлонуштуруп жатабыз. Чет элдиктер биздин жаратылышты жогору баалап, салттарыбызга катуу кызыга тургандыгын эми гана түшүнө баштадык. Чынын айтсам, менде ийгиликтүү иштин сыры деле жок, мен жөн гана колуман келген нерселени жасап жатам: эс алууга шарт түзүп, элдик салттарыбызды сактап дегендей. Башкысы – анын баарын жан дилиң менен берилип жасашың керек, акча табыш үчүн эмес, элге кубаныч алып келиш үчүн. Мына ошондо киреше да болот, эл сен тууралуу да биле баштайт!”

Үсөн байке күч-кубатка толуп турган мезгили, анын дагы толтура жаңы идеялары бар. Анын мисалында адам баласы каалаган жашында бактылуу жана ийгиликтүү боло ала тургандыгын көрөсүң.

Лейла Саралаева

Вячеслав Оселедконун сүрөтү 

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине