Гламур менен тең катар экстрим: Бишкектен Алматага саякат

06:12, 13 Ноября 2014

Мен Казакстанда көптөн бери боло элек болчумун. Алмата шаары түп тамырынан бери таанылгыс болуп өзгөргөн экен. Кайсы бир жагынан жакшы жагына, кайсы бир жагынан – жаман жагына. Бирок, баары туурасында ирети менен.

Бажы бизге жашыл жарык берди

Мен күткөндөй болбой, бажыдан өтүү эч кандай терс сезимдерди жараткан жок. Чек арадагы кызматкерлер (мүмкүн, элдин аз болгонудугунан улам болсо керек) абдан жакшы мамиле кылышты.  Анан абдан сылык.  Биз жактан да, казактар тараптан да. Мен негизи эле мындай турмуштук улутчулдук менен деле кездеше элекмин. Ал туурасында журналист кесиптештеримдин репортаждарынан гана окуп калам. Абдан корком, бирок Кудайым өзү коргоп, буга окшогон окуялар башымдан өтө элек. 

Казак бажычысы сапарымдын  максатына кызыкты. Жеке иштеримден башка, шаарды көрүп, белгилүү жерлерине кыдыргым келип жаткандыгын угуп, өзүнчө улутунуп койду:  «Силерде  сейилдөө үчүн Бишкек аз болуп жатабы? Бизде баары абдан кымбат. Дени карды соо кишилер, тескерисинче Бишкектин дүкөндөрүн кыдырып сейилдешет. Булар болсо-Алматага. Аябай эле баргыңыз келип жатса, каалашыңызча сейилдеңиз. Ийгилик!». Анан, миграциялык баракчага көксөгөн мөөрүн койуп берди.  

Машина чек арадан өтөөрү менен, жолдун сапаты бир кыйла жогору экендиги дароо билинди. Ай ушул  кыргызстандын жолдору ай, дегим келип кетти. Ичим күйө түштү. Өлкө үчүн капа болдум. 

Жол кыймылынын эрежелерин  сактоо боюнча казактардын  жолдорунда биздикине караганда, бир топ эле өйдө. Казак айдоочуларынын бул мыйзам сыйлоосу кайсы себептер менен шартталганын билгеним жок, бирок мен муну Союз убагында эле байкагам. Өспүрүм курагымда ар бир мектептик эс алууларымды Алматадагы туугандарымдыкында өткөрчүмүн. Казактардын жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдорунда да эреже мыкты сакталат. Эгер адам жолдун өтүүчү бөлүгүн буту басаары менен, айдоочулар дароо токтошот. Жада калса жол кыймылынын жөө катышуучусу башка жагынан бара жатса дагы. Мындай маданияттуу жүрүм-турумдун себептери туурасында бизге биринчи эле алматалык таксист айтып берди. Аларда айыптар ушунчалык бийик,  жүрөгүң түшөт. Жөө жүргүнчүнү өткөрбөсөң 500 доллардан да көп төлөшөт. (кайра эсептегенде баарыбызга түшүнүктүү бирдик менен). Мас абалында машина айдаганы үчүн бир гана айдоочулук күбөлүк эмес, башкасынан да айрыласың.  Бизде көнүмүш болуп калгандай, ошол  жерден сүйлөшө калуу бир топ татаал. Союз убагында да айыптар көбүрөөк болчу, таң калычтуу. Ошондуктан, абал өзү милдеттендирет, ошондуктан жол эрежесин кармоодо  эч  кандай мистикалык нерсе жок.

Орду түбү жок станция

Алматага кире бериште, машиналардын тыгынына кабылдык. Бишкекте акыркы беш жылдан бери жок болгон эски машиналардын көптүгү таң калтырды. Ар кандай Ауди-80 жана  Мазда-626 лар  казак борборуна умтулуп, биринин артынан бири тизилет. Бирок, дээрлик бардык автомобилдер – сол рулдуу. Алмата – кескин айырмачылыктардын шаары. Кечкисин көчөлөрдө зор ылдамдык менен Бишкектен жолуктурбаган кымбат машиналар шуулдашат. Ал эми күндүз шалдыраган 1980-жылкы  «шармаңкелер» кылдырашат.  Биздин татынакай, заманбап машиналарыбызда (оң рулдуу болсо дагы),   карап туруунун өзү жагымдуу. Бизде эски машиналар дээрлик жок калды, муну салыштыруу мага абдан жагымдуу болду. 

Ал эми «жапайы таксилер» андан да кызык. Таксиде баруу үчүн (эгер атайын кызматты чакырбасаң), көчөнүн каалаган жерине туруп, колуңду көтөрүү жетиштүү. Илген шашкиси жок эле эски машиналардын бири келип, дароо токтойт. Баасына макулдашып ал да, кете бер. Эч кандай токтотуучу жер жок, баары эле жүрүп баратып. Эгер мен Алматада жашасам, анда өзүм эбак машина айдамакмын. Анткени, бул жакта такси – өтө кымбат, жада калса башка баалар менен салыштыра келгенде да. Өз машинаң болгон ыңгайлуу да, пайдалуу да. Жада калса тыгындарды эске салганда да. Мындан менин чыгарган корутундум – баарынан арзан  такси Бишкекте. Биздин шаардагы тейлөө тармагы, кайсы жерге болбосун, салыштырганда мыкты өнүккөн. Бул факт! Бир карын майдагы кумалак дароо байкалды, Алматанын жолдору Бишкектикине караганда, канча жакшы болсо, ошончо баасы кымбат.

 «Сайран» автовокзалы бизди кучак жайып тосуп алды. Дүкөндөр менен күркөлөрдөн интернет-достор сунуш кылган «Сейилде» жол көрсөткүчүн түп кыдыра издегенибиз оңунан чыккан жок. Сатуучулар таң калуу менен – ал эмне деп сурашты. Айла жок, сатуудагы бар картаны алууга туура келди. Ал туурасында өзгөчө сөз. Учурдан пайдаланып, үстүбүздөгү жылдын апрель айында бул шедеврди басып чыгарган  «Е-Алем» ЖЧЖга салам айта кетким келет.  Анан урматтуу басып чыгаруучуларга айтып кетким келет, силерде Алматада  метронун «Тастак» станциясы жок. Аны курушкан да эмес. Кебетеси, аны картага жөн гана патриоттук ой-толгоолордон улам киргизип койсоңор керек, бирок бекер кылгансыңар. Бул балким 2020-жылга эсептелген картабы? Анда өткөн мезгилден келген меймандарга эскертип коюу керек. Төле Би көчөсү менен Есентай өзөнү өтпөйт. Ал эми Жороков-Абайдын кесилишиндеги метронун станциясы, силер тартып койгон жерде эмес. Бул болгон кичинекей базарча,  ушул жерден кереги тийбегендиги үчүн биздин картабыз да таштандылар урнасына сапар алды. Ал жакта дагы эмнелер бар экенин элестетүү эле жетиштүү. 

Бирок,туура эмес карта  эч нерсе эмес, бардык иштиктүү маселелерди чечип бүткөндөн кийин, сейилдөө жана белгилүү жерлерди кыдырууга ТОЛУК  БИР КҮН калды. 

Метро амбиция катары

Негизи эле  Алмата – керемет шаар. Айрым казакстандыктар укмуштуудай Аль-Фараби проспектисин  ашыкча көйрөң деп, укмуштуудай ажайып, оттой жанган бийик үйлөрүн, эстеликтерин сындашат,  бардык жагынан камсыз алматалыктарды байлыгын көргөзмөгө койду деп шылдыңдашат. Бул, өздөрүнүн жетишсиздигинен го деп ойлойм. Бир сөз менен айтканда. ич күйдүлүк. Дагы жакшы,бул долбоорлор мурдагы советтик Азияда курулуп калды. Бул укмуштуудай имараттар менен курулуштар көздү кубандырып келет. Элинин курсагы  ток жана  көңүл ачуучу борборлорду кыдыруу үчүн 600 долларга өтүк алып кийгенге кудурети жетет. 

 Аль-Фараби көчөсүндө биз кандайдыр бир ырахаттануу менен сейилдеп жүрдүк. Кооз архитектуралык ансамбль, укмуштуудай урбанисттик түр, кызыктуу нерселер абдан көп. Шаардын бул жак бөлүгү абдан таза, кооз, иштиктүү, бир сөз менен айтканда сонун. Алматадагы жалгыз гана болбогон нерсе – бул метро. Аны 30 жыл курушкан. Ал болгону 7 станцияны бириктирет. Бардык эле ири шаарлардагы абдан кымбат иштиктүү долбоор өзүн бир нече жылда актап чыгат, анткени  жалпы коомдук транспорт болуп саналат. Ал эми Алматанын метросуна  Бишкектен келген туристтер  жана чеке белинен келгендер гана түшөт, анткени  ал анчалык деле эч жерди бириктирбейт экен жана шаардыктар үчүн эч кандай ыңгайлуулук жаратпайт. Аттракцияон катары – акылга сыйбайт.  Албетте, шаар бийлигинин долбоорунда метрону акылга салып, андан ары өркүндөтүү, бир нече бутактарды куруп, бүт шаарды камтуу сыяктуу пландары бар. Бирок, казак журналисттери бул идея ишке ашпай тургандыгын көп жазышат. Алматанын метросу ушул эле бойдон статус элементи болуп кала берет. Анан да коопсуз эмес элемент, Жибек Жолы станциясынын эсколаторунда көтөрүлүп баратып, өз көзүбүз менен бүткөн жериндеги чооң жараканы көрдүк. Чын эле коркунучтуу көрүнөт экен.

Азия стилиндеги кооздук

Шаар  «төмөнкү» жана «жогорку» болуп бөлүнгөн сыяктуу. Төмөнкү – жөнөкөй адамдар үчүн, бизге таксист ушинтип түшүндүрдү. Бул жерде баалар (жана үйлөр) төмөнүрөөк, кафелер жөнөкөйүрөөк, курулуштар – совет мезгилиндеги. Бул жакта да көп жакшы, туристтер үчүн пайдалуу жана эс алууга кооз жерлери бар. Бирок, бир нерсеге капа болосуң. Качандыр бир кезде бул жер таптаза болчу. Бүгүн- айрым жерлер Бишкектегидей эле таштандыга толгон. Кайсы бир жерлерин өзүбүздүн  «белгилүү жерлерибизден» айырмалоого мүмкүн эмес. 

«Жогорку шаар», тескерисинче,жаркырайт. Зор, укмуштуудай таасир берүүчү Мега соода борборунда (жогорку шаарда буга окшогон мындай зор эс алуу борборлорунан бир нечеси бар) туристтер көп эмес. Бирок, балдарын алып келген, кымбат кийинген, бриллианттар жана баалуу терилерге оронгон, бой көтөргөн алматалыктар толтура. Бир аз көз ирмемге, өзүмдүн эң мыкты кийимдеримди кийип келбегениме өкүнө түштүм.  «Түр көрсөтүү» -жугуштуу нерсе. Анын үстүнө мындай бай биздикиндей он чакты чиновниктин эле аялдары эмес,  алматалыктардын көбү. Кудай аларга гүлдөп өсүү бере берсин. Айтмакчы, алардын бул куу чиренген бой көтөрүүчүлүгүн гана эмес, чынчылдыгын да белгилей кетүү керек. Мен, байкабастык кылып болгон акчам жана документтерим салынган баштыгымды калтырып салганымда, эс алуу борборунун ынтаалуу админстратору аркылуу мени таап, кайрып беришти. Мен ошол кезде сумкамды жоготконумду сезип, эмне кылаарымды билбей калгам.

Чын эле бул гигант дүкөн-аттракциондон бишкектик адам эч нерсе ала албайт. Бажы кызматкери туура айтыптыр. Бренддик товарлар Бишкектикине караганда чын эле көп, бирок баасы абдан, 3-4 эсе кымбат. Алматадан барып кийингенден көрө, Европага барып товар алып келген арзаныраак түшөт. Бирок,  карап көрүп, кичинекей кафеден кофе ичсе болот. Алматанын кээ бир жерлериндеги жалпы тамактануучу жай кубандырбай койгон жок.  «Төмөнкү шаардагы» баалар Бишкектикиндей эле. Райымбек проспектисиндеги жакшынакай кафелердин биринде шишкебеги жада калса арзаныраак экен, анан, абдан даамдуу. Ал эми  тез татым тамактар кымбат жана таптакыр  даамдуу эмес. Тейлөө жагы бизде, Бишкекте жакшы.

Чыйырчык уялар жана парданын алдындагы экстрим.

Түнкү Алматада сейилдеп жүрүп,  борбордогу элдин аздыгына таң калып жүрүп, чыйырчыктын уяларын көрдүк. Биздин бишкектиктер буларды эмгек сабагында жасаганына көп болуп кетти. Ал эми бул жакта,мынакей. Өз кожоюндарын күтүп турушат. Кайрымдуу элдер жасап туруп, бактарга илип коюшкан.

«Жөнөкөй» алматалыктар боорукер, жүзү жарык адамдар, өз шаарын жакшы көрүшөт, туристтерди сыйлашат. Кандай болгон күнү да,биз ушундайларга жолуктук. Таксисттердин жана майда кызматчылардын сөздөрүнөн Бишкекке болгон жаман мамилени көрө алганыбыз жок. Ал эми өздөрүнүн: «Алмата сизге жактыбы?» деген суроосуна, жоопту ушунчалык чыдамсыздык менен күтүшөт. Албетте, бизге жакты!

Алмата менен бири-бирибизге ыраазы болуу сезим менен коштошук. Анан... Кордай ашуусунда укмуштуудай бороон-чапкынга кабылдык. Жети саат бою, өмүрүбүздү коркунучка салуу менен  эч нерсе көрүнбөгөн жолдо кыбырап отуруп келдик, анан мына Кыргызстан!  Кайда барсаң да, өз үйүңө эч нерсе жетпейт.

Светлана Бегунова, Никита Бегуновдун сүрөттөрү

© Новые лица, 2014–2024
12+
Журнал тууралуу Байланыш Жарнама берүүчүлөргө Макулдашуулар жана эрежелер Укук ээлерине